Аймак

БАРПЫНЫН ЧЫГАРМАЛАРЫН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУТУУ

 3 Бардыгы /

(Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн усулдук колдонмо)

    2015-жыл

 Баш сөз ордуна

Кыргыз адабият тарыхында акындар поэзиясы өзгөчө орунда турарын тана албайбыз. Кыргыз адабиятынын башаты да дал ушул акындар поэзиясынан уютку алып, анан ушул деңгээлге көтөрүгөн десек да аша чапкандык болбос эле. Кыргыз адабиятынын тарыхында мектеп программасына акындар поэзиясына1950-жылдарда өзгөчө басым жасалып, аларды окутуу үчүн бөлүнгөн сааттар да азыркыга салыштырганда алда канча көбүрөөк болсо, 1980-жылдардан баштап акырындап азайтылып отуруп, башканы айтпаганда да классик аталган Токтогул,Барпы,Тоголок Молдону окутууга бөлүнгөн сбактар жалпы билим берүүчү мектептердин толук курсун аяктаганга чейин б.а. 11- классты бүтүргөнгө чейин бөлүнгөн саат 10 саатка жетпей калды. Анысы аз келгенсип, 9-10-11- класстарда окутулбай да калды.
Мына ошонун кесепетинен Токтогулду, Тоголок Молдону, Барпыны тааныбагандар да көбөйүп баратат. Өз адабиятыбызды билбей туруп башка элдердин акындарын үйрөнүүгө бет алдык. Ошого жараша өз адабиятыбызды окутууну жолго салып койгонубузда жакшы болмок.
Акындар поэзиясы боюнча илимий иштер жөнгө салынып, окумуштуулук даражаны коргоп жаткандар ого эле көп. Бирок, аларды окутуу тууралуу ар бир акынга арналып жазылган усулдук колдонмолор жокко эссе. Болсо да, ал республиканын мугалимдерине жетерлик чыгарылбайт. Мугалимдер чыгармачылык менен колунан келишинче окутуу менен алек. Ар бир теманы окутуу үчүн керек болсо ар түрдүү усулдар менен окутуунун бир нече варианттарын иштеп чыгууга мезгил жетти.
Илмий-техникалык прогрестин улам өсүп жаткан мезгилине карабастан 21- кылымда адабиятты окутуу үчүн китептен башка техникалык каражаттардын жоктугун эмне менен түшүндүрүүгө болот? Азыркы учурда куру сөз менен окуучуларга бир нерсени жеткирүү кыйынга туруп калды. Адабиятта окутулуучу көркөм чыгармалар, акын – жазуучулар жөнүндө аудио- видео жазуулар, кинофильмдер, дисктер, айтыштар, алардын каармандары тууралуу сүрөттөр, фотоальбомдор, күүлөр, дастандар иштелип чыкпаганы өтө өкүнүчтүү. Мугалим ушул техникалык прогрестин гүлдөп турган мезгилинде бар мүмкүнчүлүктөн ажырап турганы өтө өкүнүчтүү. Аргасыз сөздүн кудурети менен сабак өтүшүүдө. Ооба, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча кинолордун дисктери бар, алар да барында бар, жогунда жок. Адабиятты окутуу айдай талаада калды. Мурдагыдай колдонмолор, окуу китептери толук жетпейт, акын – жазуучулар менен жолугушуулар жоголуп кетти. Азыркы мектеп окуучулары эмес, ЖОЖдун студенттеринен жазуучуларды көрүшө электери бар Анын да таасири чоң эле, бирок мугалимден сапаттуу билим берүү талап кылынат.
Ушундай шартта мугалимдер үчүн усулдук жардам катары Барпы апызды жалпы билим берүүчү мектептерде окутуунун бир варианттагы колдонмосун иштеп чыктык.
Балким, ушул эле ыкмаларды башка бир усул менен окутуп ийгиликке жетишип жаткан кесиптештер болсо, аларды колдоп алалы. Окутуу усулунун бир нече варианттуулугу сабактын ажарын ачар эле деп ойлойбуз

                        Автор

Барпы Алыкулов жөнүндө эскерүүлөр

« Апыздын мурастары- аяк-учу аябагандай созулуп, асманда изи калып жашап жаткан Саманчынын жолу»
Ч. Айтматов.

«Барпы – өлбөс -өчпөс ырларды жараткан .Ошондуктан ал өлбөс акын»

М. Борбугулов

«Барпы – советтик элдин поэзиясынын өсүшүнө, байышына шумдук көрсөтүп, ат салышкан акын»
К.Баялинов.

«Таланттуу азиз адам зээнсиз көздүүгө караганда алысты көрөт»

Р.Гамзатов.

«Кыргыздан чыккан Барпы акын,
Кыйланы жеңген алп ырчы.
Мөлмөлдү андай айта албайт,
Жыйылып келсе жалпы ырчы»
Б.Сарногоев.

«Барпы апыздын поэзиясы – адам дилине ар тараптуу азык берүүчү маданий казына».

Т. Байзаков.
Барпы аке,
Жарыкты сүйгөн ырчы эле,
Жан бүткөндүн курчу эле.
Анын
Жараткан көзүн алса да
Жүрөгү көрүп турчу эле.
Осмонкул.

Ырчы десе ырчы эле,
Ар бир сөзү курч эле.
Бирөөгө бал, бирөөгө
Ачыштырган мурч эле.
Оозун ачса жамгырдай,
Ыр төгүлүп турчу эле
Т. Үмөталиев.

Улуу Барпы акындын кремет ыр саптарына үңүлгөн сайын, менин эсиме Чыгыштын ар кайсы доордо жашап өткөн Омар Хаям,Хафиз, Жами сыяктуулары түшө берет, Барпы булардын бири менен да замандаш эмес экенин, алардын акындык мурастары менен деле ( аттарын балким, эшиткендир) бейкабар экенине карабастан, ошолордун адабий олимпине чейин канти көтөрүлгөнүнө таң кала берем.
(Ж,Мавлянов,жазуучу)

«Кыргыз адабиятынын классиги, булбул таңшык ырчы…»
(Темиркул Үмөталиев,акын)

… «Көпчүлүк арасында Барпы күлүк аттын башын коё берген сымал ырды төгүп жибере турган»
( Төлөн Шамшиев, акын)

… «Барпы акынга акындык кудуретти жаратылыш үч эсе энчилегенин көрөбүз. «Өзүңдү жакыр этим,Көзүңдү азиз этим.Анын өктөсүнө көркөм сөз каухарын этегиңе толтура төктүм.Аларды кандай кынаптап , кандай көрктөсөң өз эркиң, азиз булбул!» дегени байкалат жаратылыштын»
(Түгөлбай Сыдыкбеков, жазуучу)

… «Жылдар өткөн сайын Барпы мунарасынын ажары ачылат»

(Түгөлбай Сыдыкбеков, жазуучу)

… «Мен Барпынын ырын бир нече жолу уктум. Ал суу кошпой ырдаган төкмө эле»

(Аалы Токомбаев, акын, жазуучу)

…. « Дегинкиси аялзатынын асылзаадалыгын, ички жана сырткы сулуулугун , адеп-актык жактан өзгөчө бийик турган тазалыгын, жакшы адамгерчилик сапаттарын, улуу шарапатын көкөлөтүп ырдоо жагынан Барпынын алдына чыга турган кыргыз акынын табуу кыйын. Бул жерде ал Хафиздин катарында турат. Бул жерде эч апыртуу жок, тарых өзү көтөрүп чыкчу жылаңач чындык гана айтылып жатат»
(Кадыркул Даутов, сынчы.)

… «кыргыз адабияты менен искусствосунун Моквада өткөн (1958-ж) он күндүгүнүн учурунда, орус жолдоштор Барпынын чыгармаларын баалап, аны кыргыздын Некрасову, Беранжеси деп аташты….. Барпы өлбөс – өчпөс ырларды жараткан. Ошондуктан ал өлбөс акын»
« (Мухтар Борбугулов , адабиятчы.)

…. «Акындын кайсыл гана чыгармасын албайлы , андан көзү өткөн атактуу ырчылардын , замандаштарынын, биринчи кезекте Токтогул, Жеңижок, Тоголок Молдо өңдүү чоң таланттардын, ошондой эле Чыгыштын классикалык поэзиясынын, бүтүндөй доордун жандуу жаңырыгы, даана басылган мөөрү сезилип турат.»

( Кадырбек Матиев, философ)

… «Барпы бу баш аягына адамдын акылы жетпеген ааламды, нурун чачкан Күндү,
аягы жок, башы жок шамалды, жердин жети кабат түбүнөн атып чыккан сууну , айры бут пенде баласынын каш-кабагынын ортосунда жүргөн ажалды, адамды адам кылып бийикке оболоткон улуу сезимди ж.б. ырга кошуп, түбөлүктүү суроолордун айланасында ой жүгүртөт. Адам оюнун ушунчалык тереңдиги, учкулдугу улуулугу Барпынын чыгармаларында өзгөчө бир көркөмдүк менен чагылдырылган …»

( Бекташ Шамшиев, окумуштуу)

Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн кошумча материал
катары

Барпынын ысымы берилген окуу жайлар жана мекемелер

  1. Барпы драмтеатры Жалал –Абад шаары.
  2. Барпы Алыкулов атындагы маданият техникуму. Жалал-абад шаары.
  3. Барпы Алыкулов атындагы Кыргыз-Түрк лицейи. Жалал- Абад шаары.
  4. Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп. Сузак району.
    5.Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп. Базар –Коргон району.
    6.Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп Ош областы, Кадам-Жай району.
  5. Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп .Ош шаары.
  6. Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп. Бишкек шаары.
    9.Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп. Өзбек республикасы,Коргон-Төбө р.
  7. Барпы үрөнчүлүк чарбасы.Сузак району.
  8. Барпы айыл округу . Сузак району.
  9. Барпы сейил көчөсү. Жалал-Абад шаары.
    13.Барпы Алыкулов көчөсү. Жалал-Абад шаары.
  10. Барпынын үй-музейи. Сузак району Ачы айылы.
    15.Барпы менен Түмөнбайдын эстелиги. Ош-Бишкек жолунда
    15.Барпы фонду . Сузак району.

Барпынын юбилейлик маарекелеринин белгилениши

  1. 1984-жылы Барпы Алыкулов атындагы колхоздун маданият үйүндө акындын 90 жылдыгы райондук деңгээлде белгиленген. Ага Т.Байзаков менен бир нече жазуучулар келишкен
  2. 1994- жылы Барпы айыл өкмөтүнө караштуу «Кур-Сай» деген өрөөндө 110 боз үй тигилип,мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн.Ошондо Р.Аманова «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо» деген Барпынын ырына обон чыгарып ырдап келген.
  3. 2014- жылы 14-15- ноябрда Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде Телтору ат майданында КРнын ЖК нин депутаттарынын катышуусу менен өткөрүгөн. Мааракенин чыгымдарын жергиликтүү демөөрчүлөр көтөрүшкөн.
  4. 2014- жылы 14 – ноябрда ЖАМУда Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааракесине арналган «Барпы апыздын дүйнө таануу ааламы» аттуу илимий- прпктикалык конференциясы өткөн. Анда 10 илимий доклад жасалган.
  5. 2014-жылы 14- ноябрда Барпы драмтеатрында «Айтыш» болуп ага 20 дан ашык акын катышкан.15- ноябрь күнү «Телтору» ат майданында жыйынтыкталган.

Барпынын китептери
1«Тандалмалуу ырлар». Фрунзе.1949-ж
2«Тилек» ырлар жыйнагы. Фрунзе.1951-ж
3«Тандалган чыгармалар». Фрунзе 1955-ж.
4«Мектеп жөнүндө ыр». Фрунзе 1957-ж.
5«Барпы». Чыгармалардын бир томдук жыйнагы. Фрунзе 1970-ж
6«Табият санаты».Ырлар. Фрунзе.1973-ж
7.«Мөлмөлүм».Фрунзе. 1974-ж.

  1. «Бала чак».Ырлар. Фрунзе 1984-ж
  2. «Тандалмалар» . Фрунзе.1964-ж.
  3. «Табият сымбаты». Ырлар. Фрунзе,1987-ж.

Орус тилинде.
1.»Избранное». Стихи. Фрунзе. 1958-г.

  1. «Стихи». Москва. 1958-ж
    Барпы жөнүндө жарык көргөн китептер
    1.»Барпы. Изилдөөлөр,эскерүүлөр, арноолор». 1994-ж
  2. «Акынга арналган пьесалар жыйнагы» Ош. 1994-ж
  3. «Барпы». Буклет китепче. 1994-ж
    4.»Барпы». Чыгармалар жыйнагы. Эки томдук.!994- ж

«Аалам астанасындагы өмүр» аттуу кыска метраждуу даректүү публицистикалык фильм тартылган. 1994-ж

Барпынын ырларына чыгарылган обондор
1.Т.Тыныбеков «Мөлмөлүм»

  1. З.Үсөнбаев. «Гөзал кыз»
  2. Р.Аманова. « Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо»
  3. Ж. Алыбаев « Өзгөчөм» , «Буракжан», «Мырзайым»
  4. А.Касымов «Дүнүйө» ж.б.

Барпы жөнүндө жазылган драмалар
1М. Борбугулов. «Барпы». (үч көшөгөлүү алты сүрөттүү тарыхый драма.1958-ж

  1. Алтынай Темирова. «Барпы». Драма

Барпынын өмүрү жана чыгармачылык жолун окутуу кыргыз адабиятынын программасында
Азыркы учурда жалпы билим берүүчү мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери 2009 жылкы «Кыргыз тилинин программасынын»( Бишкек-2009-жыл) негизинде түзүлгөн төмөнкү календардык план менен иштеп келе жатат
Календардык план
Кыргыз тили ли жана адабияты 5-11 класс. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин жана гимназиялардын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн . Б:2011-б
Түзгөн:
КББАнын Мамлекеттик тил жана лингводидактикалык лабороториясынын башчысынын милдетин аткаруучу , п.и .к. В.Мусаева.
Бул календардык план окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектеп , гимназияларда кыргыз тили предметин окутууда кыргыз тили мугалимдерине методикалык жардам иретинде окуу планындагы өзгөрүүлөрдү (5-:6,8-класстардагы) эске алуу менен « Кыргыз тилинин Мамлекеттик стандартынын» жана «Кыргыз тилинин программасынын» ( Бишкек – 2009-ж) негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2011- жылдын 5- июлундагы № 492\1 буйругу менен бекитилген ( Кутбилим» 8- июль, 2011-ж.) «Базистик окуу планын» ( «Кыргыз тили» 5- класс -4 саат,6- класс-5 саат,7- класс-3 саат 8- класс—3саат .9-класс-2 саат, 10- класс-2 саат, 11-класс-2 саат) жетекчиликке алуу менен түзүлдү.
«Кыргыз адабияты» – 5- класс- 2с, 6-класс-2 саат,7- класс- 3 саат,8-класс-2 саат, 9- клаасс-3 саат, 10- класс- 3 саат,11- класс—3 саат жетекчиликке алуу менен түзүлдү.)
Кыргыз билим берүү академиясынын Мамлекеттик тил жана лингводидактикалык лабароториясынын жыйынынын № 33- токтому менен бекитилген.

