Аймак

Батина ТОКОБАЕВА: “ЖАКЫРЧЫЛЫК ДЭЭРЛИК 44 ПАЙЫЗГА ТӨМӨНДӨДҮ”

Батина ТОКОБАЕВА: “ЖАКЫРЧЫЛЫК ДЭЭРЛИК 44 ПАЙЫЗГА ТӨМӨНДӨДҮ”

 2,277 Бардыгы /

Дасыккан адис Батина ТОКОБАЕВА Жалал-Абад облусунун борбору Жалал-Абад шаарындагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгын жетектөөчү. Быйыл январь айында ротацияланып, Ош облусунун Алай районундагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилигине дайындалды. Ал кабарчыбызга курган маегинде Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли 80 пайыздан дээрлик 44 пайызга төмөндөгөндүгүн шардана кылды.

  • Батина айым, административдик реформа талабына ылайык үч

түзүмдүн (Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция) бириктирилиши натыйжасын, мындайча айтканда, үзүрүн берчүдөйбү?

          – Менимче, туура түшүнгөн адамга аталган үч түзүмдүн вазийпасы таптакыр башкача, мындайча айтканда, бири бирине таптакыр эле коошпойт! Демек, буларды мажбурлап бириктирбестен, мурунку эле калыбында кармасак, албетте, мындан баарыбыз тең утмакпыз. А азырчы? Туташтырганыбыз менен, дагыле штат жетишпейт.

          – Баса, бийик тоолуу Алай жергесинде жакырчылык деңгээли канчалык даражада экен? Анан калса, Сиздер кырдаалга үзгүлтүксүз монторинг (байкоо) дагы салып турасыздарбы?

          – Туңгуч президентибиз Аскар Акаев кезинде Кыргызстанда жакырчылык деңгээли 80 пайыз экендигин шардана кылганы бар. Муну эч ким унута элек. Албетте, агезде – эгемендүүлүктүн  алгачкы жылдарында жашоо-шартыбыз, чындыгында, абдан катаал эле. Анын үстүнө калкыбыз дагы рынок шартында жашап көрбөгөндүгү оор кесепеттерин тийгизбедиби…

          А азырчы? Биздин туруктуу жүргүзгөн мониторингибизге караганда, кедейчиликтин көрсөткүчү дэээрлик 44 пайызга төмөндөдү. Көз тийбесин! Бирок, бул – мыкты көрсөткүч! Демек, ушундан улам президентибиз Садыр Жапаровдун, премьер-министрибиз Акылбек Жапаровдун азыркы социалдык саясатына жогорку баа берсек эч жаңылышпайбыз.

          – Айтмакчы, алыскы аймакта үй-бүлөлөрдү жана балдарды дагы коргоо жагы деги кантти экен?

          – Албетте, бул өңүт биздин такай көзөмөлүбүздө. Фастердик үй-бүлө түзгөнгө бекем ыктадык. Анткени, булар турмуш-шарты абдан оор, ата-энеси  ичкилик ичип кетишкен, же болбосо таптакыр эле кароосуз калышкан балдарды багып келатышат. Азырынча ушундай 10 үй-бүлө гана күттүк. Алгачкы натыйжасы жаман эмес! Зордук-зомбулук, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмышка аралашуусу дээрлик азайгансыды.

          – Бул турмушта аша чаап жанынан кечкендер дагыле бардыр?

          – Эки бала суицид жасоого далбаса жасады. Тилекке каршы, бирөө өлүп тынды. Ал эми экинчисинин өмүрүн сактап калганга биз үлгүрдүк.

          – Жөлөк пул алышкандар заманыбызга жараша кыйла элен азайгандыр?

          – Жо-жок! Былтыр 2700 үй-бүлө жөлөк пул алышчу. Ал эми быйыл булар 2300гө дейре төмөндөдү.

          – Мамлекеттик жөлөк пулдарды жана дагы социалдык кепилдиктерди чегерүүдө дагыле мурункудай коррупция, тааныш-билишчилик өкүм сүрүп жаткандыр?

          – Кесе айтайынчы! Мамлекеттик жөлөк пулдарды жана дагы социалдык кепилдиктерди чегерүүдө коррупциянын, же болбосо тааныш-билишчиликтин аты түгүл, жыты жок! Анткени, төлөмдөрдүн бардыгы санариптештирилген. Акчалар ээлеринин карточкаларына гана түздөн-түз жана даректүү которулат.

          – Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер деле бекер олтурушпастан иштөгөө мажбур. Булады канттиңиздер?

          –  Албетте, заман талабына жараша бизге майыптар – ден  соолугунан мүмүкүнчүлүгү чектелгендер дагы кайрылышат. Булардын  бирөөсүн – Гүлчө Айыл Өкмөтүнө, экинчисин – Алай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна, үчүнчүсүн – Алай       райондук билим берүү бөлүмүнө,  төртүнчүсүн – Перити-Коал ЖЧКсына жумушка  жайланыштырдык. Бешинчиси – “Медина-Нуру” балдар бакчасына, алтынчысы – Маданият орто мектебинини көмүрканасына жумушка чегерилди. Иши кылып биз майыптарды иш менен алаксытканга абдан бекем ыктадык.

          – Батина айым, биздеги маалыматтарга караганда, Кыргызстандын тоолуу райондорунда ички жаны тышкы миграция абдан күч экен. Бул жагдайды Сиздер Алай жергесинде басаңдатуу аракетиңиздер таптакыр байкалбайт ко, ыя?

          –  Кантип? Бизге ушул күнгө карата 255 жараныбыз жумуш издеп кайрылышты. Баарына тең кеп-кеңеш бердик. 65 кишини ишке орноштурдук. Дагы 59ун коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга чегердик.

          Мындан тышкары Эмгек рыногунун талабына ылайык жумушсуз жарандарыбызды кыска мөөнөттүү курстарда дагы окутуп жатабыз. Маселен, 30 адам тигүүчү, ашпозчу—кондитер, электр жана газ ширетүүчү, айдоочу жана дагы тракторчу кесиптерине дыкаат окутулду. Булардын баары тең жумуш таап кетишти.

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

          Ош облусунун Алай районундагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миргация башкармалыгынын жетекчиси Батина ТОКОБАЕВА – эки кыз, эки уулдун апасы.  Өмүрлүк жолдошу Кадырбай АБАКИРОВ – куруучу-инженер. Тутунган принциби – тактык, принципиалдуулук, чынчылдык, пунктуалдуулук, чынчылдык, сабырдуулук. 82 жаштагы апасы Базаргүл ТЕМИРКУЛОВАнын кеп-кеңешин дагыле дыкаат тыңдап, анын айтканын а түгүл кыйшаюусуз гана аткарып келатат.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17