Аймак

Нурболот Мирзахмедов, Сузак районунун акими

 8,407 Бардыгы /

Нурболот Мирзахмедов, Сузак  районунун акими

-Аты алыска кеткен айтылуу орошон таланттуу, төкмө, философ Барпы Алыкуловдун 130 жылдык маарекеси өкмөт эмес, жергиликтүү бийлик – Сузак райондук мамлекеттик администрациясы өткөрүп жатат. Эмне үчүн?

-Ооба көрүнүктүү акыныбыздын 130 жылдык маарекесин өткөрүүгө бир аз кечигип камынып калдык. Мунун бир топ себептери бар.Чынын айтканда биз мамлекеттик деңгээлде өткөн Токтогулдун маарекеси кайрылганда гана токтомду таап чыктык. Ал токтомдо областтык деңгээлде белгиленсин деп бизге жүктөлгөн экен. Ошондуктан чукул менен алек болуп, Өкмөттөн чыккан токтомдун райондук мамлекеттик администрацияга чейин жетпей калгандыгынын кесепети болду. Анан “Барпы” коомунун аксакалдары келип, токтом чыккан эле дешип арага коюп, баштап жибердик. Убагында маани бербегендигибиз, эртерээк камылга көрбөгөндүгүбүз үчүн менин да, жалпы сузактыктардын да күнөөсү бар.
Барпы апыз чоң акын. Анын ырлары тереңдиги, угумдуулугу, жугумдуулугу, ойчулдугу жана таамайлыгы менен айырмаланат. Акындын өмүр жолу, чыгармалары китеп болуп чыгып, мектептерде окутулуп жатат. Мына ушул акындын чыгармачылыгы, өмүр жолу азыркы замандагы орду тууралуу айтып, даңазалоо үчүн маарекесин өткөрүп жатабыз.
Биз акындын маарекесин өткөрүүдө элге таяндык. Маарекенин алдында мектептерде ачык сабактар, конференциялар, спорттук оюндар, айтыш өткөрүү менен элге майрамдык маанай тартуулап, акындын арбагын ыраазы кылалы дедик. Массалык маалымат каражаттарына ошол иш-чараларды берүү менен Барпынын канчалык деңгээлде акын болгондугун элге даңазалоо, таанытуу максатын көздөдүк. Мен маарекенин уюштуруу иштеринин төрагасы катары Сузактагы төбөсү көрүнгөн, чыгаан эр азаматтары менен сүйлөшүүгө бардым. Алар дароо колдоп кетти. Бакыт Төрөбаевге чыкканда эле бир тарабын көтөрүп берейин деп макул болду. Камчыбек Ташиев да мындай акынды урматтап, сыйлап алышыбыз керек деп каражаты жардамы менен колдоп чыкты. Жусубалы Төрөмаматов, Малик Осмонов, Гүлжигит Жумаев, Замирбек Рахманкулов, Бактыяр Шерматов, бир тууган Чымбердиевдер демөөрчүлүк кылып, айтор мен сузактыкмын деген патриоттор колунан келген жардамын көрсөтүп жатат. Бизден эмне жардам керек деп жок дегенде даярдык көргөндөргө жардамым деп тамак-ашын көтөрүп келгендер да бар. Көп түкүрсө көл болот. Элден 4 млн. сомго жакын каражат чогулду. Бул каражатка маданий, спорттук иш -чаралар, илимий-практикалык конференциялар өткөрүлөт, Барпы акындын китептери чыгарылды. Акындын ырларына жазылган обондор жыйналып китеп болуп чыкты. Айтышты, спорттук иш- чараларды, Көк-Бөрүнүн байге фонддору демөөрчүлөр аркылуу ишке ашууда.
Биз буга чейин Ысык-Көлдөгү көчмөндөр оюнуна, Токтогул акындын маарекесине катышып, 3 боз үйдү алып барып тигип, кызмат кылганбыз. Бул жолу биз башкалардан андайларды талап кылбайбыз. “Телтору” ат майданында өзүбүз боз үйлөрдү тигип, областтык бардык район, шаарларынын, бардык областтардын жетекчилерин, аксакалдарын конокко чакырып жатабыз. Мындан сырткары Сузак району чет өлкөдө Түркияда Жайкан району менен достук мамиледе болгондуктан аларды да чакырдык.
Барпы айыл өкмөтү 2 жылкы союп, аш демдеп жалпы элге тартуулайт. Максат –биз Барпы акыныбыздын атын даңазалап, той, майрам кылып элден ыраазылыгын, батасын алуу.

– Майрамда кандай иш-чаралар өткөрүлөт?

-Барпы Алыкуловдун 130 жылдык маарекеси көпчүлүктүн кызыгын арттырууда. Катышууна каалаган жарандар үчүн уюштуруу комитетинен алынган иш -чаралардын программасы мындай болот.
13-14-ноябрь күндөрү саат 10-00 Курманбек фольклордук талаасында Көк-Бөрү оюндары;
13-ноябрь саат 17-00 дө Барпы атындагы драма театрында Барпы драм театрдын коллективинин чоң концерти (кирүү акысыз);
14-ноябрь саат 10-00 дө Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин актовый залында Барпы акындын чыгармачылыгына арналган илимий конференция;
14-ноябрь саат 10-00дө Барпы театрында төкмө акындардын айтышы. (кирүү акысыз);
14-ноябрь Телтору ат майданында саат 10-00дө ордо оюну;
15-ноябрь Телтору ат майданында саат 10-00 дө алыш күрөш;
15-ноябрь Телтору ат майданында саат 12-00 дө оодарыш;
15-ноябрь Телтору ат майданында саат 14-00 дө кыз куумай жана
15-ноябрь Телтору ат майданында саат 15-00 дө Байгелерди тапшыруу аземи жана жылдыздардын катышуусунда чоң концерт өтөт.

Байгелердин суммасы:
-Айтыш – Байге фонду 700 миң сом
– Ат чабыш-Байге фонду-350,0 миң сом,
– Алыш –Күрөш-Байге фонду-200,0 миң сом
– Ордо- Байге фонду-27,0 миң сом,
– Оодарыш-Байге фонду-100,0 миң сом,
– Көк-Бөрү-Байге фонду-500,0 миң сом,

Маектешкен Орозалы Карасартов,”Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17