Аймак

Ыйык тоодо катылган сырлар

 6,878 Бардыгы /

Ыйык тоодо катылган сырлар

Алымбек ажы Култаев 14 жылдан бери Ош шаарындагы Сулайман-Тоо этнографиялык музейинин Бабур мазарынын шайыгы. Ал өзү дин адамы болсо да, Ош шаарынын жана Сулайман тоо тууралуу жазылган эски кол жазмаларга, тарыхый булактарга, пайгамбарлардын өмүрү баяндалган диний адабияттарга, хадистерге , ошондой эле элдик уламыштарга кызыгып, аларды бири бири менен салыштырып, андан өз алдынча илимий тыянак чыгарууга кызыгып жүргөн адам. Ал мына ушундай кызыктуу материалдардын негизинде 2009-жылы Бишкектеги «Бийиктик» басмасынан жарык көргөн «Ыйык Сулайман тоосунда катылган сырлар» деген илимий-популярдуу китептин автору. Ал жакында бул китептин экинчи бөлүгүн басмага тапшырып келди. Биз жакында Алымбек ажыга жолугуп, бул китептин экинчи бөлүгүн чыгарууга эмне себеп болгондугун, анда жазылган материалдарды эмнеге таянып жазгандыгы тууралуу суроо узаттык.

– Илимпоздор чөйрөсүндө Махмуд Хасаний деген ат менен белгилүү болгон Махамаджан Хасанов 1968-жылы Ташкент Мамлекеттик Университетинин Чыгыш таануу факультетинин фарс-афган бөлүмүн бүтүргөн. Бул окумуштуу ошол мезгилден бери Өзбек республикасынын Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу факультетинде институтунда иштеп келет. Азыркы учурда аталган институттун кол жазмалар фондусунун директору. Илимпоздун 50дөн ашык китептери жана илимий макалалары жарык көргөн. Ал Өзбекстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Ош шаарынын 3000 жылдыгын белгилөөдө анын «Ош- Хайр-ул-Билод» (Ош шаары жөнүндө рисала) аттуу илимий монографиясы жарык көргөн. Окумуштуу орто кылымдардагы кол жазма түрүндө түрүндө сакталып калган маалыматтарга таянуу менен байыркы Ош шаарынын жана анда жайгашкан табышмактуу Сулайман Тоо жөнүндө кызыктуу маалыматтарды сунуштаган.

Азыркы учурда ал «Хайр-ул-Билод» (Ош шаарынын китеби), «Ош асманынын жарык жылдызы Кутбуддин Оший» жана Сиражиддин Оший – орто кылымдын көрүнүктүү илимпозу» деп аталган үч илимий китептердин үстүндө эмгектенип жатат.

Илимпоздун жазганына таянсак, Орто Азияга ислам динин кирип келиши жана анын маданиятынын таралышы менен Ош маданият, илим жана билим борборуна айланган. Орто кылымда белгилүү аалымдар тарабынан Ош шаары тууралуу жазылган эмгектеринин бир катар нускалары Өзбек республикасынын Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу факультетинде институтунун кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

