Аймак

Данияр КАДЫРБЕРДИЕВ: “СУЛАЙМАН ТООДО БИР МИЛЛИАРД КИЛОВАТТ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ЖАГЫШТЫ!”

Данияр КАДЫРБЕРДИЕВ: “СУЛАЙМАН ТООДО БИР МИЛЛИАРД КИЛОВАТТ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ЖАГЫШТЫ!”

 6 Бардыгы /

Кыргызстандын Түштүк башкалаасындагы Электр тармактары эки чоң тутумга – өзүнчө ишканага айландырылган. Булардын бири – Сулайман Тоо Электр тармактары ишканасы ушул тапта 62 987 кардарды туруктуу тейле келаткан чагы. Деги булар ай сайын жана дагы жыл бою канча киловатт электр энергиясын жагышат? Ушул жана башка жагдайларды кабарчыбыз Сулайман Тоо электр тармактары ишканасынын директору Данияр КАДЫРБЕРДИЕВден кенен-чонон сурамжылады.

  • Данияр мырза, Сиздердин кызматыңыздардан, мындайча

айтканда, электр энергияңыздардан жалпы жонунан канчалаган кардарлар үзгүлтүксүз пайдаланып келатышат?

  • Өлкөбүздө абдан кызуу жүргүзүлүп жаткан Аймактык-

административдик реформага ылайык биз дайыма тейлеген аймакка Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл өкмөттөрү жана дагы Папан айыл өкмөтүнүн төрт кыштагы кошулуп, тармагыбыз соңку тапта ыраса кеңейбедиби.

          Ошондо биз дал ушул тапта 62 982 кардарыбызды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз гана камсыз этип келатабыз. Тактап айтканда, булардын 57 833ү – жөнөкөй кардарлар, мындайча айтканда, жеке турак жай ээлери. Ал эми 5154ү – мекеме-ишканалар жана уюмдар.

  • Албетте, биздин байкашыбызча, мурункуга караганда

тейлөө аймагыңыздар ого бетер кеңейиптир. Тилекке каршы, обьектилер дагы өтө эле чачыранды экен. Ошондуктан Сиздер дагы буларды кантип үзгүлтүксүз тейлеп атасыздар?

  • Биздин ишканабызда жалпы жонунан 85 кызматкер

эмгектенет. Булардын баары тең – жалаң гана иштин көзүн билгендер. Андыктан, кардарларыбызды тейлөө жатында бизде дегеле көйгөй жок!

  • Айтмакчы, кардарларыңыздар жыл өткөн сайын көбөйүп

гана бараткандыр? Эң башкысы: булар ай сайын жана дагы жыл бою канча киловатт электр энергиясын жагышат?

Биздин кардарларыбыз 2023-жылы 587 миллион 7983 миң

киловатт электр энергиясын урунушту. Ал эми былтыр, 2024-жылы керектөөчүлөрүбүздүн катары Аймактык-Административдик реформага жараша ого бетер калыңдабдыбы. Ошондо өткөн жылы биз тейлеген чөлкөмдө – Сулайман Тоо аймагында дээрлик бир миллиард киловатт электр энергиясы жагылды. Арийне, бул көлөм бара-бара дагы көбөйүшү толук ыктымал.

  • Кыргызстанды толук камтыган санариптештирүү

жараянын Сиздерге деле куп гана пайдасы тийип аткандыр?

Албетте! Өлкөбүздө жүрүп жаткан “Мой свет” тиркемеси

киргизилгенден тартып, жашырып не, биз оңуп эле калдык. Анткени, биз тейлеген аймакта жер үйлөр өтө арбын. Булардын 95 пайызына дээрлик “Акылдуу эсептегичтер” орнотулду. Бара-бара көп кабаттуу турак жайларга деле “Акылдуу эсептегичтер” тегиз коюлат.

  • Баса, кокусунан авариялык кырдаал түзүлүп калса, анда

кантесиздер?

  • Кайсыл аймакта авариялык кырдаал түзүлүп, ошого жараша

жарык шарттуу түрдө өчүрүлсө,  “Мой свет” тиркемеси аркылуу кардарларыбызга дароо эле алдын ала кабар таратабыз. Ошентип ремонт бүтүп, линия калыбына келтирилгиче, аларга сабыр гана тилейбиз.

  • Танып не. Электр чубалгылары жана мамылары бүтүндөй

тээ Совет доорундлагылар. Булардын баары тегиз эскирип деле бүткөндүр?

  • Биз тейлеген аймактардын электр чубалгылары дээрлик 402

чакырымга созулат. 2023-жылы булардын 255 чакырымын ЦИП кабели менен толук алмаштырылды. Ушул кезге дейре дагы 1300 электр мамыларын бүтүндөй жаңыладык.

        Эң эле кызыгы: трансформаторлорго дагы “Акылдуу эсептегичтерди” орноштуруп жатабыз. Албетте, булардын баардыгы тең олчойгон чыгым – акча. Ошондуктан, ушул долбоорубузду Европа өнүктүрүү жана реконострукциялоо Банкы каржылап атат.

  • Сөзүңүзгө аралжы, Сулайман Тоо электр тармактары

ишканасы жалпы жонунан канчалаган электр түйүнүн күнү-түнү көзөмөлдөп аткан чагы?

  • Биздин ишканабызга ушул тапта 12 подстанция, 103 Фидер

карайт. Ал эми электр чубалгыларыбыз дээрлик 847 чакырымга созулат. А трансформаторлорубуз – 1314. Ал эми булардын 714ү – биздин ишканабызга гана таандык. Ал эми 600ү – мекеме-ишканалардыкы. Бирок, булардын баарын тең техникалык жактан биз гана тейлеп келатабыз.

          Кырсык – каш кабактын ортосунда. Ошондуктан 6 трансорматорду ишканабызда сөзсүз түрдө кармап турабыз. Керек кезде күйгөндөрүнө ыкчам гана алмаштырабыз.

  • Данияр мырза, деги оптималдаштыруунун пайдасы бар

бекен?

  • Ананчы! Эч пайдасыз көзөмөлдөөчүлөрдөн

(контролерлордон) биротоло арылдык. Электр энергиясынын пайдаланылышын, ага жараша эсеп-кысапты ишканабызда олтурушкан операторлорубуз эле “Мой свет” тиркемеси аркылуу тынымсыз көзөмөлдөп атышат. Министрибиз Таалайбек Ибраев ишканабызга заманбап үч техника тартуулады. Мындан тышкары кеңсебиздин дагы иштөө шартын заманбап жакшыртты. Мындай алгылыктуу аракеттер, буюрса, мандан ары дагы ырааттуу түрдө улантылат.

                        МАЕКТЕШ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА

          Маектешибиз – Сулайман Тоо электр тармактары ишканасынын директору Данияр КАДЫРБЕРДИЕВ ОшТУнун энергетика факультетин 2002-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошондон бери бир гана энергетика тармагында үзгүлтүксүз эмгектенип келатат. Үч кыз, эки уулдун атасы. Келинчеги Роза АЖИЕВА – “ОшКадастр” мамлекеттик ишканасында эмгектенет.

         Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17