Мына ушул календардык планда В. Мусаева тарабынан Барпы Алыкуловду окутууга сабактарды төмөнкүдөй бөлүштүргөн.
5-класска- 2 саат. ( 3- чейрек)
1- сабак – Барпы «Жакшы кыз», «Өзү каар, тили заар кыз», «Болор жигит», Болбос жигит» , «Эр жигитке сын»
2 – саат – Жакшы, жаман адам жөнүндөгү элдик түшүнүктөр Барпынын чыгармаларында.ыйман жана жаштар. Бүгүнкү күн жана Барпынын ырларынын тарбиялык мааниси. Санат-насыят, үлгү ырлар
6- класска 2 саат ( 2- чейрек)
1- сабак – Барпы. «Балдарга насыят» Насыят ырларындагы дидактикалык маани
2- сабак – Барпынын педагогикалык ойлорунун бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу
7- класска 1 саат. (1- чейрек)
1- сабак- Барпы. «Ак кымкаптан тон албайм « «Сүйлөш үчүн тил керек.»
8-класска 4 саат ( 4- чейрек)
1- сабак. Б.Алыкулов, өмүрү жана чыгармачылык жолу. Ынтымак»,Айт,айт,десе»
2- сабак «Күн», «Шамал» «Дүнүйө»
3- сабак «Кулмырза менен Аксаткын»
4.- сабак «Мөлмөлүм», «Мырзайым «Буракжан», «Гөзал кыз»
Баары болуп 5-8- класстарда 9 саат бөлүнгөн, ал эми 9-11. класстарда бир саат да каралган эмес. Демек мына ушул 9 сааттын ичинде улуу акындын өмүрү чыгармачылыгы, ырларынын тарбиялык таасирдүүлүгү, бүгүнкү күндөгү орду, акындын философиялык көз карашы, педагогикасы, этикети, деги койчу акындын чыгармачылык дүйнөсү жөнүндө окуучунун орто билими тууралуу кампасына мугалим төгүп берүүсү талап кылынат. Анткени, бүтүрүүчү мына ушул 9 саат менен жыйынтыктоо аттестациясына жиберилет. Болгондо да, 9 саатты окутуу 4 жылга созуларын унутпоо керек.
Ошондуктан, мугалим ар бир саатты сарамжалдуу пайдаланып, көздөгөн максатка жетүүнүн жолун издөө керек. Эң оору окуучу 9-10- 11- класстарда Барпы жөнүндө окутулбагандыктан,толук эмес орто билим берүүчү мектепти аяктап жатып, жана орто билим берүүчү мектептин жыйынтыктоочу аттестацияларына мугалимдер тарабынан өтүлгөн консультациялардын жыйынтыктары менен сынакка кирип барышат.
Так эсеп менен алганда, үч жыл Барпы жөнүндө окубаган окуучулар обзордук лекцияларда уккандары менен 11-класста дилбаян жаза коюу оңой эместигин мугалим катары туура түшүнүшүбүз керек.

Кыргыз адабияты
5-класс . 3-чейрек.
1- сабак.
Тема: Барпы «Жакшы кыз», «Өзү каар, тили заар кыз», «Болор жигит»,
«Болбос жигит» , «Эр жигитке сын»
Максат: А) Окуучуларга Барпы Алыкулов жөнүндө алгачкы түшүнүк берүү, анын
адам, өмүр, жаратылыш , сулуулук жөнүндө өлбөс-өчпөч чыгармаларды жараткан нускоочу акындыгы жөнүндө түшүндүрүү.
Б) Барпынын ыларындагы жакшы менен жамандын айырмасын,
адамгерчиликке үндөө, чакыруу, адам болууга жашынан даярдануу оюн
окуучуларга жеткирүү.
В) Жакшы болуу үйдүн куту, жаман болуу ичкениңди таш кыла турган жаман
жорук экенин окуучунун аң-сезимине жеткирүү.
Жабдылышы : Барпынын түстүү сүрөтү, Балдарга арналган китеби ж.б.
Сабактын жүрүшү.
Уюштуруу: Көрсөтмө куралдарды ордуна коюу. Окуучулардын сабакка
даярдыгына көз салуу
Сабактын тиби: Жаңы билим берүүчү сабак
Мугалим: – Балдар өткөн сабакта Тоголок Молдо акындын чыгармалары менен таанышкан элек. Бүгүн дал ошондой акындардын бири Барпы атабыздын чыгармалары менен таанышабыз. Мына бул сүрөт Барпы Алыкуловдун сүрөтү.Бул китепке болсо Барпы атабыздын балдарга арнап жазган ырлары топтоштурулган. ( Мугалим «Табият санаты 1973-ж. Фрунзе.», «Табият сымбаты 1987-ж. Фрунзе.» деген китептерди барактап көрсөтөт.) Китепканадан алып окусаңар болот.
Барпы Алыкулов Сузак аймагындагы Ачы кыштагында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Күн,жер, суу, шамал, аба, дүйнө, өмүр, ыйман, сулуулук жөнүндө өлбөс-өчпөс керемет ырларды жараткан нускоочу акын. Осмонкул төкмө Барпы жөнүндө: «Барпы жан бүткөндүн курчу эле, жараткан көзүн алса да , жүрөгү көрүп турчу эле » анын акындык чеберчилигине өтө жогору баа берген экен.
Анда акындын « Жакшы кыз» деген ырын көрктүү окуп көрөлү,- деп ар бир окуучуга бир куплеттен окуттурат.
Мугалим:
-Балдар биз жакшы кыз жөнүндө окудук, эми Барпынын «Өзү каар, тили заар
Кыз» деген чыгармасын окуп бүтүп анан эки ырды салыштырып көрөлү, макулбу?
(Окуучуларга мурдагыдай эле бир куплеттен окуттурат. Окуучулар окуп жатканда алардын тура, көркөм окуусуна көңүл бөлүнөт)
-Балдар мына, ырды окуп да бүттүк.кана, жакшы кыз кандай болуу керек экен?
Окуучу: – Жакшы кыз дайыма таза жүрөт экен. Тишин тазалап берметтей апппак
кылып жууп жүрөт экен.
Мугалим: – Дагы кандай сапаттар болот экен?
Окуучу: – Сайма саят, көргөн кишилер рахмат айтып кетишет экен. Жакшы кыз
эне –атанын ырыскысы болот экен.
Мугалим: -Силер жакшы кыз болууну каалайсыңарбы? Ким жакшы кыз болгусу келет?
Окуучулар: -Мен,-мен,-мен, мен…
Мугалим: _ Баарыңар жакшы кыз болгуңар келет турбайбы. Ошенткиле жашы кыз
болуу- үйдүн –куту, ата-эненин ырыскысы, Ылайым тилегиңерге жеткиле!
-Эми, өзү каар, тили заар кызга токтололу. өзү каар кыз кыз кандай болот экен,
ким айтат?
Окуучу: – Ушак сүйлөп, ата-энесин карабай кашына көөнү сүртүп алып,
этек -жеңин баткак кылып, жуунбай жүрө берет экен.
Мугалим: -Абдан туура айтасың. Жаман, тили заар кыздар жумуш кыл десе, сулкуюп
жатып алат экен, ушакчы болот экен ээ?
Окуучу: – Заар кыздарга айыбын айтсаң алкынып бир тиет, мындай
кыздардан кутулмайынча ызы –чуу түгөнбөйт экен.
Мугалим: -Силердин ичиңерде ушакчы кыздар барбы?
Окуучу: -Жок, биз ушак айтпайбыз.Ата-энебиздин тилин алабыз. Аларга жардам
беребиз. Биз жакшы кыз блгубуз келет.
Мугалим: – Балдар, Барпы атабыз жакшы кыз менен тили заар кыздардын
мүнөздөрүнө кенен токтолуп биздин кыздар адептүү болуп өссө экен деген максатта силерге насыйкат катары айтып жатат. Демек, жаман менен жакшыны айырмалаган мыкты кыздардан болууга аракеттенгиле.
Мугалим: – Анда сөздүк дептериңерди алып төмөнкү сөздөрдү жазып
алгыла, -деп доскага сөздөрдү жазып түшүндүрөт.
Сөздүк менен иштөө
Далида- далыда, дене мүчөсү
Майин- назик, үлпүлдөк
Кут- бакыт, таалай
Гезген- кыдырган, тентиген
Мастан- ушакчы, сүйлөөк куйту, какчаңдагана кемпир
Куйту- бузуку, чагым салгыч
( мугалим бул диалектилик сөздөрдүн маанисин чечмелеп түшүндүрүп берет.)
Мугалим: Сабактын башталышында Барпыны нускоочу акын деп атадык.
Эмесе ошол сөз жөнүндө учкай болсо да түшүндүрүп коёюн
Нускоочу акын- нускоочу ырчы, -төкмөчүлүк таланты күчтүү ырларынын мааниси терең, көркөмдүгү жогору ырчылар. Токтогул, Барпы , Жеңижок сыяктуу зор таланттуу акындарга эл нускоочу ырчылар, (акындар) деген атак ыйгарган. Булардын чыгармачылыгы акындык поэзиянын бийиктигине жеткен.
Өтүлгөн сабакты бышыктоо үчүн суролор:

  1. Барпы качан, каерде туулган?
  2. Барпынын бала чагы кандай доорго туура келген?
  3. Жкшы кыз болуу үчүн эмне кылуу керек?
  4. Өзү каар, тили заар кыз кандай болот?
  5. Силер кандай кыз болууну каалайт элеңер?
  6. Жаман адам менен жакшы адамдын айырмасын эмнеден билүүгө болот?
    Тапшырма: « Жакшы кыз» деген ырды жаттап келүү.
    Өзү каар, тили заар кызды элестетип сүрөтүн тартып келүү .
    Баалоо: Окуучулардын күндөлүктөрүнө бааларды коюп берүү Кыргыз адабияты 5-класс 3 -чейрек
    2 – саат
    Тема: «Болор жигит», «Болбос жигит» , «Эр жигитке сын»
    Максат: А) Жакшы, жаман адам жөнүндөгү элдик түшүнүктөрдүн Барпынын
    чыгармаларындагы чечмелениши.
    Б) Ыйман жана жаштар тарбиясы жөнүндө түшүнүктү ачып берүү.
    В) Бүгүнкү күн жана Барпынын ырларынын тарбиялык мааниси. Санат-насыят, үлгү ырлар
    Жабдылышы: Барпынын портрети, Окучулар «Өзү заар, тили каар кызга»
    карата тартып келген сүрөттөрдүн мыктылары доскага
    көргөзмөгө коюлат.
    Сабактын жүрүшү.
    Тапшырманы суроо.
  7. Окуучулардын тартып келген сүрөттөрүн парталарды кыдырып карап чыгуу жана алардын эң мыктыларын доскага көргөзмө катары илип коюу.
  8. «Жакшы кыз» деген чыгарманы жатка суроо.(окучулардын эмгегин дароо баалоо)
    Фронталдык суроолор:
  9. Барпы кандай акын?
  10. Нускоочу акын деп кандай акындарды айтабыз?
  11. Жакшы кыз болу үчүн кандай болу керек экен?
  12. Силердин араңарда тили заар кыздар барбы?
  13. Чоңойгондо кандай кыздардан болгуңап келет?
    Жаңы сабак: «Болор жигит» « Болбос жигит» «Эр жигитке сын»
    Балдар, бүгүн силер менен Барпы Алыкуловдун мына ушул чыгармаларын окуйбуз жана талдайбыз.Окуучуларды эки топко бөлүп алып, биринчи топ «Болор жигиттен» бир куплеттен көркөм окуп маанисин түшүнүгү боюнча айтып беришсе, экинчи топтогу балдар «Болбос жиги» деген ырдан би куплеттен көркөм окуп, түшүнүгүн өз сөзү менен айтып берүүгө аракеттенишет.
    Мугалим: Барпы атаңар: (ушул ырды салыштырып көргүлө)
    Эси бар жигит жол тапсын,
    Эки ооз ушул термеден,- деп, силерге суроо салып жатат. Анда биз ушул эки ырдын кайсынысынан үлгү алабыз? Сөз силерде, балдар.
    Окуучу: – Биз «Болор жигит» деген ырдан үлгү алышыбыз керек.
    «Киши болор жигиттин,
    Киши менен иши бар.
    Өзү менен барабар,
    Өзөк болор киши бар.
    Көлөкө жерге күн тийсе,
    Көрө албайт экен ичи тар».- дегенде,й бардык кишилер менен байланышта, ынтымакта болушубуз керек.бири-бирибизди сыйлабасак, жардам бербесек, ал жигиттин иши эмес. Сөзгө алынар жигит сүйлөгөндө бардык нерсеге саресеп салып, байкаштырып сүйлөйт, чындыкты бетке айтат. Болор жигит элин-жерин сүйөт, жүрөгүндө өртү бар коркпос, эр жүрөк болот. Биз ошондой жигиттерден болууну каалайбыз.
    Мугалим: Макул балдар,» Көлөкө жерге күн тийсе, көрө албайт экен ичи тар» деген
    ыр саптарына ким кандай түшүнөт?
    Окуучу: Мисалы, кээ бир адамдар көлөкө жерге күн тийип калса, ошону да көрө
    албайт, же кембагал бир адам жакшыраак жашай баштаса да, бул эмне үчүн мындай жашап калды, кембагал эле го, -деп көрө албай, ичи тардык кылышат. Мына ошондой адамдар жөнүндө айтылып жатат.
    Мугалим: Анда «Болбос жигитти» окуп көрөлү.(окуучуларга бөлүп берип, бир
    куплеттен окуттурат).

«Сөздөн калар жигиттин
Күндө бүтпөйт урушу.
Конок келсе жазылбайт
Маңдайынын тырышы.
Арагын ичип шишесин
Ташка уруп талкалайт,
Көрдүңбү мени дегенсип,
Көң дөбөдө чалкалайт.
Улуунун укпай сөзүнү,
Шүмшүк кылат өзүнү». Мына ушул ыр саптарын талдап көрөлүчү, кимибиз кандай түшүнөт экенбиз.? -Эмне үчүн сөздөн калар жигиттин күндө бүтпөйт урушу?
Окуучу:- Улуулардын айткан сөзүнө кулак салбаган, эске албаган жигит, күндө
талаш-тартыштан башы көтөрүлбөйт,- деп айтсак болот.
Мугалим: – Акын, конок келсе, кээ бир жигиттердин кабагы ачылбайт,
маңдайы тырышып тура берет,- деп жатат. Ушундай жигиттер да болобу?
Окуучу:- Болот.. Кээ бир жигиттер үйгө конок келгенин жактырбайт,
ошондуктан, кабагын салып бешенеси тырышып тура берет. Мындай болуу жарабайт. Конокту жадырап жайнап тосуп алуу керек деп ойлойм.
Мугалим: Балдар сын дегенди кандай түшүнөсүңөр?
Окуучу: – Сын кимдир бирөөгө берилиши мүмкүн. Кимдир бирөөнүн
жүрүш-турушун, келбетине сын айтылышы мүмкүн.
Мугалим: Туура айтасыңар.Анда азыр Барпы Алыкуловдун «Эр жигитке сын» деген
ырын окуйбуз.
( Мугалим көрктүү окуп берет, ар -бир он сап окугандан кийин ырдын маанисин сроо- жооп менен талкуулап отурат Жигиттин жакшысы, жигиттин жаманы тууралуу салыштырып талдоо жүргүзөт.)
Эр жигиттин жакшысы жалган сүйлөбөйт, өз сүйгөнү менен ынтымактуу жашайт, элине пайда киргизет.Эч кимге кыянат кылбайт адептүү болот. Эр жигиттин жакшысы элине каалгалуу коргондой, калкына пейили кең болот, ошондуктан элинен дайыма сый алып жүрөт
Эр жигиттин жаманы айылдаштарын күйгүзөт, күндө чатак чыгарат,көп адамды күйгүзөт.Ар ким менен сөз талашып, менин сөзүм туура деп булкунат.Жигиттин жаманы уйкудан көзү ачылбай, кылган иши арбыбайт, калп сүйлөйт.

