Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
2,033 Бардыгы / Росс ияда эмгектенип жатышкан мекендештерибиз бөтөн өлкөдө иш таап, түйшүктүү эмгектенүүсүндө көптөгөн турмуштук кыйынчылыктарга дуушар болоору айтпаса дагы жакшы белгилүү. Азыркы мезгилде Россиянын ондогон ири шаарларында Кыргыз диаспоралары иш жүргүзүп жатышат. Алардын башкы максаты башка өлкөдө иштеп жатышкан мекендештерибизге ар тараптуу жардамдарды жана колдоолорду көрсөтүү. Москва шаарындагы Алишер Маданбеков жетектеген Россия Федерациясындагы Кыргызстандык […]
2,034 Бардыгы / Росс ияда эмгектенип жатышкан мекендештерибиз бөтөн өлкөдө иш таап, түйшүктүү эмгектенүүсүндө көптөгөн турмуштук кыйынчылыктарга дуушар болоору айтпаса дагы жакшы белгилүү. Азыркы мезгилде Россиянын ондогон ири шаарларында Кыргыз диаспоралары иш жүргүзүп жатышат. Алардын башкы максаты башка өлкөдө иштеп жатышкан мекендештерибизге ар тараптуу жардамдарды жана колдоолорду көрсөтүү. Москва шаарындагы Алишер Маданбеков жетектеген Россия Федерациясындагы Кыргызстандык […]
Москва шаарындагы Кыргызстандык эмгек мигранттарынын аймактар аралык коомдук кыймылынын төрагасынын орун басары Гульнара Умурзакова : “Мигранттардын укуктарын коргойбуз”
22.05.2014 / Автор Orozaly2,035 Бардыгы /
![]()
![]()
Росс ияда эмгектенип жатышкан мекендештерибиз бөтөн өлкөдө иш таап, түйшүктүү эмгектенүүсүндө көптөгөн турмуштук кыйынчылыктарга дуушар болоору айтпаса дагы жакшы белгилүү. Азыркы мезгилде Россиянын ондогон ири шаарларында Кыргыз диаспоралары иш жүргүзүп жатышат. Алардын башкы максаты башка өлкөдө иштеп жатышкан мекендештерибизге ар тараптуу жардамдарды жана колдоолорду көрсөтүү. Москва шаарындагы Алишер Маданбеков жетектеген Россия Федерациясындагы Кыргызстандык эмгек мигранттарынын аймактар аралык коомдук кыймылы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында аталган кыймылдын төрагасынын орун басары Гульнара Умурзакованы кепке тарттык.
– Гульнара айым, алгач коомдук кыймылдын максатына токтолсоңуз?
– Биздин коомдук кыймыл 2009-жылдын декабрь айынан тартып иштеп келе жатат. Жашырганда эмне, бүгүнкү күндө миңдеген мекендештерибиз өзүбүздө жумуш жок болгондуктан башка өлкөлөргө чыгып кетишип, иштөөгө аргасыз болуп жатышат. Биздин коомдук кыймылдын эң башкы максаты Кыргызстандык эмгек мигранттарынын Россияда тез адаптация алуусуна жардам көрсөтүү. Орус коомчулугуна кыргыздар өз алдынча өнүккөн маданияты, тили жана бай тарыхы бар байыркы калк экендигин сиңдирүүгө дагы катуу көңүл бурабыз. Анан эң негизгиси кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарын ар тараптан коргоо жана колдоо, Россиянын мыйзамдарына ылайык алардын талаптагыдай иш алып кетүүлөрүнө, документтерди жасап берүүгө ар тараптуу көмөктөрдү көрсөтүү болуп саналат.
– Мекендештерибизге конкреттүү көрсөткөн жардамдарыңыздар болдубу?
– Биздин коомдук кыймылда атайын юридикалык билимге ээ болушкан адвокаттар дагы иштешет. Ар кандай иштер менен полицияга түшүп, иштери сотко өтүп кеткен Кыргызстандын 6 жаранын толук актап чыгардык. Мындай маселеде бизге жардам сурап кайрылышкан Кыргызстандык эмгек мигрантынын кайрылуусу жоопсуз калбайт.
– Россия бийлиги бүгүнкү күндө эмгек мигранттарына, ал кайсыл улуттун өкүлү болбосун орус тилин билүүсүнө катуу талап коё баштабадыбы. Бул маселеге көңүл буруп жатасыздарбы?
