Аймак

ОШТО ЛИФТТЕН ОНДОГОН КИШИ КАЗА ТАПТЫ

ОШТО ЛИФТТЕН ОНДОГОН КИШИ КАЗА ТАПТЫ

 1,161 Бардыгы /

ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасында лифт аварияга учурап, анын ичиндеги адам каза тапты. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. Баса, көз жумган адам ошол үйдү курган компания менен келишимдик негизде эки айдан бери лифт оңдоп иштеп жүргөн.

Маалыматка караганда, кырсык жаңы эле курулуп бүткөн көп кабаттуу үйдө жүз берди. Аталган үйдүн лифти ылдый катуу түшүп, ичинде бир адам калып калган. Кырсык болгон жерге милиция барып, лифттин ичинен эркек кишинин сөөгүн тапты. Тергөөнүн жүрүшүндө анын Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну экендиги аныкталды. Көз жумган киши ошол үйдү курган компания менен келишимдик негизде эки айдан бери лифт оңдоп иштеп жүргөн экен. Маркумдун артында үч баласы калды.

Ушул тапта тергөө жараяны абдан кызуу жүрүп жаткан чагы.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17