Аймак

СУБАНКУЛ БАСКАН ЖОЛ

СУБАНКУЛ  БАСКАН  ЖОЛ

 4,623 Бардыгы /

Эл эмгектен эскерсин демекчи, эч убакта дүйнөң, байлыгын, сулуу катындарын адамга бапа кылбайт тура. Бир гана элге кылган эмгегин айтылып калат экен. Атам «Иш кылсаң элге кыл, артында из калсын», «Артыңда айтылар сөз барбы?» дечү.  Көрсө андай адамдар кем болот тура.

Чындыгында ал кишинин  басып өткөн жолу жеңилге турган жок. Жалындаган жаштык курагы согуштун апаат жылдарына тура келди. Субанкул өз демилгеси менен райондук аскер комиссариатына арыз жазып мекенди коргоого аттанып, Москванын алдындагы салгылашууга туура келди. Сталин Москвадан чыкпай койгондон кийин фронтто «Сталин үчүн!», «Мекен үчүн!»  деген жаңы ураан көтөрүлгөн. Дал ошол ураан күчүндө турган мезгилде айылдан барган жаш жигит колуна курал алып мекенди коргоого кирди. Согуш деген эч кимди аябайт турбайбы. Душман Москванын чегинен алыстап, жеңиш биз тарапка оогон мезгилде Смоленскийде катуу жарадар болуп, Ата Журтка кайтат. Мекенди коргоодогу көрсөткөн эрдиктери үчүн Ата Мекендик Согуш ордени менен жана бир нече медалдар менен сыйланууга татыктуу болду.

Орус тилин мыкты билип, сабаттуу болгондуктан Субанкулду орус элинин өкүлдөрү көп жашаган Шевченко атындагы колхозго башкарманын төрагасы кылып жиберген. Шевченко колхозу жайгашкан айыл ал кезде Успеновка деп аталып, орус тилдүү мектеп да бар болчу. Ондон ашык улуттун эли жашаган бул айылдын ынтымагын чыңдап, автотрактордук паркты, саанчылар үчүн мал сарайды салдырып, элди суу менен камсыз кылган мына ушул Субанкул Мавлянов болгондугун ал жердегилер тана койбос.

Дал ошол элүүнчү жылдардын башында Кош-Дөбөгө Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Искак Раззаков келип, чарбанын иши менен таанышып, анан райондун борбору Караванда партактив өтүп, Субанкул Мавляновдун ишине жакшы баа берип ыраазылыкка арзыган.

Субанкул Мавлянов бул чарбада иштеп турган мезгилде койдун саны өсүп, Кызыл-Жарга ондогон кой короолорду салдыртып, чарбанын өсүшүнө чоң салым кошкон. Ошол эле мезгилде саан уйдун санын да өстүргөн. Чарбаны өнүктүрүүдө сиңирген эмгеги үчүн 1957-жылы Эмгек Кызыл Туу ордени менен чарба жетекчилеринин ичинде алгачкылардан болуп сыйланган. Ал кезде жетекчилерге жөн жерден эле сыйлык бере калчу эмес. Бул жерде иштеп турганда эң башкысы элдин ынтымагын чыңдап, достугун арттыруудагы аракети өзгөчө болгон. Анткени айылда онго жакын улуттардын өкүлдөрү жашаган. Мына ушул жагдайды эске алып Россиянын составына Кыргызстандын ыктыярдуу кошулушунун 100 жылдыгын белгилөөдөгү жетишкендиги жана республиканын өнөр жайын, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана өзгөчө эл достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн Субанкул Мавлянов Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланууга татыктуу болгон. Жерге -Тал айылында алгачкы жолу 300 точкалык радиону да тарттырып, радиоузел уюштуруп, чарбадагы көйгөйлүү иштер тууралуу өзү чыгып сүйлөп турган. Бул элди тарбиялоонун мектеби болгон десек жаңылышкандык болбойт. Ал тууралуу ошол кездеги «Советская Киргизия» газетасы чоң макала басып чыккан. «Шевченко атындагы колхоз чукул бурулушта» деген областтык «Коммунизм туусу» газетасы бир беттик макала жарыялап, мына ошол макалада өзгөчө басым дың жерлерди өздөштүрүүдөгү иштерди  чагылдырган.

Кыргыз Эл акыны Темиркул Үмөталиев келип Бозбу тоосунун башына эгилген эгинди көрүп, колхоздун башкармасы Субанкул Мавлянов тууралуу «Бозбуда» деген ат менен ыры ал кездеги областтык «Коммунизм туусу» газетасына бир бет болуп басылган экен.

Ушул иш тууралуу ал кездеги «Советтик Кыргызстан» газетасына журналист Топчубек Баялиевдин «Кыска мөөнөтттөгү чоң илгерилеш» деген макаласы жарыяланып, ал макалада мындай  деп белгиленет. «1957-жылы жазында Шевченко атындагы колхоздон 300 адам чыгып Бозбу тоосуна жол салып, бир жазда эле дың жердин ар гектарынан 25 центнерден дан алынды. Бул чоң ийгилик болчу» деп жазган. Демек Бозбу тоосуна жолду да Субанкул акенин демилгеси менен салынгандыгы анык болуп олтурбайбы. Ал жолдун пайдасын эл азырга чейин көрүп келет. Ал эми жаңы жерди өздөштүрүү боюнча иштер тууралуу областтык «Коммунизм жолу» газетасына кабарчы М. Андрееванын макаласында «Колхозчуларга сөз менен эмес иш менен жооп берди отуз миңчи Субанкул Мавлянов» деп белгилейт.