– Бул маселе туура эле коюлуп жатат. Анткени кайсыл мамлекетте иштеп жана жашап жатсаң, ошол элдин тилин, анын маданиятын жана тарыхын орто деңгээлде билишиң шарт жана адамдык парз деп санаймын. Андан сенин бир жериң кемип калбайт. Канча тил билсең, ошончо дил билесиң деп бекеринен айтылбаса керек. Ачыгын айтыш керек, азыр орус тилин эч болбогондо орточо деңгээлде билмейин жумушка орношуу өтө кыйын болуп калды. Биздин коомдук кыймыл Москва шаарынын Федералдык миграция кызматы жана Москванын маданият департаменти менен биргеликте эмгек мигранттарына орус тили боюнча мамлекеттик тестирлөө программасын жүзөгө ашырууга Москва ачык билим берүү институту менен биргеликте жакындан жардамдашып жатабыз. Бул жерден эмгек мигранттары 72 саат акысыз окушуп, экзамен тапшырган соң, банкка 3 миң рубль төлөшүп, атайын орус тилин биле тургандыгы жөнүндөгү сертификатты алышат. Орус тилин начар билгендерге жумасына эки жолу 3 сааттан бекер окутабыз. Үстүбүздөгү жылдын12-апрелинде биздин 12 мекендешибиз орус тилин биле тургандыктары жөнүндөгү сертификаттарды алышты. Бул иште мен өзүм баш болуп иштеп жатамын. Өзүм Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин орус тили жана адабияты сабагы боюнча адистигин бүтүргөнмүн. Кесиптешим Сонун Жолдошова волонтёр, Татьяна Криворучка Москва ачык билим берүү институтунун ЮНЕСКО кафедрасынын ага окутуучусу. Азыркы мезгилде биздин коомдук кыймылдын чет элдик мигранттар менен иш алып баруудагы демилгелүү иш аракеттери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн купулуна толуп, РФнын Өкмөтүнөн атайын субсидия бөлүнүп калышы мүмкүн деген сөз болууда.
– Кыргызстандык эмгек мигранттарына дагы кандай багыттарда жардамдарды көрсөтүп жатасыздар?
– Бул маселеге дагы катуу көңүл буруп жатабыз. Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей адам баласынын турмушунда ар кандай кокустуктар менен кырсыктар болушу мүмкүн. Ошондуктан биздин коомдук кыймыл Кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн “Евразия” деген меймандын социалдык картасын ишке киргизип жатабыз. Бул эмне деген социалдык карта? Ага ар бир эмгек мигрантынын өздүк толук документтик маалыматтары жана телефону киргизилген карта болуп саналат. Ал “Классик” жана “Гольд” деп экиге бөлүнөт. “Классик” социалдык картасы 500 рубль, ал эми “Гольд” социалдык картасы 1650 рубль турат. Биринчисинде 24 саат бою эмгек мигрантына юридикалык акысыз кызмат көрсөтүлөт, ал эми экинчисинде 24 саат бою юридикалык консультация жана адвокаттык кызмат акысыз көрсөтүлөт. Мындан сырткары “Классик” социалдык картасында экстрендик медициналык тез жардам, ал эми “Гольд” социалдык картасында экстрендик медициналык тез жардам жана операциясы ичинде кошо жүргүзүлөт. Ошондой эле “жүк 200” кызматы киргизилип, ал моргдон самолётко чейин акысыз бекер жүргүзүлөт. Мындан сырткары “Евразия” плюс МТС уюлдук байланыш компаниясынын симкасы менен Кыргызстанга арзан баада сүйлөшүүгө болот. Ошондой эле дары – дармактерге 50 пайыздык жеңилдиктер жана авиа билеттерге бир катар жеңилдиктер каралган.
– Гульнара айым, ачык-айрым жана мазмундуу маегиңиз үчүн чоң рахмат. Россияда иштеп жатышкан мекендештерибизге көрсөтүп жаткан ар тараптуу демилгелүү ишиңиздерди такай ийгиликтер коштосун.
– Сиздерге дагы чоң рахмат, эли-журтубузда ар дайым ынтымакчылык менен биримдик жана берешендик менен токчулук болсун.
![]()
![]()
Жолдошбай ОСМОНОВ.
“Акыйкат”
Автор Orozaly
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
08.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТУ КӨРККӨ БӨЛӨГӨН АЗАМАТТАР!
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.