Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
2,866 Бардыгы / Атабыз жөнүндө канча ирет алкыш сөздөрүбүздү айтсак да, баарынан кымбат эне болот турбайбы… Ал киши тууралуу да эки ооз сөз айта кетейин… Апабыз Жумабай кызы Зияда жөнөкөй эле үй кызматындагы аял болчу. Бирок ошого карабастан көбүнчө үйдөгү тарбияны биз апабыздан алдык, ал: улууларды сыйлоо, жакшы окуу, тазалыкты сактоо, кишиге кылган мамиле, меймандостук. Биз […]
2,867 Бардыгы / Атабыз жөнүндө канча ирет алкыш сөздөрүбүздү айтсак да, баарынан кымбат эне болот турбайбы… Ал киши тууралуу да эки ооз сөз айта кетейин… Апабыз Жумабай кызы Зияда жөнөкөй эле үй кызматындагы аял болчу. Бирок ошого карабастан көбүнчө үйдөгү тарбияны биз апабыздан алдык, ал: улууларды сыйлоо, жакшы окуу, тазалыкты сактоо, кишиге кылган мамиле, меймандостук. Биз […]
ЗЫЯДА ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ
20.08.2018 / Автор aymak

2,868 Бардыгы /
Атабыз жөнүндө канча ирет алкыш сөздөрүбүздү айтсак да, баарынан кымбат эне болот турбайбы… Ал киши тууралуу да эки ооз сөз айта кетейин…
Апабыз Жумабай кызы Зияда жөнөкөй эле үй кызматындагы аял болчу. Бирок ошого карабастан көбүнчө үйдөгү тарбияны биз апабыздан алдык, ал: улууларды сыйлоо, жакшы окуу, тазалыкты сактоо, кишиге кылган мамиле, меймандостук. Биз үчүн апабыздын сөзү боюнча атабыз закон дагы, конституция дагы эле.
Ошону менен бирге апабыз сулуулардын сулуусу болгон. Ар бир ападай эле баарыбызды өзгөчө жакшы көрчү. Жети баланы төрөп, чоңойтуп тарбиялоодо апабыздын салымы чексиз.
1952-1953-жылдары бир аз оорукчан болуп калып, атабыз аны айыктыруу максатында Москвага чейин алып барып келди. Дарыгерлер мындан ары төрөшүнө болбойт деп уруксат бербей коюшкан. Ал убакта Гүлсара карындашым экөөбүз гана бар элек. Бирок дарыгердин тыюу салганына карабай андан кийин да 5 уул-кыз төрөгөн. 1971-жылы 48 жашында дүйнөдөн өттү.
Биздин арманыбыз – апамдын биз үйлөнбөй, кыздары турмушка чыга электе небере жытын жыттабай кеткенинде болду. Эң улуу уулу мен да апам кайтыш болгондон кийин үйлөндүм. Үйдөгү тарбиянын баары апамдын энчисинде болду. Ички тарбиянын баарын биз апамдан алдык.
Мен сөз башында тизмелеп кеткен, Субанкул Мавлянов атабыздан жана Жумабай кызы Зияда апабыздан тарбия таалим алып чоңойгон 7 уул-кыздарбыз.
Алар: карындаштарым Гүлсара –кесиби боюнча «технолог-инженер» көп жылдар бою кесиби боюнча чоң кызматтарда иштеди. Токтогул өрөөнүнүн кулуну менен турмуш курган. Күйөөсү Токтоналиев Автандил Токтогул өрөөнүнүн атактуу үй-бүлөнүн баласы. Балдары: Айнура, Жыргалбек, Сталбек, Теңдик баары үйлөнүп, жайланып турмушта өз орундарын табышкан.
Бүбүсара кесиби – экономист-финасист. Күйөөсү Күйөөсү – Темирбаев Курманбек. Балдары – Арстанбек, Дамира, Дастан.
Гүлбара дагы жогорку билимдүү юрист болгон. Тилекке каршы оорунун азабынан азыр карындашыбыз арабызда жок. Балдары: Мурат, Азамат. Турмушта өз орундарын таап, кызмат кылып жүрүшөт.
Эльмира- жогорку билимдүү. Эл аралык мекемеде иштейт. Күйөө балабыз Руслан Кенжегулов. Кайнатасы Кенжекулов Самидин Ош УВДда обл ГАИ болуп иштеген. Үч балалуу болушту: Эрмек, Тилек, Демирел.
Инилерим – Абдыкапар. Милиция кызматынын бардык тепкичтерин басып өттү. Милициянын генерал-майору, юридика илиминин кандидаты деген даражага жетишти. Аялы – Гуля Исакова. Кайнатасы Исаков Сагындык Ош УВДнын кызматкери болгон. Балдары: Тимур, Аида, Эмирбек, Айгерим.
Амангелди эркек балдардын кенжеси. Жогорку билимдүү. Атабыздын очогун өчүрбөй, биздин үй-бүлөнүн уясын сактап келет. Келинчеги Роза. Кайнатасы Биймырзаев Расул, кайненеси Айымкан, эл ичинде иштеген инсандар. Балдары: Айгүл, Багдайым, Жаңыл, Бексултан.
Аягында өзүмдүн да балдарымды атап кетейин. Зайыбым – Рая экөөбүз үч баланын ата-энесибиз. Улуусу – Динара, жогорку билимдүү, чоң окуу жайды жетектеп жатат. Күйөсү – Мурат. Уулум – Данияр өкмөттүк кызматта иштеп жатат. Аялы – Малика. Кенже кызым – Зыяда. Күйө бала – Айбек. Кудаларым: БорбиевТөлөн, Сарымсаков Руслан, Кыргызбаев Адылбек. Атам Субанкулдай эле мен дагы кудаларымды аябай бийик тутам жана сыйлайм.
Абдырахман Мавлянов
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
21.06.2024 / Автор anarkan_kg ТУРИСТТИК ЖАЙЛАРДАГЫ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.