Аймак

Түгөлбай СЕЙДАЛИЕВ, “Дост- Курулуш” компаниясынын башкы директору: “МЕНИН КАРДАРЫМ МАМЛЕКЕТТИН ЖАРАНЫ”

Түгөлбай СЕЙДАЛИЕВ, “Дост- Курулуш” компаниясынын башкы директору:  “МЕНИН КАРДАРЫМ МАМЛЕКЕТТИН ЖАРАНЫ”

 7,008 Бардыгы /

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчасынын Молодежная көчөсүнө “Дост- Курулуш” компаниясы тарабынан салынган Ч.Айтматов атындагы көп кабаттуу үй боюнча Жалал-Абад шаардык прокуратура шаардык сотко 2019-жылдын 22-майында “Курулуш компания өз билемдик менен көп кабаттуу үй курган жана тиешелүү документтери жок” -деген доо-арызы менен кайрылып утуп алган, кийин облустук сот да шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Бул маселе коомчулук арасында кызуу талкууда турат. Андыктан “Дост- Курулуш” компаниясынын башкы директору Түгөлбай Сейдалиев менен маектешип, иштин чоо-жайын суроону туура көрдүк.

-Түгөлбай  Мейманбаевич, “Дост- Курулуш” компаниясы качан түптөлгөн? Анын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу айта кетсеңиз?

-“Дост- Курулуш”компаниясы 2017-жылдын 27-апрелинде түзүлгөн. Ошол эле жылдын сентябрь айынан биринчи көп кабаттуу үйдү Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичи шаарчасына “Достор үйү” деп 55 батирлүү үй салып баштаганбыз. Баштаган ишибизди бир жылдын ичинде толугу менен бүтүрүп, жашоочуларга өткөрүп бердик. 2018-жылдын декабрь айында жашоочуларыбызды үйдүн техникалык паспорттору менен камсыздадык. Кийинки үйлөрдү 2019-2020-жылдарга пландап, ЖТРдин арт жагындагы “Гималай” турак жайын жана Көк-Арт кичи шаарчасынын Жаштык көчөсүнө Ч.Айтматов турак жайын салдык. Бул турак жайдын атын улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин урматына жакшы ниет кылып койгонбуз. Аталган үйлөрдү 2020-жылдын май айына курулуш иштерин аяктап, кардарларыбызга өткөрүп бердик. Бүгүнкү күнгө чейин Кочкор-Ата шаарына, Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисине да үй салып, канчалаган жарандарды батирлүү кылдык. Учурда “Таунхаус” атында үч жерге үй салып, бул үйлөр да пайдаланууга берилген. Биздин курулуш компаниясы ушул кезге чейин өз ишмердүүлүгүбүздү ийгиликтүү жүргүзүп келебиз. Жалпылап алып келгенде “Таунхаус” турак үй менен 26 адам батирлүү болсо, 5 кабаттуу үйдөн 3тү, 7 кабаттуу үйдөн 1, 9 кабаттуу үйдөн 1ди бүтүрүп, биз курган үйдөн шаар аймагында 500дөн ашык жарандар жаңы конуштуу болушту. Мындан сырткары да жаңы 3 долбоордун алкагында буйруса дагы 500 адамды жаңы үйлүү кылуу максатында иш жүргүзүп жатабыз.

– Ч.Айтматов атындагы көп кабаттуу үй соттун чечими менен бузулуу коркунучуна кептелиптир. Чын эле үй бузулабы? Учурунда эмне себептен тиешелүү документ иштерине көңүл бурулбай калган?

– Көк-Арт кичи шаарчасындагы Ч.Айтматов атындагы көп кабаттуу үй 2019-жылдын 3-мартында АПШ (архитектурадан алынган документ) жана ИТШ (инженердик техникалык шарттар: газ, электр энергия, суу) алынып, ушул эле жылдын 16-декабрында мамлекеттик экспертизадан өтүп, 60 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулуш ишин баштаганбыз. 2020-жылдын май айында курулуш иштери толук аяктап, кардарларга берилген. Бул курулуш иштерине жалпы жолунан 1 миллион доллар каражат сарпталган. Ал эми жарандык авиациянын макулдугун 2021-жылдын 4-ноябрында Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун ишкерлерди колдоо багытында ишкерлер менен биргеликте жүргүзгөн аракеттеринин негизинде 2 миң метр радиус кыскартылган. Шаардык прокуратура бизди документтери жок, жарандык авиациядан уруксаты жок деп сотко берди. Мурда жарандык авиациядан өтүү деген болгон эмес. Биздин биринчи курулушубуз “Достор үйүн” курганыбызда жарандык авиациядан өтүү деген жок эле. Ошондуктан бул документи жок эле мурунку курулуштарыбыз курулуп келген. Ошондой көрүп Ч.Айтматов атындагы турак үйдү да баштап курганыбыз чын. Туура, курулуш башталганда жарандык авиациядан уруксат ала албай бир топ эле убара чеккенбиз, мындай абалга кептелген бир эле биздин компания эмес эле.2021-жылдын 11-ноябрында А.Байышбаевдин кол тамгасы менен талап кылынган жарандык авиациядан документти да алдык. Ага карабастан облустук сот да шаардын чечимин күчүндө калтырып коюп жатат. Негизи бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарындагы көптөгөн курулуш компаниялары жарандык авиациянын “Аэропорттун учуп-конуу тилкесинен 2 миң метр аралыктагы радиуста 14 метрден бийик имараттарды курууга болбойт”- деген талабынан жабыркап келет. Бул радиус менен эсептеше турган болсок, анда шаар аймагына таптакыр көп кабаттуу үй курууга мүмкүн эмес.