Алсак, Ош шаарында туулган жана жашаган Шамсуддин Сомибек атактуу «Комус ул- аөлам» аттуу энциклопедиялык чыгарманын автору болгон. Бул эмгекте 12-кылымдын 2-жарымында жашаган диний чоң аалым Кожо Кутбидин Бактияр Оший Кокийдин өмүр баяны тууралуу баяндама бар.
Чыгыштын Ислам дүйнөсүндө ири чыгармалары жана ажайып кооз казалдары менен таанымал болгон кадимки Шейх Фарид Шахирихан Кутбидин Бактияр Оший Кокийдин шакирти болгондугу тууралуу маалымат берилет. (Бул чыгарманын көчүрмөсү 1339-жылы Стамбул шаарында жарык көргөн).
Бул окумуштуу Махмуд Ваалий ал- Мархамдийдин фарс-тажик тилинде жазылган «Мажмаө ут-Таборах» деп аталган чыгармасына жана «Сафинат уль- авлия» аттуу китебинин жээгинде берген маалыматтарга таянуу менен Ош шаарындагы атактуу төрт илимпоз жөнүндө кабар берет. Алардын –Маөсуд ибн Мансур ал Оший, бул илимпоз белгисиз себептер менен 1226-жылы урпактары менен кошо жок болушкан. Экинчиси, Мухаммад ибн Ахмад ибн Али ибн Ха¬мид Абу Аᬬдал¬лах аль Оши. Бул илимпоз Багдадга барып, илимин өркүндөтүп, ошол жерде дарс берген маалим болгон. Ал чыгаан теолог, окумуштуу катары, ошол кезде¬ги ири или¬мий борбор кадим¬ки Багдаддын илимий чөйрөсүнө таа-нымал бо¬луп, ал жакта лекцияларды окуганы биз үчүн зор сыймык. Өмүрүнүн соңунда Бухарага келип, ошол жерде 1216-жылы ааламдан өткөн. Үчүнчүсү, Мавлана Холид Оший, болжол менен алганда 1385-жылы Ошто каза тапкан. Төртүнчүсү, XII кылымда өмүр сүргөн Али Ибн Осмон ал-Оший. Бул окумуштууну өз замандаштары Сыражидин аль–Оши деген деген ат менен тааныган. Анын «Фетави Сирожиййа» (Сыражидин фатвалары) деген ат менен жарык көргөн. Бул эмгеги ислам дининин укук таануучуларынын арасында өзгөчө орунду ээлеп, кызылар өз чечимдерин чыгарууда аны негиздүү документ катары таянган. Сыражидин аль–Оши өз мезгилинде окумдуу, таасирдүү казалдарды жазган акын катары да белгилүү инсан болгон. Анын арап тилинде жазылган «Бадө уль-амоли» (Жазуунун башталышы) аттуу поэзиялык чыгармасы кол жазма жана басма түрүндө кеңири таралган. Оштогу юридика институтунун проректору, тарых илимдеринин доктору Байболот Абытов болсо Сыражидин аль–Ошинин «Фетави Сиражите» же «Сиражуд¬диндин фатвасы» де¬ген кол жазмасы 1827-ж. Каль¬кут¬тада жарык көрүп, ал эми 1915-ж. Англияда кайрадан басылып чыккандыгын тастыктайт.

Жогорудагы маалыматтарга таяна турган болсок, Чынгыз хандын жортулу башталганга чейин жана анын урпактарынын башкарган 1100-1300 –жылдарда Ош шаары илим жана билимдин борбору болгондугун байкайбыз. Ошол кездеги жашаган илимпоздорду замандаштары «мавлана» деген сөз менен урматташкан.

Илимпоз Махмуд Хасаний 1999-жылы Мархамат районундагы Рават айылынын жашоочусу Хусанбай Рахманкуловдун колунда сакталып калган өз ичине 11 чыгарманы камтыган, 1837–жылы көчүрүлүп алынган фарс тилиндеги кол жазманы таап окуп чыгып, аны өзбек тилине которгон. Окумуштуу бул кол жазманын бөлүмдөрүндө Ош шаары жана анда жайгашкан Сулайман тоосу тууралуу маалыматтар бар экендигине көңүл бурган. Ушул кол жазманы Өзбек республикасынын Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу факультетинде институтунун кол жазмалар фондусунда сакталып турган эски чагатай тилиндеги нускасы менен салыштырып чыгып, алардын айрым окшоштуктарын жана айрымачылыктарын изилдеп чыккан. Окумуштуунун бул китебиндеги «Рисолайи шахри Уш» (Ош шаарынын китеби) бөлүмүндө Ош шаарындагы тоо Баракух деп айтылгандыгына жана кол жазма фарс тилинде жазылгандыгына таянуу менен автору белгисиз бул эмгек фарс тилинде жазуу салтка айланган 13-14-кылымдарда жаралган деген тыянакка келет. Бул китептин айрым оош кыйыштары болсо да тарыхый эстелик катары колдон колго өтүп, сабаты бар адамдар тарабынан окулган жана колдон колго көчүрүлгөн бир бүтүн жана жалгыз чыгарма. Анда Кожо Умай Гази, Кожо Имам Исхах, Кожо Акмат Арым, Кожо Акмат Нарым, Имран Каас сыяктуу олуялар тарыхый инсандар тууралуу жана Ош шаары жөнүндөгү анык жана эл оозунда жүргөн маалыматтар бар экендиги менен баалуу.

