Аймак

«Кыргызтуракжайкоммунсоюз» ишканасынын Жалал-Абаддагы бөлүмдөрү бюджетке 10 млн. сомдон ашык зыян келтирген

 2,381 Бардыгы /

«Кыргызтуракжайкоммунсоюз» ишканасынын Жалал-Абаддагы бөлүмдөрү бюджетке 10 млн. сомдон ашык зыян келтирген

Жалал-Абад облусундагы укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кенешмесинин үстүбүздөгү жылдын акыркы үч ай аралыгында аткарган иштери боюнча Жалал-Абад облусунун прокурору Токтогулов Кылычбек Токтогулович биздин бир нече суроолорубузга жоопторду берди.

– Кылычбек Токтогулович, жакында сиз жетектеген координациялык кенешменин отуруму болуп, анда “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын облустун аймагындагы райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмелеринде аныкталган коррупциялык схемалары ачыкка чыкты. Ушул багыттагы кылмыштар боюнча айтып берсеңиз?

– Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын жана КР Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгында коюлган талаптарды ишке ашыруу алкагында Жалал-Абад облусунун укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын облустун аймагындагы райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмелеринде аныкталган коррупциялык кылмыштарга токтолуп кетсем болот.

Жакында бул маселе облустук прокуратурада өткөн Жалал-Абад облустук укук коргоо, фискалдык жана мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңешмесинде каралды. Анда “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын облустун аймгындагы райондор аралык жылуулук камсыздоо мамлекеттик ишканаларында аныкталган коррупциялык схемалар талкууланып, корруциялык схемаларды демонтаждоо, жоюунун жолдору талкууга алынды.

“Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын облустун аймагындагы жылуулук камсыздоо мамлекеттик ишканаларында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 5 кылмыш иши 10 млн. 200 миң 877 сомго козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Анын ичинен 3 кылмыш иши Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарбынан, 2 кылмыш иши экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан козголгон. Мисалга Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан козголгон иштерге токтолуп кетсем.

Жалал-Абад райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесиинин жооптуу кызмат адамдары кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, 2013-жылдын сентябрь айынан 2014-жылдын июнь айына чейинки аралыкта 22 жеке ишкерлер менен алдын ала макулдашып алышып, 1 млн. 717 миң 599 сом акча каражатына курулуш материалдарын жана запастык тетиктерин алгандыгы жана орнотулгандыгы жөнүндө сатып алуу жана орнотуу актыларына жалган маалыматтарды киргизишип, акча каражаттарын өз кызыкчылыктарына иштетип жок кылып жиберишкен.

Мындан сырткары, аталган мезгил аралыгында бирикмеге караштуу “Мазда – 626” үлгүсүндөгү мамлекеттик 14 94 ДА кызматтык автоунаасына 37 миң сомдук запастык тетиктер сатылып алынып, орнотулгандыгы жөнүндө сатып алуу жана орнотуу актыларын жасалмалашып, акча каражатын өз кызыкчылыгына иштептип жиберген. Натыйжада, Жалал-Абад райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, жасалма расмий документтерди түзүшүп, мамлекеттик бюджетке жалпысынан 1 млн. 754 миң 599 сомдук олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Жалал-Абад райондор аралык жылуулук камсыздоо бирикмесинин жооптуу кызматкерлеринин аракеттеринде КР КЖКнин 171-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункуту, 4-б. 2-пункту, 304-беренесинин 2-бөлүмүнүн жана 315-статьясында көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери байкалгандыктан, аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

– “Майлуу-Суу” жылуулук менен камсыздоо мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемалар боюнча да токтолуп кетсеңиз?