  • Силер эр жигиттин кайсынысына кошулат элеңер?
    Окуучу: – Эр жигиттин жакшысына кошулабыз
    Мугалим: – Туура жыйынтык чыгарып жатасыңар. Эр жигиттин жакшысы болушуңарга мен да тилектешмин!
    Сөздүк менен иштөө.
    Мугалим: – Сөздүк дептерди алып, жазып алгыла.
    Чаңгет – жердин аты.
    Шагдам – ачык, шайыр, кунак
    Шаа – шах, падыша , канн
    Чаңгалди – чеңгелди
    Тозутат – тоздурат
    Сөзүнү – сөзүн
    Көзүнү – көзүн
    Доомат – жала, док кылуу
    Жериге – жерине
    Элиге – эллине
    Түйшүк – убара, азап
    Зала – зыян
    Кыянат – атайын жасалган тоскоолдук.
    Каитат – кейитет
    Адап – адеп, тартип
    Пейил – кулк мүнөз, көңүл – көөн
    ( Мугалим сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп берет.Бул сөздөр диалектилик сөздөр экендиги, Барпы апыздын сөздүк лексикасында кеңири пайдаланылганын тактап түшүндүрөт)
    Бышыктоо үчүн суроолор:
    1.Барпы атабыз «Болор жигит» деген ырында жигиттин кандай сапаттарына токтолгон?
  1. Силер болбос жигит жөнүндө анын сапаттарынын эмнесин жек көрүп калдыңар?
    3.Эр жигитте кандай сапаттар болуш керек экен.
  2. Барпынын «Жакшы кыз» деген чыгармасында кыздардын кандай сапаттарын ырдаган?
    Тапшырма: «Эр жигитке сын» деген ырды ролдоштуруп жаттоо жана аны класста
    аткаруу.
    Баалоо: Окуучулардын тапшырманы аткарып келишине, жооптордун тактыгына карай
    бааланат жана күндөлүктөрүнө коюп берилет

«Кыргыз адабияты» 6- класс. (1- сабак )
Алтынчы класстын окуучулары Барпы Алыкулов жөнүндө «Кыргыз адабияты» сабагы аркылуу 5- класста 2 саат сбак окушкандыктан, алгачкы маалыматтарга ээ болушкан болот.

Тема: Барпы . «Балдарга насыят» ырларындагы дидактикалык маани.
Максат:
А) Акындын өмүрү , чыгармачылыгы жөнүндө 5- класста алган түшүнүктү тереңдетүү.
Б) Барпынын башка акындардан айырмачылыгы жөнүндө учкай токтолуу.
В) «Балдарга насыйкат» ырынын тарбиялык мааниси,акындын чакырыгынын мааниси эмне экендигине окуучулардын көңүлүн буруу.
Сабактын жабдылышы: Барпынын түстүү портрети, балдарга арналган китептери, Жалал –Абад областынын картасы, Барпынын замандаштары ( айылда көзүн көрүп калгандар болушу мүмкүн.)
Уюштуруу: Класска «Дастан» кружогунун катышуучулары Барпынын чыгармаларынан аткарып бериши үчүн чакырылгандыктан, аларды сабакка даярдоо.
( Мугалим окуучулар менен саламдашат, сабакка даярдыгын сурайт, журналды колуна алып, сабакта ким бар, ким жок экендигине көңүл бөлөт)
Мугалим:
-Балдар,бүгүн биз Барпы Алыкуловдун өмүрү, чыгармачылыгы, «Балдарга насыйкат» деген чыгармаларын өтөбүз.
Жаңы сабакка өбөлгө түзүү:

  • Барпы Алыкуловду билсиңерби?
  • Ооба, билебиз.
  • Кайдан билип калдыңар?
  • Былтыры 5-класста өткөнбүз.
  • Ал каерде туулган акын эле?
  • Сузак районунун «Ачы» кыштагында туулган . ( мугалим доскадагы картадан Сузак районун чектеп көрсөтөт.)
    -Жакшы , анын ырларынан жатка билесиңерби? ( Окуучулар, мен, мен,- дешип биринен бири ашыга кол көтөрүшөт, мугалим бир – эки окуучуддан сурап көрөт.Окуучулар Барпынын «Жакшы кыз», «Болор жигит», «Болбос жигит» деген ырларын жат айтып беришет)
    -Азаматтар,силер жат билет турбайсыңарбы? – деп, окуучуларды алкап жаңы сабакты баштайт.
    Жаңы тема:
    Мугалим: – Эмесе, балдар, Барпы Алыкуловдун өмүр жолуна сереп салып көрөлү. Барпы нускоочу акын болгон. Ал 1984- жылы Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ачы кыштагында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Жардылыктын айынан кабыргасы ката элек кезинен байларга жалчы болуп иштеген. Ачылык Молдалы, Назарбай деген байлардын малын баккан. Кийин Ысакбай деген байдын пахтасын эгип, түрдүү жумуштарын аткарган. Барпы 32 жашка чыкканга чейин жалчылыкта жүрөт. Мына ошол көзү менен көргөн, башынан өткөргөн азаптуу күндөрү жөнүндө кийин «Мен көргөн күндөр» деген ырында чагылдырылган. Он алты жашка келген кезде эле анын акындыгы эге билине баштайт. Анын « Балдарга насыят» , «Дүнүйө», «Эмне бар бул жерде» , «Аккан суу», «Күн», «Ажал», «Шамал» деген ырлары буга мисал боло алат Кеңеш бийлигин орнотууга жигердүү катышкан, 1930- жылдары катуу ооруп, көзү азиз болуп калган. Ошондон кийин коомдук турмушка ырчылык өнөрү менен катышып келген.
    Азыр анын атына коюлган; Барпы кыштагы, Барпы үрөн чарбасы, Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп, Барпы фондусу, Барпынын үй музейи Жалал- Абад шаарында Барпы драмтеатры, Барпы сейил көчөсү, Барпы Алыкулов көчөсү бар. Барпынын төмөнкүдөй китептери бар,-деп ала келген китептерин , томдуктарын окуучуларга тааныштыруу иретинде көрсөтүп коюлат.
    (- Балдар, азыр «Дастан» кружогунун катышуучуларын сөз берели, алар бизге Барпынын «Балдарга насыйкат» ырын көркөм айтып беришет,- деп, аларды доскага чакырат. Ийримдин мүчөлөрүнүн ар – бири Барпынын салттуу обону менен 2 ден куплет айтып беришет. Окуучулар шатырата кол чабышат ).
  • Балдар жогоруда мен Барпыны нускоочу акын деп атадым. Нускоочу деген сөзгө маани берип көрөлү.
    Сөздүк дептерге жазып алышат:
    Нускоочу акын- нускоочу ырчы, -төкмөчүлүк таланты күчтүү ырларынын мааниси терең, көркөмдүгү жогору ырчылар. Алар табигый шыгынын бийиктиги, чыгармачылык дараметинин арбындыгы менен жамакчылардан айырмаланат.. Токтогул, Барпы , Жеңижок сыяктуу зор таланттуу акындарга эл нускоочу ырчылар, (акындар) деген атак ыйгарган. Булардын чыгармачылыгы акындык поэзиянын бийиктигине жеткен.
    Мугалим: -Барпыны нускоочу акын десек болобу?
    Окуучу: – Болот. Анткени, Барпы жамакчылык деңгээлден жогору туруп, ак жаандай төгүп ырдоо менен төкмөчүлүктүн бийик сересине жеткен акын. Барпынын ырларынын мааниси терең, сөздөрү курч, жогорку көркөмдүктө ырдаган акын.
    Мугалим: – Акын жаштарга кандай сапаттардын болушун каалаган?
    Окуучу: – «Балдарга насыят» деген ырында балдарды адептүүлүккө, ыймандуу, кичи пейил , таза болууга чакырган.
    Мугалим: Жакшы экен, мисал келтирип көрчү?
    Окуучу:
    Акаарат кылып бирөөнү
    Сөкпөгүлө балдар ай.
    Мурдуңу бөөдө көтөрүп ,
    Сөкпөгүлө балдар ай.
    же,
    Бош куржунга суук колду
    Салбагыла , балдар ай.
    Бирөөнүн болсо буюму
    Албагыла, балдар ай
    Жаманатты – наалатка,
    Калбагыла балдар ай,- деп,
    балдарды жаман сүйлөбөй, урушпай, кичи пейил жакшы балдардан болууга чакырат.
    Мугалим: – Акын балдарды кандай сапаттардан алыс болууга чакырат?
    Окуучу: – Кеп билбеген такымчы
    Болбогула балдар ай .
    Адебиңдин пайдасын
    Ойлгула, балдар ай.
    же,
    Көрүнгөн жерге ылгабай ,
    Отурбаңар балдар ай.
    Көп жаманга биригип
    Кошулбаңар , балдар ай.
    же,
    Бирөөнүн жолун адепсиз
    Тоспогула балдар ай.
    Мөндүрдөй жаап ок түшсө,
    Коркпогула жаштар ай,- деп,
    жаштарды жаман болуудан алыс болууга , адептүү , болуп коркок болбой , мөндүрдөй жаап турган октон да коркпой турган эр жүрөк жигитттерден болууга үндөп жатат.
    Жыйынтыктоо үчүн суроолор :
  1. Барпыны эмне үчүн нускоочу акын дейбиз?
  2. Нускоочу акындардан дагы кимдерди билесиңер?
  3. Анын балдарга арналган ырларынан билсеңер атап бергилечи?
  4. Барпынын балалыгы кандай кыйынчылыктар менен өткөн экен?
  5. Улуу акындын атына коюлган мекемелер, көчөлөр барбы?
  6. Барпынын ырларына чыгарылган обондуу ырлардан укканыңар барбы?
  7. Кайсы обончулар обон чыгарган?
  8. Жакында Барпынын туулгандыгынын канча жылдыгы өткөрүлдү?

Тапашырма: 1. «Балдарга насыят» ырынан кеминде эки куплеттен жаттап келүү.
2.Ырды көрктүү окууга машыгуу.
3.Барпынын чыгармаларынан ким эмнени окуса, ошону тизмелеп
жазып келүү.
Баалоо: Окуучулардын сабакка активдүү катышуусуна, берген жоопторуна карай
баа коюлат.

           «Кыргыз  адабият»     6- класс.  

( 2- сабак )
Тема: Барпынын педагогикалык ойлорунун бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу
Максат: А) Барпынын чыгармаларындагы анын педагогикалык идеаларынын берилиши
жөнүндө алгачкы маалымат берүү:
Б) Педагогикалык ойлор камтылган чыгармаларды, балдарга арналган ырларынан издөө, анын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугуна маани берүү;
В) Окуучуларды Барпынын чыгармалары аркылуу анын педагогикалык ойлорун
туюндуруу, тарбиялоо.
Жабдуу: Акындын баларга арналган чыгармаларына карата тартылган окуучулардын
колдо тартылган сүрөттөрү. Мисалы: « Жакшы кыз» « Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо». «Күн», « Шамал», «Ажал» «Болор жигит», «Болбос жигит»ж.б.
Уюштуруу: Окуу –усулдук көрсөтмө куралдарды.жайгаштыруу, окуучуларды
Учурдагы сабакка даярдоо.
Тапшырманы суроо:

  • Кана, балдар, үйгө кандай тапшырма берилди эле?
  • Барпы Алыкуловдун «Балдарга насыят» деген ырынан жаттап келүү берилген.
  • Жакшы экен, дагы кандай тапшырма берилген?
  • Барпынын өмүр жолун үйрөнүп, анын кандай ырларын окуганыңарды тизмелеп келүү тапшырмасы берилген.
  • Балар, Ким жаттап келгенин айтып берет?
    (Окуучулардын бир нечесин доскага чыгарып жат айттырат.Барпы кайда төрөлгөн, балалык чагында кандай азап-тозокторду тарткандыгы жөнүндө сурап, окуучулардан жооп алат.Нускоочу акындарга дагы кандай акындар кире тургандыгын сурап билет. Окуучулар өздөрүнүн үйүндө бар китептерин көтөрө келген болсо, мугалимге сыймыктана көрсөтүп коюшу артыкчылык кылбайт.)
    Өтүлгөн сабакты бышыктоо:
  • Балдар, Барпы Алыкулов жөнүндөгү сабакты жакшы окуп келиптирсиңер. Окуучулар дээрлик баары «Балдарга насыят» деген ырдан жаттап келишиптир.Барпынын балдарга арналган ырлары топтоп жүргөн балдар-кыздар да бар экен. Көпчүлүк балдар, кыздар Барпынын чыгармаларын окугандыгын айтышты. Мен ыраазы болуп калдым. Ушинтип, көп окуу керек. Эмесе, бүгүн Барпы акын тууралуу экинчи сабакты баштайбыз.( доскага өтүлүүчү тема жазылып коюлат)
    Жаңы сабак:
    Барпынын педагогикалык ойлорунун бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу
    Мугалим: – Кана балдар, теманы талдап көрөлүчү… сөз эмне жөнүндө болуп жатат?
    Окуучу: – Акындын педагогикалык ойлору жөнүндө болуп жатат.
    Мугалим: – Туура айтасың, педагогикалык ойлор жөнүндө болуп жатат.
    Анда балдар, мына бул сүрөткө көңүл буралычы,- деп «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо», деген ырга карата окуучулар тарабынан ой жүгүртүү менен тартылган сүрөткө окуучулардын көңүлүн бурат. Мына ушул сүрөткө маани бергиле.
    Ырдын текстти бонча салыштырып, ой жүгүртүп көрөлү. Эмнени көрдүк, эмнени түшүнүүгө болот? Ким өз оюн айта алат?
    Окуучу: – Мен айтып көрөйүнчү?
    Мугалим: – Айт, айтып көр.
    Окуучу: – Бул сүрөт «Ала Тоо көрккө келбейт эл болбосо» деген Барпы Алыкуловдун ыры боюнча тартылыптыр. Сүрөттөгү тоолор кыргыз Ала-Тоолору экенине ишенем жана сыймыктанам. Анткени, ал менин мекеним. Сүрөттө тоо койнунда эмгектенип жүргөн кыргыз элин көрүүгө болот. Күтүрөгөн төрт түлүк мал, кырка тизилген боз үйлөр, жайылып жүргөн кой-эчкилер, бодо малдар, жылкылар. Булардын баары Ала-Тоонун көркүнө көрк кошуп турат.Чындыгында «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо»,- деген ойго келүүгү болот.
    Окуучу: – Мен толуктасам болобу?
    Мугалим: – Болот, макул толукта.
    Окуучу: – Ушул керемет ырга керемет обон да жаратылыптыр . Белгилүү аткаруучу , обончу Роза Аманованын ушул ырга чыгарылган обондуу ырын өзүнүн аткаруусунда угуп көрсөк, анда бул чыгармада не деген педагогикалык ойлор жатканына толугураак ишенебиз. Ошондуктан ушул ырды уктуруп койсоңуздар жакшы болмок.
    Мугалим: – Жакшы сунуш болду, анда угуп көрөлү.
    ( музыка жаңырат, окуучулар бүт дити менен берилип, ырды угуп жатышат.Барпынын керемет ырына керемет обон жаралганына окуучуларды жан – дүйнөсү эргип, Ала-Тоого болгон сүйүүлөрү ансайын күчөп, ырдын өзүнө тарткан сыйкырдуу обонуна тула бою толкуп турушат.)
  • Балдар, дагы кандай ойлор пайда болду?
    Окуучу: – Чындыгында акын айткандай Ала-Тоо эл менен көрктүү, Кыргыз эли мал жандуу эл экенин баары жакшы билет. Акын бизге окшогон жаштарды Мекенди сүйүүгө, урматттого, аны менен сыймыктанууга үндөп жаткандай сезим калды менде.
    Обончу эжебиз да акындын ырына бекеринен кайрылбаса керек деп ойлойм. Андыктан , акындын мекенди сүйүү чакырыгына кошулуп, Кыргызстаныбызды,Ала-Тообузду гүлдөтүүгө өз салымыбызды кошууга аркет кылалы, деген ойго келдим.(кол чабуулар)
    Мугалим: -Элибизде «Аганы көрүп ини өсөт « деген макал бар. Барпы Токтогул мекнен жолугушуп, анын ак батасын алып келген акын. Токтогул сыяктуу санат – насыят ырларын ырдап, элге аттын кашкасындай таанымал болот. Барпынын адамзатты жакшы жолго, аруулукка үндөгөн ырларды ырдады . Анын бардык ырларында адам баласын адам болууга чакырык таштаган педагогикалык ойлор жатат.
    Вокзалга барып, аскерге жөнөп жаткан жаштарды баатырдыкка үндөп, ырдашынын өзүндө эле элди-жерди сүйүүгө, аны коргоого үндөгөн патриоттук педагогика жатат. Акын не деген философиялык ырларды ырдабады. «Күн», «Шамал» «От» «Аккан суу» сыяктуу ырлары жаратылышты жан – дүйнөсү менен таанып анын келип чыгышына педагогикалык ой жүгүртүү менен материалисттик көз карашта далилдөөгө аракет кылып, башка акындардан түп тамырынан бери айырмаланып турат
    Барпы « Ынтымак » деген ыры аркылуу элди ынтымакка-достукка үндөгөн.
    Ынтымактуу элге эч кандай душман жолой албайт деген идеаны таштаган.Ынтамаксыз элдин көп нерсеге жетишпестигин, ынтымактуу элдин балдары күжүрмөн болорун, алар ды эмгекти сүйүүгө чакырган.Ийгиликтерге ынтымак менен гана жетишүүгө боло тургандыгын педагогикалык көз караш менен ырдап түшүндүргөн.
    Барпынын элди-журтту достукка, патриоттуулукка , ынтымакка , адамгерчиликке, тарбиялуу болуп өсүүгө , тарбиялаган педагогикалык акыл –ой мурастары азыркы учурда да актуалдуулугун жоготпгон чакырык бойдон калууда. Андыктан, бүгүнкү күндө да биз үчүн ынтымак, достук, аруулук, адамгерчилик, аба менен суудай зарыл болуп жатат. Ага жергиликтүү мисалдардан келтирүүгө болот
    .( Мисалы: Аксы окуясы, Ош коогалаңы, Апрель окуясы, Өзбек –кыргыз жаңжалы, Бийлик талаш ж.б.)

