Аймак

ЭСКИ ДОС ЭСТЕН КЕТПЕЙТ (фото)

 3,817 Бардыгы /

ЭСКИ ДОС ЭСТЕН КЕТПЕЙТ (фото)
Коомчулукка маалым болгондой, Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин бөлүмдөр курамында Эл аралык Кыргыз-Түрк институту жогорку кесиптик билим берүү ишмердигин жүргүзөт. Аталган институт “Эл аралык мамилелер”, “Экономика”, “Менеджмент”, “Социалдык-маданий кызмат жана туризм”, “Түрк филологиясы” багыттары, адистиктери боюнча жогорку квалификациядагы адистерди даярдайт. Экономика жана ишкердик университетинин Эл аралык Кыргыз-Түрк институту өз ишмердигин 1993-жылдан бери жүргүзөт, бул жылы институттун ийгиликтүү ишмердигине 20 жыл болду. Профессор-окутуучулар курамында чет мамлекеттик жогорку окуу жайлардан келген илимий даражалары, наамдары бар тажрыйбалуу адистер иштеп, окутуу чет мамлекеттик программалар боюнча жүргүзүлүп келүүдө. Институтта билим алган студенттеринин арасында Кыргызстандын жарандары менен бирге Түркия, Россия, Азербайжан, Македония, Сирия, Грузия, Ооганстан жарандары да бар. Ошондуктан бүтүрүүчүлөрү жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде иштеп, алган билиминин үзүрүн көрүшүүдө. Алардын көбү ушул убакытка чейин окуу жайын унутпай, кабарлашып, тыгыз кызматташтык мамилелерин үзбөй келишет. Ал мамилелерди бекемдөө үчүн Экономика жана ишкердик университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн жана досторунун ассоциациясы түзүлгөн. Аталган ассоциация көптөгөн бүтүрүүчүлөрдүн башын бириктирип, окуу жайдын өнүгүүсүнө өз салымын кошо бермекчи. ЭСКИ ДОС ЭСТЕН КЕТПЕЙТ (фото)
Экономика жана ишкердик университетинин Эл аралык Кыргыз-Түрк институту Түркия Республикасынын Түрк дүйнөсүн изилдөө фонду менен биргеликте түзүлгөн. Бул институттун ачылышына фонддун президенти, экономика илимдеринин доктору, профессор Туран Язган жеке зор салымын кошкон. Түрк дүйнөсүн изилдөө фондунун президенти Туран Язган мырза Түркияда жана башка түрк тилдүү мамлекеттерде абдан таанымал, абройлуу инсан, анткени ал өзүнүн бүт өмүрүн түрк тилдүү элдердин достугун, кызматташтык мамилелерин бекемдөөгө жумшаган. Анын жүрөгү өмүрүнүн аягына чейин боордош түрк тилдүү калктар үчүн согуп келген. Туран Язган мырза 2012-жылы бул дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Анын жаркын элеси Экономика жана ишкердик университетинин жамаатынын, студенттеринин эсинен эч качан кетпейт. ЭСКИ ДОС ЭСТЕН КЕТПЕЙТ (фото)
Экономика жана ишкердик университетинин ректору э.и.д., проф. Кантөрө Шарипович Токтомаматов үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында Түркиянын борбору Стамбул шаарына барып келди. Бул күнү э.и.д., проф. Туран Язгандын жаркын элесине арналган эскерүү кечеси Стамбул университетинде өткөрүлдү. Эскерүү кечесине түрк тилдүү мамлекеттерден бир топ делегациялар катышты. Алардын арасында анын санаалаштары, достору, анын жолун жолдогон окуучулары бар. Кантөрө Шарипович Токтомаматов да Туран Язган мырза менен 1993-жылдан бери “Тилде, пикирде, иште бирдик” принцибинде тыгыз кызматташтык, достук мамиледе болгон. Ошол мамиленин негизинде Эл аралык Кыргыз-Түрк институту өз мезгилинде ачылып, 20 жылдан бери адистерди даярдап келүүдө. Туран Язган мырза көптөгөн түрк тилдүү мамлекеттерде билим, илим, маданият борборлорун ачып, аларды каржылап, адистер менен, техникалык каражаттар менен жеке камсыздап келген. Туран Язган абдан улуу, айкөл инсан эле. Ал инсан биздин жаштарга да өз жардамын аянбай, көп жакшылыктарды кылган. Туран Язган өз мезгилинде Кыргызстанга, Жалал-Абад шаарына иш сапарлары менен, ардактуу мейман иретинде көп келет эле. Учурда анын ишин уланткан мураскору өзүнүн уулу Көзхан Язган. Көзхан Язган 2013-жылы Экономика жана ишкердик университетинин 20 жылдыгына келип, атасынын жаркын элесине арналган “Азыркы коомдун социалдык-экономикалык көйгөйлөрү: пайда болуу себептери жана аларды чечүү жолдору” темасындагы Түрк дүйнөсүнүн XI эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышып кеткен. Атасынын Кыргызстанда кылган иштерине өз көзү менен күбө болду. Окуу жайдын башкы имаратында Туран Язгандын жаркын элесине арналган атайын эскерүү тактасы бар, анда анын сүрөтү тартылып, өрнөктүү өмүр баяны жазылган.
Турна Язганды эскерип, университеттин ректору Кантөрө Шариповичтин демилгеси жана Илимий Кеъештин чечими менен анын ысмы аталган институтка коюлган. ЭСКИ ДОС ЭСТЕН КЕТПЕЙТ (фото)
Стамбул университетиндеги эскерүү кечесине барганда Экономика жана ишкердик университетинин ректору Кантөрө Шариповичти Туран Язгандын жакындары тосуп, көптөгөн жакшы окуяларды эстеп, анын элесин жүрөгүбүздө бек сактап жүргөнүбүзгө терең ыраазы болуу менен бирге тёмёндёгү ыраазычылык катын жолдошкон:
Урматтуу Экономика жана ишкердик университетинин ректору,
профессор Кантөрө Шарипович,
Урматтуу ректорум,
Бардык өмүрүн жана жашоосун Түрк дүйнөсүнө арнаган “Тилде, пикирде, иште бирдик” принцибинин негизинде Түрк мамлекеттеринде билим берүү жана маданият тармагында өлбөс кызматтарды аткарып кеткен фондубуздун куруучу президенти профессор Туран Язгандын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу 2013 жылдын 7-декабрь күнү Стамбул университетинин Табигый илимдер факультетинин профессор Жемил Билсел конференция залында өткөрүлгөн жаркын элесине арналган эскерүү кечесине кымбат убактыңызды бөлүп келип, достугуңуз жана жылуу мамилеңиз жөнүндө баалуу сөздөрүнүздү айтып, ой-пикирлериңиз менен бөлүшкөнуңүз бизди чоң кубанычка бөлөдү.
Буга байланыштуу сизге Түрк дүйнөсүнүн жаркын келечегине жетүү жолундагы кылган аракеттерибиз жана достугубуздун мындан ары да артып уланышына тилектештигимди билдирүү менен чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем.
Өтө терең урматтоом менен,
Көзхан Язган
Түрк дүйнөсүн изилдөө фондунун президенти, Стамбул шаары, Түркия

Акбермет Садыкова “Аймак” газетасынын кабарчысы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17