Аймак

ӨЛКӨДӨГҮ ИШКЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

ӨЛКӨДӨГҮ ИШКЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

 654 Бардыгы /

БИШКЕК. Кечээ, 21-февралында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен «Кепилдик фонд» ААК Ж.Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен биргеликте “Ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү: өлкөлөрдүн жана эл аралык каржы уюмдарынын тажрыйбасы” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү. Бул тууралуу коомчулук менен байланыш бөлүмү маалымдады.

Маалыматка ылайык, конференцияга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү, эл аралык каржы институттарынын, банк тутумунун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана ата мекендик ишкерлер катышты.

Конференциянынкатышуучулары Кыргыз Республикасындагы каржы инфраструктурасынын өнүгүү деңгээли, анын мындан аркы өсүү жана өнүгүү жолу жана потенциалы, массалык ишкердикти, анын ичинде стартап-долбоорлорду өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрү тууралуу баяндамаларды жасашты.

Мүмкүн болушунча көбүрөөк бизнес өкүлдөрүнүн бизнести өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстарга жетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү темасы иш-чаранын катышуучуларынын талкуулоосунун негизги темасы болду.                     

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө жашыл каржылоо инструменттерин колдоону, акыркы технологияларды колдонуунун натыйжалуулугу, эмгек шарттарын оптималдаштыруу, жашыл жумуш орундарын түзүү, улуттук экономикада инновациялык процесстерди стимулдаштыруу өзгөчө көңүл бурулду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17