Аймак

Азамжан ТАШБОЛОТОВ: “КАРДАРЛАРЫБЫЗ МЫНДАН АРЫ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН АКЫСЫН “МОЙ СВЕТ” ТИРКЕМЕСИ АРКЫЛУУ ГАНА ТӨЛӨШӨТ!”

Азамжан ТАШБОЛОТОВ: “КАРДАРЛАРЫБЫЗ МЫНДАН АРЫ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН АКЫСЫН “МОЙ СВЕТ”  ТИРКЕМЕСИ АРКЫЛУУ ГАНА ТӨЛӨШӨТ!”

 6 Бардыгы /

Өлкөбүздө ушул тапта абдан кызуу жүрүп жаткан административдик реформа Ош облусуна караштуу Ноокат райондук электр тармактары ишканасын дагы кыя өткөн жок. Бул ишкананын жетекчилигине тажрыйбалуу адис Азамжан ТАШБОЛОТОВ акыры дайындалды. Каардуу кыш ноокаттык энергетиктердин түйшүгүн дагы ого бетер түмөндөткөн маалда Аймактык электр тармактары ишканасынын жаңы башчысын капыл-тапыл кепке тарттык.

-Азамжан мырза, биздин баамыбызда, кышкы ызгаарда түйшүгүңүздөр ого бетер көбөйгөн турбайбы?

-Ананчы! Биздин кардарларыбыз – 51 миң үй-бүлө. Мындан тышкары 40 чакты чакан ишкананы дагы электр кубаты менен үзгүлтүксүз гана камсыз этип келатабыз.

Байкагандырсыздар. Биздин кызматыбыздан туруктуу урунушкандар өтө эле чачыранды жайланышкан. Биз бир эле мезгилде Ош облусуна караштуу Ноокат районунун бардык айылдарын гана эмес, ошондой эле Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүн толук бойдон, анан дагы Араван районундагы Керме-Тоо Айыл Өкмөтүнө караштуу эң алыскы Чөгөм, Ак-Талаа, Кызыл-Шоро, Сары-Могол жана Торпу кыштактарын дагы кошо тейлеп келатабыз.

-Бактыга жараша Сиздерде трансформаторлор – электр чордондору жетиштүү эледир?

-Ооба. Районубуздун аймагында 1600  трансформаторубуз – электр чордонубуз бар. А мунун 961и – биздин ишканабызга гана таандык. Ал эми калгандары Айыл Өкмөттөрүнүн, ошондой эле мекеме-ишканалардын карамагында турат. Ошентсе дагы, булардын баарын тең биз үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, анан дагы техникалык жактан тынымсыз тейлеп дагы келатабыз.

-Айтмакчы, электр тармагын деле санариптештирүү өз натыйжасын берип эле жаткандыр?

-Туура аңдапсыз. Санариптештирүүнүн аркасында оңуп эле калбадыкпы.  Анткени, биздин туруктуу кардарларыбыз электр энергиясын пайдаланган акысын “Мой свет” тиркемеси аркылуу эле өз үйүндө, өлөң төшөгүндө жатып биздин мекемебизге чөнтөк телефондорунан гана түз эле которуп ташташат. Буга улай акча төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанциясы ээсине дароо эле жөнөтүлөт. Эң башкысы: биз мурункудай ар бир кардардын эшигин каккылап, карыз доолгандан биротоло кутулдук, эй!

-Баса, “Акылдуу эсептегичтер” дагы Сиздердин түйшүгүңүздөрдү кыйла жеңилдетип аткандыр?

-Бул өңүттө Кыргызстандагы баардык райондук электр электр тармактары ишканаларынын жетекчилери Бишкек шаарында атайылап окутулуп-үйрөтүлдүк. Жакында өлкөбүзгө 500 миң 100 данаа “Акылдуу эсептегич” келатат. Булар өлкөбүздөгү район-шаарларга өз ара бөлүштүрүлөт. Бул дагы биздин ашыкча түйшүгүбүздү ыраса жеңилдетет. Мындай болочоктуу аракет мындан ары деле ырааттуу түрдө улантылат.

-Азамжан мырза, электр энергиясын керектөөчүлөр – кардарларыңыздар азайбыды, же улам көбөйүп баратабы?

-Жашырып не. Туруктуу кардарларыбыз – электр энергиясын тынымсыз керектөөчүлөр жыл өткөн сайын көбөйүп гана баратат. Анткени, Ноокат жергесинде делеүйлөр Европа стилинде – үлгүсүндө заңгыратып салынып жатпайбы.Андыктан, бул аймактарга дагы электр мамылары орнотулуп, чубалгылары тартылып,андан ары катарынан трансформаторлор – көмөкчү чордондор орнотулуп атат. 

МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Маектешибиз – Ош облусуна караштуу Ноокат райондук электр тармактары ишканасынын жаңы жетекчиси Азамжан ТАШБОЛОТОВ ОшТУнун энергетика, ал эми ОшМУнун юридика факультеттерин аяктаган. Эки жогорку билимдин жана заманбап кесиптин ээси. Өмүрлүк жубайы Гүлсара – ишкер. Экөөлөп төрт кыз, эки уулду мыктылап тарбиялап, өстүрүп дагы жатышкан маалы.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17