Аймак

Гүлжигит САТЫБЕКОВ, белгилүү ырчы, обончу: “ЖАЛГЫЗДЫКТАН ЭРГҮҮ АЛАМ”

Гүлжигит САТЫБЕКОВ, белгилүү ырчы, обончу: “ЖАЛГЫЗДЫКТАН ЭРГҮҮ АЛАМ”

 4,668 Бардыгы /

Гүлжигит САТЫБЕКОВ, белгилүү ырчы, обончу: “ЖАЛГЫЗДЫКТАН ЭРГҮҮ АЛАМ”

Жалал-Абад таланттарга бай. Биздин уул-кыздардан борборду багынтып, бүткүл кыргыздын жүрөгүн ээлеп алгандар бир топ. Алардын бири учурда ити чөп жеп, төө минип турган Гүлжигит Сатыбеков. Анын репертуарынын басымдуу бөлүгүн кайгылуу кайрыктар, салмактуу ырлар түзөт. Айрым суроолорго жылмайып тим болгон биздин каармандын бейне сүртүмдөрү менен таанышыңыз.

БИЗДИН ЫРЧЫ:

* 37 жашта;
* Жылдыз белгиси – текечер;
* Аксынын Мукур айылынан;
* Отунду жакшы жарат;
* Бычакты өзү курчутат;
* Тамак ылгабайт;
* Беш убак намаз окууну ниет кылып жүрөт;
* Обондорунун санына кызыгып эсептеп көргөн эмес.

БАЛАЛЫГЫҢ ЖОМОКТОЙ ЭСТЕ КАЛАТ ТУРБАЙБЫ

Мен Ош шаарында студенттердин үй-бүлөсүндө туулгам. Ал да кызык болгон экен, апамдын толгоосу келип калганда төрөтканага жетпей үйдөн жарыкка келиптирмин.
“Ошто төрөлдү, атын Сулайман коёбуз” дешиптир. Анан авам болбой суранып бир таанышынын атына Гүлжигит деп коюптур. Ал кишиге жакында жолуктум. Батасын берди.
Үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчисимин. Баары очор-бачар кудайга шүгүр. Негизи мени тогуз айлык кезимде таенем багып алыптыр. Ошентип анын баласы болуп Аксыда өстүм.
Балалыгым өтө жакшы, канааттандырарлык өттү. Абдан оюнкарак, шок бала болчумун. Айылдагы тентектердин атаманы атка конгом. Ата-энелер мага балдарын кошкондон заарканып турушчу. Анткени уюштуруучу мен элем, балдар менен экиге бөлүнүп алып таш менен ургулашып ойнойт элек. Бир нече баланын башын канжалатып энелеринен таяк жеген күндөрүм да болгон. Көчөдө өтүп бараткан машиналарды себепсиз эле таш бараңга алып, терезелерин сындырып ойноо, бирөөнүн чөбүн өрттөө бизге абдан кызык эле. Оюндун да акесин тааныттым. Мектепте окуумду да жакшы окуп, сабакка дилгир болдум. Кыргыз тил, адабиятты, математиканы, айтор бардык сабакка жетишкенге аракеттенчүм. Үй иштерин, короо-жайды да укмуш тазалачумун. Кыскасы бардыгына жетишчүмүн. Бирок канчалык тентек болсом да эрке болгон эмесмин.
Өспүрүм курак артыӊды ойлобой, тобокелчилик менен алоолонуп, урунуп-беринген учур экен. Өткөөл учурда оолугасың, ээ жаа бербей, эч нерсеге моюн толгобогон курч кез турбайбы. Жаш кезде милицияга көп эле жолу түшкөм. Бейбаш болсом албетте, тополоң кылып эле алардын колуна түшүп калчумун. Бирок ар нерсе өз убагында таттуу экен.
Мен 8-класста окуп жатканымда таенем ооруп төшөккө жатып калды. Ошондон тарта үй шыпырып, кирин жууп, идиш-аякты зымылдатып, камыр жайып, каттама жасап, боорсок бышырып, тандырга нан жаап, кыскасы кыздарга тиешелүү жумуштун баарын кылчумун. Ошентип мектепти бүтүп кеткенче таенемди карадым. Шоктугум ошол кездери мектепте калып кетти. Бат эле токтолуп чыга келдим.

