Аймак

КОШУНА

 6,068 Бардыгы /

КОШУНА КОШУНА

Жакында 13 бир туугандын үчүнчүсү бир тууган тагам 3 баласын таштап о дүйнөгө кете берди. Бирөөгө жамандык санабаган, оокатына тың, өзү чыкыйып таза жүргөн, кабагы жарык киши эле. Түз эле басып жүрүп жүрөгү кармап жыгылыптыр. 49 гана жашта болчу. “Катуу ооруп жатат” деп угузушкан. Апамды иним, атам болуп тагам жашаган Кара-Кулжа айылына саат 22лер чамасында алып бардык. Барсак бир туугандар дээрлик баары келип калышкан экен. Бир туугандын күйүтү кандай оор. “Акем оой”, “Бир боорум”, “Бирөөнүн кылына кара санабаган момун элең го” дешип мунканса каңырыгың түтөп кетет экен. Баарынан да апамын боздогону жүрөгүмдү эзип жиберди. Көк көйнөгүн эми гана чечип уулунун тоюна камданып жаткан. Улам туугандары келген сайын өкүрүк ого бетер күчөп, үй каңырык түтөткөн ачуу ыйга толо калат. “Кой сабыр кылгыла айланайындар, өлгөндүн артынан өлмөк жок”, “Ыйласаңар тирилеби, андан көрө сабыр кылып, тирүүлүктүн камын жегиле” ,”Жакшы киши эле, биз дагы эзилип турабыз, айла канча тагдыр экен” дешип сооротуп, улам бирисин кармап, экинчисин кучактап кайрат айтып кошуналар жүрүштү.
“Кайрат кылып, маркумдун ариетин жасайлы”, – деди бирөө. Тагаларым – туулган айылына алып кетели сөөктү,- дешти эле кошуналар: – Сабырали (маркум тагамдын аты) бул жерде 20 жылга жакын жашап орун очок алып калган. Кой антпегиле, бул жер анын журту, биз эмне карап турмак белек. Ариетин жасаганга тик туруп кызмат кылабыз.- дешип болбой коюшту. Таң аткыча биз менен кошо кошуналар да кирпикти көзүн ирмеген жок. Таң атары менен кошунасы менен бөлүп турган кашааны 3 метрдей түрүп салышты да, ошол жакка казан асып, отун жарууга киришишти. Аялдары улам жармасын, нанын, тамагын көтөрүп келип: “Ичегой айланайындар, көз жашыңар кургап калат, ысык ууртагыла”,-деп камкордук көрүп жатышты. Ариетинин чыгымын баласы менен туугандары көтөргөнү менен отун-суусун апкелип, кызматын кылган, батага алыс-жакындан келгендерди тосуп узаткан кошуналар болду. Эл башысы мен жоопкерчилик артынган адаммын деп 3 күн жумушуна да барган жок.
Маркумду жерге берип, тажиясын өткөргөн соң туугандар ар кимиси жашаган жерине барып куран окуттурууга жөнөп кетишти. Алар да кошуналарына ишенип эл чакырат болуш керек. Анткени биз да ошенттик. Мен бала кезде үйгө чогулушуп тээ бир оокумга чейин санжыра айтып, күлүк ат, баатырлар жөнүндө аңгеме салышып, айылдагы лакапка айланган окуялардан кеп куруп менин ырга болгон ышкымды ойготкон бир гана менин кошуналарым, тоок сойсо да шорпо ичкиле деп чакырган бир гана менин кошуналарым, жамандык-жакшылыкта, той ашта өтүк тартып, бел чечпей кызмат кылып, жетпеген идишит менен төшөнчүсүн көтөрүп келген бир гана менин кошуналарым, чоң атамдын үйү жети жыл ээн калганда ташын талатып, кышын уратпай караган, бак-дарагын сугарган бир гана менин кошуналарым, “Элдер кашаасын чоңойтуп жатат, зымтор берип жибергиле кошуп коёлу” деген бир гана менин кошуналарым деп жүрүпмүн. Көрсө, баардык кошуналар ошондой окшобойбу. Элде “Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык” деген накыл кеп бекер айтылбаптыр.
“Айылымдын алтын сезем топурагын,
Мен ага агын суудай кошуламын,
Үйүмө чейин коштоп үрүп барат,
Ити да ылымсанап кошунамын”,-деп жазган экем. Кошунанын дубалы, чоң дарбазадан сырткары 2-3 үйгө чейин бири-бирибизди туташтырып дайыма ачык турган эргилчеги, кычкач, кетмен, элек сурап келген балдары, огороддогу эгинди тээп кетчү тооктору, эргилчектен туура үймөк чөптү көздөй чуркаган малдары, дайыма узатып, тосуп алган тааныш иттери, баары, баары жакын тууган, бооруңдай сезилип калат экен айылыңдан алыстаганда. Кубанычыбызга шериктеш, кайгыбызга ортоктош болгон кошуналар ар дайым аман болушсун! Ар кимге менин, мени тагамдын кошуналарындай кошуна туш болсун!

Улукбек Омокеев, Ош шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17