Аймак

Поэзия ыргактар. КАКШАП КАЛГАН СЕЗИМДИ, СҮЙҮҮ ГАНА ЖЫЛЫТАТ…

Поэзия ыргактар. КАКШАП КАЛГАН СЕЗИМДИ, СҮЙҮҮ ГАНА ЖЫЛЫТАТ…

 1,488 Бардыгы /

Шекербек Калыков Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Бай-Мундуз айылында туулган. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Чыгармачылык эмгек жолу Базар-Коргон райондук “Эмгек жалыны” гезитинде башталып, андан кийин республикалык “Аалам”, “Жаңы Ордо” эркин гезиттеринде иштеген. Учурда кыргыздын туңгуч басылмасы “Кыргыз Туусу” гезитинде башкы редактордун биринчи орун басары кызматын аркалап келе жатат. Ошону менен бирге поэзия дүйнөсүндө да өзүнүн стили менен ыр саптарын жаратып келүүдө.

Редакциянын жамааты, Шекербек Калыковго чыгармачылык эргүү каалоо менен бирге, поэзия дүйнөсүндөгү өзгөчөлүгү менен окурман журттун жүрөгүнөн орун таба беришине тилектешпиз.

ЧЫПАЛАКТАЙ САПТАР

Мейли чыксын, эрким байлаар бир өкүм,

Алмаштырбайм дүйнө-мүлккө… миң өтүн…

Туулган жердин сүрөтүн.

***

Кийип жүргөн күнгө күйгөн чапанын,

Карыялар суюлууда катарың…

Көңүл чөгөт, капамын.

***

Канжыгага байлап алып үмүттү,

Капарга илбей кайгы-капа, күйүттү…

Ойлоп жалаң күлүштү.

***

Тээ кырдагы кароол өңдүү карааны,
Карт тарыхтын кылымга дос дарагы…
Элестетет бабамы…

***

Бай түп дарак бороон менен элдешпей,
Баштап барат, кол башчыга теңдештей…
Теректери желдеттей…

***

Душман калбай, мүлдө, түгөл достошсо,
Кек сактоону, көз артканды токтотсо…
Гүл өстүрмөк космоско…

***

Уурдады өмүр-жашты уйкуң дагы…
Убайым тартат таңдан чый-пый жаны.
Короздун кыйкырганы…
***

Мезгил – тулпар, токтотконго барбы арга?

Болду кетти… миң суранып, жалбарба, 

Жаштык өткөн балдарга…

***

Мезгил өжөр, өктөм тура ашынган,

Балалыгым издейм, таппай башым маң…

Бедезарга жашынган.

***

Таберигим… түк сездирбейт ооруну,

Табы жылуу,  сылагансып жонуму…

Апакемдин жоолугу…

***

Бал аарынын, кандай укмуш мээрими?..

Соруп койсо атыр гүлдү – перини, 

Чыкты албырып эрини…

***

Үзүлүүдө кезек менен,
Күз өкүмү тарады.
Желге калкыйт сапар карып,
Жайдак калып дарагы.
Сезилди маа жалбырактар,
Календардын барагы…

***

Тып-тып тамган тамчылары,
Түбү барып таш жарат.
Түн уйкусун кечип коюп,
Күкүк байкуш какшанат…
Cырдашчудай аруу түндө,
Бир тилим Ай баш багат…

***

Жер шарынын бир четинде,
Отурасың сыр чечип.
Глобуска тигилгенде,
Жүрөк чиркин, «тырс» этип…
Карегиңди жипсиз байлайт,
Карагаттай бир чекит…

***

Билем тууган, алыстасың,

Бирде ысып… үшүдүң…

Бардар жашоо көздөн учуп,

Багын көрдүң күчүңүн…

Баш бербеген дөбөт болду,

Борсулдаган күчүгүң…

—————————————

Кучак жайып тосуп алат бак-шагы,

Айыл тургай… чайнегичи жап-жаңы,

Бийлейт чиркин, капкагы.

***

Аңкоолору жалкоолорун алдаган…

Булбул байкуш, акыл сурайт каргадан…

Атың өчкүр, зарзаман.

***

Бир атадан жаралган,

Бирөө эле тамыры.

Бирин-бири жактырбай,

Түк жок эле сабыры…

Катар баспай өмүрдө,

Катар жатат кабыры.

***

Көз көргөнгө талпынба,

Көөдөнүңөн сезип уч.

Калп айтпайт ал, эгерим,

Жүрөгүңдүн көзү курч.

—————————————–

Мынча жумшак, мынча жылуу колдоруң,

Магнитпи?.. Сезимимди коргодум…

Бир “дүрт” этти борборум…

***

Кыягымдын таңшыйт обон-күүлөрү,

Кыялымда чарк айланам дүйнөнү…

Ким болду экен сүйгөнү?..

***

Карегиме чөгүп турат гүл өңүң,

Карап койсоң куйкаланып жүрөмүн…

Катаал экен жүрөгүң…

***

Күн ойготсо алкымыңан өпкүлөп,

Көкүрөгүң көкөлөйт ов, көк тиреп…

Кылгырганың өлтүрөт.

