Аймак

Адылбек АКМАТОВ: “БИЗ ЭКОНОМИКАЛЫК КААТЧЫЛЫКТЫ 2003-ЖЫЛЫ ЭЛЕ БАГЫНДЫРГАНБЫЗ!”

Адылбек АКМАТОВ: “БИЗ ЭКОНОМИКАЛЫК КААТЧЫЛЫКТЫ 2003-ЖЫЛЫ ЭЛЕ БАГЫНДЫРГАНБЫЗ!”

 2,559 Бардыгы /

Бүгүнкү экономикалык каатчылыкка карабастан Баткен облустук “Баткен таңы” гезитинин нускасы уламдан-улам өсүп гана баратат. Журналисттерге дагы мурункудай эле калем акы жана маяна бирдей шартта төлөнүүдө. Мунун негизги сыры эмнеде? Чоо-жайын аталган басылманын башкы редактору Адылбек Акматовдон кенен-чонон сураштырдык.

– Адылбек мырза, экономикалык каатчылык кезеңинде “Баткен таңы” гезити дагыле чыгып жатабы? Канча нускада? Каяктан басылып жатат?

– Алишер мырза, биз экономикалык каатчылыкты 2003-жылы эле багындырганбыз! Ошол жылы кадрлардын таңкыстыгынын кеспетинен “Баткен таңы” гезити 500 миң сомдон ашык карызга батып, ишин аргасыздан токтоткон экен. Мен анда КТРдин аймактык кабарчысы кызматы менен кошо эле губернатордун басма сөз катчысы болуп дагы иштечүмүн. Ошондо облустун жетекчиси мени өзүнө чакырып, “Баткен таңын” кайрадан чыгаруу боюнча катуу тапшырма берип, а түгүл мени башкы редактор кылып дагы дайындаган эле. Облус жаш, жалгыз гезиттен башка жаш административдик аймактын маалыматтык каражаты жок мезгилде “Баткен таңын” түптөө милдети мага жүктөлдү.

Мен команданы Бишкектен бери араң чогултуп, 2004-жылы облустук гезиттердин арасынан биринчи болуп, биз түстүү форматта Бишкектен “Баткен таңы” гезитин чыгара баштадык. 2005-жылы 500 миң сом карызга баткан гезитибиз ушул тапта кирешелүү тармакка айланып, өзүн-өзү каржылоого өттү. Ошондо бардык облустук гезитте иштеген коллегаларым” “Кантип эле Баткенде туруп, түстүү форматта гезит чыгарып жатасыңар?” деп абдан таң калышкан.

Нускабыз ушул тапта 7 миңден ашып, а түгүл “Баткен таңы” “Жетиген” журналы сыяктуу эле журнал түрүндө дагы чыгып турду. Кийинчерээк, өзүңүз жакшы билесиз, 2019-жылы райондук гезиттер катарынан жоюлуп, ал эми облустук ТВларга кошкондон кийин гезиттердин абалы дагы ого бетер оорлошуп кетпедиби. “Гезитти эч ким окубайт. Соцтармактар менен иштеш керек! Азыр ТВнын заманы!” дешип, мурдагы Өкмөт өзүнүн токтому менен жойгондон кийин, абал чындап эле татаалдашып кетпедиби.

Ушул тапта 4 миңден ашуун нуска менен ар жума сайын 16 беттен басылып чыгабыз. Бишкек шаарындагы ММКларды колдоо борборунан түстүү форматта дагы деле чыгып жатабыз. Бирок, адилеттүүлүк үчүн айтып коюум парз! “Гезиттер модадан калды. Эми эч ким окубайт!” дегендер терең жаңылышат. Анткени, гезит – бул архив жана тарых! Эгерде керек болсо улуттун алиппеси дагы! Бул өңүттө, мен учурдан пайдаланып, азыркы Президентибиз Садыр Жапаровго жалпы облустук гезиттердин редакторлорунун атынан терең ыраазычылык билдирем. Себеби, мамлекет башчыбыз облустук гезиттерди облустук ТВдан өзүнчө бөлүп, кайрадан өз алдынча иштөөгө ыңгайлуу шарт жаратып отурат. Ушул тапта биз гезиттерди кайрадан каттоо иштерин дагы жүргүзүп жатабыз. Буюрса, өлкө башчынын колдоосу аркасында быйылкы жылы өз алдынча мекеме катары иштей баштайбыз.

– Айтмакчы, басма чыгымдарын эмнелердин эсебинен төлөп жатасыздар?

– Бизди облустук ТВларга кошконго чейин өзүбүздүн чарбалык эсептен басма чыгымдарын төлөп келгенбиз. Ошол эле учурда басмакана бизден 800 миң сомго чейин карыз болуп турган болсо, бүгүн кайрадан бөлүнгөндөн кийин биз, тескерисинче, ошончо карыз болуп турабыз. Азыр бөлүнүү жараяны жүрүп жатканда, бул каражатты мамлекеттин эсебинен Маданият, маалымат спорт жана жаштар министрлиги төлөп берүүнүн кепилдигин алды. Мактангандык эмес, бирок, айтып коюум парз! Негизи биздин “Баткен таңы” гезити республикабыздагы эң мыкты жана көп нускалуу гезиттердин катарындабыз. 2017-2018-жылы абройлуу серепчилердин тандоосу аркасында өлкөбүздөгү эң мыкты аймактык гезит деп табылганбыз. Азыр дагы ошол эле нукта гана баратабыз.

