Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
УКМК МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ИШ АЛЫП БАРАРЫН БИЛДИРДИ
НУРЛАНБЕК ТУРГУНБЕК УУЛУ ТӨРАГАЛЫКТАН КЕТТИ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
1,901 Бардыгы / Жогорку Кеңешитин мурдагы төрагасы жана «Ата Журт» фракциясынын жолбашчысы Акматбек Келдибековдун тарапкерлери ушул жылдын 27-майынан тарта Ош-Сарыташ-Эркечтам автоунаа жолун таптакыр бөгөп ташташты. Жол бойлото бир нече боз үй тигип, таштарды төккөн нааразычылык акциясынын катышуучулары ушул тапта абакта жаткан мурдагы парламентарийдин токтоосуз абактан бошотулушун бийликтен талап этишүүдө. Буга улай жергиликтүү укук коргоо органдары акциянын […]
1,902 Бардыгы / Жогорку Кеңешитин мурдагы төрагасы жана «Ата Журт» фракциясынын жолбашчысы Акматбек Келдибековдун тарапкерлери ушул жылдын 27-майынан тарта Ош-Сарыташ-Эркечтам автоунаа жолун таптакыр бөгөп ташташты. Жол бойлото бир нече боз үй тигип, таштарды төккөн нааразычылык акциясынын катышуучулары ушул тапта абакта жаткан мурдагы парламентарийдин токтоосуз абактан бошотулушун бийликтен талап этишүүдө. Буга улай жергиликтүү укук коргоо органдары акциянын […]
Жол тоскондор качан жазаланат? Же алардын айынан күйгөндөрдүн чыгымын ким төлөйт? (фото)
06.06.2014 / Автор Orozaly1,903 Бардыгы /
![]()
![]()
Жогорку Кеңешитин мурдагы төрагасы жана «Ата Журт» фракциясынын жолбашчысы Акматбек Келдибековдун тарапкерлери ушул жылдын 27-майынан тарта Ош-Сарыташ-Эркечтам автоунаа жолун таптакыр бөгөп ташташты. Жол бойлото бир нече боз үй тигип, таштарды төккөн нааразычылык акциясынын катышуучулары ушул тапта абакта жаткан мурдагы парламентарийдин токтоосуз абактан бошотулушун бийликтен талап этишүүдө. Буга улай жергиликтүү укук коргоо органдары акциянын бир катар уюштуруучуларына карата кылмыш ишин козгоп, кээ бирлерине айып пул төлөтүүгө катуу киришти.
Марипат УСМАНАЛИЕВА, акциянын катышуучусу: – Кыргызстанда акыйкатчылык биротоло өлүптүр. Калыстык издеп Борбордук Ак үйдү сагаласак, иттерге талаттырып кайра артыбызга кууп ийишти. Анан айлабыз таптакыр куруганда моминтип Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолун бууп таштадык. Жалпыга маалым, бул – эл аралык маанидеги жол. Ал аркылуу Тажикстанга, Өзбекстанга жана башка чет өлкөлөргө ар кандай жүктөр ташылат. Ошону үчүн биздин момундай аракетибизден кийин коңшу өлкө президенттери Ажобуз Алмазбек Атамбаевге атайын чалып, алар эле кийлигишпесе, Акматбек Келдибековду дегеле бошотушкудай эмес! Соңку эки жылдан бери сот жараяны бүтпөй келет. Анын үстүнө акыркы күндөрү Акматбек катуу ооруп жатыптыр. Аны башка мамлекетте токтоосуз операция жасатуу зарыл! Ыя айланайын, Келдибеков кача турган жигит эмес, андай деле акыбалы калган жок. Билесиңер, ал мурда жетекчи кызматтарды аркалаган. А түгүл Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кепилдик беришсе деле, кур дегенде абактан үйүнө дагы убактылуу бошотпой атышат.
![]()
![]()
Деген менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Акматбек Келдибековдун тарапкерлеринин талаптарынын таптакыр аткарылгыс экендигин моюндашты.
– Ыя айланайын, Акматбек Келдибековдун тагдырын бийлик эмес, сот гана чечет. Биз Фемиданын ишине түз, же кыйыр түрдө кийлигишкенге таптакыр акыбыз жок! – деп агынан жарылды Алай районунун акиминин биринчи орун басары Мамашарип Мусаев. – Бул туурасында жолду тоскондорго биз дагы айта берип, тилибиз тешилип бүттү. Ошону үчүн бийлик эми буларга карата мыйзамдуу гана чукул чараларды көргөнгө ыктадык.
– Карасаңар, 27-майдан бери мобул эле Ош шаарына жете албай жолдо камалып, азык-түлүктөрүбүз сапатын таптакыр жоготту. А кийим-кечелерибиз жаанда калып таза курудук. Булардын кесепетинен туруктуу кардарларыбыздан биротоло кол жуугалы турабыз, – деп ыйлактады КАМАЗ автоунаасынын айдоочусу Тургунбек Байгазиев. – Ошону үчүн Кыргыз Өкмөтү канжолду буугандарды токтоосуз жана аеосуз жазалоосу абзел! Болбосо, биз, орто жолдо күйгөндөр дагы түп көтөрүлөбүз! Анда бизди дагы, биздин санаалаштарыбызды дагы бийлик токтото албай ит болот!
Мындай маанайды илгиртпей аңдаган Ош облустук ички иштер башкармалыгы ээнбаштардын үстүнөн бир нече кылмыш ишин козгоду.
– Ош-Сарыташ-Эркечтам стратегиялык автожолун бөгөгөндөр, чынында, чектен чыгып баратат. Ошондуктан, бийлик өкүлүнө кол көтөрүү, баш ийбөө, урап-сабоо, бейбашчылык жана мыйзамсыз жол тороо фактыларынын негизинде бир нече кишинин үстүнөн кылмыш ишин козгодук жана тергөө иши дароо башталды, – деп билдирди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев «Жаңы Агым» гезитине. – Ал эми ишкерлер тарткан зыян, бажычылардын эсебинде, 45 миллион сомдон ашык делинип жатат. Ошону үчүн бизнесмендерди какшаткандар администриативдик Кодекске ылайык 1000-5000 сом өлчөмүндө жазанага жыгылышат. Албетте, маселе ушуну менен эле чечилчүдөй эмес! Бирок, стратегиялык обьектилерди тоскондорго карата башка катаал чараларды көрүүгө Кыргызстандын мыйзамдары жол бербейт экен.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, Алай району
СүРӨТТӨРДӨ: Алайдагы акциядан көрүнүштөр.
Автор Orozaly
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
-
-
13.02.2026 / Автор anarkan_kg Президент С.Жапаров: МЫЙЗАМ ЖАНА ЭЛДИН ТЫНЧТЫГЫ БААРЫНАН ЖОГОРУ
-
12.02.2026 / Автор anarkan_kg ПАРЛАМЕНТТЕ ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
-
-
05.03.2025 / Автор anarkan_kg АК КАЛПАК КИЙГЕНДЕРДИ КЫРГЫЗ ДЕП БИЛ!
-
12.03.2025 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНДА ЖАҢЫ МЫЙЗАМ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ЖАРАЯНЫ КЫЗЫДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.