– “Майлуу-Суу” жылуулук менен камсыздоо мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалынан пайдаланышып, 2013-жылдын февраль, март айларында КР Өкмөтүнүн алдындагы энергетика боюнча мамлекеттик агенттигинин аткаруу кеңешинин 2002-жылдын 24-сентябрындагы 151-П сандуу токтому менен бекитилген жылуулук энергиясынын талаптарын эсептөө методикасынын талаптарын одоно түрдө бузуп, 22 пайыз жылуулукту жоготууга аштоого тийиш экендигине карабастан, Майлуу-Суу шаарында жайгашкан “Майлуу-Суу лампалык заводу ” ЖЧКсы тарабынан берилген эсеп-фактуралары менен салыштырып караганда, 2013-жылдын февраль, март айларында жылуулук менен камсыздоо мезгилине ылайык, шаар элдерине жана мекеме-ишканаларга берилген 7931,83 Гкал. Ичинен 3224,2889 Гкал. ашыгы менен жагылып, 64 пайыз жылуулукту ашыкча жоготууга жол беришип, натыйжада мамлекеттик бюджетке жалпысы болуп, 1 млн. 128 597 сомдук зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Майлуу-Суу” жылуулук менен камсыздоо мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына карата 2014-жылдын 19-сентябрында КР КЖКнин 304-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, “Майлуу-Суу лампалык заводу” ЖЧКсы тарабынан берилген эсеп-фактуралары менен салыштырып караганда, 2013-жылдын февраль, март айларында жылуулук менен камсыздоо мезгилине ылайык шаар элдерине жана мекеме-ишканаларга берилген 8719,232 Гкал. ичинен 2900,8885 Гкал. ашыгы менен жагылып, 54,2 пайыз жылуулукту ашыкча жоготууга жол беришкен.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке 1 млн. 232 миң 181 сомдук зыян келтирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Майлуу-Суу” жылуулук менен камсыздоо мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына карата үстүбуздөгү жылдын 22-сентябрында КР КЖКнин 304 беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

– КР Эсептөө палатасы тарабынан Майлуу-Суу жылуулук менен камсыздоо мекемесиндеги финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча да токтолуп кетсеңиз?

– Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш иштерге да токтолуп кетсек. Өткөн 2013-жылдын 13-сентябрында КР Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан “Майлуу-Суу” жылуулук менен камсыздоо мекемесинин финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн 2012-жылдын 1-январынан 2013-жылдын 30-июнь аралыгына чейинки мезгилге аудитордук текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Майлуу-Суу” жылуулук менен камсыздоо мекемесинин мазут сактоочу жайынан 226,342 тонна башкача айтканда, 3 млн. 885,5 миң сомдук мазут жетишпестиги аныкталган.

Жалпысынан мамлекеттик бюджетке “Майлуу-Суу” жылуулук менен камсыздоо мекемесинин кызматкерлери тарабынан 3 млн. 885,5 миң сомдук материалдык зыян келтирилген. Аталган факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

– Жалал-Абад жылуулук менен камсыздоо мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары 2 млн. 200 миң сомду мыйзамсыз пайдаланышкан экен. Ушул боюнча да кыскача айтып берсеңиз?

– Жалал-Абад жылуулук менен камсыздоо мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына карата 2 млн. 200 миң сомду мыйзамсыз пайдаланып, “МКС” ЖЧКна мыйзамсыз которуу менен акча каражатын мыйзамсыз чыгымдаган фактысы боюнча айта турган болсом, 2014-жылдын 13-майында жана 2014-жылдын 27-майында КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад район аралык жылуулук берүүчү өндүрүштүк бирикмесинде эки жолу тендер өткөрүлгөн. Өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыктары менен “МКС” ЖЧКу жеңүүчү деп табылган.

Жалал-Абад район аралык жылуулук берүүчү өндүрүштүк бирикмеси менен “МКС” ЖЧКнун ортосунда 2014-жылдын 9-июнунда 4 млн. 775 миң 600 сомго электрондук материалдарды ташып келүү боюнча, 16-июнда 5 млн. 341 миң 826 сомго курулуш материалдарды ташып келүү боюнча келишим түзүлгөн.

Келишимдерге ылайык, Жалал-Абад район аралык жылуулук берүүчү өндүрүштүк бирикмеси тарабынан “МКС” ЖЧКна 18-июнда 1 млн сом, ал эми 3-июлда 1 млн. 200 миң сом, жалпысынан 2 млн. 200 миң сом акча каражаты которулуп берилген.

Бирок, “МКС” ЖЧКсы келишимде көрсөтүлгөн 30 күндүк шарттарын бузуп, алган 2 млн. 200 миң сом акчага Жалал-Абад район аралык жылуулук берүүчү өндүрүштүк бирикмесине келишимде көрсөтүлгөн материалдарды ташып келип кириштирбестен, ал акчаны өзүнүн кызыкчылыктарына жумшап жок кылган. Аталган факты боюнча КР КЖКнин 171-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту менен кылмыш иши козголгон.

– Мындан ары бул коррупциялык схемаларды жоюу боюнча кандай иштер жасалат?

– Ар бир жылуулук ишканаларында аныкталган коррупциялык схемаларды түп тамырынан жок кылуу боюнча атайын иш план иштеп чыгуу сунушу берилди. Анын аткарылышы координациялык кеңештин көзөмөлүндө болот.

Маектешкен: Анархан Жаңыбаева, “Жалал-Абад-Кабар”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17