Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНДУК САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
ЖАЛАЛ-АБАД АЙМАКТЫК АВТОТРАНСПОРТ БАШКАРМАЛЫГЫ ЭСКЕРТЕТ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ (II)
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кулактандыруу
Жалал-Абад областтык автотранспорт башкармалыгы. ТҮЗӨТҮҮ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
НООКЕН РАЙОНУНУН САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына СЫНАК жарыялайт

КАРЕГИМДЕ МЕКЕН ЧЕГИ

КАРЕГИМДЕ МЕКЕН ЧЕГИ

 1,434 Бардыгы /

23-февраль  Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Жалал-Абаддан облусунун Ала-Бука районундагы N:36 Т. Мизираимова атындагы башталгыч мектебинде 2030-аскер бөлүгү, Көк-Серек чек ара заставасынын жоокерлери менен биргеликте айтайын иш-чара болуп өттү.

Мында мектептин окуучулары тарабынан концерттик программа даярдалып, катардагы жоокерлер да катышты. №36 Т. Мизираимова атындагы башталгыч мектебинин директору Астра Нажимидинова өткөн иш-чара боюнча төмөнкүдөй баяндап берди, “Негизинен биз бул күнгө көптөн бери даярдандык. Формаларды болсо ата-энелери өздөрү камсыздады. Ата Мекенди коргоо күнүнө карата биздин мектепте жылсайын эле чек арачыларды чакырып, өзгөчө өткөрүүгө аракет кылабыз. Бул жыл салыштырмалуу өзгөчө өттү. Анткени 22-февраль алар бизге конок болуп келсе, 23-февраль биз 4-класстын окуучулары менен биргеликте 2030-аскер бөлүгүнө экскурсияга барып, окуучулар өздөрү таанышып келди.

Менин күйөөм Мырзабаев Нурсултан өзү 15 жылдай чек арачы болуп эмгектенген. Азыркы учурда ардактуу эс алууга чыккан. Мен алардын түйшүгүн жоон терим менен сезип туям.

Ошондуктан жыл сайын бир келүүчү майрамда өзгөчө алардын көңүлүн алууга аракеттенебиз. 22-февраль мектеп окуучулары тарабынан атайын концерттик программа уюштурулуп, андан сырткары жоокерлер “Апама кат” аттуу рубрикада ата-энелерин канчалык сагынганын, алардын кадырын билип, жакшы көрүүлөрүн кат менен жеткирди десем болот.

1.Аскаралы уулуОрозбекЖалал -Абадобл.Ала – Бука району

2.Катардагы жоокер НуранбетуулуТаалай Баткен облусу

3.Катардагы жоокер Токтоматов Адилет Ош облусу Араван району

4.Катардагы жоокер Жолдошов Чыңгыз Ош облусу Өзгөн району

5. Катардагы жоокер Каттабеков Марат Баткен облусуЛейлек району

23-февраль болсо ата-энелер да жөн карап турбастан, энелик мээрими ойгонуп, армияда ак кызматын өтөп жаткан аскерлерге бар тапкандарын берүүгө аракет кылышты.  Ал жактан окуучулар өздөрүнүн ырларын, даярдашкан сүрөттөрүн, таланттарын көрсөтүштү. Барганда эле бизди сонун тосуп алышты. Балдарга ар бир кабинет менен тааныштырып, машыгуу учурун да көрсөтүп беришти.

Сапарыбыздын соңунда окуучулар аскерлер менен”Мекеним Кыргызстан” ырын хор ырдашты.

Уюштуруу иштерине жардам берген коллегаларыма чоңрахмат! Ар бир мугалим өздөрүнүн класстарын мыкты деңгээлде даярдашты.”

Даярдаган: Нурсултан кызы Венера

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17