Аймак

Бахадир МАМАЖАНОВ: “СОЦИАЛДЫК ЖАРЫЛУУГА НЕГИЗ ЖОК!”

Бахадир МАМАЖАНОВ: “СОЦИАЛДЫК ЖАРЫЛУУГА НЕГИЗ ЖОК!”

 1,815 Бардыгы /

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Шарк Айыл Өкмөтү Ош шаарынын чеке-белинде гана жайланышкан. Адамдардын саны жыл өткөн сайын улам көбөйгөндүктөн, жер тилкеси кендирди куп гана кесип аткан чагы. Муну Айыл Өкмөт башчысы Бахадир МАМАЖАНОВ деле танган жок!

Бахадир мырза, башка Аймактарга салыштырганда, Шарк Айыл Өкмөтүнүн калкы абдан эле көбөйүптүр?

-Ооба! Абдан туура баамдапсыздар. Акыркы эсептөөлөргө караганда, Шарк айыл өкмөтүн ушугезде 56 миңдей калк байырлап келатат.

Демек, ушуга жараша жаңы үй-бүлөлөрдүн катары дагы улам калыңдап, турак жай маселеси башыңыздарды куп гана оорутуп жаткандыр?

-Ананчы! Үй салуу максатында жер тилкесине кезекке тургандардын саны бизде дээрлик 8 миңден ашты. Булардын катары жыл өткөн сайын улам калыңдап гана баратат.   

Бахадир мырза, “Алма – быш! Оозума – түш!”  деген менен пайда жок! Маселени мындан ары ого бетер ырбатпастан ыкчам чечпейт белеңиздер?

-Биздин деле жамбаштап жаткан жерибиз жок! Өйдө-төмөн чапкылап жүрүп, акырында Кыргыз Өкмөтүн араң ынындырып жатып, 114 гектар жерди трансформациялаттык. Мындайча айтканда, Айыл чарба багытындагы аянттарды мыйзамдаштырып. үй салуу үчүн жер аянтына которттурдук. Бул опоңойго турган жок! Жакынкы жылдарда дал ушунтип турак жай маселесин биротоло жайгармакчыбыз.

          Кекп тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17