***

Күлгөнүңдөн жахан шаңга бөлөнүп,

Кирпик-жебең как жүрөккө төнөлүп…

Турам алсыз жөлөнүп.

***

Мелт-калт болгон чөйчөгүндөй бактынын,

Махабатты эске салган жакшы ырың…

Менде жүрөт ак чының.

***

Карыз өңдүү кетпей такыр санааңан,

Шарап сымал өнө бойго тараган…

Эсиңдеби, ал адам?..

***

Терезеңде бүл-бүл жанган чырагың,

Терметкендей, сенин күлгүн курагың…

Дале тиктеп турамын.

***

Бул дүйнөгө бир жаралып калганың,

Теңир жалгап, мага түйшүк салганың…

Билесеңчи эх, жалжалым.

***

Жатып алып көк майсаңга чалкаман,

Эрдемсиймин, “мен турганда калк аман”…

Карегиңден жалтанам.

***

Жамалыңа жаз жашынып бүрдөгөн,
Жан дүйнөгө салдың эркем, дүрбөлөң…
Жайнап ачкан гүл белең?
***

Калкыйм көктө… бири элем экинин,
Илип алды… катаал экен өкүмүң…
Кайырмактай көкүлүң…
***
Кашың серпсең, атыламын жаа болуп,
Карайлаймын кээде жеңил баа болуп…
Калкалап кал, шаа болуп.

———————————————————

Ачуулугу ай, ачыркантат таң атпай,

Алкап койсоң, балдай ширин набаттай…

Чиркин, сөзүң шараптай.

***
Аалам “солк” деп, аз калганда күйгөнү,
Аруу сезим чечип сырдуу түймөнү…
Сактап калдык дүйнөнү.
***
Дене-мүчөң куп келишкен кайыңсың,
Бул жашоону жарык кылган айымсың…
9- Майымсың!..
***
Сыртта ак кар, ичте алоо жап-жалын,
Коюу түндү кубалаган ак таңым…

Ызгаардагы аптабым…
***
Чарт-чурт этип от алганда кыялың,
Каатчылык башталганын туямын…
Сураба эми, быягын…
***
Ураан кылып өз атыңды жар салам,
Узак жолдо араба бар чарчаган…
Сенсиз кантип тарталам?..

***

Көңүл чайыт, дилде намыс-ар барда,

Дүйнөң түгөл үйдө сүйгөн жар барда…

Жашоо чиркин, парварда…

————————————————–

Үрөң-бараң, таң пардасын ачкансыйт,

Улуу тоолор улуу ойду каткансыйт…

Атам уктап жаткансыйт…

***

Көлөкөдө балдар ойноп жатканга,

Эргийт дарак, кан жүгүрүп шактарга…

Кучак жаят асманга…

***

Жаш кыскарды… көлөкөлөр узарып…

Уялгансыйт… күн кылаят кызарып…

Жатканыма узанып…

***

Эми кайдан…  ал күндөргө жетпесмин,

Жүрөк «болк» деп, балалыгым эстеттиң…

Коңгуроосу мектептин…

***

Мурутуңа муз тоңуп,

Ызгаар согуп жүдөтсө.

Күлүңдөтүп көздөрүн,

Көктөм келер күн өтсө…

Муңайба дос, муңайба,

Муз тоңбосун жүрөккө.

***

Кайдыгерлик бет келсе,

Жумуп коём көзүмдү.

Аруулукка жол издеп,

Таппай калам сөзүмдү…

Билип туруп бар сырым,

Жеңе албадым өзүмдү.

***

Ыйыктыгы ушунда,

Пейли таза, ыры шат.

Өзөгүңө өрт коюп,

Өнө-бойду муютат.

Какшап калган сезимди,

Сүйүү гана жылытат.

————————————————

Ойт бере албай, көз жайнап күлүңдөдү,

Опколжутту… кан кызып жүлүндөгү…

Олоң чачың мүрүмдөгү…

***

Жүрөгүң муз жылгаяк тайгаланам,

Аязың бар каректи саймалаган…

Баары бир арбап алам…

***

Убакыт жыла баскан,

Билбепмин кастыгыңды.

Мезгилди күтө берип,

Уурдаттым жаштыгымды.

——————————————-

Жакшылар көп, жанга сүйкүм,

Күндө көрөм, кезигем…

Кайдан чыгат макулуктар,

Күлүп-жайнап көзүнөн?..

Ушак кепке упа сүйкөп,

Уу жасаган сөзүнөн.

***

Бакыт эмес күндө күмүш тапканы,

Бакыт деген, булбул сайрап бактагы.

Ар бир таңдын атканы…

———————————————————

Тангам баарын… болгум келбейт ээрчиме…

Тапан жүрөк, баш ийбеди эркиме…

Туралбады шертине.

***

Бал сезимди канча катам үкүктө?

Болду жетет… бугум кайнап түтөтпө!..

Бүгүн чыгам пикетке…

————————————————————–

Кайран күндөр… көөдөнүмө толот бук,

Жаштык кезди күлкү-шаңга ороп бүт.

