Аймак

Рубрика – Окурмандардан келген каттар: КӨП КҮЧТӨН АЗ АКЫЛ АРТЫК

Рубрика – Окурмандардан келген каттар:  КӨП КҮЧТӨН АЗ АКЫЛ АРТЫК

 1,998 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарындагы физкабинеттин алакандай чакан бөлмөсүндө пейилиңердин кеңдигинен асмандай зор ийгиликтерди багындырып, көпчүлүктүн алкоосуна жетишкен силердей ак жолтой медиктер турганда адамгерчиликсиз, намыссыз жогорку билимдүү медиктериң таманыңардын астында калганы аянычтуу болду. Оорукананын реанимация, терапия, травматология, кабыл алуу бөлүмүнүн айрым чиренген таш боор мерез врачтары силердин стажировкаңардан өтүп үлгү алышса, «Тез жардам» менен барган бейтаптын соопторуна калып кудайды да кубантышмак. Болбосо чындык жок жерде шумдуктар көп болот экен.

Урматтуу Азим Сыдыкович! Сиз Жалал-Абад шаарындагы медиктердин аксакалы, профессионал жетекчиси катары оорукананын билимсиз врачтарына иш тажрыйбаңыздан кеп кеңешиңизди бөлүшүп турсаңыз, алардын да, элдин да сообуна калмаксыз. Өзүң жерге ийилбесең, жер сага созулбайт да. Арамзаны анын арамзалыгы сактай албайт, алардын колдоочусу шайтан. Жалган сөз- уудай болгондуктан тозокко алып кирет. Андыктан ашкере арамза, куу пенденин иштери арамга чыгат. Аларга кирүү да, чыгуу да денеңди муздатып турат. “Жамандын көпкөнү жаман, маңканын өпкөнү жаман” деп бекеринен айтылбаган. Жакшылыкты колдоо, жамандыкты оңдоо пенденин милдети, андыктан ачык айтып ак сүйлөө биздин парз. Кимде ким адилеттүүлүктү танса, аны Кудай да танат. Пенде канчалык адилеттүү болсо, ошончолук талаптуу болот, тескерисинче канчалык адилетсиз болсо, ошончолук аянычтуу болот. Ак ниет, чынчыл пенде кудайдан канчалык корксо, андан бардык адамдар ошончолук коркоору бышык. Чындык – таштай бекем нерсе, аны жей албаган сыяктуу жедире да албайсың. Аны жөнөкөйлөтүү же татаалдаштыруунун жолу пендеге берилбеген, ал кудайдын колундагы нерсе.

Шаардык физкабинеттин башчысы: Азим Садыков, массажист Шарипа Мамаева, медайым Роза Амракуловага, кудай буларды эл үчүн жараткандыгын иш жүзүндө далилдеп келишкендиктен Ала-Тоодой алкыш!

Мен мааратып мал, кулпунтуп кийит, шуудуратып акча бербейм. Булар көр дүйнө. Ак ниетим менен аппак сөзүмдү берем. Ак сөз – бейиштин төрүнө алып барат.

Урматтуу акжолтой медиктер! Силерди кудайым колдосун, пайгамбарым жолдосун, акылга толо баш, бакыбат өмүр жаш берсин. Жемишиңер жерден болсун, гүлдөй гүлдөгүлө, мөмөдөй бүрдөгүлө, кумдай көбөйгүлө, жашоодо эч жамандык көрбөгүлө. Бар болгула, бай болгула!

 

Буанипа ажы, педагог-психолог

Жалал-Абад шаары.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17