Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
Ноокенде палвандар күрөшүп, күч сынашты (Фоторепортаж)
07.06.2014 / Автор Orozaly1,990 Бардыгы /
Ноокен районунун борбору Масы айылындагы сейил багында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарымдуу өкүлү тарабынан демилгеленген “Алыш” боюнча кубогунун кезектеги иш чарасы өттү Үчүнчү ирет өткөрүлүп жаткан бул күрөш мелдешине Талас, Ош, Баткен областарынан жана Тогуз-Торо, Токтогул, Аксы, Сузак,Базар-Коргон райондорунун жана Жалал-Абад, Таш-Комур,Майлуу-Суу шаарларынан палвандары катышышты. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында өткөрүлүп жаткан бул мелдештин негизги урааны “Мекеним менин- Кыргызстан” аталып, жаштарды улуттук күрөшкө кирген “Алыш” күрөшүн жайылтууга арналды.
Ноокендеги улуттук күрөштү даңазалаган мелдешти Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Абдырахман Осмонов ачып, мелдештин катышуучуларына таза күрөш менен жеңишти камсыз кылуу тилегин билдирди.
Республикабыздын бардык аймактарынан келген балбан күрөшчүлөрдү КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарымдуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков куттуктап жатып төмөндөгүлөргө токтолду:
– Биз спортту канчалык жайылтып, өнүктүрсөк жаштарыбыз тамекиден, спирттик ичимдиктерден жана наркотикалык бангизаттардан ошончолук алыс болушат. Убагында кыргыздын “Алыш” күрөшүн дүйнөгө даңазалаган Баяман Эркинбаевди таптап тарбиялагандардын бири мен болгонмун. Мына жакында эле Иранда болуп өткөн Азиянын чемпионатында жердешибиз Нурбек Аканов абсалюттук салмак бирдигинде алтын медалды, ал эми Руслан Табалдиев 80 кг. салмакта күмүш медалды камсыз кылды. Буйруса, ушундай чемпиондорубуз өсүп жатканда жана “Алыш” күрөшүн көргөн жаштарыбыздан спортко болгон ышкы -кызыгуулары артат деп ишенмин-деди Ж.Жээнбеков.
Мелдештин башкы калысы , Эл аралык дараждагы калыс, “Алыш” күрөшүнү н вице-президенти Абдыкалил Турдиев мелдештин таза өтүүсүн катуу көзөмөлгө алып турушту. Мелдеш башталаар алдында КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарымдуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков жакында эле Иранда аяктаган Азия чемпионатында абсолюттук салмакта чемпион болгон Нурбек Акановго жана анын машыктыруучусу, бир тууган агасы, алыш күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Азиянын бир нече жолку чемпиону Чынгыз Акановго акчалай сыйлыктарды тапшырды. Ушул айдын 21-июнунда өтмө кубоктун төртүнчү жолку туру Майлуу-Суу шаарында өткөрүлөт деп билдирди КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлгүнүн басма сөз кызматы.









Самат ТОКТОЕВ –AYMAK.KG
Автор Orozaly
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
09.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ СООДАГЕРЛЕР 20-АПРЕЛДЕН ТАРТЫП ЖАҢЫ БАЗАРГА КӨЧҮРҮЛӨТ
-
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ““УЛУУ ЖЕҢИШКЕ – 80 ЖЫЛ” ДЕГЕН КҮМҮШ МОНЕТА ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫКТЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17




You must be logged in to post a comment.