Аймак

Жалал-Абадда Барпы Алыкуловдун 130 жылдыгына карата айтыш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды – фото

 6,903 Бардыгы /

Жалал-Абадда Барпы Алыкуловдун 130 жылдыгына карата айтыш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды -  фото

13- 14-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Барпы атындагы театрында төкмө акын Барпы Алыкуловдун 130 жылдык мааракесине арналган акындар айтышы болуп, “Телтору” ат майданында жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилди.
Калыстар тобунун төрагасы Тынчтыкбек Нурмамбетовдун маалымататы боюнча Финалда 4 акындын ичинен Оштон барышкан Идирис Айтибаев менен Абдували Акимбеков бирдей, 70 упай менен тең чыгышып, бирок А.Акимбековдун Барпынын стилинде ырдаганы эске алынып жана айтыштын баягы салтына ылайык, улуусу катары баш байге ыйгарылды.
Аксакал болмоюнча, же эл айта жүргөндөй “өзбекстандык кыргыз” аты калмайынча баш байгеге илеше албай жүрө берген Идирис Айтибаев 1-орунга татыса, Бишкектен барган алп акын Жеңишбек Жумакадыр 68 упай менен 2-орунду, ал эми сузактык, болгондо да Барпы апыздын урпагы, жез таңдай акын Абдукаим Ашимбаев 3-орунду ээлешти.
Белгилей кетсек, республикалык деңгээлдеги бул айтышка өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген 25 төкмө акын катышкан.

Сынак 4 турдан туруп, баш байгеге 200 000 сом, 1-орунга 150 000, 2-орун үчүн 100 000 сом байге каралса, 3-орун үчүн 50 000 сом бөлүнгөн. Ошондой эле, калган алдыңкы упай алышкан 8 катышуучунун ар бирине 10 000 сомдон жана калгандарына да катышкандыгы үчүн 2000 сомдон Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында- мааракенин жыйынтыктоо учурунда тапшырылды.
Жалпысынан айтыш боюнча байге фонду 700 000 сомду түзүп, бул каражаттын баарын Сузак районунун чыгаан азаматтары ЖКнын төрагасы Малик Осмонов, ишкерлер Жусубалы Төрөмаматов, Гүлжигит Жумаевдер көтөрүшкөн.

Орозалы Карасартов, “Aymak.kg”




Жалал-Абадда Барпы Алыкуловдун 130 жылдыгына карата айтыш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды -  фото

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17