Өтүлгөн сабакты бышыктоо үчүн суроолор.
1.Барпынын чыгармаларында силер байкаган педагогикалык ойлор тууралуу
айтып бергиле?
2.Педагогикалык ойлордун актуалдуулугу деген сөзгө ким кандай түшүнөт?

  1. «Ынтымак» деген ырдын темасы, идеясы эмнеде?
    4.Ала-Тоо эмне үчүн эл болбосо, көрккө келбей,- деп ойлойсуң?
    5.Силердин класстын окуучулары ынтымакпы, аны эмне менен далилдей аласың?
    Тапшырма: Барпынын чыгармаларынан окуп келүү, бир ырды жаттап келүү.
    Баалоо: Окуучулардын билимин коментарийлеп түшүндүрүү менен угузуу.
    Кыргыз адабият . 7-класс. (1 саат)
    Тема: Барпы. «Ак кымкаптан тон албайм « «Сүйлөш үчүн тил керек.»
    Максат: А) Барпынын башка акындардан айырмасын чечмелөө,окуучуларга Барпынын
    Төкмөлүк өнөрүнүн күчтүүлүгүнүн себептерин түшүндүрүү.
    Б) Барпынын ырларындагы адеп-ахлак, тарбиясы,ыйманга чакыруу , ырлардагы
    Салыштырмалуулук жөнүндө түшүнүк берүү.
    В) Ар-намыстын бийиктиги, тилладан (алтындан) да жогору турарын даңазалоо
    догу акындын ырларынын күчтүүлүгү, таасирдүүлүгүн түшүндүрүү.
    Жабдуу: Класстын ичи Барпынын, Түмөнбайдын,Токтогул, Жеңижоктун портреттери менен толукталат. Барпынын томдуктары, ар түрдүү фото-сүрөттөр менен толукталат.
    Аудио-видио аппаратуралар даярдалып коюлат.
    Сабактын жүрүшү
    Сабакты уюштуруу: Окуучулардын сабакка даярдыгына байкоо жүргүзүү,
    Психологиялык жактан окуучулардын көңүлүн сабакка даярдоо.
    Көрсөтмө куралдарды жайгаштыруу.
    Сабактын тиби: Жаңы билим берүүчү сабак.
    Сабактын усулу: Аралаш сабак, айтып берүү менен түшүндүрүү.
    Жаңы тема:
    Барпы. «Ак кымкаптан тон албайм « «Сүйлөш үчүн тил керек.» деген сүйлөм доскада жазылып коюлат
    Мугалим: – Бүгүнкү биздин өтө турган темабыз Барпы. Анын «Ак кымкаптан тон албайм»,«Сүйлөш үчүн тил керек» деген чыгармалары.

(Тасмадан Роза Аманованын аткаруусундагы «Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо» деген ыры уктурулат.Мугалим окуучуларды кунт коюп угууга чакырат.Окуучулар кунт коюп угушат)

  • Кана балдар, ырды ким аткарды?
  • Роза Аманова
  • Ырдын автору ким?
  • Барпы Алыкулов.
  • Анда силер менен кийинки ырларга кулак төшөйлү.

(Мугалим Замир Үсөнбаевдин аткаруусундагы «Гөзал кыз», Жолболду Алыбаевдин аткаруусундагы «Өзгөчөм» деген сыяктуу ырларын дисктен коюп берет)
Мугалим: -Балдар, силер жогорудагы уккан ырлар аркылуу Барпы Алыкулов жөнүндө кабардар болуп калдыңар. Силер 5-6- класстардан баштап эле Барпы Алыкуловдун чыгармачылыгы менен таанышсыңар. Бүгүн Барпы Алыкуловдун өмүр жолуна учкай токтолобуз . Калганын үйдөн окуп келесиңер. Анткени, Барпы апызга бир саат гана убакыт берилиптир. Барпы өзүңөр билгендей балалыгы кыйын күндөргө туш келип, байлардын коюн багып, отунун алып, күн өткөрдү. Аны окуган болсоңор «Теңдик бир күн жарк этер» деген чыгармасында даана ырдаган. Ошондуктан, анын эркиндикти эңсөөсү алгачкы ырларында эле байкалган. Барпынын башка төкмөлөрдөн айырмасы комуз кармабай бөйрөгүн таянып алып ак жаандай себелеп ыр жамгырын төккөнүндө. Мындай чеберчилик Барпыга гана мүнөздүү. Анын төкмөлүк стили менен Таирбек төкмө гана ырдаган. Азыркы учурда анча –мынча Абдибали Акимбеков ырдап жүрөт. Бир караганда оңойдой көрүнгөнү менен комуз менен төккөн акын, комузду күүгө салып, кайрып алгыча, бир топ ойлорун иреттеп алышы турган кеп. Бирок, Барпы сымал а,- деп оозун ачкандан тарта өнөктөшүнө кезек бергенге чейин, бир дем менен ак жаандай себелеп туруу, бардык эле акындардын колунан келе бербейт.
Мына, азыр эле уктуңар. Ашыктык ырларын Барпыдан ашыкча, же ага жеткире ырдаган акын али төрөлө элек. Аялзатынын сулуулугун, улуулугун даңазалап, көркөмдүк жактан жеткилең ырлардын жаратманы- Барпы. Ошондон улам, кылымдан –кылымга, доордон доорго, Барпынын ырлары жашарып, ырдалып келе жатат,- десек болот.
Ак кымкаптан тон албайм,
Ак күмүштөн сом албайм.
Ар кимди барып бир ырдап,
Ары жок ырчы боло албайм!

Кызыл кымкап тон албайм,
Кызыл тилла сом албайм.
Кызыталак бийлердин
Кызыкчысы боло албайм!- деп, (Ак кымкаптан тон албайм») акын катары өзүнүн ар-намысын, абийирин күмүштөн , тилладан (алтындан) жогору коюп ырдаганынын өзү эле акындын чыныгы патриот, намыска туулган акын экендигин даңазалап турат.
Сүйлөш үчүн тил керек,
Ырдаш үчүн үн керек,
Сөздү сөзгө кынай бил,
Маш зергердей чегелеп.
Ырчы болсоң төкмө бол,
Ак жаандай себелеп,- деп ( «Сүйлөш үчүн тил керек») акындын сөзүн бири-бирине кынай билген зергерге салыштырып жатат. Ак жаандай төкмө бол,- дегени, ак жаан болгондо күн бирдей темпте бир нечелеген саатка төгүп туруп алат. Ошондуктан көптү көргөн карыларыбыз: «Ак жаанга айланып алыптыр, эми көпкө жаайт го! – деп, болжолдошкон. Демек, ак жаандай себелеп ыдоо да, ар кимдин колунан келе бербейт эмеспи.
Бышыктоо үчү суроолор:

  • Кана балдар Барпынын бир ырын ким аткарып берет? ( бир окуучунун аткаруусунда бир ырды угуп коюу ашыктык кылбайт.
  1. Барпынын ырларына чыгарылган обондуу ырларынан ким билет?
    3 Барпынын ырларына кимдер обон чыгарышкан?
  2. Барпы боюнча кандай драмалар жазылган.?
    5.Барпы драм театры каерде жайгашкан?
    Тапшырма:
    1.Барпынын өмүрү жана чыгармачылык жолу. ( дилбаян)
    2.Ырларды жаттап келүү.
    3.«Барпынын балалыгы» деген темада аңгеме жазып келүү
    ( Эскертүү: Окуучу жогорудагы тапшырмалардын бирөөн гана аткарып келүүсү керек.) Кыргыз адабият 8- класс( 4- чейрек.)
    1 – сабак
    Тема: Б.Алыкулов, өмүрү жана чыгармачылык жолу. «Ынтымак»,»Айт,айт,десе»
    Максат: А)Барпы Алыкуловдун өмүрү, чыгармачылык жолу тууралуу кеңири түшүнүк
    берүү.
    Б) Барпынын өмүр жолундагы кыйынчылыктар жана аларды жеңе
    билүү үчүн күрөштөгү эрктүүлүк
    В) Окуучуларды патриотизмге, достукка эрктүүлүккө тарбиялоо.
    Жабдуу: Акындын томдуктары. К.Даутовдун илимий эмгектери, Т.Байзаковдун Токтогулдун, Жеңижоктун, Борбугуловдун,А.Токомбаевдин,Т.Сыдыкбековдун сүрөттөрү аталган мекеме , ишкана, көчөлөр жөнүндөгү маалыматты камтыган планшет. Аудио-видео тасмалар, дисктер, жаздырып алынган ырлардын дисктери ж.б.
    Сабактын жүрүшү:
    Класс ар түрдүү, акындын юбилейинне тартылган сүрөттөр.анын сөзүнө обон чыгарган акындардын сүрөттөрү, дисктери менен жабдылат. Сабак башталышы менен ассистенттер тарабынан Барпынын обондуу ырларынын бири дисктен коюлат.Барпынын өмүрү көкөй кескен заманда өткөндүктөн мугалим сөзүн баштаган «Көкөй кести» күүсү акырын башталып, мугалим пауза жасаганда улам бийиктеп угулуп, окуучулардын бүт дүйнөсүн 19 кылымга жетелеп кетет.
    Мугалим: – Балдар бүгүнкү сабагыбыз ким жөнүндө болорун байкадыңар?
    Окуучу: -Барпы Алыкулов жөнүндө болорун сездик.
    Мугалим: – Ооба, бүгүнкү сабагыбыз силер сезгендей ак таңдай акын Барпынын
    өмүрү чыгармачылык жолуна арналмакчы.
    Мугалим: – Барпы каерде, качан туулган эле?
    Окуучу: – Барпы Жалал-Абад областынын Сузак районундаы Ачы айылында . 1984-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган.
    Жаңы сабак: Барпы Алыкуловдун өмүрү, чыгармачылык жолу, «Ынтымак», «Айт, айт десе» деген чыгармалары.
    Мугалим: ( доскада илинип турган Улуу Барпынын портрети, анын жашаган жеринин элеси берилген полотнодо боз үй, кой кайтарып жүргөн Бала Барпынын элеси, Байдын Барпыга сес көрсөтүп турган элеси полотнонун тээ ары жагынан көрүнүп турат. Сүрөттө Барпынын таяк таянып, көзүн жумуп алып, аалам менен сырдашып жаткандай кандайцдыр бир ойго баткан сүрөтү, жайылып жүргөн койлор, койлорго карышкырдын тийиши, карышкыр бир ак эчкини жара тартып, сүйрөп баратканы тартылган Мугалим дал ушул сүрөттү колундагы указка менен көрсөтүп, жай сөз баштап, өткөн кылымдын сересинен Барпынын өмүрүн, басып өткөн жолун не деген кайгы, не деген муң коштогон «Көкөй кести» күүсүнүн коштоосунда өз ыргагынан жанбай окуучулар менен жуурулуша сөз кылып жатат.)
    -Кыргыз эл ырчысы, кыргыз оозеки поэзиясынын классиги Барпы Алыкулов 1984- жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ачы кыштагында туулган. Кедей үй –бүлөдө туулгандыктан, ары атадан эрте ажырап, жокчулуктун айынан жергиликтүү байларга агасы экөө малай түшкөн. Атасы Алыкул да ырчы болгон. Ал 1904-жылы дүйнөдөн кайткан. Барпы Улуу демократ акын Токтогулга 1915- жылы атайын барып жолугушуп келген. Токтогул Барпынын акындык өнөрүн жогору баалап, ат мингизип, тон кийгизип узаткан. Анын таалимин алган.
    Барпы Улуу Октябрь революциясынан кийин Совет мамлекетин чыңдоого активдүү катышып, 1920-жылдарда жарды –жалчы комитетинин төрагасы, Чангет айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.1920-жылы агасы Болотту басмачылар өлтүрүп кетишкен. Андан соң өзү да ооруп көзү көрбөй калган. Таш боор тагдыр Бапыны аёосуз жазалаган. Бир гана кызы аман калып, 23 перзентин жерге берген. Акын баары бир майышкан жок.
    Улуу Ата Мекендик согушка мекенди коргоо үчүн жөнөп жаткан жоокерлерге темир жол вокзалында ырдап,душмандарды жеңип келгиле ,-деп батасын берип узатып турган. Алыкулдун 9 баласы болгондуктан, буларды багуу кыйынга турган, ошондуктан балдарын малайлыкка берген. Барпы колдон-колго өтүп малай блуп жүргөн . Эч кимиси ырайым кылган эмес. Барпынын бакканы мал, алганы отун, жакканы от, укканы заар тил болду, жаткан жери саманкана, бүрүшүп иттерден орун талашып күн өткөрдү. Мындай жашоодон аша чаап өлгүсү келет. Биок, Барпы өлгөн жок.
    (Мугалим окуучуларга сүрөттү көрсөтүп… )
    Күндөрдүн биринде анын оюн өзгөрткөн бир окуя болот. Барпы чалкасынан жатып, асмандагы түрмөктөлгөн булуттарды көрөт. Барпы көзүнүн жашын сүртүп, булуттарды карап кыйкырды… Бар күчү менен кыйкырды… Барпы кандайдыр бир өзүн жеңил сезди. Кыйкырып – кыйкырып алганда, бугу тарап, азаптары унутулуп, көңүлү ачылгансыйт. Демек, кыйкырып – кыйкырып ырдаса болот турбайбы,- деген ойго келет. Мына ошентип анын өлгүсү келбей калат. Ошондон баштап, Барпыда башкача бир турмуш башталат.
    Дагы бир күн мындай окуя болот. Назарбайдан акысына алган жалгыз эчкиси бар эле. Эчки койлор менен кошо жайылып жүргөн. Барпы чарчагандан көзү илинип кетет. Ошол учурда койлорго карышкыр тийип, миңдеген койдун ичинен карышкыр Барпынын баягы акысына алган эчкисин көтөрүп кетет. Ошондо Барпы карышкырга болгон каргышын ыр менен айтат. Маани да, уйкаштык да өзүнөн – өзү келе берет, келе берет…
    Ошондон баштап, Барпы өзүнүн ырдай аларына ишенди. Көрсө, өзүндө бугуп жаткан табигый шыктын капкагы шарт ачылып, уйкаштык, ыргактуу маани төгүлө берет экен. Ошентип, Барпы өзүн-өзү капыстан ачат. Ошентип, ыр өмүрдү сүрүп чыгарды. Жашоо дегениң керемет тура. Күндөрдүн биринде Назарбай малайы Барпынын ырдаганын билип, аны беттеп, жектеп, кордоп ырдап жиберет. Барпы андан жалтанбастан :
    «Кыйналып жүрүп өлбөсөм,
    Кегимди сенден аламын ,-деп ырдап коё берет. Жинденген Назарбай жеңилип калган соң, Барпыны жашынан мокотуп салайын деп, жумуш үстүнө жумуш дайындап кыйнай баштайт. Акыры бул кордукка чыдабаган Барпы койлорун таштап, таекелеринин үйүнө качып кетип кутулат.
    Барпы бала ырчы атыгып, эл арасында кадыр – баркы өсө баштайт.
    Барпы бир жыйынга барса, Ташмат, Нышан, Сыдык, Карамурза, Кара Жолдош, Көр Жолдош деген ырчылар бар экен. Ошолордун ичинен Карамурза деген акын Барпыны музоосунда сүзүп, топко келгис кылып коёюн, – деп Барпыны кызыл кемсел кийип алгандыктан, «кызсың» деп ырдайт. Барпы сүздүргөн жок. Кайра: «Кишини кийимге карап баалоо наадандык. Табылган кийимди кийүү айып эмес,-деп нуска айта келип, анан Карамурзаны сөздүн чогуна кактайт.
    …Эшекке жабуу жапкандай,
    Итке тумар таккандай.
    Журтта калган кашыктай.
    Кара чаар Мурзага,
    Кандай кийим жарашат?… Эл дуулдап күлөт. Жеңилген Карамурза атын моюнга чаап, топтон чыгып кетет.
    Барпы качып кетти.
    Базар-Коргон тарапта Барпы бир айтышка катышып, Сыдык деген ырчыны айтышта жеңет. Аны уккан Семетей найып каршылаш тарабынын жеңилгенин угуп,Барпыга ыраазы болуп, үйүнө ээрчитип келип үстүнө тон жаап, астына ат мингизет. Аял алып берет.Сүйүнгөн Барпы « Беш бала мактоо» деген ыр чыгарып салат Ошентип, күндөрдүн биринде бай: Башка ырларыңды токтот, бизди гана макта.Туз уруп кетет!»,-дейт. Барпы билинбей торго чалынганын туят. Ошентип, бир түнү аялын да, атын да, таштап качып кетет. Барпы мына ушундай турмуштун запкыларын көп тарткан акын.
    Эшенге каяша ыр.
    Күндөрдүн биринде Чангет кыштагына бир эшен келет.Аны көпчүлүк төбөсүнө көтөрүп күтүп алат. Айылдагы сопу молдолор чогулуп эшенге: «Айлыбызда Барпы деген кайырдин ырчы бар, Сөксө тил, урса келтек өтпөйт.Ошого бир сыр көрсөтүп коюңуз, жини кагылып калсын»,- дешет» Эшен макул болот. Барпыны эл чакырып келет.Жүрөк түшүрө тургандай тозоктун оор жазасын, өтө таасирдүү кылып айтат. Угуп тургандар жакасын кармашып, «күнөөмдү кечире көр» дешип ичинен келме келтирип отурушат. Анан сөз аяктаганда Барпы ырдап коё берет:
    Алдап соолап пайданы,
    Байдан көрдүң эшеним.
    Өзүң өлбөй тозокту,
    Кайдан көрдүң эшеним?,- дейт.Ошондо эшен калчылдап: «Каапырды жоготкула !- деп кыйкырат. Муну уккан Дыйкан болуш айылдын урматтуу мейманына тил кайрыган адепсизди жазаламай болот. Дыйкан болуш Барпыны айдатып келип, 500 сом айып салат. Барпы аны төлөй албайт. Ошондо төрт казыкты кактырып, ага керип салып, камчы менен сабатат. Бир тууганы Болот элге кабар берип, акча чогултуп, бошотуп алган экен. Мына балдар, байлардын зулумдугу өткөн эаманда ушундай болгон.
    Барпынын устаттары.
    Барпы ырчылык өнөргө өзүн даярдаган акын. Өмүрүндө 60 ка жакын акын менен айтышыптыр. Алардын арасында Токтогул, Жеңижок, Бекназар, Калмурза, Нышан, Карамурза, Сыдык, Ботобай, Нурмолдо деген акындар болгон. Булардын ичинен Барпы Токтогулду, Бекназарды, Нышанды устаты катары эсептеген. Өзүнүн айтканына караганда, ээн талаада куурайдан адам кебетелентип каракчы кылып алып, ага баланча ырчы деп ат коюп алып, алым сабак айтышып ырдап көнгөн.Акыры ырчысын жеңе баштагандан кийин, эми айтышсам болот экен деген ойго келген экен.
    Түмөнбайга айткан керези.
    «Досум, мен карып баратам.Өбөк болор балам жок. Менден калары-ыр. Ыр менин канымдан пайда болгон перзентим. Көзүм көрбөйт, бирок көкүрөгүм соо. Кудай салган караңгы түндүн ичинен Күндү издейм. Эми сен ырларымды жаз, мугалимдериңе жаздыр, окуучуларың кол кабыш кылсын»
    ( «Көкөй кести» күүсү акырындап токтойт. Мугалим окуучулардын оюн Барпы жөнүндө улуу адамдардын , окумуштуу, жазуучулардын, замандаштарынын айткан сөздөрүнө бурат. Алардын Барпыга берген баасын окуп берип,ар бирине талкуу жүргүзүп, окуучулардын Барпыга карата көз карашын, сын ааламына жетелейт.
    Окуучлар да өз түшүнүктөрүн айтышып, баарлашуу, пикирлешүү, таасирленүү ааламынын кызыгына, кумарына батат.Брпынын дүйнөсү ойлоонун, ой жүгүртүүнүн, сырткы дүйнө менен сырдашуу, анын философиясы, турмуштагы орду жөнүндөгү дүйнө экендигин сезишет. Башка акындардан эмнеси менен айырмаланып тургандыгы тууралуу жеке балалык көз караштын пайда болушуна негиз болуп берет.)