Бул “радиус” кайдан чыкты? –дегендерге, эсиңиздерде болсо, 2017-жылдын 16-январында Манас аэропортуна жакын жайгашкан Дача-Су участогуна самолёт кулап, канчалаган мекендештерибизден айрылганбыз. Мына ошондон кийин ошол учурдагы өкмөт Бишкек шаарын гана эске алып, калган аймактардын территориясын эске албай, ушундай чечимди кабыл алган. Мисалы: жер аянты боюнча Бишкек менен Жалал-Абадды салыштырып болбойт. Ал баарына маалым.

-Эми соттун чечимине келсек?

-Жалал-Абад шаарынын жана облустун соттун чечиминен кийин биз Жогорку сотко кайрылганбыз. Жогорку сот биздин келтирген өтүнүчтү канааттандыруусуз деп калтырды. Бул Жогорку соттун акыркы чечимин чыгарды дегендик эмес. Андыктан “Жогорку сот чечим кабыл алыптыр, үй бузулат”- деген сөздөн алыс болуңуздар. Биз буйруса Жогорку сотко даттануу жолдойбуз. Биздин колдо жарандык авиациянын уруксатынан баштап, башка тийиштүү документтердин баары бар. Мен учурда “ишкерлердин укугун колдогон, мыйзамдуу өлкөдө жашап жатамын” деп толук ишенгим келет. Жогорку соттун чечими буйруса оң тарабына чечилсе, андан кийин адилетсиз чечим чыгарган соттордун үстүнөн арызданабыз.

Учурда облустук соттун чечими да, шаардык соттун чечими менен калтыргандыктан сот аткаруучулар үйдү бузуу үчүн иш аракет жүргүзүү талабын коюуда. Биз аларга жооп катары бул иш Жогорку сотто каралып жатат деген токтомду алып келип, аны сот аткаруучуларга берсек эле бул иш токтойт.

Түгөлбай мырза, эгер Жогорку сот да шаардык соттун чечимин күчүндө калтырып койсо, кандай кадамдарга барасыз? Кардарларыңыздын абалы не болот?

Менин кардарым мамлекеттин жараны. Мен мамлекетте жеке ишкермин. Өз ишмердүүлүгүмө байланышкан мамлекеттик салыктардын баарын өз убагында төлөп, кардарларыма да бардык шарттарды жаратып, милдеттерибизди так аткарып бердим. Мен чиновник эмесмин. Элдин акын жебейм. Анткени өзүм чет мамлекетте бешене тер менен акча таап иштеп көргөм. Мен да Кудай сүйгөн пендемин. Аллах жолуна зекет да берип келем, андыктан ишенем бул үй бузулбайт. Бузулушуна эч күмөнүм, шегим да жок. Мындай кеп бар эмеспи: “Эгер бүтүн аалам сени жактырып турса, Аллах нааразы болгон болсо, бул иште кайыр жок. Эгер баары нааразы болсо, бирок Кудай Талаа сүйгөн иш болсо, анда мындан шек саноого болбойт”. Мен ойлойм бул жерде эч кандай чочулоо болбошу керек. Анткени мен элди алдап качып кетип жаткан жерим жок. Өзүм ушул Сузак районунун Кара-Булак айылынын тургунумун. Биз салган бул үйдө өзүбүздүн өнөктөштөр да жашашат. Негизи үйдүн түпкүлүгүндө бекемдиги бар.

Бирок сиз айткандай ар кандай кокустуктарга даяр турушубуз керек деңизчи. Эгер Жогорку соттон да чечим биз тарапка чечилбей калса, мамлекет үйдү бузууга милдеттендирет. Мен аны бузбайм, ошондо бизге штраф салат. Маселе ошондо токтойт. Мен бүгүнкү күндө миллион доллар табуу мүмкүнчүлүгүм бар. Билимим бар. Эл менен мамиле кыла алам, элди талаага таштабайм. Кайрадан турак үй куруп берүүгө толук мүмкүнчүлүгүм жетет. Башка жакта курулуп жаткан үйлөрүбүзгө болсо да жайгаштырам. Анткени кардарларымдын мигрант болуп кантип акча таап жатышканын жон терим менен туям, түшүнөм.

-Бул иштен кандай тыянак чыгардыңыз?

-Бул иштер мага келечекке сабак болду. Мындан ары да бардык иштерде терең көңүл бурулат.

Маектешкен: Аэлина АЛИШЕРОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17