Аймак

Кубанычбек Эгембердиев, Кочкор-Ата шаарынын мэри: “Шаарда иш болуп жатат”

 5,410 Бардыгы /

Кубанычбек Эгембердиев, Кочкор-Ата шаарынын мэри Шаарда иш болуп жатат 

2013-жылдын 8 ай ичинде Кочкор-Ата шаардык мэриясынын 2013- жылга кабыл алган иш-пландын негизинде  көп  жумуштар жасалды. Атап айтсак, Кочкор-Ата шаар мэриясынын билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, ички инвестиция, шаардын  инфраструктурасы жана спорт тармагында жакшы ийгиликтер болду. Шаардык бюджеттин эсебинен социалдык бөлүмүнө 1 200 000сом бөлүнүп,
арыз-даттанууларга, кайрылууларга буйруктун негизинде 384 атуулга 370 000 сом  өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүлдү.
8 ай ичинде шаарыбызда өткөрүлгөн жалпы майрамдарга, ар түрдүү даталуу иш-чараларга 401 535сом  акча каражаты ар түрдүү  чыгымдын эсебинен бөлүнүп берилди. Балдардын
жайкы эс алуусуна 16 500 сом  акча каражаты бөлүнүп берилип 32 бала жайкы лагерлерде эс алышып келишти.

Билим берүү тармагы боюнча айта кетсем, шаар аймагындагы төрт орто мектепте бардыгы болуп 196 мугалим  эмгектенет. Жалпы окуучулардын саны 4770ке жетти. Мектептерди
«Имкон» фирмасы тарабынан учурдагы ремонттон өткөрүүгө 2 520 347 сом акча каражаты жумушалды. №15 Беки уулу Семетей жана №28 Ч.Айтматов атындагы орто мектептеринин айланасын тосмолоого тендер жарыяланып, утуп алган ОсОО «Снайпер» фирмасы тарабынан  3 653 743 сомдук  жумуш аткарылды. Мектептерге ажатканаларды куруу боюнча тендер өткөрүлүп, ОсОО «Минерал» ишканасы 1 261 605 сомго  утуп алып,  жумуш толугу менен бүткөрүлдү. №14  Губкин атындагы орто мектебинин айланасын тосмолоого тендер өткөрүлүп, ОсОО «Могбилд» ишканасы тарабынан  1 480 684сомго утуп алып, бүгүнкү күндө жумуш жүрүп жатат. №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин имаратына фойе куруу боюнча тендер өткөрүлүп, ОсОО «Бейне-строй» ишканасы тарабынан 897 585сомго  утуп алып,жумуш толугу менен бүткөрүлдү. №14 жана №15 орто мектептерине өрткө каршы суу сактоочу кампаларын куруу боюнча тендер өткөрүлүп, ОсОО «Бейне-строй» 930 860 сомго  утуп алып, жумуш бүгүнкү күндө
70% га аткарылды. Чатырларын алмаштырууга, жылытуу системаларын оңдоого, мугалимдердин сапар, коммуналдык чыгымдарын төлөөгө, плазмалык телевизорлор менен, интерактивдүү доска,компьютер менен каржылоого, ар тараптан мектептерге шарт түзүү максатында жумушалган каражаттар биригип, капиталдык ремонттор менен бирге эсептегенибизде 26 213 997 сом акча каражаты жумушалды. Мындан
сырткары, тендерден утуп алган ОсОО «Грейд» фирмасы
тарабынан (жет.Токтомамбетов) «Жомок» балдар бакчасынын айланасы тосмолонууга 1 151 985 сом  акча каражаты жумушалган. Ажааткананын, навес жана балдар аянтчасынын курулушуна, имаратты капиталдык ремонттон өткөрүүгө,
жылуулук  системасын орнотууга бардыгы болуп  4 646 352 сом акча каражаты жумушалды.

Саламаттык сактоо тармагы боюнча алганыбызда, гнекология бөлүмүн ремонттон өткөрүүгө 250 000 сом  акча каражаты сарпталды. Эс алуу сейил багын тосмолоого 278 860
сом,
ал эми арканы ремонттоого 125 000сом акча каражаты жумушалды. Мэриянын алдындагы жарнактык щитти косметикалык ремонттоого, жазууга 55 735сом. Ленин жана Транспорт көчөлөрүнүн кесилишине  491 000сом  сандуу  светофор орнотулду. Октябрь көчөсүнө асфальт төшөө боюнча тендер өткөрүлүп, «Жалал-Абад АБЗ» ишканасы 4 865 91сомго  утуп алды, жумуш жакынкы күндөрдө башталат. №28 мектептин эски ашканасын, музыкалык мектептин
эски имаратын жана «Жомок» балдар бакчасынын мурдагы имаратынын авариялык бөлүгүн бузууга жалпысынан 1 264 465сом акча каражаты жумушалды. №28 Ч.Айтматов атындагы орто мектебине башталгыч класстер үчүн имаратты куруу боюнча тендер өткөрүлүп, ОсОО «Асуенда» ишканасы тарабынан  3 976 835 сом утуп алып, курулуш иштери башталууда. Тратуарларга бардюралар куюлуп, гүл өстүрүү үчүн жай даярдалып, гүл эгүү менен бирге  376 000сом  жумшалды.
Фрунзе көчөсүн жана эс алуу сейил паркын ОсОО «Торгсервис» фирмасы тарабынан жарыктандыруу үчүн 2 929 922
сом
акча каражаты сарып талып жарыктандырылды.

100 орундуу концерттик залдын курулушуна 3 395 223 сом акча каражаты каралып, Концарциум «Монтажник» ишканасы тарабынан курулуш жумуштары башталды.
Бул курулушка АРИС тарабынан 40 000
S дык СЕРТИФИКАТ берилген жана элдик салым 191 700 сомду  түзгөн акча каражаты жумушалмакчы.  Жалпысынан шаар аймагында 26 178 649сомдук  жумуш аткарылууда.

Шаар тургундарынан 264 арыз-даттануулар түшүп, алардын 190 аткарылып, калгандары учурда аткарылууда.

Спорт  боюнча, жалпы 1 297  020 сом акча каражаты  бөлүнүп берилип, алардан эл аралык турнирлерден 7 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медалдар жана байгелүү орундар менен    ийгиликтерге жетиштик.

Жалпы шаардык бюджеттин эсебинен бардык тармактар үчүн
чыгымдалган каражат 42 273 574 сомду түзүп, ишке ашырылып, учурда аткарылууда.

Салык кызматында жергиликтүү салыктан план
боюнча  48 240 780 сом акча жыйноо каралса, 8 ай ичинде
жалпы  53 847 200 сом акча жыйналып, 111,6% ке аткарылды.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17