Мугалим:- Мына балдар Барпынын татаал тагдырынан да учкай сөз кылдык.
Эми акындын төмөнкү эки ырын көркөм окуп көрөлү,-деп
«Айт, айт десе» деген ырды окуучулардын бирине окуттурат.
Мына байкаганыңардай акын бул ааламда ар түрдүү өнөр менен жашап жаткан адамга көңүлдүн чордонун бурат.Адам баласынын бири күлсө, бири ырдагандыгына кабыргасы кайышат. Акын өзүнүн чыгармаларында Мөлмөл баштаган аруу кыздар, болор жигит, болбос жигит, аялдардын жакшысы, жаманы, баатырдык, марттык сапаттар бузуктук ушакчылык,желөпкө, келесоо жандар жөнүндө кеңири чагылдырган. Көрсө, «Айт,айт,десе» анын программасы катары кызмат кылат турбайбы.
(Окуучулардын бири доскага чакырылып, «Ынтымак деген ырды көркөм окуйт)
Мугалим:

  • Ынтымагы бар эл кандай болот да, ынтымагы жок эл кандай болот?
  • Ынтымагы бар элдин,
    Дүркүрөп өсөт балдары – дейт акын. Бул саптарды ким кандай чечмелейт?
    -Ынтымагы бар элдин,
    Адил болот улугу,- деп акын ким жөнүндө сөз кылып жатат?
    деген сыяктуу суроолор берилип, окуучулардан жооптор алынат. Пикирлердин таймашын уюштурат.
    Бышыктооүчүн суроолор:
  1. Барпы качан каерде туулган?
  2. Балалык чагы кандай өткөн?
  3. Барпынын башка акындардан айырмасы барбы, болсо кандай?
  4. Барпы Токтогул менен эмне үчүн жолугушууга барган?
  5. Алгачкы ырлары кайсылр?
  6. Барпыны нускоочу акын дешет, эмнеликтен?
  7. Барпынын сөөгү кайда коюлган?
  8. Барпынын кандай чыгармаларын окугансың?
    Тапшырма:
    Акындын өмүрү , чыгармачылык жолун окуп келүү.Бир обондуу ырын жатка айтып, же ырдап берүү. «Айт,айт, десе» «Ынтымак» деген ырын окуп, маанисин түшүндүрүп берүү. Кыргыз Адабияты 8- класс 2- сабак. Тема: Барпынын «Күн», «Шамал» «Дүнүйө» атту философиялык ырлары.
    Максат: А) «Күн», «Шамал», Дүнүйө» аттуу ырларынын идеалык-философиялык мазмунун окуучуларга түшүндүрүү.
    Б) Окуучулардын философиялык дүйнө таануу жөндөмдүүлүгүн тереңдетүү.
    В) «Күн», «Шамал», Дүнүйө» аттуу ырлар аркылуу алардын адам
    турмушундагы ордун таануу менен жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо.
    Жабдылышы: Күндүн, шамалдын жүрүшүн,алардын жаратылышты өзгөртүүчү
    касиеттерин чагылдырган ар түрдүү сүрөттөр, жер шарынын картасы, ж.б
    сүрөттөр, альбомдор, Барпы Алыкуловдун жыйнактары.
    Сабактын усулу: Традициялык сабак.Айтып берүү менен түшүндүрүү.
    Сабактын тиби: Жаңы билим берүү сабагы
    Сабактын жүрүшү: А) уюштуруу.Көрсөтмө куралдарды жайгаштыруу, окуучулардын
    көңүлүн сабакка буруу, классты тартипке чакыруу.
    Б) үй тапшырманы суроо:
  9. Барпы качан каерде туулган?
  10. Обондуу ырларынан ким аткарып берет?
    3.»Айт, айт, десе деген ырдын мазмуну эмне жөнүндө?
  11. «Ынтымак» ырынын идеасы эмнеде?
  12. Ынтымак дегенди ким кандай түшүнөт?
  13. Акындын алгачкы ыры эмне деп аталат?
  14. Барпынын балалык кези жана өспүрүм кези кандай доорго туш келген?
    Үй тапшырманы бышыктоо:
    ( Мугалим окуучулардын жоопторуна, даярдыгын баа берип, кемчиликтерин олуктайт)
    Жаңы теманы түшүндүрүү:
    Мугалим :
  • Балдар, Барпы өмүрү басып өткөн жолу, оор тагдыры алгачкы чыгармалары өткөн сабакта кеңири токтолгонбуз. Акын башка акындардан, жаратылыш анын сырдуу кубулуштарына материалисттик көз карашта философиялык ой жүгүрткөн
    акын болгондугу менен айырмаланып турат. Ал билими болбогону менен өзүнүн сезими, дүнүйө таанымы менен жаратылышты адам турмушу менен байланыштуу карайт.
    Акын дүйнөнү тереңден көрө алган. Табияттын ар түрдүү кубулуштарын көкүрөгүндө калчап, туюп, сезип, кайра аны ырга айлантып айта алган улуу даанышман болгон.
    Акындын чыгармалар жыйнагы менен таанышсыңар.
    (Мугалим акындын китептерин, сын китептерин фото сүрөттөрүн көрсөтөт )
    Демек биз ошол философ акындын «Күн» деген ыры менен таанышалы.
    Угуп тургун калайык,
    Күн өмүрдүн азыгы.
    Күндү кошуп ырдаган
    Акын Барпы ашыгы деп
    акын Күнгө болгон сүйүүсүн ачыктап, андан ары ,
    Күндүн нуру белгилүү ,
    Күчтүү оттон жаралган,
    Күн кубаты бардыктан,
    Ааламга кан таралган ,- деп
    Күндүн нурунан жаралганын, анын күчтүү кубатынан адамдарга кан тарап, жашоо уланганын философиялык көз карашта ыр менен ааламды туюндуруп жататат.
    Же, Күндүн нуру болбосо,
    Дарак өсүп бүрдөнбөйт.
    Тоо жашарып, бүрдөнбөйт.
    Күндүн нуру болбосо,
    Чынар өсүп шактабайт,
    Дыйкандар буудай каптабайт, деп
    Күн бар үчүн жер жүзүндө жарыкчылык орноп, эл турмущ тиричилигин өткөрүп, өсүмдүктөр, жаныбарлар өз жашоосун улап жаткандыгын жогорку саптар аркылуу берип жатат.
    ( Мугалим жер шарынын картасын, глобусту пайдаланып, Күндүн түн менен алмашканын практика жүзүндө көрсөтөт. Геогрфиядан түшүнүгү бар окуучулар дароо эле түшүнүшөт.Күн жер шарындагы бардык жандуу- жансыз заттарына жашоо берип турган Күн экендигин аны Барпы кантип ыр мененкантип сыпаттап жатканын түшүндүрүп берет)
    Бизге эң жакын жайгашкан жылдыз болуп санлган Күн убакыт аралыгы боюнча эсептегенде дегеле түбөлүк экенин ачык-айкын айтып келип,автор мындай дейт.
    Нур канатың талыкпай,
    Сапар тартып жүрөсүң.
    Миң-миңдеген кылымга
    Айта кетсек чынында,
    Жалгыз өзүң күбөсүң.
    Замандар өттү сен калдың,
    Адамдар өттү сен калдың.
    Өлбөстүккө ашкере
    Түркүксүңбү сен өзүң?
    Барпынын бул ойлору ислам дининде кеңири орун алган теологиялык көз караштарга түп тамырынан бери каршы чыгат. Материалист акын андан ары өз оюн дагы тагыраак,тереңирээк айтат.
  • Балдар, эми акындын «Шамал» деген ырын көрктүү окууга аракет
    кылалы, деп бир – эки окуучуга ырдын тексттин көрктүү окуттурат).
  • Барпынын эң күчтүү ырларынын бири «Шамал». Барпы «!Күн»,»Аккан суу»жөнүндө кандай шыктанып ырдаса, «аягы жок,башы жок « Шамал жөнүндө да дал ошондой бийиктик менен келип,терең ишеним, обологон эргүү менен жар салат, – дейт адабиятчы К.Даутов. Чындыгында чыгарманы окуп жатып туурдукту жулкулдатып жатканын кадимкидей көрүүгө болот.
    ( Мугалим даярдап койгон сүрөттөрдү көрсөтөт… Сүрөттөрдө уйгу-туйгу шамал , бороон-чапкында боз үйдү көздөй келе жаткан жаш бала. Жаш бала шамалдан жакаларын кымтыланып, коргонуп, чыканагын өйдө көтөрүп, шамалга каршы келе жаткан болот. Боз үйдүн түндүгүн бороон-чапкылап,туурдугун салпылдатып жатканы чагылдырылган.Уюлгуган түтүн бир үзүлүп, бир күчөп, шамалдын айдоосунда калганын окуучу даана көрөт)
    Борондуу күнү ышкырат,
    Болжолу жок иш кылат.
    Жаандуу күнү шуулдайт,
    Дарчаны бузуп куюндайт.
    Тумандуу күнү түн курат,
    Туурдукту үзүп булкунат.
    Анткени, ыр ушунчалык, ишенимдүү , туюндуруу менен ырдалат. Ырда тирүү сүрөт тартылган сыңары кол менен кармалап, көрсөң да болот. Картина да , кыймыл да живопис да, дабыш да, музыка да , көркөм сөз да. Бул – таланттын керемети.
    . Барпы «Шамал» деген ырында шамалдын кайдан чыккандыгыжөнүндө кыял жүгүртүп:
    Жандуу, жансыз энеси,
    Жерден чыгып жүрбөсүн?-дейт
    Барпы ачык майтпаса да шамалды Жердин «баласы» катарында карайт. Андан ары:
    Кылыч менен чапса да,
    Мылтык менен атса да,
    Бөлүнбөйсүң, шамал сен,
    Дүрбү менен көрсө да,
    Мерген болуп өңсө да,
    Көрүнбөйсүң, шамал сен,-деп анын касиеттерин санап өтөт.
    Ал шамалдын «оомал-төкмөл « нерсе экенин айтат. Барпы шамалды элге, жан жаныбарларга келтирген пайда-зыянына карай баалайт
    Кышында жүргөн шамалды
    Жокчулук десе эп болот.
    Күзүндө жүргөн шамалы,
    Токчулук десе эп болот.
    Жазында жүргөн шамалдын,
    Ачы менен тогу бар.
    Жайында жүргөн шамалдын
    Жан сергитер оңу бар.
    Ырда айтылгандай Барпы өзүнүн көз карашы жагынан стихиялык материалист болгон.Бул ыры менен караңгы, билимсиз адамдардын наадандыкка , караңгылыкка каршы сезимин ойготуп,көзүн ачат.
    Ал эми «Дүнүйө» аттуу ыры болсо акындар поэзиясында , оозеки поэзияда көбүрөөк учураган « Жокчулук» деген тема менен ырдалып жүргөн ырларга үндөш
    «Дүнүйө» деген ыр Токтогулда да бар экенин билебиз. Бул эки акындын ырларынын түрү жана маани жагынан окшош жактары да, айырмачылытары да бар. Барпы Токтогул сыяктуу эле дүнүйөнүн алды кубаныч, арты өкүнүч деген мааниде ырдап, бир бөлүгүндө:
    Бир адамды ыйлатып,
    Буркураттың дүнүйө.
    Жокко барды жалынтып,
    Пул сураттың дүнүйө,-деп
    замандын адилетсиздигин, элдин эзилгендигин айтуу менен, чыгармасына социалдык мазмун киргизет.Дүнүйө анын чыгышы жөнүндөгү маселе байыртадан бери адамдарды ойлонтуп келген.Бирөөлөр аны кандайдыр бир сырткы күч б.а.кудай жаратты деп түшүндүрсө, экинчи бирөөлөр анын жаралышын материянын өзүнөн издешкен. Дүнүйөнүн башталышы от, суу ж.б. деген болжолдор атам заманда эле айтылган. Барпы да бул дүнүйө жөнүндө ой жүргүзүп, ал эмнеден жаралган, ага күч кубат берген эмне деген суроого жооп издеп,дүйнөдөгү турмуштун булагы Күн деген жыйынтыкка келет:
    Акын бул дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок, бардыгы келет, кетет, түбөлүктүү нерсе жалгыз гана Күн дейт.
    Миң-миңдеген кылымга,
    Айта келсек чынында,
    Жалгыз өзүң күбөсүң.
    Замандар өттү сен калдың,
    Адамдар өттү сен калдың
    Мындай ырдын жаратылышына ошол кездеги жокчулук, теңсиз заман ачык-айкын күбө.
    Мисалы Бирдин акын бирөөгө,
    Талаштырдың дүнүйө,
    Сени ээрчиген неченди,
    Адаштырдың дүнүйө,
    Калтыратып кедейди,
    Карып кылдың дүнүйө,-
    деген ыр саптарында акын өзү жашап өткөн заманынын капшаптуу каарын ырдап жаткандай туябыз. Дүнүйөнүн келерин көлдүн мелтиреп толгонуна салыштырса, дүнүйөнүн кетерин көзүдү чукуп койгоно салыштырат да, дүнүйө кетеринде чырагы өчүп, сынганга салыштырып оюн жыйынтыктайт. Дүнүйө темасына башка эл акындары да кайрылган. Барпы алардан айырмаланып дүнүйөгө болгон көз карашын кыска да , нуска да бюергендигинде.
    Бышыктоо үчүн суроолор.
  1. Күндү от менен салыштыруу менен Барпы эмнени айтат?
    2.Шамал кайдан пайда болгон?
    3.Шамалдын кандай касиеттерин билесиңер?
  2. Жер эненин балдары деп ким айткан?
  3. «Дүнүйө» деген ыры Токтогулдун «Дүнүйө» деген ырынан кандай айырмачылыктары бар?
  4. Барпыны эмне үчүн философ акын дейбиз?
    Тапшырма: « Шамал» деген ырды жаттап, Барпынын обонуна салып ырдап үйрөнүү.
    Баалоо: Окуучулардын ой жүгүртүүлөрүнө, берген жоопторуна карата коментариялап
    баалап, күндөлүктөрүнө коюп берүү.
    Түзгөн: Суворова Миңай.

