Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,236 Бардыгы / Сузак районунун Сары-Булак айылынын жанынан Көк-Арт суусуна 1,5 миллион кубометр жер көчкү түшүп, сууну бөгөп калышы менен Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарына суу каптоо коркунучу жаралган. Буга карата жергиликтүү бийликтер кандай чараларды көрүштү? Эмнелар жасалды? Азыркы абал кандай? Ушуну билүү максатында КР Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым-укуктуу өкулү – Жарандык коргонуунун башчысы […]
2,237 Бардыгы / Сузак районунун Сары-Булак айылынын жанынан Көк-Арт суусуна 1,5 миллион кубометр жер көчкү түшүп, сууну бөгөп калышы менен Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарына суу каптоо коркунучу жаралган. Буга карата жергиликтүү бийликтер кандай чараларды көрүштү? Эмнелар жасалды? Азыркы абал кандай? Ушуну билүү максатында КР Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым-укуктуу өкулү – Жарандык коргонуунун башчысы […]
Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ: «БАРДЫК ЗАРЫЛ ДАЯРДЫКТАР КӨРҮЛДҮ, АБАЛ КӨЗӨМӨЛДӨ”
01.05.2018 / Автор aymak

2,238 Бардыгы /
Сузак районунун Сары-Булак айылынын жанынан Көк-Арт суусуна 1,5 миллион кубометр жер көчкү түшүп, сууну бөгөп калышы менен Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын айрым аймактарына суу каптоо коркунучу жаралган. Буга карата жергиликтүү бийликтер кандай чараларды көрүштү? Эмнелар жасалды? Азыркы абал кандай? Ушуну билүү максатында КР Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым-укуктуу өкулү – Жарандык коргонуунун башчысы Кыянбек Сатыбалдиевге суроолор менен кайрылдык.
-Азыр Сузак жана Жалал-Абад аймактарында коркунуч жокпу? Жалпы абалкандай?
-Азыр абал кооптуу деп айтууга болбойт, Көк-Арт суусу өз нугун менен ага баштады. Буюрса, калктын коопсуздугу көзөмөлдө турат. Ар кандай кырдалага карата зарыл даярдыктарды көргөнбүз, азыр да көрүп жатабыз.
-Жергиликтүү бийликтер кырдаалга карата кандай чараларды көрүштү? Коомчулук ушуга кызыгып турган чагы.
-Албетте, кооптуу кырдаал түзүлөрү менен дароо аракетти баштаганбыз. Кооптуу аймакка атайын адистер жөнөтүлүп, алар дайыма байкоо салып турушту. Көк-Арт суусун бөгөп калган аймакка менин биринчи орун басарым жооп топ адистер менен барып, иштин чоо-жайын көрүп, билип, дароо областтык штаб түзгөнбүз. Себеби, кечээ чынында эле абал кыйла кооптуу болчу. Анткени, суунун ылдый жагындагы айылдарда жашаган элдин коопсуздугун сактоо чараларын көрүшүбүз керек эле. Ошол максатта 16-00дө биз областтык штабдын жыйынын өткөрүп, элди коопсуз жайга көчүрүү, сактап калуу чараларын карадык. Бардыкк ызматтарга так тапшырмалар берилди жана аны биздин кызматтар күнү-түнү менен аткарышты.
-Кайсы айылдар кооптуу абалда калышты эле?
-Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагындагы 3 айыл, Кызыл-Туу айыл аймагындагы 2 айыл, Сузак айыл аймагындагы 4 айыл, Таш-Булак айыл аймагындагы 2 айыл, Ырыс айыл аймагындагы 2 айыл, Кара-Дарыя айыл аймагындагы 2 айыл, Курманбек айылындагыжер көчкөн Сары-Булак айылы, Ленин айыл аймагындагы бир айыл суу каптоо коркунучунда турган. Биз ал жердеги калкты коопсуз жайга көчүрүү аракеттерин жасадык. Элге түшүндүрүү иштерин алып бардык.
-Суу каптоонун алдын алуу боюнча жергиликтүү бийликтер кандай чараларды көрүштү?
-Жалал-Абад шаарындагы суу каптоо коркунучу бар аймактарда бир канча техникалар, адистер бардык зарыл шарттары менен иш алып барышты. Ушундай эле Сузак айыл аймагында суунун нугун тазалоо иштери жүрдү, буга да бир катар атайын техникалар тартылды. Жогорудагы саналган айыл аймактарынын бардыгында көптөгөн техникалар, адистер жээктерди бекемдөө, нукту тазалоо иштерин алып барышты. Азыр да бул иштер жүрүп жатат, 50дөн ашык техникалар иштеп жатышат.
-Көчүрүү чараларын да айттыңыз, бул жагынан кандай даярдык чаралары болду эле?
-Эгер кооптуу абал түзүлсө, анда элди дароо көчүрүп чыгуу зарыл болмок. Аны үчүн Жалал-Абад шаарында эл ташуучу 8 кичи жана чоң автобустар, Сузак районунда 135 кичи автобустар, жалпысынан 150гө жакын кичи автобустар даярдалды. Сузак районун Кызыл-Туу, Сузак жана Ырыс айыл аймагындагы кооптуу аймактардан 793 кожолук элди башка коопсуз аймакка көчүрдүк. Ал эми Жалал-Абад шаарындагы окуу жайларынын жатаканаларынан 500гө жакын орун даярдалды.
-Демек, азыр абал туруктуу жана коопсуз деп айтууга болобу?
-Ооба, Көк-Арт суусу тосуп калган жер көчкүдөн ашып, өз нугу менен ага баштады. Салыштырмалуу коопсуз абал пайда болду. Бирок, биз алдын алуу иштерин, калктын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын токтотпойбуз. Азыр жаз мезгили, жаан-чачын болот дегендей. Ошондуктан күтүлүүчү бардык кырдаалдарга карата алдын алуу, даярдык чараларын камсыз кылабыз. Элибиз да биздин аракеттерди жакшы, түшүнүүменен кабыл алышууда. Буюрса, баары жакшы болот деген үмүт бар.
Суроо салган Жалил САПАРОВ, Жалал-Абад шаары.
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
11.06.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТИН МЭРИЯСЫ ОШ ШААРЫНА 100 ТРОЛЛЕЙБУС БЕРҮҮНҮ ПЛАНДАШТЫРУУДА
-
21.06.2024 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛГАЧКЫ VAR СИСТЕМАСЫ ТЕСТТЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН СПОРТЧУНУ ТОСУП АЛЫШТЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.