Мен илимпоз Махмуд Хасаний тарабынан которулган ушул кол жазманын ичинен «Рисолайи шахри Уш» (Ош шаарынын китеби) жана «Дар фазилат номайи Уш ва Кароргохи Сулоймон алейки салом» («Ош жана Сулайман алейки саламдын турган жайынын артыкчылыгы») деп аталган бөлүктөрүн 2009-жылы Бишкектеги «Бийиктик» басмасынан жарык көргөн «Ыйык Сулайман тоосунда катылган сырлар» деген илимий-популярдуу китепке киргизген болчумун.

Орто кылымдагы олуя Ахмед Яссавинин шакирттеринин бири даанышман Хаким Ата Сулайман Бакырганий (туулган жылы белгисиз, 1186-жылы көз жумган) өзүнүн эмгегинде Сулайман тоосу жөнүндө мындай жазган. «дербиштер көп жол басып, көп ашуу ашып жүрүп отуруп, акыры өздөрүнүн көздөгөн максаттарына-Сулайман тоосундай болгон болгон ыйыктыкка жана бийиктикке жетет. Ал эми ар бир дербиштин ички дүйнөсүндө Сулайман пайгамбардын тактысы бар.

Ош шаары ыйык шаар экендиги, анын жанындагы тоо Баракух Тоо (азыркы Сулайман тоосу) деп аталгандыгы атактуу тарыхчы Жамал аль Карший «Китабус Сурах Миннассихах» деген китебинде 1293-жылы минтип жазган: «Давут пайгамбардын баласы Сулайман а.с.дын вазири Асаф ибн Бурхиянын мүрзөсү Баракух тоосунда жайгашкан. Андан сырткары дүйнөгө жүзүнө дүңгүрөп аты белгилүү болгон он бир Ахмеддин (Ахмед Яссави сыяктуу) экөөнүн сөөгү да ушул Сулайман тоодо. Алар – Ахмед Акрам жана Ахмед Арым. Ошондой эле сахаба Йаманийдин сөөгү да ошол тоого коюлгандыгын жазып, илимпоздордун улугу жана падышанын садри (диний иштерди жүргүзүүчүсү) Мунир ибн Абылкасым ал-Оший жөнүндө да маалыматты билдирет.

Сулайман тоо тууралуу маалымат Бабур наамеде да айтылат. Ал абасы салкын, суусу таза Ош шаары, андагы Баракух тоосу , андагы Махмуд хандын салган үйү, андан төмөнүрөөк жайга бүткүл шаар, анын айлана-тегереги көрүнүп турган жерге өзү 1498-жылы чакан үй салгандыгы жөнүндө маалымат берет.
***
Ислам динин изилдөөчүлөрдүн жазгандарына жана «Мухаммед тарыхы» деп аталган китепке таянсак Мухаммад пайгамбар мираж түндө Идирис алейкисаламдын мекени болгон төртүнчү асманга жеткенде чыгыш тараптагы Хайрул Булдан, (дагы бир аты- Ош) деп аталган жердеги бир тоого Сулайман пайгабар мечит курдуруп, ал мечите көп жолу ибатат кылганда Алла тааладан келген буйруктун негизинде Жабиерил периште ал тоонун үстүңкү катмарын андан чыккан булак менен кошо төртүнчү асманга алып чыкканда, Ошондо Мухаммед С.А.В ал мечитке кирип, эки рекет намаз окуп, Сулайман а.с.дын рухуна дуба кылгандыгы болуп өткөн окуя.