Мыкты чарба жетекчилерин райондун артта калган чарбаларына жылдырып, аларды өнүктүрүү бул партиянын бир стратегияларынын бири болгон. Субанкул Мавляновду Фрунзе атындагы колхозго жетекчилик кызматка которушат. Бул колхоз райондун борборунда жайгашкандыктан иштөө бир кыйла татаал да, бир жагынан жеңил да болгон. Жеңил жагы райондук мекеме- ишканаларга жакындыгы, техникалык болобу, социалдык болобу маселелерди тез чечип алууга шарт болгон. Оор жагы келген текшерүүчүнүн баары мына ушул чарбаны көрүүдөн баштаган. Мына ошентип Фрунзе атындагы колхоздун экономикасын чыңдоого, социалдык обьектилерди курууга басым жасай баштайт. Райондун борборуна алгач бардык ыңгайлуу шарты бар мончону салдырууга жетишкен. Ошол эле жерге чайкана салдырып, элди тейлөөнүн шарттарын түзө алган. Фрунзе атындагы колхоздо асыл тукум кара малды өстүрүү менен райондун  аймагындагы чарбаларда кара малдын асыл тукумдуулугун жакшыртууга кошкон салымы жана асыл тукумдуулугун жакшыртуу боюнча максаттуу жасаган иштери үчүн 1966-жылы Ленин ордени менен сыйланган. Субанкул Мавлянов жетектеген Фрунзе атындагы колхоз Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин, Кыргыз ССР Министрлер Советинин, Кыргызсовпрофдун жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын өтмө Кызыл Туусун жеңип алып, республикалык  Ардак тактага жазылууга татыктуу болгон.

Албетте Субанкул акенин мындай чарбачыл болуп калышына бир жагы бир тууган агасы Темиркул Мавляновдун чарба башкаруудагы ыкмалары, бай тажрыйбасынын да чоң үлүшү бар. Аганы көрүп ини өсөт деген ушул. Ал мезгилде Жунай Мавлянов да Караван мектеп интернатында директор болуп иштөө менен Субанкулдун ишине жакындан жардам көрсөтүшүп, акыл кеңештерин айтып турушкан. Мавляновдор ар ай сайын топтолушуп элге кылып жаткан кызматтарын талкуулашып, эли жердин өнүп өсүшүн талкууга алышып, кандай дагы иштерди жасоо керектигин акылдашып, тажрыйба алмашып турушкандыгы азыр деле эл арасында сөз болуп келет.

Партиянын Ош обкомунун чечимине ылайык Субанкул Мавляновду Ала-Бука районундагы «Бирлик» совхозуна директор кылып которушат. Ызар айылы ал кезде эң начар өнүккөн айыл болуп турган. Субанкул Мавлянов бул чарбага келери менен алгач айылдын социалдык структурасын ондоого башкы көңүлдү бурду. Айылда же клуб же мончо жок, медициналык тейлөө да үйү жок эле. Субанкул аке мына ушул иштерди жүзөгө ашырып, айылды көрктөндүрүү, жашылдандырууну колго алып, элге шарт түзүүдөн иш баштагандыгы жалпы элге жаккан. Бул жерде да мал чарбасын өнүктүрүп, чарбаны райондогу алдыңкы чарбалардын катарына алып чыкты. «Бирлик» совхозунун беш жылдыкта жетишкен ийгиликтеринин жыйынтыгы менен Субанкул Мавлянов Октябрь революциясы ордени менен сыйланган. Дасыккан чарба жетекчиси өзгөчө чарбада тамекичиликти да жакшы өнүктүрүп, чарбанын экономикасын дал мына ошол дыйканчылыктын эсебинен көтөргөн.

Субанкул Мавлянов Кыргыз ССР Жогорку Советинин жетинчи чакырылышынын депутаты болгон. Депутат болуп турган мезгилинде да райондун экономикасын көтөрүүгө көп салымдарын кошкон. Депутат катары  көп элдик наказдарды аткарган. Беш жылдан кийин кайрадан Жаны- Жол районундагы Ульянов атындагы колхозго жетекчи болуп келет.

Аксылык белгилүү журналист Анаш Сооронбаев «Акыйкат» газетасынын 2003-жылы 21-февралдагы санына жарыяланган   «Элинин эсинен кетпейт» деген макаласында:

Алыс, жакын урматтаган, сыйлаган,

Атак, даңктуу инсан элең Аксыда,

Айтып жүрөт унутулбай артыңда,

Ысмың өчпөй өзүң сүйгөн калкыңда» – деп эскерет.

Канткен менен Субанкул Мавлянов өзүнүн отуз алты жылдык эмгек жолунун 33 жылдан ашык мезгилин жетекчилик кызматтарында  Жаңы-Жол жана Ала-Бука райондорунун экономикасынын өсүшүнө өзүнүн татыктуу салымын кошуп, өзүн мыкты жетекчи катары көрсөтө алган.

Субанкул аке ардактуу эс алууга чыккандан кийин да үйдө жатып алган жок, райондук суу чарба башкармасында да эмгектенип жүрдү. Ал кайсыл жерде иштебесин адам үчүн камкордук көргөндүгү менен элдин эсинде калды. Улуу Ата Мекендик согуштун, партиялык, Советтик кызматтардын ардагери катары төшүн орден медалдарга толтуруп, райондун карыяларынын катарын татыктуу толуктап жүрөр эле. 2002-жылдын 21-январь күнү катуу оорудан кийин жалган дүйнө менен кош айтышып кете берди. Эгер тирүү болгондо быйыл туптуура жүз жашка чыкмак.

Субанкул Мавляновдун уул-кыздары

Субанкул жана Жунай Мавляновдор

Абдымомун КАЛБАЕВ, журналист, Аксы району, Кербен шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17