Аймак

Бактыбек АТТОКУРОВ: “АЛАЙКУУГА ЖАЗ ДАЙЫМА КЕЧИГЕТ!”

Бактыбек АТТОКУРОВ: “АЛАЙКУУГА ЖАЗ ДАЙЫМА КЕЧИГЕТ!”

 1,992 Бардыгы /

Ош облусунун көпчүлүк райондоруна жаз эртелеп баш бакканы менен, Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүндө кыш бара-бара күчөп, а түгүл калың кар дагыле жаап жаткан чагы. Мунун себебин Кыргыз  Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “КыргызАвтоЖол” мамлекеттик мекемесинин Кара-Кулжа райондук №26-Жол тейлөө ишканасынын директору Бактыбек АТТОКУРОВдон сурамжыладык.

-Бактыбек мырза, бу кебетеңизге караганда, тоодон жаңы эле түшкөндөйсүз?

-Ооба. Алайкуу өрөөнүнүн Кара-Таш кыштагынан эми келатам. Аталган автоунаа жолу тегиз бүтөлүп калган экен. Буларды утуру тазалаттырып, жолду акыры араң ачтырдык.

-Сиз жетектеген  Кыргыз  Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “КыргызАвтоЖол” мамлекеттик мекемесинин Кара-Кулжа райондук №26-Жол тейлөө ишканасы жалпы жонунан канча чакырым автоунаа жолун такай тейлеп келатасыздар?

-Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун жалпы узундугу дээрлик 285 чакырымга созулат. Мунун 130 чакырымы – мамлекеттик трасса, 23 чакырымы – Тельман – Гүлчө багыты. Ал эми жергиликтүү – ички жолдор 103 чакырымды ээлейт.

-Сиздин баамыңызда, Сиздер тейлеген автоунаа жолунун кайсыл жерлери өтө эле опуртал? Ошондуктан, тынбай айлаңыздарды дагы куп гана кетирип турат?

-Тамчы, Көңдүк, Көк-Көл жана Кыргыйөңдөнгөн  өлкөбүздүнтранспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “КыргызАвтоЖол” мамлекеттик мекемесинин Кара-Кулжа райондук №26-Жол тейлөө ишканасына караштуу эң кооптуу тилкелер айтылуу Алайкуу өрөөнүндө гана жайланышкан.  Бул аймактарда кышындасы кар үзгүлтүксүз, ал эми күн жылыганда жер тынымсыз көчүп гана турат.

-Ошентсе дагы, техника жана күйүүчү-майлоочу заттар Сиздерде жетиштүү эледир?

-Биздин ишканабызды  “КыргызАвтоЖол” мамлекеттик мекемеси күйүүчү-майлоочу заттар менен үзгүлтүксүз жана зарылчылыкка жараша толук кандуу камсыздап келатат. Зарыл маалда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги заманбап техникалар менен дагы жабдып турат.

-Жолоочуларды эч жалдыратпастан, Алайкуу өрөөнүндөгү кар көчкүлөрдү Бишкек-Ош автоунаа жолундагыдай эле замбирек менен аткылап, анан тынбай көчүрүп турбай белеңиздер?

-Бишкек-Ош автоунаа жолундагы карларды замбирек менен аткылап, көчүрүп турса болот. Анткени, ал – чоң трасса. Анын үстүнө  жүргүнчүлөрдүн жана транспорттордун дагы агымы абдан арбын. Менимче, ал эми бизде, Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунда андай такай зарылчылык жок!

-Бактыбек мырза, анан ушинтип Кудайдан жаандын жана кардын жаабашын гана тилеп, жамбаштап жата бересиздерби?

-Алишер, өзүң деле Алайкуунун   кулунусуң. Бул өрөөндө кыш узакка созулат. Анан дагы жаз абдан кечигип баш багат. Анысы аз келгенсип, автожолдор жалаң жалама, боорломо жана өйдөлүш. Машина ылдый куласа эле, түптүз барып дарыяга гана чөмүлөсүң. Ошондуктан, Кудай сактасын!

Азыркы кырдаалгша байланыштуу алыскыАлайкуу аймагында 2 бульдозер, 2 автожүктөгүч, жалгыз автогрейдер, анан дагы манипулятор күнү-түнү иштеп жаткан чагы. Керек маалда бул жакка көчмө установкабызды дагы жөнөтүп турабыз.  

          Кепке тарткан: Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17