– Баса, мурункудай гезитиңиздерге жазылгандар дагы эле бардыр? Анан дагы рынок талабына ылайык киоскилерде деле сатылабы?

– Биздин гезитке 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында 4 миңге чукул окурман жазылды. Мындан тышкары заман талабына жараша гезит күркөлөрүнө дагы чыгарабыз. Жогоруда айттым го, 2019-жылдагы аймактык гезиттерди реформалоо саясатынан улам, биздин эле “Баткен таңы” эмес, башка облустун гезиттерин дагы нускасы кескин түрдө азайып кеткен. Буюрса, биз кайрадан гезиттин нускасын бара-бара 7 миң эле эмес 10 миңге чыгарабыз деген асыл тилегибиз бар. Бул максатты жүзөгө ашыруу үчүн, албетте, окурмандын жүрөгүнө жетээрлик, же алар издеп окуй турган материалдардын үстүнөн такай иштегенибиз оң!

Муну үчүн өзүбүздүн фейсбук баракчабыз дагы бар. Күн сайын социалдык тармактардан көрүп турсаңыздар керек. Мындан тышкары ютуб каналыбыз бар. Кечээки Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалды биз КТРдан дагы, ЭлТРден дагы мурда ошол саат жана дал ошол мүнөттө түптүз берип турдук. “Заман ушундай!” деп бир эле гезит деп отура берсек, маалыматтын ыкчамдыгы жана актуалдуулугу жоголот эмеспи.

– Эгерде жашырын болбосо, редакцияңыздарда канча кызматкер эмгектенет? Буларга калем акы, ошондой эле адаттагыдай маяна дагы төлөнөбү?

– Ооба. Кызматкерлерибизге адаттагыдай эле калем акы төлөйбүз. Кадимкидей маяналарын дагы убагында гана алып турушат. Өткөн жылы апрель айында Президенттин жарлыгы менен эмгек акыларыбыз 100 пайызга көтөрүлдү. Муну үчүн, албетте, дагы бир жолу өлкө башчысына чоң рахмат! Ал эми бүгүнкү күндө биздин редакциябызда 15 кызматкер талыкпастан эмгектенет.

– Деги гезитиңиздерде көбүнчө кайсыл өңүттөгү материалдар көбүрөөк жарыяланып турат?

– “Баткен таңы” – Баткен жергесинин турмушун чагылдырган жападан жалгыз гезит. Бизде чек арага байланышкан маалыматтардан тартып аймактагы бардык шыбыр эткен жаңылыктарды биринчи биз беребиз. Өзүңүз жакшы билесиз, Баткенде төрт жолу коогалаңдуу согуш жүрбөдүбү. 1999-2000-жылдары, андан кийин 2021-2022-жылдардагы Тажик аскерлеринин агрессиясы өңдөнгөн олуттуу окуялардын бардыгы биздин гезитибизде тарых жана архив катары түбөлүккө сакталып калат. Мындан тышкары таш менен урушкан чек ара жаңжалдарынан тартып автомат менен атышкан окуялардын бардыгы тең гезитибизде сүрөттөрү менен өз маалында акыйкат чагылдырылып турду.

Бир сөз менен айтканда, Баткен облусунун 24 жылдык тарыхы гезиттин ар бир санында так маалыматтар менен дапдаана жазылган. Азыр бааланбаса дагы, “Баткен таңы” гезитин кайсыдыр бир күнү баары баалашат. А түгүл тарыхчылар жана окумуштуулар издеп келишерине мен бөркүмдөй ишенем!

– Баса, гезитиңиздерде сын материалдар басылабы? Буларга жогорку жана жергиликтүү Бийликтердин реакциясы канчалык?

– Ооба, орундуу болсо сын материалдарды сөзсүз түрдө жарыялайбыз. Анан дагы ар бир сыныбызга бийлик тарабынан сөзсүз реакция жасалат. Муну болбосо болтурганга дагы катуу аракет кылабыз. Бир сөз менен айтканда, биз сындадыкпы, сөзсүз жообун дагы кошо алабыз.

– Адылбек мырза, генерал-губернатор Абдикарим Алимбаев менен мамилеңиздер дурус элеби? Зарылчылыкка жараша бул аймак жетекчиси Сиздерге, журналисттерге, жетиштүү колдоо көрсөтүп турабы?

– Сиз мыкты билесиз да. Мен Баткен облусу түзүлгөндөн баштап, азыркыга чейин бир гана маалымат тармагында үзгүлтүксүз иштеп келатам. Буга дейре бир эле губернаторду эске албаганда, калган бардыгы менен аябай жакшы ийиндеше иштештим. Ал эми генерал – губернатор Абдикарим Карбекович менен дагы өтө жакшы мамиледемин. Бул кишини Баткен жергесинде чек ара кызматында иштеп жүргөндөн бери билем. Гезитке дегеле массалык маалымат каражаттарына жакшы жана абдан калыс мамиле жасап келатат.

Кепке тарткан: Алишер Токсонбаев, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17