Аймак

Мирбек ЧОКОЕВ: “АЙМАКТАРДЫ ИРИЛЕШТИРГЕНДЕ, ЭКОНОМИКАБЫЗ ӨЙДӨЛӨЙТ!”

Мирбек ЧОКОЕВ: “АЙМАКТАРДЫ ИРИЛЕШТИРГЕНДЕ, ЭКОНОМИКАБЫЗ ӨЙДӨЛӨЙТ!”

 2,382 Бардыгы /

Соңку тапта Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда аймактык-административдик реформа абдан кызуу жүрүп, чакан айыл өкмөттөрүн бара-бара чоңураактарына катарынан кошуп – андан ары ирилештирүү жараяны абдан күчөдү. Муну биз эң алыскы жана дагы бийик тоолуу Алай районуна сапарлаганыбызда дагы даана байкадык. Ошондуктан, бул жолку маектешибиз – Алай районуна караштуу Бүлөлү Айыл Өкмөтүнүн башчысы Мирбек ЧОКОЕВ.

  • Мирбек мырза, сак-саламатсызбы? Айыл өкмөтүңүздөрдүн чакан

экендигине караганда, Сиздердин бюджетиңиздер деле ченелүү өңдөнөт, эй?

  • Ананчы! Бүлөлү айыл өкмөтүнүн быйылкы бюджети 17 585 000 сом

болуп бекитилген. Мунун ичинен 13 499 000 сом – республикалык теңештирүү гранты. А өздүк кирешебиз – 3 735 000 сом. Атайын каражатыбыз – 315 000 сом. Болгону ушул.

  • Айыл өкмөтүңүздөрдүн бюджетине эмне салыктар чегерилбейби?
  • Кантип? Сөзсүз чегерилет. Тамаркадан – 17 000, ыктыярдуу патенттен

– 27 100, айыл чарба багытындагы эмес аянттардан – 8200, кирешеден – 1 880 000, кыймылсыз мүлктөрдөн – 4200, автоунаалардан 120 000, мобилдик байланыштардан 57 000, жайыттарды пайдалануудан – 81 950 сом таптык.

  • Бүлөлүктөр деле акыры таза сууга жалчыгандыр?
  • АРИС тарабынан Чоң-Бүлөлү айылына таза суу түйүнү тартылып,

акыры пайдаланууга деле тапшырылды. Бул жумушту бүтүндөй  “Уста” компаниясы 17 миллион 266 миң сомго сапаттуу гана бүткөрдү. Ал эми мындан ары Кичи-Бүлөлү жана Кошулуш айылдарын дагы таза суу менен камсыз этилет. Дал ушул  максатта ошол эле “Уста” компаниясы тендерден утуп, керектүү документтерин бүтүрүп, октябрда жумушун абдан кызуу баштады.

  • Санариптештирүү деле Сиздерди кыя өтпөгөндүр?
  •  Санариптик аймакка калкыбыздын – 83 пайызы, ал эми кожолуктун –

68 пайызы дээрлик кошулду. Буга улай айыл өкмөтүбүздүн бардык кызматкерлери Е-кызматынын тутумуна кошулуп, инфадокска бүт компьютерлерибиз туташырылды.

          Мындан тышкары малдарды идентификациялоо дагы дээрлик аяктоо алдында турат. Жылкыларыбыздын 95 пайзына чип басылды. Ал эми бодо малдарыбыздын  95 пайызына дагы бирка тагылды.

  • Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык контракт” долбоорунан Сиздер

деле сыртта калбасаңыздар керек?

  • Албетте! Кыргыз Өкмөтүнүн “Социалдык контракт” долбоорун

ылайык Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагындагы алты үй-бүлөгө 100 миң сомдон таратылган эле. Булардын баары мынча каражатка мал сатып алышып, тез эле ирденип кетишти.

  • Кудайга шүгүр, Бүлөлү деле жеке ишкерлерден куру эмес.

Кааатчылык заманда алар деле жердештерине алынын жетишинче каралашып аткандыр?

  • Пиримов коомдук фонду беш жердешибизге 75 миң сом акчалай

жардамдашты. А түгүл аз камсыз этилген он мектеп окуучусун форма жана окуу куралдары менен дагы камсыз этти. Ал эми дагы бир жердешибиз Улан Маматибраимов эки үй-бүлөгө оокатын тыңдап алыш үчүн өз эсебинен тай тартуулады.

          Мындан тышкары айтылуу Аравия мамлекети 27 үй-бүлөнүн ар бирине 3500 сомдук азык-түлүк таратты. Буга улай “Нур-Тамчы” кайрымдуулук фонду өтө мукурап турганыбызда 12 окуучубузга мектеп формасын дагы кийгизди. Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасына эки долбоор өткөргөн элек. Турмуш-шарты абдан начарларга жакын арада жетиштүү ун жана май дагы таратабыз.

  •   Көз тийбесин. Аймагыңыздар абдан эле кооз экен! Анан суусу

дагы өтө мол турбайбы. Эмнеге Бүлөлүгө туристтерди байма-бай тартып, кошумча каражат таап, ошондой эле чакан ГЭС деле курбайсыздар?

  •  Эң эле туура баамдапсыздар. Жаратылышыбыз ажайып! Тим эле

көргөндүн көз жоосун гана алат. Ошону үчүн биздин деле Бүлөлүгө инвестор тартуу аракетибиз абдан күч! Мындан тышкары мобул Бүлөлү дарыясына чакан ГЭС куруу дагы биздин  ниетибизде бар. Ошондо бүгүн кендирибизди куп гана кесип жаткан электр энергиясына анык жарыйбыз. Буга дагы, ошентип,  инвестор гана издештирип жатабыз. Ушул эле өңүттө Бүлөлү-Гүлчө автоунаа жолуна асфальт басып, ал эми ички жолдорубузга шагыл төшөп атабыз. Анткени, жергебизге инвесторлордун атайылап келишине дагы өзүнчө өбөлгө жаратканыбыз оң.

  • Мирбек мырза, соңку тапта Кыргызстанда Аймактык жана

административдик реформа абдан активдүү жасалып, а түгүл кичине аймактарды, мисалы, чакан айыл өкмөттөрүн, район-шаарларды кошуу – ирилиштерүү жышааны башталбадыбы. Сиздин баамыңызда, мындай аракет деги үзүрүн берчүдөйбү?

  • Алишер мырза, биринчиден, чакан айыл өкмөттөрүн, район-

шаарларды кошуу, ирилештирүү – бул мезгилдин гана өктөм талабы. Бул жерде мыкты реформаны бөйрөктөн шыйрак чыгарып, ашкере саясатташтыруунун дегеле кажети жок! Экинчиден, дал ушул ирилештирүү реформасынын аркасында өлкөбүздүн экономикалыкк кудуретин дагы ого бетер жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлүп олтурат. Мунун эмнеси жаман!?!

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

          Ош облусунун Алай районуна караштуу Бүлөлү айыл өкмөтү Кошулуш, Кичи-Бүлөлү, Көл-Чаты жана дагы Чоң-Бүлөлү кыштактарынан куралган. Аймакты ушул тапта 510 кожолук, 2262 киши байырлашат. Айыл өкмөтүнүн аймагында 3 орто мектеп, 2 балдар бакчасы, ФАП жана ФП, ошондой эле жалгыз китепкана калкка кызмат көрсөтүп келатат.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17