Аймак

ОШТО ЛИФТТЕ КАЗА ТАПКАН КИШИНИН ӨЛҮМҮН МИЛИЦИЯ ДЫКААТ ИЛИКТӨӨГӨ КИРИШТИ

ОШТО ЛИФТТЕ КАЗА ТАПКАН КИШИНИН ӨЛҮМҮН МИЛИЦИЯ ДЫКААТ ИЛИКТӨӨГӨ КИРИШТИ

 1,140 Бардыгы /

          ОШ. Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Курманжан Датка көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн лифтинде бир адамдын кантип каза тапкандыгын ушул тапта жергиликтүү милиция дыкаат иликтеп жатат. Буга байланыштуу кылмыш иши дагы козголоорун Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан редакциябызга билдиришти.

Ошентип, атайын иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун эки айдан бери ошол көп кабаттуу үйдүн лифтин оңдоп иштеп жүргөндүгү аныкталды. Маркум Кара-Суу районунун Кыргыз-Кыштак айылынын 1984-жылы туулган тургуну экен. Ушул жылдын 4-октябрында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифтте бир адамдын каза тапкандыгы жөнүндө дагы маалымат тараган. Ош шаардык милициясы кийин бул маалыматты ырастап, каза тапкан кишинин сөөгү үйдүн жер төлөсүнөн табылгандыгын кошумчалаган эле. Ошондо тийиштүү экспертизалар дайындалып, үйгө орнотулган камерадан видеолор дагы алынган.

Баса, Кыргызстанда лифттеги кырсыктан каза тапкан учурлар буга чейин дагы катталган. Быйыл май айында Бишкектин «Туңгуч» кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургуну лифтке камалып калгандан кийин жүрөгү кармап каза тапкан. Ал эми былтыр январда Бишкектеги Улан кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде лифт күтүүсүз иштеп кеткенде, ага бешик арабадагы баласы менен кирип бараткан 38 жаштагы киши кыпчылып калып, өлүмгө кабылган. 2018-жылы Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Апсамат Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн лифтин оңдоп жаткан эки адам дагы кулап кетип, анын бирөө жеринде эле каза тапкан.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17