Стакандап короттук…

***

Вальс бийлейт бариктери жалт карап,

Булбул таңшыйт, шаңга муюп чар тарап…

Сахнасы карт дарак…

***

Тааныш мазар…

Көз алдымда кабырлар.

Тааныйм баарын,

Эске түшөт жаш чагым…

Айылымдын боз балдарын,

жаштарын…

Тааныбаган чактамын.

***

Актан мейли, миң кубулуп жалган айт,

Адамдар эй, айтар сөзүң тандап айт…

А көздөрүң алдабайт.

—————————————–

КҮЗ КАЙРЫКТАРЫ

Август  соңу, таңкы супа,

Айдарым жел ойнойт түздө.

Астанамдан абай чыгып,

Айткансыды, «Үмүт үзбө»…

Табы жылуу саратаным,

Төр бошотту алтын күзгө.

Жасанышып бак-дарактар,

Гүлпар көйнөк кийип турат.

Жүзүмзарлар энелердин,

Эмчегиндей ийип турат…

Колко кылбай кызматын эч,

Көктө күнүм тийип турат.

Жалбырактар түркүн түстүү,

Жайнап күлгөн бурак кыз.

Добул жулган бутактарын,

Жалгыз дарак турат суз…

Жайды узатып таң азандан,

Тереземде турат күз.

Тоодон муздак шамал согуп,

Шаңшыйт көктө боз түлөк.

Миң кулпурган табийгатка,

Ээрийт чиркин, муз жүрөк…

Токчулуктун тонун кийип,

Күңгүрөнүп күз жүрөт.

***

Жай турмушта бут тоскон,

Ушак сөзгө кейидим…

Кыйын кезде тик турган,

Бир сонун да, пейилиң…

***

Бул жашоонун түйшүгүн,

Эмгек менен таарыган…

Майда чайнап тапканын,

Коркпойт турмуш каарынан.

Шашпайт, бирок… жашоодо,

Оозуп келет баарынан.

——————————————————–

Cүйлөй келсек, акылдуубуз – Бакайбыз,

Ак үй көрсөк, чабуул койгон Чапайбыз…

Качан ты-ып тынч жашайбыз?…

***

Мыгын койбой, талап-тоноп качышат,

Мансап үчүн акча аябай чачышат…

Абактарда жатышат…

——————————————————–

Уланар деп абалкынын жомогу,

Ай шыкаалайт… түндүн болдук коногу…

Отуз жаштай болобу!..

***

Иши кылып, мансап десе алып учат,

Иши түшсө, итиңе да жалынышат…

Ишенгендер жаңылышат.

***

Кантем эми?.. Жапа чегип, така желип,

Тандаган саясатчың сака делип…

“Жеш” боюнча академик.

——————————————

Бир алпейим сезим оройт,

Эстейм… канча кеч кирди…

Күлгүн кезим көзгө элестеп,

Кыял жортуп, эскирди…

Баргым келет, санаам тынбай,

Эңсегендей СССРди.

***

Айылымдын шыбак жыттуу талаасы,

Мөлтүр суусу, айдарым жел… абасы…

Кусалыктын дабасы…

***

Эх, досторум, узун-кыска… сарысы…

Куйкум сөзү, каткырыгы… баарысы.

Сагынычтын дарысы…

————————————————————-

Булак ырчы, жамгыр жазган обонун,

Табийгаттын тыңшап сырдуу жомогун.

Күздүн болдум коногу.

***

Шум заман эй, нарк-насилди жалмап кетти,

Таратты ыркты бузар калмаккепти.

Үмүттү алдап кетти.

***

Шум заман эй, тегиз тийбей жарык сынды.

Жойпу сөз төрдү ээлеп… анык чынды,

Унчукпас балык кылды.

***

Шум заман эй, пикетиң мода болду,

Кызматың кол жоолуктай соода болду…

“Кет!” -деген ода болду.

***

Шум заман эй, кашаңды тулпар деген,

Карганы каркылдаган шумкар деген…

Бүлүндүргөн бунтарь белең?

 ————————————————

АДЕМИ КООЗ ҮЙЛӨР КӨРДҮМ

Адеми кооз үйлөр көрдүм,

Көркү дешет калаанын.

Адамдары шектүү карайт,

Текке кетет саламың.

Мындагылар озуп кеткен,

Биз үлгүрбөй кечиккен…

А дубалы асман тирейт,

Аңдыйт бир көз тешиктен.

Купуялуу сыр катылган,

Сөз таппаймын күймөлө.

Жаттап алып жашашкандай,

Жасалма бир дүйнөдө.

Ит ээрчиткен адамдар көп,

Сени менен иши жок.

Чын пейилден кобурашып,

Чер жазышар киши жок.

Кошуналык мээрим өлгөн,

Көмүп салган бетонго.

Кире албайсын чакырса да,

Күнүң түшөт жетонго.

Чаң сапырып, көчө таптаар,

Күлкүсү жок баланын…

Адеми кооз үйлөр көрдүм,

Көркү дешет калаанын.

Шекербек КАЛЫКОВ, Бишкек шаары   

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17