Аймак

ОШТО 5 МИЛЛИОН СОМДУК ЖЕР ТИЛКЕСИ МУКТАЖ ЭМЕС ЖАРАНГА МЫЙЗАМСЫЗ ЫЙГАРЫЛГАН

ОШТО 5 МИЛЛИОН СОМДУК ЖЕР ТИЛКЕСИ МУКТАЖ ЭМЕС ЖАРАНГА МЫЙЗАМСЫЗ ЫЙГАРЫЛГАН

 1,200 Бардыгы /

          Ош шаарында муктаж жаранга жер тилкеси мыйзамсыз бөлүнүп берилген. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

          Маалыматка караганда, мыйзамсыз аракеттер Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн маалда билинип олтурат. Анткени, Ош шаардык мэриясынын жана Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланышкандыгы аныкталды. Алар ортомчу жарандар менен алдын өз ара алдын ала сүйлөшүп, Ош шаарынын Бекмуратов көчөсүндө жайгашкан 400 чарчы метр жер тилкесин кезектүүлүк тартибин бузуу менен муктаж болбогон М.А. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө бөлүп беришкен.

          Ошентип, көрсөтүлгөн жер тилкеси тийиштүү документтер алынгандан кийин башка жарандарга сатып жиберилген. Натыйжада мамлекетке 5 миллион сомдук материалдык зыян келтирилген. Аталган фактынын негизинде Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Ош ШИИБсине тапшырылды.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17