Кыргыз адабият 8- класс( 4- чейрек.)
3 – сабак
Тема: «Кулмырза менен Аксаткын»
Максат: А)«Кулмурза менен Ак Саткын» дастанынын башка
акындардын варианттарынан айымачылыгы жана көркөм поэтикалык
өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү.
Б) Бул дастандын адабияттагы ордун сынчылардын пикирин талдоо менен түшүндүрүү
В) Окуучуларга чыныгы ашыктык эмне экенин таанытуу, өмүрдө бмр гана жолу сүйүү, бир гана жолу сүйүлүүнүн болорун көрсөтүү.
Жабдуу: « Кулмурза менен Ак Саткын» дастанынын негизинде карандаш
менен тартылган бир нече сүрөттөрдүн эскиздери. Барпынын томдугу, Тоголок Молдо, А.Осмоновдордун сүрөттөрү, шартка ылайык элдик варианты, болгон китептери. Дастандын комуз менен аткарылган аудио тасмасы.

Сабактын уюштуруу: Классты сабакка даярдоо, керектүү көрсөтмө куралдары,
аудио аппараттарды уктурууга даярдоо.
Тапшырманы суроо:
1.«Күн», «Шамал» «Дүнүйө» кимдин чыгармасы?
2.Жамгырды , сууну жараткан,
Чыккан Күндүн жарыгы,- деген саптарды чечмелеп беогиле?
3.«Шамал» деген ырды хор менен ырдап бергиле?

  1. Шамалдын аягы жок, башы жок, колу, буту жок болгону кандай?
    5.Шамалды кол менен кармоого болобу?
    6 Башка акындар «Шамал», «Күн»,»От» жөнүндө ырдашканбы?
    Тапшырманы корутундулоо.

Жаңы теманы түшүндүрүү: «Кулмурза менен Ак Саткын» дастаны.
Мугалим:
Балдар, оболу дастан деген сөздүн маани- маңызына назар салалы.Силер дастанчылардын аткаруусундагы айрым дастандарды угуп жүргөн болушуңар мүмкүн.
Дастан – Жакынкы жана Орто Чыгыш, ошондой эле Түштүк Чыгыш Азиядагы элдердин оозеки, жазма адабиятында кеңири тараган эпикалык жанр. Көбүнчө жомоктук, уламыштык сюжеттен курулат да, ыр менен арасында жорго сөз кошулуп, аспаптардын коштоосунда, айрым учурда эч кандай аспаптын коштоосусуз аткакрылат. Фарсы жана түрк тилдеринин классикалык адабиятында айрым романтикалык поэмалар ( Низаминин «Хосров менен Ширин», «Лайли менен Мажнун» дастандары), Мухаммед пайгамбар жана анын жан-жөкөрлөрү тууралуу чыгармалар да дастан деп аталган.
Кыргыз элинде «дастан» деген термин өтө кеңири мааниде колдонулат, биринчиден элдик эпосторду, анын ичинде «Манасты» кенже эпосторду да , чакан поэмаларды да түшүндүрөт
«Кулмурза менен Ак Саткын» дастанына Барпы апыз гана эмес, башка акындар да кайрылышкан. Эл оозунда айтылып келген варианты-204 сап ыр, Тоголок Молдонун вариатында 288 сап ыр, А.Осмоновдун варианты боюнча 168 сап ыр менен белгилүү .
Ал эми биз окуп жаткан Барпынын вариантында 432 сап ыр менен берилген. Барпынын «Кулмурза менен Ак Саткыны» калган үч варианттан көлөм жагынан канчалык ашып турса, көркөмдүк жагынан да төрт тарабы төп келип, бүткөн оршон чыгарма катары алдыга бөлүнүп чыгат.
Бул дастан-пэманын сюжети абдан чакан, көп эле болсо, кыска-кыска кайрылган төрт-беш сүйлөмгө араң толот.Сюжетте татаалдык жок. Ошого жараша жөп-жөнөкөй жана түшүнүктүү. А бирок, ага шыкалган сырдуу дүйнө карекке баткан чоң ааламдай: терең да, кенен да, бийик да, кайталангыс бөтөнчөлүккө ээ. Ырасында бул дастан да түпкүрдөн вулкандай атылып, ээ-жаа бербей ташкындаган обологон эргүү менен бир ырдалып калган керемет чыгарма.
«Поэма Барпынын вариантында, окуя кыргыз фольклору менен акындар поэзиясында өтө сейрек кездешүүчү ыкма менен биринчи жактан таттуу махабат , ачуу трагедиянын себепчиси Ак Саткын перинин атынан баяндалат. Дастан ыр түзүлүш формасынан (он муун, бейт уйкаш) тартып, калган көркөм каражаттарына чейин өзүнчө лексикалык мааниге ээ.
Бейт ( ар. үй деген сөздөн ) -туташ уйкашкан эки саптан турган ыр түрмөгү. Ал Чыгыш элдеринин поэзиясына мүнөздүү болгон. Низами, Навоинин поэмалары ушул бейт формасында жазылган. . Газал касыйда адатта туташ уйкашкан эки саптан б.а. бейттен турат Кыргыз оозеки жана жазма адабиятында да, бейт көп эле кездешет. А.Осмонов « Мырзауул» «Карагул ботом» поэмалары бейт формасында жазылган)
«Бармак менен баскандай, сөөмөй менен сайгандай» предметтүү, сүрөттүү таамай, тим эле жандуу кинолента», – дейт сынчы К. Даутов.
Экөөбүз экөө болгону, досум,
Экөөбүз атка когнгону, досум.
Бой жеткен кезим буралып, досум,
Боз жигит элең сыланып, домум
Айылга келсең ар качан, досум,
Айбыгып жүргөм уялып, досум.
Ырдаган доошуң укчумун, досум,
Ыргалып үйдөн чыкчумун, досум.

же болбосо, Ак Саткындын көчү баратканда эки жаштын учурашып, шылтоо менен Кулмурза келип, Ак Саткынга жардам берип жүгүн жүктөшүп, бири-бирин кыя албай турган жерин акын укмуштуудай чебердик менен көркөм сүрөттөйт:

Жүктөшүп жатып жүгүмдү, досум,
Жүзүмө жүзүң тигилди, досум.
Төөлөрдү тартып мен кеттим, досум,
Дөбөдөн ашып сен кеттиң, досум.
Ак өргө тиктик Белеске, досум,
Алагды болдум элеске, досум. (элес- сенин элесиңе деген мааниде)

Камчыңды алып сен турдуң, досум,
Калпагың алып мен турдум, досум.
Аркамда чачым тизилип, досум,
Алдыңда турдум сүзүлүп, досум.
Карызың барбы Саткында, досум,
Карайсың мынча үзүлүп досум. (үзүлүп- кайра- кайра, мынча карайсың,- деген мааниде)
Мугалим :
( -Азыр акын, ырчы, аткаруучу А.Айталиевдин аткаруусундагы дастанды чогуу угалы, – деп дисктен «Кулмурза менен Ак Саткын» дастанын окуучуларга уктукрат)
Ошентип, эки жаш бири- бирине ашык болуп калышат. Бирок, Ак Саткынды салт боюнча калың берип, кудалап койгон жери болот. Демек, башы бош эмес болгон. Ак Саткын аруу сезимин, бакытын когоп калгысы келет.Ал арзуу бактысын колдон чыгаргысы келген жок. Ашык болгон жигити Кулмурзанын колун кармамак болот.
Кулмурза Ак Саткын менен жолугушканын туюп калган агалары, Кулмурзаны өлтүрүп, күл дөбөгө көмүп салат. Кулмурзанын атасы,баш болгон бир топ жигиттер атчан баланы сурамжылап келишет. Бирок аны эч ким айтпай коёт. Айтайын десе, атасы кун төлөйт, айтпайын десе, сүйгөн жигити күл дөбөдө жатат. Ошондо Ак Саткын бир чечимге келип куугунчуларга Кулмурзанын кайда жатканын айтып берип, өзүнө-өзү шамшар урат.
Алманын гүлү күбүлсүн, досум,
Адамдар бизден түңүлсүн, досум.
Кун берген атам куурасын, досум,
Кун алган атаң жыргасын, досум.
Кулмурза өлүп куп болду, досум,
Ак Саткын экөө жуп болду досум.

«Барпынын бул дастанын ойлонбой туруп эле Чыгыштын улуу классиктери калтырган «Жусуп менен Зулака», «Лайли менен Мажнун» өңдүү нукура шедеврлердин катарына койсо болот». ( К.Даутов)
( шедевр—искуствонун , адабияттын эң бийик ийгилиги болуп саналган, өтө жогорку деңгээлге жеткире иштелген көрүнүктүү чыгарма. Мисалы: Л.Н.Толстойдун «Согуш жана тынчтык» Ш.Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмалары адабияттагы шедеврлерге кирет)
Чыныгы ашыктык эмне экенин таанытуу, өмүрдө бир гана жолу сүйүү, болорун көрсөтүү, бир келген улуу махабатты улуу урмат менен тосуп, ардактай билүүнүн үлгүсүн даңазалоо, андай ыйык сүйүүдөн ажыроо – бардык өмүр күнүн аяктоо дегенди айтуу, эки тараптан тең жанган махабаттын түбөлүк кошулушуна каргаша чыккан кара күчтөрдүү наалаттоо…Дастандагы негизги финалдык маселе, таптык коомдогу адамдын кызыкчылык идеалы менен жарык менен караңгыдай, эч качан жанашпаган карама-каршылык маселеси. Баарына адамды малга алмаштыруудан баштап, трагедиялык финалга чейин ушул ичкертен келишпеген кыйынчылык себепчи.
Жыйынтыктап айтканда Барпынын көркөм салттардын жаңы синтезин берген кайталангыс өзүмдүк белгилерге бай, аша колориттүү жаралган махабат лирикасы менен акындар поэзиясында өзүнчө бир доорду түзөт. Ашык жарлардын улуу сүйүүсүн улуу күч менен көкөлөтүп айтып чыккан гуманист акындын чыгармалары жалпы эл тарабынан кабыл алынган классика болуп эсептелет. Алар махабаттын өзүндөй узун өмүр сүрүү тагдырына эгедер болуп эсептелет.
Өтүлгөн теманы бышыктоо үчүн суроолор:
1.Бул дастандын кандай варианттары бар?

