Аймак

АДАМ ДА, ЖАЗУУЧУ ДА БОЛУШ КАНДАЙ КЫЙЫН

АДАМ ДА, ЖАЗУУЧУ ДА БОЛУШ КАНДАЙ КЫЙЫН

 3,336 Бардыгы /

 

Кыргыз  Улуттук Жазуучулар Союзунун тарыхында Кыргыз эл жазуучусу, маркум Жунай Мавляновдун салмактуу орду бар. 1966-жылы жазуучулардын 4-сьезди өтүп, интригалардын, талаш-тартыштардын айынан жетекчиликти жаңылоо маселеси келип чыгып, союздун ички ич ара кагылыштарынан сырткары алыс жана калыс жүргөн адамды жетекчиликке алып келип дайындоо маселеси каралат. АалыТокомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев баш болгон жоон топ жазуучулар тээ алыскы Жаңы-Жол районунун борбору Каравандагы (зыркы Аксы району, Кербен шаары) мектеп-интернатта директор болуп иштеп жаткан Жунай Мавляновдун дарегине жакшы пикирлерди айтышып, кандидатурасы Борбордук Комитетте каралып, уюштуруу пленумунда бир добуштан жазуучулар союзунун секретарлыгына шайланат. Ал кызматта беш жыл үзүрлүү эмгектенген соң, кайрадан педагогдук кызматын улантып «Мугалимдер газетасына» баш редакторлукка кетет. Ал эми 1995-96-жылдары Чыңгыз Айтматов баш болгон жазуучулардын өтүнүч-сунушу менен оор, өткөөл мезгилде Кыргызстан Жазуучулар Союзуна төрагалык кылат. Жазуучулар Союзунун тарыхында бир жазуучуну эки жолу жооптуу кызматка келиши жокко эсе.

…Башка көптөгөн кыргыз акын – жазуучулар сыяктуу эле Ж.Мавлянов да чыгармачылыгында адегенде ыр жазуудан баштаган. Бирок башкалардан айырмаланып, ал адабиятка баш-оту менен кирип, китеп чыгарууга кызыкпастан кантсе да көпкө чейин алгачкы кесиби мугалимдикти кыя албай айылдык мектепте иштей берген: ырлары райондук, областтык газеталарда жарыяланып жүргөнүнө карабастан алгачкы ыр китептерин («Жүрөк», «Аркыт гүлдөрү», «Мөл булак») кырктын кырына чыгып, акыл азуусу жетилип, турмушка бышыгып, адабияттын аки-чүкүсүн аңдап калганда чыгарган. Ошол себептүү бул жыйнактар жаш, үйрөнчүк акындарга болгон поэзия менен саламдашуу, убада берүү сыяктуу куру кыйкырыктардан алыс. Алардын ордун өткөн согуштун алааматын, андан кийинки жана 60-жылдардын башындагы коомдук-саясий жагдайды чагылткан, ошол эле кезде автордун өзүнүн турмуштук тажрыйбасын, аздектеген сезимдерин элестүү берген туундулар ээлейт. Жазылыш маданияты, техникасы боюнча да ал китептер ошол учурдагы кыргыз поэзиясынын жалпы деңгээлинен төмөн турбайт десе болот.

Бирок ошондон кийин Ж.Мавляновдун чыгармачылык жолунда олуттуу бурулуш, кескин өзгөрүш болду, ал бүт бойдон кара сөз өнөрүнө ооп кетти. Буга “Бекиш, сага эмне болду?” -деп аталган аңгемелер жыйнагынан (1964-жыл) бери карай чыккан көптөгөн аңгемелери, очерктери, повесттери, “Ачык асман”, “Бийиктик”, “Жаңы таң”, “Кайрымсыз жылдар” аттуу романдары ачык далил. Албетте мындай бурулуштун өз себептери бар.

Ж.Мавляновду жакындан тааныгандар жакшы билет: ал киши дайыма токтоо, сабырдуу, сыпаа болчу. “Жети өлчөп бир кескенди” бек тутчу. Менимче, адамдык табияты, мүнөз өзгөчөлүктөрү ушундай инсанга жан дүйнөнү жалбырттатып, сезимдерди эркин коё берген лирикага караганда ойго, окуяларды тизмектегенге, адам мүнөзүн кылдат талдаганга таянган жайбаракат проза жакын келген.

Экинчиден, жогорудагы жагдай Ж.Мавляновдун алгачкы кесибине мугалимдик, таалим-тарбиячылык талантына да байланыштуу. Минтип айтканым жазуучунун мейли аңгеме, мейли повесть, мейли романдары болсун, башкы көңүл кызыктуу окуяларды кубалоо, майда-бараттарды санактоо, табият көрүнүштөрүн шөкөттөөгө эмес, коомдук конфликтерди ачууга, адеп-ахлак кагылыштарын көрсөтүүгө, мүнөздөрдүн күрөшүн иликтөөгө бурулат. Тагыраак айтканда Жунай Мавляновду кара сөз чебери катары көбүрөөк кызыктырган нерселер мына булар: эски менен жаңы, ак менен кара, жакшылык менен жамандык, ак пейилдик менен кара өзгөйлүк, согуш менен тынчтык, бийиктик менен пастык ж.б…

 

Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, сынчы, филология илимдеринин доктору, академик

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17