Аймак

Кыргыз деген, кыргызымдын деми кана? Кыйын кезде жүк көтөргөн бели кана?.

 4,164 Бардыгы /

Кыргыз  деген, кыргызымдын  деми  кана?                                                                                   Кыйын  кезде  жүк  көтөргөн  бели  кана?.
 

     Ыркты  бузуп 
козголбо.                                    

 

Кыргыз  деген, кыргызымдын  деми 
кана?                                                                                   

Кыйын  кезде  жүк  көтөргөн  бели  кана?.

Оор, жеңилди 
дайыма  ала  койгон,

Илгеркидей 
ынтымактуу  эли  кана?

 

Эстейли  Ата-Баба  өткөндөрүн,

Ат  көтөргүс  сөздөрдү 
көтөргөнүн,

Угуп  алып  ичимден 
капа  болом,

Ары  жок  кээ 
бирөөлөр  жөтөлгөнүн.

 

 

Алмашат 
мезгилдер  кыйнап  келген,

Ар  бир  күнү 
боло  бербейт  жыргал 
деген.

Ата-Баба 
ынтымактын  туусун  кармап,

Ачарчылык 
мезгилде  жашап  келген.

 

 

Калыс  жүрүп  калкына 
жагып  келген,

Каадаланбай 
эл-журтун  багып  келген.

Ынтымакта 
жүрүшүп  кол  кармашып,

Ырыскысы 
дайрадай  агып  келген.

 

 

Замананын 
жакшылыгын  күтүп  келген,

Аргасыз 
ачкалыктан  машак  терген.

Ошондо  да  токтоо 
болуп,  топук  кылып,

Айлансаң  бир  ууч 
болгон  кыргыз  элден.

 

 

Киймиң  бүтүн,  курсагың 
ток  болгондо,

Кыйшалаңдап 
ызы-чууну  сен  ойлобо.

Ырыскы  кетип  калат 
жергебизден,

Көл  толкусун,  бирок 
элим  сен  козголбо.

 

 Тоолорум  менин 
жөлөгүм.

 

Тоолорум  бар,  менин 
дайым  жөлөгүм,

Тоолукмун  деп,
ырды  арнап  келемин.

Үшүбөгүн,  ыр  менен 
мен  кымтыйын,

Ыраазы  бол, ушул  менин 
белегим.

                   

 

Тоолорум  бар,  ушул 
менин  сыймыгым,

Ата-Тегим, Ала-Тоолук 
кыргызмын!

Өзүңдөн  биз  кубат 
алып  өскөнбүз,

Элим  үчүн  аша 
берсин  ырыскың.

                     

 

Ала-Тоом,  ак  калпагым, 
сыймыгым,

Кучагыңда 
кыргыздардын  биримин.

Өзүң  үчүн  өрттү 
кечип  келиптир,

Байыртадан 
барктап  жүргөн-кыргызың!

                     

Ала-Тоом,  «Алтын  бешик» 
мекеним,

Сен  терметсең,  толкунданып 
кетемин.

Сен  жаратып,  сен 
өстүргөн  дүйнөдөн,

Сен-деп, жүрүп  бул  жашоодон 
өтөмүн.

                     

Тоолорум  бар,  менин 
дайым  жөлөгүм,

Тоолукмун! – деп, ырга 
жазып  келемин.

Ак  калпакты    баса 
кийип    үшүбө,

Жылытканга  менин  ырым – белегим!

                      

 Кыргыз  тилим – эне 
тилим.

 

Кыргыз  тилим –  эне 
тилим, сүйгөнүм,

Ошон  үчүн  «кыргыз» болуп  жүрөмүн.

Жаратканга  миң  мертебе 
ырахмат,

Кыргызым-деп, дайым 
согот  жүрөгүм.

Тилин  саткан  кээ 
бирөөгө  таңгалам,

Жан-дүйнөсү – кулу 
болуп  бирөөнүн.

                   

 

Кыргызым, кылымдарды 
карытып,

Алты  миң  жыл 
жашап  келет  билемин.

Тилин, дилин, каада-салтын 
жоготпой,    

«Кыргыз» бойдон  калса  экен-деп, тилеймин.                                                                          

Канча  улут  бар, кумга 
сиңген  сууга  окшоп,

Өз  тили  жок, 
тилин  туурап  бирөөнүн.

                    

Алар  деле  арман 
кылып  жүрүшөт,

Наалат  айтып  өткөн 
Ата-Тегине.

Тилин  билбей, дилин  билбей 
жоготуп,

Ээ  боло  албай 
өскөн  турак-жерине.

Ошон  үчүн  «кыргыз 
тили» – улуу  тил,

«Манасы» бар, туу 
болуп кыргыз  элине!

                      

Кыргыз  болуп  жаралганмын 
дүйнөгө,

Кыргызмын!-деп, өтүп 
кетем  дүйнөдөн.

Жаным  кыргыз,
каным  кыргыз  болгон 
соң,

Ала-Тоомду 
ардактаймын  гүлдөгөн.

Эне  тилим- эч  нерсеге 
алмашпайм,

Эсиңе  алып,   билип 
жүргүн, билбеген!.

                        

                Жашыл 
шаарым.

 

Жаш  кезимден  көчөлөрүң 
аралап,

Кызмат  кылып  бергим 
келген  элиме.

Жаратканым  насип  кылып 
негедир,

Жан-дүйнөмдү 
алып  кетти  өзүңө.

                   

 

Жашыл  шаарым,
жакшынакай – Жалал-Абад,

Жан-дүйнөмдүн 
бардыгы  сага  арналат.

Кыялынын  канатын  минип 
алып,

Кыргызыңдын  бир  уулу 
ыр  жаратат.

                    

 

Тоодо  өскөн,
тоолуктун  бир  баласы,

Тоодой  болгон  ырын 
сага  арнасын.

Жалал-Абад  жашарып
жылдан-жылга,

Өсө  бер  жаркыратып 
тоо   арасын.

                    

Көбүнчө  тоо  жакта 
экен  кыргыздарың,

Көрүп  келдим  жашаган  
турмуштарын.

Учурашып  келишсе  өзүң 
менен,

Тосуп  ал,  жарык 
болуп  жылдыздарың.

                     

Байыртадан 
пайгамбарлар  жүргөн  жер,

Ыйыгынан, 
ызатташып  сүйгөн  жер.

Суусу   дары   кыргызыма 
арналган,

Асыл  шаарым,  кылымдарга 
гүлдөй  бер.

                       

Элиң  баатыр,  жүрөгүндө 
жалы  бар,

Дүр-дүнүйө 
жемишиңдин  баары  бар.

Тааныбаган 
адамды  да  сыйлаган,

Сиз-деп  сүйлөп,  сылыктыктын 
даамы  бар.

                         

 

 

Автор:  Камбаралиев  Жусуп

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17