ЖАЛЫНСАҢ ДА ТОКТОБОС ӨМҮР БОЛОТ ТУРБАЙБЫ

Ошентип мектепти аяктап Ошту көздөй жөнөдүм. Мен бала кезде чекист болгум келчү. Чалгынчылар жөнүндө китептерди көп окуп, кинолорду көрүп даярданчумун. Анан мен окууга документтеримди тапшырып жүргөндө “жан сакчы” деген адистик ачылат дешкенинен ошого кызыгып бардым. Ал факультет Ош педагогикалык институтунда дешти. Бирок айтылган кафедра ачылбай, дене тарбия мугалими адистигин аяктадым. Окуучу кезимде спорт менен машыгууга кызыксам да таенем жиберчү эмес. Ансыз да тентек, спортту өздөштүрүп алса кандай болот десе керек. “Бирөөнүн баласын уруп коёсуң” деп андай мүмкүнчүлүктөрдү чектеп койчу. Спорттун бардык эле түрүн футбол, волейбол, баскетбол ойнойм, лыжа тебем.
Студенттик күндөр сөз менен жеткизе алгыс сонун өттү. Абдан кызыктуу болду. Биринчи сентябрда баргандан тарта эле жатаканада жашап бирөөлөр менен мамиле жасаганды, алыш беришти үйрөндүм. Студенттик күндөр турмушка бышып, өз алдынчалыкка тарбияланып адам катары калыптануу доору эмеспи. Базарда жүк жүктөп коон, дарбыз түшүрүп иштеп эптеп кара курсакты тойгузчу элек.
1998 же 1999-жыл болсо керек. Жаңы жыл тосконум эсимден кетпейт. Чөнтөгүмдө бир сом акча жок, батирде жалгыз калгам. Ошондо ырчы болсом деп аябай ниет кылчумун. Аккордеонду жаңы колго алгам, бирок ойногонду үйрөнө элек элем. Улам ар баскычтарды баскылап обондорду издеп коём. Катып калган нанды сууга жибитип, жумшарып калганда вилка менен сайып көрүп, көктөрүн тазалап жегем. Сааттын жебеси 12ни какканда балконго чыгып шаарды карасам, ар тараптан тарс-турс деп салюттар атылып жатат. Ошондо кандай бактылуу адамдар салют атат экен деп аябай суктанган элем.
Музыкалык бөлүм жаныбызда эле, ошолорду көрүп кызыгып жүрүп аккордеон тартканды үйрөнүп кеттим. Азыр кээде баян тартып калам, гитара менен комузга кызыгып жүрөм. Кийин юридикалык академиядан билим алдым. Бирок мугалим болуп да, юридика тармагында да иштебедим.

