Аймак

Хамидулла МАДАЛИЕВ: “ОШ ШААРЫНА КОШУЛДУК. ӨНҮГӨБҮЗ!”

Хамидулла МАДАЛИЕВ: “ОШ ШААРЫНА КОШУЛДУК. ӨНҮГӨБҮЗ!”

 1,455 Бардыгы /

Президент Садыр ЖАПАРОВдун “Кыргызстандагы Административдик жана Аймактык реформаны Айыл Өкмөттөрүнүн жана шаарлардын деңгээлинде пилоттук режимде жүргүзүү” аталышындагы Указына ылайык республикабыздын алты облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында алгачкы иш-чаракеттер башталды. Ошол себептүү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтү дагы мындан ары Ош шаарынын карамагына өткөрүлүп, өлкөбүздүн Түштүк башкалаасына түздөн-түз баш иймекчи. Андыктан, аталган Айыл Өкмөтүнүн башчысы Хамидулла МАДАЛИЕВди ушул өңүттө кепке тарттык.

-Хамидулла мырза, Сиз мурда Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы эмес белеңиз. Анан кантип Айыл Өкмөт башчылыгына дайындалып калдыңыз? Эмне, кадрлар резервинде белеңиз?

-Мен Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы катарында абдан таптаза иштедим. Эмгек жамаатынын арасында деле кадырым дагы чоң эле. Сыягы, Кара-Суу районунун акими мени Айыл Өкмөт башчылыгына дайындаардан мурун дал ушул критерийлерди бекем эске алды өңдөнөт.

-Ушул тапта экономикалык кризиске каршы кандай катаал чараларды – аргумент иштерди көрүп жатасыздар?

-Биз мүмкүнчүлүгүбүздү эске алып. мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана дагы жыйымдардын планын 87 миллион 292 миң сомго мерчемдеген элек. Бирок, аракетибизди соңку тапта абдан активдештирип, 91 миллион 614,6 миң сом топтоп, планды дээрлик 105 пайызга ашыгы менен аткардык.

-Ош шаарына ирегелеш жайланышсаңыздар деле Сиздер ичилүүчү таза сууга зар эмес белеңиздер?

-Ооба. Ишкаван, Кызыл-Байрак, Кызыл-Кыштак жана Жаңы-Турмуш айылдары ичилүүчү таза сууга өтө муктаж эле. Жалпы наркы 4 миллион 500 миң сомдук заманбап 4 скважинаны куруп, акыры пайдаланууга тапшырдык. Мунун 1 миллион 200 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Ал эми калган акчалай чыгымдар жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен гана көтөрүлдү.

-Биздин байкашыбызча, көз тийбесин, Аймакта кылмыштуулук деле дээрлик азайыптыр?

-Ананчы! Айыл Өкмөтүбүздүн алдында коомдук алдын алуу борбору (КААБ) тынымсыз иш жүргүзөт. Ушуга улай калк арасында профилактикалык жараянды дагы ого бетер күчөттүк. Аймактык милиция менен чогуу-чараан жана ийгиликтүү кызматташып жатабыз. Буга улай көптөгөн чоң-кичине маселелерди эч ырбастпастан, Аксакалдар соту өзү эле оң жагына гана жайгарып келатат.

Эң башкысы: ар кандай кылмыштуу жоруктардын алдын алууга такай

ыктадык. Мисалы, чоң жолдорго, Кыргыз-Өзбек Достук өткөрмө бекетине, Ош шаардык жолду көзөмөлдөө башкармалыгынын жанындагы чоң айлампага жана Курманжан Датка көчөсүнө катарынан видео орноттук.

-Инвестиция тартуу аракетиңиздер дегеле байкалбайт ко?

-Кантип? Биздин Айыл Өкмөтүбүзгө ичтен жана дагы тыштан  инвестиция тартуу аракетибиз абдан күч! МерСИ-Ко Эл аралык уюму № 98-М. Маматалиев, №123-Сүрөт-Таш, №110-М. Газиев атындагы орто мектептердин окучууларына ысык тамак уюштуруу демилгебизди кубаттап, 3 миллион сомдук долбоорубузду каржылап, эң акыркы үлгүдөгү заманбап жабдуулар менен камсыз этти.

Ал эми  ата мекендик АРИС уюмуна 176 миң долларлык долбоор жаздык эле. Ал дагы акыры колдоо таап, эми айыл чарба субьектилери күзгү жана жазгы сапаттуу эгин үрөндөрү менен камсыздалмакчы. Ушуга улай жергиликтүү бюджеттен 400 миң сом бөлүнүп, АВПлар аркылуу эскирген арык-каналдар казылып, тазаланган суу менен керектөөчүлөрдү зарыл учурда камсыздоого эмитен эле кам көрүлүп жатат.

-Ал эми заман талабына жараша малдардын асыл тукумдуулугун арттыруу жагы кантти?

-Айыл Өкмөтүбүздүн аймагында соңку тапта ири мүйүздүү малдардын, жылкылардын, койлордун асыл тукумдуулугун арттырууга өзгөчө басым жасалууда. Мисалы, фермерибиз Акрамжан Төрөпжанов 50 баш асыл тукум жылкыны  Польшадан алып келди. Мындай     аракетибиз ушундан ары дагы улантылмакчы. Айтмакчы, мал чарба продукцияларынын көлөмүн дагы көбөйтүү иретинде 35 баш ири мүйүздүү малды жасалма жол менен уруктандырдык. Кыскасы, бардык айылдардагы мал-жандыктар бүтүндөй идентификацияланып, баарына тең чиптер басылды.

-Хамидулла мырза, ошентип, президент Садыр Жапаровдун Указына ылайык Аймактык жана Административдик реформанын негизинде Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтү Ош шаарына биротоло  кошулбадыбы. Эми Сиздер кендириңиздерди куп гана кесип келаткан турак жай, газ, автожол, экономика, инфратүзүм өңдөнгөн маселелерден кутулчудайсыздар. Туурабы?

-Албетте! Ош шаарына кошулгандан биз сөзсүз утабыз десем мен деле эч качан жаңылышмаймын! Сиз туптуура байкагандай, турак жай, газ, автожол, экономика, инфратүзүм өңдөнгөн көйгөлөрдөн биз деле бара-бара кутулабыз. Демек, андан ары ырааттуу өнүгүүгө дагы ачык бет алабыз.

МААЛЫМАТ  ИРЕТИНДЕ

          Айтмакчы, Кызыл-Кыштак Айыл Өкмөтү Керме-Тоо, Ишкаван, Кызыл-Байрак, Кызыл-Кыштак, Коммунист, Жаңы-Турмуш жана Сүрөттүү-Таш айылдарынан куралган. Калкынын саны 42 миң кишиден ашты.

          Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17