Аймак

Дүйнө кезген “Сере” тобу

 3,242 Бардыгы /

Дүйнө кезген “Сере” тобу
Россия Федерациясынын борбору болгон Москва шаарында кыргыз эмгек мигранттарынан куралган “Сере” улуттук маданий чыгармачыл топ 2007-жылдан бери үзүрлүү иштеп келе жатат. Алардын учурдагы чыгармачыл иш аракеттери туурасында кабарчыбыз аталган чыгармачыл топтун көркөм жетекчиси Гульнара Умурузакова менен баарлашкан.

-Гульнара айым, алгач курамы жалаң кыргыз эмгек мигранттарынан турган бул чыгармачыл топтун жаралып калышынын тарыхынан сөз баштасаңыз?

-Алгач ыр-бийге шыктуу балдар менен кыздардын, анан кыргыздын улуттук аспаптарында кол ойнотуп черткен таланттардын башын бириктирип, “Сере” улуттук маданий чыгармачыл топ түзгөнбүз. Бардык иштин башталышы кыйын болот дегендей алгачкы жылдары кыргыздын өнөрпоздору кийүүчү улуттук кийимдер менен комуз, чоорлорду Бишкектен алып бардык. Москвадагы Кыргызстандын элчилиги эң алгач моралдык жактан жана документтештирүү ишинде бир топ колдоо көрсөттү. Курамы 16 адамдан турган биздин чыгармачыл топ 2008-жылы Франциянын Конфолон шаарында өткөн 51чи Бүткүл дүйнөлүк элдердин фольклордук накта улуттук фестивалына катышып, фестивалдын дипломанты сыйлыгына арзыдык. “Сере” улуттук маданий чыгармачыл тобу элдик аспаптар, айымдар хору, бий тобу жана вокальдык аткаруучулардан куралган. Ошол эле жылы Франциянын 17 шаарын кыдырып, кыргыздардын нукура улуттук ыр-бийлерин тартууладык. Кайсыл шаарына барбайлы, бизди жакшы маанайда тосуп алышып жатышты. Француздар, дегеле Европа өлкөлөрү элдик фольклордук ыр-бийлерди өтө жогору баалашат экен. Анын үстүнө биздин чыгармалар фонограммасы жок, жандуу, табигый түрүндө аткарылып турду. Ошол эле жылы Швецариянын Фрибург шаарында өткөн фестивалга дагы катышууга үлгүрдүк.

-Улуттук маданий чыгармачыл топтун “Сере” деп аталышынын мааниси эмнени түшүндүрөт болду экен?

– Ушул суроону мага дагы көп жолу беришти. Касиеттүү кыргыз жери табияты аябай кооз жана кайталангыс кереметтүү жерлерге өтө бай эмеспи. Дүйнө элдери таң калышып, бир көрүүгө зар болгон Ысык-Көл, Оштогу Сулайман тоо, Арстанбап, Сары-Челек, Ат- Башыдагы Таш Коргон сыяктуу касиеттүү жерлерибиз көп эмеспи. Ноокен районундагы эң кооз жана бийик жайлоону Сере деп коюшат. Ушул аталышты биздин чыгармачыл топ өзүбүзгө пир тутуп алдык.

-Азыркы күндө чыгармачыл иштериңиздер кандай болуп жатат?

