Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
754 Бардыгы / ОШ. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйү быйыл 250 орунга дейре көбөйтүлөт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев шардана кылды. Маалыматка караганда, энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Кош бойлуу аялдарга жана төрөгөн аялдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында министр Алымкадыр […]
755 Бардыгы / ОШ. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйү быйыл 250 орунга дейре көбөйтүлөт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев шардана кылды. Маалыматка караганда, энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Кош бойлуу аялдарга жана төрөгөн аялдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында министр Алымкадыр […]
ОШ ШААРЫНДА ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН КОЙКАСЫ 250 ОРУНГА КӨБӨЙТҮЛӨТ
09.10.2023 / Автор anarkan_kg756 Бардыгы /
ОШ. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйү быйыл 250 орунга дейре көбөйтүлөт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев шардана кылды.
Маалыматка караганда, энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Кош бойлуу аялдарга жана төрөгөн аялдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, башка багытта колдонууга өтүп кеткен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн имараттарынын бири кайра чыныгы ээсине кайтарылат. Буга чейин стационардын ал имаратында С.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтунун түштүк филиалы жайгашкан экен. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жетекчилиги Шаятбек Абдурхмановдун айтымында, жыл сайын шаардык клиникалык оорукананын төрөт үйүнө кайрылгандардын саны улам көбөйүп, Ош шаарынын кош бойлуу жана төрөгөн аялдар үчүн керебеттердин жетишсиздиги кескин байкалууда.
- Биздин төрөт үйүбүз Ош шаарынын гана эмес, Ош облусунун
тургундарын дагы аргасыздан кабыл алат. Биздин 185 орундуу төрөт үйүбүздө 2020-жылы – 10 672, 2021-жылы – 11 982, 2022-жылы – 13 041, ал эми 2023-жылдын 6 айында 9 229 төрөт катталган, – деп аябай тызылдады Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жетекчилиги Шаятбек Абдурхманов.
Шаятбек Абдурахманов баса белгиленгендей, мындай чечим саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын жыйынтыгында гана кабыл алынды. Анда түштүк борбордун жашоочулары менен жолугушууда кош бойлуу аялдар үчүн орундарды көбөйтүү маселесин кароо өтүнүчү айтылган. Имарат бошотулгандан кийин төрөт үйүндөгү керебеттердин саны 250 орунга чейин көбөйөт. ОШКОнун директоруна кошумча керебеттерди уюштуруу иштерин тез арада жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Кошумчалай кетчү жагдай: С. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун түштүк филиалы Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жатаканасынын имаратына көчүрүлөт.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
04.09.2023 / Автор anarkan_kg КОЧКОР-АТА ШААРЫНДА НЕФТИЧИЛЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
26.01.2024 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
29.08.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ОШТО КЫЗДЫ СӨККӨН ЖИГИТТЕР МИЛИЦИЯГА СУРАК БЕРИШТИ
-
-
-
31.08.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ӨТМӨК ИШКЕ КИРИШТИ
-
-
Маек
Эркин ЭШИЕВ: “ТҮЗ БАЙЛАНЫШ МАСЕЛЕНИ ШЫР ЧЕЧЕТ!”
Өлкөбүздө жүрүп жаткан Административдик жана аймактык реформага ылайык Ош облусуна…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.