  1. Дастандын темасы, идеясы кандай?
  2. Эмне үчүн К.Даутов дастанды шедевр деп атаган?
  3. Сүйүүсүнө жетпей калса жанды кыйюу туурабы?
    5.Дастан канча муун менен жазылган?
  4. Бейт дегенге ким кандай түшүнөт?
  5. Шедевр деген баалоо кандай чыгармаларга таандык?
    Тапшырма: «Кулмурза менен Ак Саткынды» окуп, стилдик түзүлүшү боюнча
    башка чыгармалардан айырмасын айтып берүү. Сүйүү өлүмдөн да артыкпы?- деген суроого даярданып келүү.
    Баалоо: Окуучулардын жоопторунун далилдүүлүгүн коментарийлеп баалоо. Кыргыз адабият. 8-класс 4- чейрек 4- сбак Тема: Барпынын сүйүү лирикалары «Мөлмөлүм», «Мырзайым «Буракжан»,
    «Гөзал кыз»
    Максат: А)Акындын «Мөлмөлүм» «Мырзайым» «Буракжан» «Гөзал кыз»
    ырларындагы аялзатынын сулуулугунун, назиктигинин көркөм сүрөттөлүшү боюнча окуучуларга түшүнүк берүү.
    Б) Окуучулардын сөз байлыгын, ойлоо жөндөмдүүлүгүг, эстетикалык сезимин өстүрүү.
    В) Окуучуларды сылыктыкка, эстетикалык татымга , ак ниеттүлүккө адамгерчиликке тарбиялоо.
    Жабдылышы: Окуу китептери, «Кыргыз адабияты» , «Көркөм сөз өнөрү»,
    «Барпы изилдөөлөр,эскерүүлөр арноолор» деген китептер.
    Барпынын обондуу ырлары жаздырылган дисктер, альбомдор, фото сүрөттөр.
    Сабактын усулу: « Аралаш сабак»
    Сабактын тиби: Традициялык сабак. Айтып берип түшүндүрүү.
    Сабактын жүрүшү: А) уюштуруу. Көрсөтмө куралдарды жайгаштыруу,
    аудио-видио аппараттарды иштетүүгө даярдоо.Чакырылган конокторду тактоо, даярдоо.
    Үй тапшырманы суроо:
    1.»Кулмурза менен Ак саткын» дастанынын кыскача мазмунун ким
    айтып берет?
    2.Чыгармадагы окуя кайсы доорго таандык?
  6. Дастандын ыр түзүлүшүндөгү өзгөчөлүк эмнеде?
  7. Сүйүү өлүмдөн да артыкпы? деген теманын айланасында ой жүгүртүп келүү тапшырмасы берилген, ким кандай ойдо калды?
    ( деген суроонун айланасында бир эки окуучунун пикирин угуу, кыскача талдоо, көз караштардын кагылышын, биргелигин талдоо)
    Бышыктоо: Окуучулардын жоопторун угуп, тапшырмага даярданып келүүдө ким кандай даярданганына токтолуу, кемчиликтерди түшүндүрүү өтүлгөн сабакка мугалимдик тыянак чыгаруу.
    Жаңы теманы түшүндүрүү.
    Мугалим: -Барпыны Барпы кылып турган үч чоң нерсе бар. Бири –жаратылыш
    жөнүндөгү философиялык ырлары, экинчиси- адам тууралуу ой жүгүртүүсү, үчүнчүсү – ашыктык лирикалары. Акындын арзуу лирикасына « Ак Дилбар», «Тартип», «Карай көз», «Гөзал кыз», « Дилбарым» Мырзайым», «Буракжан», Лөлүкан», «Мөлмөлүм»,
    « Арзыкан», «Ак жылдыз», «Гүл кыздар» «Коноюн», «Алтын» ж.б. ырлары кирет. Чындыгында махабат лирикасы сан жагынан да, сапат жагынан да өзгөчө орундарды ээлейт. Акын өзү да бекеринен:
    «Сүйүүнү ыйык көрөмүн,
    Сүйүүдөн курчуйт өнөрүм», – деп бекеринен айтпаган чыгар.
    Барпы сүйүүнүн гана теңдешсиз ырчысы эмес, ченде жок сүрөткер экендигин далилдөө максатында «Мөлмөлүм» деген ырды Кыргыз Республикасынын ак таңдай акыны Токтосун Тыныбековдун аткаруусунда угузабыз.
    ( Дисктен ыр уктурулат ,окуучулар кунт коюп угушат)
    Мугалим: – Айтса айтпаса төгүнбү, Мөлмөлдүн «кадам коюп, секин баскан бутунан» асмандаган искусство жараткан ырчыны Барпыга чейин кыргыз чөйрөсүнөн ким учуратыптыр. Буга окшогон акак саптар Чыгыштын улуу классиктеринен гана табылышы мүмкүн. Кыздын кыял жоругу, баскан-турганы , майдан тал кырчынындай муңайым ийилиши, Маргаландын жибегиндей маңдай чачы, кызыл гүл ачылгандай эки илеби бир караса, жүрөккө от чачылгандай көзү, сүйкүмдөлүп ырга салынат. Мөлмөлдүн асылзаадалыгы, бой-келбети, менен өң –түсүнүн белгилери өзүнчө көркөм, жандуу берилген сыяктуу. Барпынын дагы бир өзгөчөлүгү сүйүү лирикаларындагы саптар экинчи бир чыгармасында кайталанбайт. Ар бир теманы өзүнө таандык түрдүү боёктор менен көркөм сүрөттөлөт.
    Акындын дал ушуга окшогон «Мырзайым» деген ыры бар. Балким, бул чыгарманы угуп жүргөн чыгарсыңар.
    Окуучулар:- Ооба угуп жүрөбүз.
    Мугалим : Кана, кимиңер айтып бересиңер?. «Мырзайым» деген ырга ким
    обон чыгарган?
    Окуучулар: -Мен….-Мен…, Мен!
    Мугалим: ( Бир окуучуну ордунан тургузуп, айтып берүүсүн өтүнөт)
    Окуучу: «Мырзайым деген ырга, аткаруучу, обончу, дастанчы, Кыргыз
    Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жолболду Алыбаев обон чыгарган
    Мугалим: Эң туура, азаматсың!
    ( Балким силер да аткара билет болушуңар мүмкүн , ким үзүндү аткарып берет?,– деп окуучуларга кайрылат., окуучулардан каалоочулар болсо, аны угушат)
  • Мырзайым аттуу ашыктык ырында бир туруп сулуу кыз жети кар баскан түлкүдөй чубала басса, бир туруп, жети алыштын боюнан суу алып, келаткан кыз менен алмашат. Балдар, эмесе биздин сабагыбызга чакырылган дастанчы, Барпычы, Кочкорбаев Чырмаш агайыбыздын аткаруусундагы «Мырзайым» аттуу чыгарманы угалы.
    (О куучулар дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышат. Кочк5орбаев Ч. агай ырды Барпынын стилинде ак жаандай себелеп төгүп кирет. Ыр аткарылып бүткөндөн кийин дагы дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолот. Оуучулардын суранычы менен дстанчы «Буракжан» деген Барпынын ырын аткарып берет . Окуучулардын атынан дастанчыга ыраазылык билдирилет. Убакыттын мүмкүнчүлүнүө жараша суроо- жооп уюштурса да болот Ал мугалимдин ыктыярына берилет)

Мугалим : -Анда эмесе,акындын дагы бир ашыктык ыры «Гөзал кыз» деген
ырына көңүлүңөрдү бурам. Бул ыр азыр да кыргыз радиосунан, телевидениесинен белгилүү төкмө акын Замир Үсөнбаевдин аткаруусунда дайыма берилип жүргөнүн жакшы билесиңер.Анда «Гөзал кыз» чыгармасын З. Үсөнбаевдин аткаруусунда угуп көрөлү,- деп дисктен ыр уктурулат. Ыр угулуп бүткөндөн кийин ал ырга талдоо жүргүзүү үчүн текст көркөм окуп берилет
Көзүм сүйсө – миң сулуу,
Көңүл сүйдү бир сулуу.
Көңүл сүйгөн – сен болдуң,
Көрүнөө ашык мен болдум.
Белегим – кызыл гүлүм бар,
Бериш үчүн болдум зар.
Тартуум – кызыл гүлүм бар,
Тапшырыш үчүн болдум зар, деп турмуштук жагдайда болуп эле келген окуяларды, б. а. ашыгына жигиттин паитин таап гүл бере албай зар какшаганын жөнөкөй тил менен образдуу берип жаткандыгын даанышмандык менен көркөм даражага жеткирген Чыгыш поэзиясынын үлгүсү жатат. Барпы мына ушундай сүрөткер катары башка акындардан айырмаланып турган, махабат ырларынын бийиктигин жараткан кайталангыс талант экендигин ар бирибиз тааный бңлүүбүз керек.
Бышыктоо: 1. Мөлмөлүм деген ырдагы салыштырууга токтолгула.
2.Көзүм сүйсө -миң сулуу,
Көзүм сүйдү – бир сулуу ,деген ыр саптарына кандай түшүнөсүң?

  1. «Мырзайым» деген ырда аял затына таандык кандай сапаттар сүрөттөлгөн?
  2. Барпы – Нускоочу акын дегенди чечмелеп бергиле?
  3. Дагы кимдер нускоочу акындарга кирет? ж.б.
    Тапшырма: Барпы боюнча тест түзүп келүү
    Баалоо: Окуучулардын билимин комментариялап баалоо.
    Түзгөн: Акматова Гүлмира Барпы акын – доор жарчысы
    ( Дилбаян)
    План:
  4. Барпынын өмүр жолу.
  5. Барпы – акындыкка кир жугузбаган акын.
  6. Барпынын лирикаларындагы өзгөчөлүк
  7. Барпы – доор жарчысы
    Барпы Алыкулов 1884- жылы Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Ачы кыштагында туулган. Атасы Алыкул жакырчылыкта жашаган киши болгон. Тогуз баланы бага албай , эки баласын – Болот менен Барпыны байларга малайлыкка берген. Ошентип Барпы сегиз жашында эле оор турмуштун айынан ар кимге малай болуп, колдон колго өтүп жокчулуктун азабын тартат. Бакканы мал, алганы отун, жаканы от, укканы заар тил, жаткан жери саманкана. Булар аз келгенсип он бир жашында көз оорулуу болуп, бир көзүнө ак түшөт. Барпынын балалыгы да, жаштыгы да, деги койчу, бүт өмүрү трагедия. Турмуштун оор запкысын тарткан менен сынбаган акын.
    Ал жашоо үчүн күрөштө өзүнүн ырларын курал катары пайдаланган патриот акын болгон.
    «Ак күмүштөн сом албайм,
    Ак кымкаптан тон албайм.
    Ар кимди барып бир ырдап,
    Ары жок ырчы боло албайм»,- деп ырдаган төкмө нускоочу, философ акын Барпы өзүнүн акындыкка болгон мамлесин , көз карашын, ачык –айкын айтып салган.
    Окуя мындайча болгон. Оң сол чогулган бир ашта Нышан ырчы байларды бийлерди, болуштарды мактап ырдап болуп , акырында Барпыга кайрылып: «Жакшыларды эл алдында мактап ырдап, кымкап тон, күмүш сом ал» – дейт. Ага Барпы жогорку ырды жооп кылып ырдайт. Ошондо төбөлдөргө жагынып ырдап турган Нышан ырчынын шагы сына түшүп: « итке алтындын баркы жок деген ушул»- деп бор-борс күлүп койгон экен.Барпы акындык наамды кир жугузбай таза сактоо үчүн өзү катарлуу ырчыларды доордун жарчысы катары алдыңкы катарда болууга чакырган. Өзү да өмүрүнүн акырына чейин ушул жолдон тайбаган акын. Барпы келечектен үмүт үзбөгөн, келечекте сөзсүз заман оңолоруна ишенген. Ошондуктан калың букараны келечекке үндөп:
    Тобурчак атка жал бүтөр,
    Томаяк эрге мал бүтөр.
    Тозоктуу оор күн кетер
    Теңдик бир күн жарк этер» -деп
    кедей-кембагалдарды үмүт менен жашоого чакырган . Келечекке карай алга үндөгөн акын.Барпынын көксөгөнү жаңы заман эле. Совет бийлиги орноп, Барпы сыяктуу жокчулуктун запкысын тарткан кедей – кембагалдардын колуна бийлик өтөт. Кечээ эле «Теңдик бир күн жарк этер» деп зар какшап ырдаган акындын тилеги орундалып, теңдик заман орнойт. Барпы ошол күндөн баштап сельсоветте союз кошчу кызматында эмгектенет.
    Октябрь революциясы кедей-кембагалдарды кулчулуктан бошотту. Барпы сыяктуу акындардын үнү бийик чыга баштады.
    Башка акындардан айырмаланып, Барпы сүйүү темасын өзгөчө дух, өзгөчө сезим өзгөчө эмоция менен эч кынтыксыз ырдаган акын Анын ашыктык ырлары түзүлүшү, жагынан болсун, биринен экинчиси айырмаланып турат. Биринде айтылган ой башкаларында кайталанбайт. Мисалы «Гүл кыздар» деген ырын алып көрөлү. «Эжелүү сиңди –эки кыздын» сүрөтү көз алдыңа даана тартылат. Эки гүлдүн ашыгы болгон лирикалык ккаарман үчүн экөө тең- бирдей.. Ошондуктан экөөн тең күүгө салып отурат:
    Бириң- кыздын нурлуусу,
    Бириң- кыздын сулуусу.
    Бириң – алма бактагы,
    Бириң – жүзүм шактагы»
    «Алтын», «Коноюн», «Мөлмөлүм» «Арзыкан», «Мырзайым», «Буракжан» деген ырлары өзүнүн оргиниялдуулугу , жогорку көркөмдүүлүгү, менен окурмандарга сүйкүмдүү. Айрыкча «Мөлмөлүм» деген деген ырында поэтикалык күч, табылга ар бир кишинин көңүлүн өзүнө жипсиз тартып алып, окурманды саптан сапка ээрчитип отурат.
    Ошондуктан кыргызга аттын кашкасындай таанымал акын Байдылда Сарногоев:
    «Кыргыздан чыккан Барпы ырчы,
    Кыйланы жеңген алп ырчы.
    Мөлмөлдү андай айта албайт»,
    Жыйылып келсе жалпы ырчы»-деп ырдын керемет күчүна баа берип кеткен.
    Чындыгында сүйүү ырларын Барпыдан артыгыраак ырдаган бир да акын чыга элек.
    Барпынын ырлары , кайсы гана мезгилге таандык болбосун, өзүнүн конкреттүүлүгү, жөнөкөйлүүлүгү, турмуш чындыгы менен эриш-аркак болуп тургандыгы менен баалуу. Анын үстүнө ырларынын сөздөрүн чебер устадай бири- бирине кынаптап коёт. Барпы залим байлардан, молдо, кожолордон, бүбү – бакшылардан алардын алдамчылыктарынан запкы жеген акын. Бапынын өткөн өмүрүнүн бир доору ошондой заманга туш келген. Ошондуктан башка эл акындарында атайын тема болуп ырдалбаган сопуларды, молдолорду ыр менен аёоосуз шылдыңдаган. «Эмчилер» деген ырында алардын элди алдоодон башка эч кандай ою жоктугун , алкын агыткан суктугун ашкерелейт:
    «Суф» дегени бүтпөстөн,
    Алаканың тиктейт.
    Алаканың кур болсо,
    Үйүмдөн чыгып кет дейт»
    Мына ,эмчилердин бүт касиети! Канчалык таамай, канчалык күчтүү айтылгандыгы түшүнүктүү болуп турбайбы.
    «Сук молдо» деген ырында молдонун кылык жоругун «өлүмтүк сактаган көркоолугун» ташка тамга баскандай көрсөтөт:
    «Көпчүлүктүн ичинде
    Жетпей өлөр бекенсиң,
    Алкымыңдан алганың
    Өтпөй өлөр бекенсиң» – деп бүтүрөт.
    Ал эми «Сопу» деген ырында дин өкүлдөрүнүн эки жүздүүлүгүн эл алдында ашкерелейт.
    «Сопусунуп элди алдап,
    «Калами шарф» окуйсуң.
    Селдеңе сүзүп бозо ичип,
    Эл жок жерде кокуйсуң».
    Мындан артык маскаралоо болобу. Элди эзип жегендердин өкүлдөрүнөн көрө мал пайдалуу, алардын элге зыяны жок деп тыянак чыгарат. Барпыны доор жарчысы дегенибиздин маани- маңызы. мына ушунда. Ал доордун жүгүн көтөрүп ырдаган доордун жарчысы болгон акын. Барпы таануу жумалыгы Мектептерде предметтик жумалыктарды өткөрүп туруунун мааниси абдан чоң.
    Алдыңкы мектептердин тажрыйбасына таянсак, жумалыктарды өткөрүү менен класстан тышкаркы иштерди жолго коюуга боло турганына ынанууга болот. Айрыкча программа боюнча материалдар оор болуп бөлүнгөн сабактар жетишерлик болбой калган учурлар болот. Мисалы Барпы апыздын чыгармаларын окутууга орто мектептин курсун бүткөнчө болгону 9 саат бөлүнгөн. Чынын айтканда Барпынын бир чыгармасын бир саатта толук талдап бүтүүгө мүмкүн эмес.
    Демек, өтүлгөн сабак мугалимдин айтып берүүсү менен чектелип, окуучулар менен талдоо жүргүзүүгө,тест иштөөгө жазуу жумуштарын аткарууга, жеке пикирлерин угууга, жаздырууга, обондуу ырларын угуп талдоого, дилбаян жазууга дегеле мүмкүн болбойт. Демек, мындай абалдан чыгуунун бирден бир жолу жумалыктарды өткөрүү болуп саналат.
    Бекитемин:———————-
    Директор:—–« »——-2015-ж Барпы таануу жумалыгынын иш –планы.