Мираж түндө болгон окуялар тууралуу Азирети али Мухаммад пайгамбардын өз оозунан минтип уккан экен:
«Мени Жабиреил периште Бурак атка мингизип, өзү атты жылоолоп, насут (жер) ааламынан лахут (асман) ааламына көтөрдүк. Асмандын биринчи катмарынан Адам алейки салам менен кездештим. Экинчи катмар Иса пайгамбардын жана Яхийа пайгамбардын, үчүнчү катмар Жусуп алейкисаламдын турган жайы экен. Идирис алейкисаламдын мекени болгон төртүнчү асманга жеткенде чыгыш тараптан бир нур көрдүм. «Ал эмне болгон нур?- деп сурадым. Жабиреил периште: «Чыгыш тарапта бир жер бар, анын аты Хайрул Булдан. Анын дагы бир аты- Ош. Бул жерде бир тоо бар. Азрети Сулайман ал тоого мечит курдуруп, ал мечитте көп жолу ибатат кылган.» Ошондо ал мечиттин ичинде зыярат кылсам деген тилек кылдым. Алла Тааладан келген буйруктун негизинде Жабиерил периште ал тоону төртүнчү асманга алып чыгып, мен ошол мечитке кирип, эки рекет намаз окуп, Сулайман а.с.дын рухуна дуба кылдым».
***
«Рисалаи Ош» деген китепте Ибрагим а.с. пайгамбар Ош жергесине келип, азыркы Сулайман тоосунун этегине «Меккеи Ажам» деп аталган мечитти кургандыгы айтылат. Ошол доордо фарс элдерин аьжам эли деп аталса, кийин арап эмес элдин бары аьжам эли деп аталган. Ошол себептен Сулайман тоосуна курулган мечит «Меккеи Ажам» деп аталышы толук ыктымал.
Ата-бабасынан бери Сулайман тоосунун шайыгы болуп жүргөн Алимжан төрө Момунов аксакал «Меккеи Ажам» деп аталган мечиттин орду азыр да бар тастыктап, «Рисолайи шахри Уш» (Ош шаарынын китеби) бөлүмүндө аты аталган Кожо Акмат Арым, Кожо Акмат Нарым, Олуя Йаманийдин жана Мукаммад Назарбек кожонун сөөгү кеарде экендигин кийинки муундарга көрсөтүп жүрөт.

Ибрагим а.с. пайгамбарга берилген китепте курулуш эрежелери жана тартиптери болгон. Ал маалыматтарды колдонуп, көптөгөн мечиттерди курган.
Ибрагим а.с. пайгамбар б.э.ч. 2180-жылы 175 жашка чыккан. Ал Нух пайгамбардын убагындагы топон суу каптоодон 1080 жыл өткөндөн кийин Вавилондо (азыркы Ирак) туулган. Ибрагим а.с. пайгамбар уулу Исмаил менен бирге Мекке шаарындагы Каабаны курган. Топон суудан кийин кыйраган курулуш кайрадан калыбына келтирилген. Андан тышкары Палестинадагы «Масчиди Акса» мечитин да курган.
Мухаммед С.А.Вга берилген Бурак ат Ибрагим а.с. пайгамбарга да ыйгарылгандыгы тууралуу баян Имам Бухарийдин китебиндеги аалым Кырманийдин айтуусунда жазылат. Ошон үчүн Ибрагим а.с. пайгамбар да каалаган жерине чейин барып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Ибрагим а.с. пайгамбардын небереси Жакыптын уулу Жусуп пайгамбар б.э.ч. 1934-жылы туулган жана б.э.ч 1824-жылы 110 жашта Мисирде көзү өткөн. «Рисалаи Ош» деген китепте Жусуп а.с. пайгамбар Ош жергесине келгендиги тууралуу маалыматтар бар. Бизде Сулайман тоонун ыйыктыгын далилдеген көптөгөн мисалдар бар. Алсак, Жабиерил периште ушул тоону алаканына салып, төртүнчү асманга алып чыккандыгын далилдеген анын жарылып турган бөлүгү, тоонун түндүк тарабындагы Адам ата менен Обо эненин кошулгандыгын баяндаган ташта калган бедиз сыяктуу элестер бар. Аны эл оозунда айтылган аңыз сөздөр да толуктап турат.
2009-жыл 11-июнда Сулайман тоосу ЮНЕСКОнун Испаниянын Севилья шаарында өткөн 33 сессиясында дүйнөлүк мурастардын тизмесине катталган. Биз, Кыргызстандыктар аны менен сыймыктанып, келген конокторго, туристтерге Сулайман тоосунда катылган сырларды баяндап берүүгө милдеттүүбүз.

Маектешкен:
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
Ош шаары.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17