-Франция менен Швецарияга барып келгенден кийин 3-4 жыл тыныгуу алууга туура келди. Анткени турмуштук шартка байланыштуу кээ бир мүчөлөрүбүз турмуш куруп кетишти, айрымдары балалуу болушту. Анан эң башкысы топко атайын чыгармачылык кесиби бар таланттуу инсандарды тартууга көңүл бура баштадык. Бүгүнкү күндө “Сере” тобунда бул маселеде өксүгүбүз жок. Башкы максатыбыз көрөңгөлүү кыргыз элинин улуттук аспаптары менен ыр-бийлерин башка элдерге даңазалап келе жатабыз. Экинчи өмүрү ачылган “Кара жорго” бийи менен ыры башка элдердин өкүлдөрүн таңдантып жана суктандырып келет. Бийчилер тобунда 16 жаштан 23 жашка чейинки кыздар менен балдар, вокальдык ырчылар тобунда 30дан ашкандар ырдашат.
-Чыгармачыл топ негизинен кыргыз эмгек мигранттарынан турат экен. Иш менен өнөрдү бирдей айкалыштырып кетүү жагы оор болуп калбас бекен?
-Бул жагынан биздин Москвадагы элчилик ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Андан сырткары биз өзүбүз деле тартынбастан Орусиянын Москва шаарынын бийликтери менен түз байланышка чыгып, эки элдин ортосундагы байланыштарын чыңдоо багытындагы ойлорубузду айтканыбызда алар дагы колдоо жана түшүнүү менен кабыл алышты.
Дүйнө кезген “Сере” тобу
Россия Федерациясынын борбору болгон Москва шаарында кыргыз эмгек мигранттарынан куралган “Сере” улуттук маданий чыгармачыл топ 2007-жылдан бери үзүрлүү иштеп келе жатат. Алардын учурдагы чыгармачыл иш аракеттери туурасында кабарчыбыз аталган чыгармачыл топтун көркөм жетекчиси Гульнара Умурузакова менен баарлашкан.
-Гульнара айым, алгач курамы жалаң кыргыз эмгек мигранттарынан турган бул чыгармачыл топтун жаралып калышынын тарыхынан сөз баштасаңыз?
-Алгач ыр-бийге шыктуу балдар менен кыздардын, анан кыргыздын улуттук аспаптарында кол ойнотуп черткен таланттардын башын бириктирип, “Сере” улуттук маданий чыгармачыл топ түзгөнбүз. Бардык иштин башталышы кыйын болот дегендей алгачкы жылдары кыргыздын өнөрпоздору кийүүчү улуттук кийимдер менен комуз, чоорлорду Бишкектен алып бардык. Москвадагы Кыргызстандын элчилиги эң алгач моралдык жактан жана документтештирүү ишинде бир топ колдоо көрсөттү. Курамы 16 адамдан турган биздин чыгармачыл топ 2008-жылы Франциянын Конфолон шаарында өткөн 51чи Бүткүл дүйнөлүк элдердин фольклордук накта улуттук фестивалына катышып, фестивалдын дипломанты сыйлыгына арзыдык. “Сере” улуттук маданий чыгармачыл тобу элдик аспаптар, айымдар хору, бий тобу жана вокальдык аткаруучулардан куралган. Ошол эле жылы Франциянын 17 шаарын кыдырып, кыргыздардын нукура улуттук ыр-бийлерин тартууладык. Кайсыл шаарына барбайлы, бизди жакшы маанайда тосуп алышып жатышты. Француздар, дегеле Европа өлкөлөрү элдик фольклордук ыр-бийлерди өтө жогору баалашат экен. Анын үстүнө биздин чыгармалар фонограммасы жок, жандуу, табигый түрүндө аткарылып турду. Ошол эле жылы Швецариянын Фрибург шаарында өткөн фестивалга дагы катышууга үлгүрдүк.
-Улуттук маданий чыгармачыл топтун “Сере” деп аталышынын мааниси эмнени түшүндүрөт болду экен?
– Ушул суроону мага дагы көп жолу беришти. Касиеттүү кыргыз жери табияты аябай кооз жана кайталангыс кереметтүү жерлерге өтө бай эмеспи. Дүйнө элдери таң калышып, бир көрүүгө зар болгон Ысык-Көл, Оштогу Сулайман тоо, Арстанбап, Сары-Челек, Ат- Башыдагы Таш Коргон сыяктуу касиеттүү жерлерибиз көп эмеспи. Ноокен районундагы эң кооз жана бийик жайлоону Сере деп коюшат. Ушул аталышты биздин чыгармачыл топ өзүбүзгө пир тутуп алдык.
-Азыркы күндө чыгармачыл иштериңиздер кандай болуп жатат?
-Франция менен Швецарияга барып келгенден кийин 3-4 жыл тыныгуу алууга туура келди. Анткени турмуштук шартка байланыштуу кээ бир мүчөлөрүбүз турмуш куруп кетишти, айрымдары балалуу болушту. Анан эң башкысы топко атайын чыгармачылык кесиби бар таланттуу инсандарды тартууга көңүл бура баштадык. Бүгүнкү күндө “Сере” тобунда бул маселеде өксүгүбүз жок. Башкы максатыбыз көрөңгөлүү кыргыз элинин улуттук аспаптары менен ыр-бийлерин башка элдерге даңазалап келе жатабыз. Экинчи өмүрү ачылган “Кара жорго” бийи менен ыры башка элдердин өкүлдөрүн таңдантып жана суктандырып келет. Бийчилер тобунда 16 жаштан 23 жашка чейинки кыздар менен балдар, вокальдык ырчылар тобунда 30дан ашкандар ырдашат.
-Чыгармачыл топ негизинен кыргыз эмгек мигранттарынан турат экен. Иш менен өнөрдү бирдей айкалыштырып кетүү жагы оор болуп калбас бекен?
-Бул жагынан биздин Москвадагы элчилик ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Андан сырткары биз өзүбүз деле тартынбастан Орусиянын Москва шаарынын бийликтери менен түз байланышка чыгып, эки элдин ортосундагы байланыштарын чыңдоо багытындагы ойлорубузду айтканыбызда алар дагы колдоо жана түшүнүү менен кабыл алышты. Москвада 9 – май – Улуу Жеңиш майрамында Строгино метро станциясында орустар менен кыргыздардын биргелешкен чоң концертин тартууладык. Ар түркүн улуттардын башын бириктирген Москвадагы биздин биргелешкен концерт чоң аншлаг менен өттү. Мындан ары Москва шаарынын Түштүк-Чыгыш округунун жетекчилери майрамдык даталуу күндөрдүн маданий иш чараларын такай биргеликте өткөрүүнү суранышып, ар тараптан колдой тургандыктарын билдирип жатышат.
-Чыгармачылык ишиңиздерде такай эргүүлөр менен өсүүлөр болсун.
-Биздин иштен маалымат берген сиздерге дагы чоң рахмат.
Жолдошбай ОСМОНОВ,
“Акыйкат”
Ар түркүн улуттардын башын бириктирген Москвадагы биздин биргелешкен концерт чоң аншлаг менен өттү. Мындан ары Москва шаарынын Түштүк-Чыгыш округунун жетекчилери майрамдык даталуу күндөрдүн маданий иш чараларын такай биргеликте өткөрүүнү суранышып, ар тараптан колдой тургандыктарын билдирип жатышат.

-Чыгармачылык ишиңиздерде такай эргүүлөр менен өсүүлөр болсун.

Жолдошбай ОСМОНОВ,
“Акыйкат”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17