Өлкө аймактары менен кубаттуу
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
733 Бардыгы / БАТКЕН. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча топографиялык топтору чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын акыры өз ара макулдашышты. Бул туурасында Кыргыз респаубликасынынын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, үсүтүбүздөгү жылдын 3-8-октябрь күндөрү Баткен шаарында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топограциялык жумуш топторунун жана укуктук маселелер […]
734 Бардыгы / БАТКЕН. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча топографиялык топтору чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын акыры өз ара макулдашышты. Бул туурасында Кыргыз респаубликасынынын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, үсүтүбүздөгү жылдын 3-8-октябрь күндөрү Баткен шаарында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топограциялык жумуш топторунун жана укуктук маселелер […]
КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНЫН 43,32 ЧАКЫРЫМЫ МАКУЛДАШЫЛДЫ
09.10.2023 / Автор anarkan_kg

735 Бардыгы /
БАТКЕН. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча топографиялык топтору чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын акыры өз ара макулдашышты. Бул туурасында Кыргыз респаубликасынынын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үсүтүбүздөгү жылдын 3-8-октябрь күндөрү Баткен шаарында Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топограциялык жумуш топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу өткөрүлүп, анда 43,32 чакырым акыры макулдашылды. Тараптар калган тилкелер боюнча ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда дагы улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду. Жыйын достук жана өз ара түшүнүү маанайында гана өткөрүлдү.
Баса, Кыргыз-Тажик чек арасынын тактала электигинен улам ортодо кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталган. 2022-жылы 14-17-сентябрда чек арадагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан 63 жаранынан айрылган, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык обьектилер, турак жайлар кыйратылып, а түгүл өрттөлгөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапкандыгын, 200гө чукулу жараат алгандыгын билдирсе, “Озоди” үнадгысы өз булактарына таянып, каза болгон деген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” абдан катуу айыптаган.
Баса, 2021-жылы 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жаракат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык обьектилер дагы жарактан чыккан. Ал эми Тажикстан 19 жараны мерт болгондугун кабарлаган. Кыргыз-Тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. Чек араны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экендигин былтыр эки өлкөнүн Президенттери өз ара ырасташкан.
Баса, быйыл 15-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, Кыргызстан тарыхый документтердин негизинде укуктук жактан коңшу өлкөгө жүйөөлүү доомат артса болоорун ачыктаган эле. Ушундан кийин гана Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз элчсии Эрлан Абдылдаевди өзүнө чакырып, Камчыбек Ташиевдин сөзүнө байланыштуу абдан кабатырлануусун ачык билдирген.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА 20 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ
-
07.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА ЖАЛПЫ 5 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
-
04.10.2026 / Автор anarkan_kg КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
-
06.11.2025 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУККА КАРШЫ ООРУКАНАСЫНЫН ЖЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
31.12.2025 / Автор anarkan_kg ЭСКИ ЖЫЛДАГЫ ИЙГИЛИКТЕР, ЖАҢЫ ЖЫЛГА КААЛОО-ТИЛЕКТЕР
-
05.02.2026 / Автор anarkan_kg №13 ШАЙЛОО ОКРУГУНДА ШАЙЛООГО КАРАТА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.