АЗАМАТТЫ ЭР КЫЛГАН БАТА БОЛОТ ТУРБАЙБЫ

Башка чыгармачыл адамдар катары кичинекейимден эле мектеп сахнасында тушоом кесилген десем болсо керек. Сынактарга катышып жүрчүмүн. Алгачкы обондорум студент кезде 18 жашымда жазыла баштады.
1999-2000-жылдары Ошто окуп жүргөн кезде ыраматылык куудул Дөөлөт Мадымаевдин иниси менен «Сагын+күлкү» деген топ түзүп, түштүк жерин кыдырып концерт берип жүрдүк. Менин сахнага болгон кызыгуум ошондо элдин мени колдоп, жакшы кабыл алганынан күчөдү.
2004-жылы Авлетим айыл өкмөтүндөгү маданият үйүнүн башчысы болуп иштей баштадым. Ал жерде бир жарым жыл иштеп андан кийин ырларымды элге чыгарайын деп Бишкекке кеттим. 2006-жылдан баштап анан чоң сахнага чыга баштадым. Сахнага чыгыш мага оңойго турган жок. Ошол учурларда көчөдө таш төшөлгө (брусчатка) төшөп, элдин үйүнө канализация орноштуруп, чоң-чоң имараттарга ысык-муздак суу киргизип да иштеп жүрдүм. Бек Борбиевдин жардамы менен ырым “Ак бийке” радиодон кете баштады. Ошондо сөз менен айтып бере алгыс сезимдер болгон. Көчөдө таш төшөлгө төшөп отурсак жаштар, улуулар соткада менин ырымды угуп баратса чуркап барып “ушул менмин да деп айткым келчү”.
Бир учурларда «Биз» тобунун ырларын угуп, ошолордон таасирленип чоӊойсом, азыр ал ырчылар менен бир сахнада ырдап жүрөм.
Тойлордон да көңүлүм калган. Барган ырчыны ит келдиби, куш келдиби дебейт. Ырдагандан кийин акчасын алайын деп той ээсине кайрылсаң, «азыр коё тур» деп коюшат. Анан ырчы эмне кылмак эле? Эшиктин алдында кечке телефонун чукулап турат. Такай эле бара берем же акысын беришпейт. Кыйналган учурда жардам бере алышпайт, той топур болгондо пайда болуп калышат. Ачуум келчү. Тойго барганга караганда мага концерт менен жүргөн тынчыраак.

НАЗИКТЕРДИН НАЗИГИ КӨҢҮЛ БОЛОТ ТУРБАЙБЫ

Атам эң жакшы адам, айылда баары сыйлашат. Мамлекеттик салык кызматында иштеп пенсияга чыккан. Апам көтөрүмдүү, дайыма бир калыбынан жазбаган аял. Баарына бирдей мамиле жасайт. Экөөбүз күнүмдүк көйгөйлөрдү канча болсо тажабастан сүйлөшө беребиз. Апамдын нанын абдан жакшы көрөм, көп сагынам. Негизи айтышат эмеспи, кыздар атасына окшош жигиттерди издешет, эркек балдар да апасына окшошторду карайт деп. Эми буйругу кандай аны келечекте убакыт саат көргөзөр.
Өз турмушум боюнча айтсам, адамдар бирин бири толук түшүнүп бүткөндө ажырашып кетет экен да. Жаштык, түшүнбөстүктөр болду. Өткөн нерсеге кайрыла бергим келбейт. Жеке жашоомду даӊазалабайм. Кыздардан ишеничим, көңүлүм калды деп айта албайм. Азыр чыгармачылыкка өзүмдү арнап койгом. Талыкпай эмгектенген үчүн кыздарга деле көп көңүл бурбайм. Кыз күтүү да гүл өстүрүү сыяктуу. Гүлдү да бапестеп карап, убагында суу куюп, куураган жалбырагын алып турсаң жакшы өсүп гүлдөйт эмеспи. Туруктуу мамиле куруу да дал ошондой. Кыздарга көңүл буруп бат баттан чалып туруш керек, эркектик кылып “каякта жүрөсүң” деп тескеп туруш керек. Буюрса бир башты эки кылчу мезгил да келет. Убакытты жоготкон жокмун деп ойлойм. Балким убакыт мага кызмат кылып жаткандыр. Жалгыздыктан эргүү алып жашап турган кезим.
Уулум Байэл быйыл 12ге чыкты. Дайыма кабар алып, колумдан келген жардамымды берип турам. Ватсап менен сүйлөшүп турабыз. Айылга барган сайын жолугабыз. Учурда мектепте жазгы эс алуу болгондуктан азыр мени менен гастролдоп жүрөт.

Маектешкен: Гүлмайрам САБИРБЕКОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17