К№
Аткарылуучу иштин мазмуну
Мөөнөтү Ким жооптуу?
1
2
3

1
2

3

1.

2

3.

3

1.

  1. .

3

1

2.

  1. Барпы таануу жумалыгын ачуу
    Барпы- доор жарчысы. ( докл. Таштемиров Ө)
    Барпы жана Барпычылар. ( Төрөканов А.Кочкорбаев Ч)
    менен окуучулардын, мугалимдердин жолугушуусу

Барпы драмасынан сценка ( К.Борбугулов 1958-ж)
«Аалам астанасындагы өмүр» аттуу кыска метраждуу даректүү публицистикалык фильм тартылган. 1994-ж
Сценканы жана фильмди окуучулар менен талдоо.

«Барпынын философиялык көз карашы жана жаратылыш» ( докл)
Окуучулардын Барпынын обондуу ырларын аткаруу боюнча конкурсу.
Барпы боюнча жазылган дил баяндардын жыйынтыгын чыгаруу.

Барпы –айтыш өнөрүнүн устаты ( докл)
Окуучулардын аткаруусунда айрым айтыштарды аткаруу.
Сүрөт конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу.(Барпынын чыгармалары боюнча)

Барпы – лирик акын ( кыскача баян)
Барпынын обондуу ырлары боюнча чоң программадагы концерт( чакырылат : Ашымбаев А, Кочкорбаев Ч. Колдошов.Т.жана ата энелер)
Дем алыш учурунда Барпынын чыгармалары дисктен
уктурулат

« Барпы таануу» жумалыгынын өтүшү боюнча тегерек стол өткөрүү ( Бардык тилчилер, окуучулар уюмунун мүчөлөрү, админстрация катышат)
Жумалыкты жыйынтыктоо
Сыйлыктарды тапшыруу

12.11.15

13.11.15.

14.11.15

15.11.15.

16.11.15. Директор
Таштемиров.Ө
Салимбек у. А

10-кл. окуу-ы

Акматова Г
Авазов А

Суворова М
Кочкорбаев Ч

Комисиия

Эшенкулова
Тил кафедрасы
Тарбия завучу

Ташиева Г

Т.завуч

Музыкант

Завуч

Директор
Директор

                            Планды түзгөн:   Ташиева Гүлай.


             Барпы  таануу тести
  1. Барпы катышкан биринчи олимпиада кнчанчы жылы болгон?
    А) 1926-ж Б) 1936-ж В) 1946-ж Г) 1949-ж

2..Барпы каерде туулган?
А) Сузакта Б) Сузактын Ачысында. В) Жалал-Абадда В) Ноокатта.

3.Барпы Фрунзеге кайсы жылы чакырылган?
А) 1947-ж Б)1942- ж В) 1949-ж Г)1939-ж

  1. Барпы Фрунзеде кимдин үйүндө жашап турган?
    А) квартирада Б) ооруканада В)Осмонкулдукунда Г) Гүлсүндүн үйүндө

5.Барпынын чыгармаларын Фрунзеде биринчи ким жаза баштаган?
А) Гүлсүн Б) Курман Кыдырбаева. В) Т. Байзаков. Г) К.Даутов

6.Токтосун Тыныбеков Барпы менен качан учурашкан?
А) 1948- жылы Б) 1938- жылы В) 1947- жыл Г) 1936-жылы

  1. Барпы Озбекстандын каеринде жашаган?
    А)Коргон-Төбөдө, Б) Ворошилов районунда,
    В)Фрунзе совхозунда Г) Кыдырша айылында

8.Барпынын кызы Бурул мугалим болгонбу?
А) болгон эмес Б) башталгыч класстын мугалими
В) математик мугалим болгон Г) жогорку класстарда иштеген.

  1. Барпынын сөөгүн жуугандар кимдер?
    А) Ы.Шайбеков, А.Үсөнбаев, К. Орозов, С.Бекмуратов
    Б) Т.Байзаков, Сатыбалды Рустамрв,Осмонкул
    В) Т.Байзаков, Оөмонкул, Алымкул
    Г) Алымкул, Сатыбалды аке, Осмонкул

10.Барпынын сөөгү кимдин үйүнөн чыккан?
А) Орозовдун Б) Осмонкулдун,
В) Гүлсүндүн В)Түмөнбайдын

  1. Кыргыз сомунда Барпынын сүрөтү барбы?
    А) 5 сомдук тыйында Б) 3. сомдукта В) бар Г) жок
  2. Барпынын сөгү каерге коюлган?
    А) Сузакка Б) Ачыга В) Фрунзеде Г) Жалал-Абадда

13.Барпынын туулган жеринен ким деген төкмө чыккан?
А) Таирбек Б) Абдыкайым В) Абдибали Г Сапарбай

  1. «Теңдик бир күн жарк этер» деген ырдын автору ким?
    А) Түмөнбай Б) Барпы В) Таирбек Г) Алымкул
  2. Барпы канча жолу үйлөнгөн?
    А) 22 жолу Б) 20 жолу В) 16 жолу Г) 27 жолу.
  3. Барпыны Фрунзеге ким коштоп барган?
    А) Түмөнбай Б) Сатыбалды В) Асанбай Г) Өзү эле барган

17.Бапынын көзү өтөрдөгү аялынын аты.
А) Бактыгүл, Б) Сурмакан В) Аселайым Г) Жумагүл

  1. Барпы Токтогул менен кайсы жылдары учурашкан?
    А) 1913-жылы Б) 1914- жылы В)1915- жылы Г) 1916- жылы
  2. Барпынын чыгармалары кайсы класстарда окутулат?
    А) 10- класста Б) 5-8- класстарда В) 11- класста Г) 8-9 –класстарда
  3. Барпы атындагы кандай мамлекеттик сыйлыктар бар.
    А) Мамлекеттик сыйлык жок Б) Мамлекеттик сыйлык бар
    В) сыйлык бар, берилбеген Г) Келечекте белгиленет
  4. Барпы тууралуу драма жазылганбы?
    А) Жазылган , жарык көргөн эмес. Б) жазылган эмес
    В) Жазылып жатат Г) Алтынай Темирова драма жазган
  5. Барпынын терең философиялык ой- толгоолорун камтыган чыгармасы кайсы?
    А) «Мен көргөн күндөр» Б)«Партияга» В) «Сук молдо» Г) « Аккан суу»
  6. «Нур канатың талыкпай
    Сапар тартып жүрөсүң.
    Миң- миңдеген кылымга ,
    Айта келсек чынында,
    Жалгыз өзүң күбөсүң»,- бул ыр саптары Барпынын кайсы философиялык лирикасынан?
    А) «Шамал». Б) «Аккан суу» В) «Ай» Г) «Күн»

24.36 жашында эки көзү кароолонуп калган акын ким?
А) Жеңижок, Б) Алымкул В) Калык Г) Барпы.

25.Б.Алыкуловдун махабат темасындагы лирикалык ырын ата
А) «Айт,айт десе» Б) «Аялдын жаманы» В) «Сүйгөнүмө» Г) «Мөлмөлүм»

26.«Көрүнүп койчу бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп»Ырдын аты жана автору.
А) Токтогул «Алымкан» Б) Т.Молдо. «Аксаткын менен Сүйгөнбай»
В) Барпы. «Мөлмөлүм» Г) Калык «Күлүсүн»

27.«Мөлмөлүмдү» ким жараткан?
А) Жеңижок Б) Алымкул В) Токтогул Г) Барпы

28». Бириң – чынар, бири- бак
Бириң – булбул, бириң-шак.
Бириң- комуз, бириң- үн,
Бириң- аалам, бирң- күн». Ырдын автору жана аты
А) Барпы «Гүл кыздар» Б) Калык. «Күлүсүн»
В) Токтогул «Алымкан Г) Боогачы «Үкөй»

  1. «Эр Жолон» кимдин чыгармасы.
    А) А. Токомбаевдики Б) М. Токобаевдики.
    В) Барпыныкы Г) Темиркулдуку
  2. Ныязалы, Бекназар,
    Шапак турат алдыңда.
    Топ жыйында жолукса,
    Токтогул берчү саламды.
    Токтогулдан чоңсунбу?
    Тоотподуң агаңды Бул ырды ким, каерде ырдап жатат?
    А) Алымкул. Фрунзеде Б) Осмонкул. Ошто
    В) Барпы. Олимпиадада Г) Калык. Жайлоодо
  3. Барпы канча жашынан ырдай баштаган?
    А) 12 жашынан 13 жашынан В) 6 жашынан Г)8 жашынан

31.Барпы канча жашынан элге тааныла баштаган?
А) 16 жаштан Б) 12 жаштан В) 18 жаштан Г) 14 жаштан

32.Барпынын бир туугандары
А) Анармат, Барман Б) Болот, Барман В) бир тууганы жок В) Алермат,Болот.

33.Барпынын карындашынын аты
А) Алтынай,Разия Б) Карындашы жок В) Бурул Г) Умсунай

34.Нускоочу акындар кимдер?
А) Эшмамбет,Бекназар, Жеңижок Б) Токтогул, Барпы, Т.Молдо
В) Алымкул, Калык, Когоол В) Осмонкул, Ысмайыл, Токтоналы.

35.Барпынын кыздары, балдары
А) Умсун, Керез ,Бурул Б) Кумар, Кайнар . Сейилкан
В) Жийдегүл, Балтабай , Саткынай Г ) Жумакан , Жолдошбек, Айтбү

36Гөзал кимдин кызы?
А) Камал деген кыргыздын Б) Камил деген өзбектин кызы
В) Камал жеген курддун кызы Г) Кемал деген түрктүн кызы

37.Барпы Жазуучулар союзуна качан кабыл алынган?
А) 1949-жылы Б) 1947- жылы В) 1939- жылы 1936-жылы

38.Барпы «Беш-Мойнокко» качан көчүп келген?
А) 1930- жылдын акырында Б) 1929- жылдын башында
В) 1949- жылдын башында Г) 1945- жылдын орто ченинде

39 Барпынын канча сүрөтү сакталган?
А) 9 сүрөтү Б)11 сүрөтү В) 6 сүрөтү Г) 7 сүрөтү

  1. 1936-ж Барпы белгилүү төкмө жана Эшмат Темирбаев менен сүрөткө түшкөн. Ал төкмө ким болгон?
    А) Осмонкул Б) Калык Б) Алымкул Г) Ысмайыл
  2. Барпыны 1936- жылы үч жолу сүрөткө тарттырган адам ким?
    А) Токомбаев. Б) Затаев В) Фере Г) М.Борбугулов
  3. Барпы фонду качан түзүлгөн?
    А) 1994- жылы Б) 2004- жылы В) 2010- жылы Г)2014- ж

43.Бапыны Токтогулга алып барган адамды атагыла.
А) Таирбек, Б) Түмөнбай В Жеңижок Г) Далбай

  1. Токтогулга жолугууа кеңеш берген акын
    А) Жеңижок, Б) Нышан В) Бекназар Г) Коргоол
  2. Барпы Кетмен-Төбөгө барганда Токтогулга жолукканча кимдин үйүнө түнөгөн?
    А) Бекназар жетим Б) Нармат койчу В) Жолой, Г)Эшмамбет
  3. Барпыны жазма акын деп эсептөө керек,- деп ким айткан?
    А) Сыдыкбеков Б) Токомбаев В) Үмөталиев Т Г) Ж.Таштемиров
  4. Барпы качан дүйнө салган?
    А) 8- октябрь 1948- ж Б) 9-ноябрь 1947- ж В) 9-ноябрь 1949-ж Г) 9-ноябрь 50-ж
  5. Барпынын чыгармаларын жазып алуу сунушун ким көтөрүп чыккан
    А) Түмөнбай, Б) М. Багданова В) Г.Бакинова Г) Токомбаев

49.Багданова Барпыны издеп келип каерден тапкан?
А) Ачыдан Б)Темир жолдон В) Базардан Г) Түмөнбайдын үйүнөн

50.Барпыга Медина Богданова жолукканда ким келип калган?
А) Г.Бакинова. Б) Назарбай В) Түмөнбай Г) Таирбек

Тесттин туура жооптору
1-Б) 2-Б) 3- А) 4- Г) 5- Б) 6-А) 7- Г)
8-Б) 9- А) 10-В) 11-Г) 12- В) 13- Б) 14-Б)
15- Б) 16- В) 17- Г) 1 8- В) 19- Б) 20- А) 21- Г)
22- А) 23- А) 24- Г) 25- Г) 26- Б) 27-Г) 28- В)
29- В) 30- Г) 31- А) 32- Б) 33- А) 34- Б) 35-А)
36- В) 37- Б) 38- А) 39- А) 40- Б) 41- Б) 42- А
43- Г) 44- А) 45-А) 46-Б) 47- В) 48- Б) 49-В)
50-В)

                Мазмуну:

Пайдаланылган адабияттар:
1«Тандалмалуу ырлар». Фрунзе.1949-ж
2«Тилек» ырлар жыйнагы. Фрунзе.1951-ж
3«Тандалган чыгармалар». Фрунзе 1955-ж.
4«Мектеп жөнүндө ыр». Фрунзе 1957-ж.
5«Барпы». Чыгармалардын бир томдук жыйнагы. Фрунзе 1970-ж
6«Табият санаты».Ырлар. Фрунзе.1973-ж
7.«Мөлмөлүм».Фрунзе. 1974-ж.

  1. «Бала чак».Ырлар. Фрунзе 1984-ж
  2. «Тандалмалар» . Фрунзе.1964-ж.
  3. «Табият сымбаты». Ырлар. Фрунзе,1987-ж.
    11.Кыргыз адабияты 5- класс.
    12.Кыргыз адабияты 6- класс.
    13.Кыргыз адабияты 7- класс
    14Кыргыз адабияты 8- класс
    15.Адабият терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү 1994-ж
    16.Барпы. Изилдөөлөр, эскерүүлөр, арноолор 1994- ж

УДК 617
ББК 57. 21
А 26

Авазов Абдыманап

Барпынын чыгармаларын жалпы
билим берүүчү мектептерде
окутуу

(Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн усулдук колдонмо)

Башкы редактор: Таштемиров Ө
Корректор Суворова М
Тех.редактор: Бүркүтова В
Компьютердик жасалгалоочу: Газибаев К

Басууга берилди: 21.01 . 2015-ж
Басууга кол коюлду: 29.01.2015-ж
Нускасы: 100 даана
Баасы: Келишим баада.

УДК 617
ББК 57. 21
А 26

Жалал –абад шары. Токтогул көчөсү 20/3. Менчик басмаканада басылды

    2015-жыл
Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17