Аймак

Багыш уруусу жана анын теги

Багыш уруусу жана анын теги

 65,938 Бардыгы /

Багыш уруусу жана анын теги
Багыш уруусу жана анын теги
Багыш уруусу жана анын теги

Элдик санжыранын маалыматтарында кыргызды негизинен эки уруу башкарып келгендиги баяндалат. Көп сандуу, күч-кубаттуу жана таасирлүү болгон кыргыз-кыпчактардын бийлик чылбыры бошоңдогондо бул оор, жооптуу жана ардактуу милдетти багыш уруусу өз колуна алчу экен. Кыргыз урууларынын жиктешүүсүндө багыш уруусу “оң канат” уруулук тобуна кирет. Багыштар кыргыздын негизги ири урууларынын бири катары баатырлык эпостордо, фольклордук маалыматтарда жыш эскерилет. Багыш уруусунун өкүлдөрү Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарынан учурайт.

Багыш уруусунун генеаологиялык схемасына назар салганыбызда анын уруулук жана уруктар курамынын басымдуу бөлүгүнүн тегинин байыркылыгы байкалат. Уруунун курамында Түштүк Сибирь, Монголия, Чыгыш Түркстан, Орто Азиянын этникалык чөйрөсү менен байланышкан этникалык компоненттер бар. Багыш уруусунун жана анын энчилүү атынын Саян-Алтайдын этникалык-маданий чөйрөсү менен байланышын оболку ирет Н.А.Аристов жазып кеткен. Автор багыш жаныбары кыргыздар жайгашкан аймактарда жашабай тургандыгына, бул кайберен Сибирдин климаттык шарттарына ыңгайлашкан жаныбар экендигине токтолгон. Багыш – тотемдик жаныбар. Сибирдеги жашаган уруулар багыш жаныбарына сыйынганы таш доорунан калган эстеликтерде чагылдырылат. Тотемисттик көз караштын негизинде пайда болгон уруу аттары кыргыздарда кенен учурайт. Мисалы, бөрү, жору, бугу, кара куш, төбөй, тору айгыр, жагалмай тамга, үкү, бүркүт ж.б.

Ачы – багыш уруусунун курамындагы урук. Кыргызстандын жана Түштүк Сибирдин топонимикасында чагылдырылган Ачы (Көк- Арт өрөөнүндөгү, Базар-Коргон жергесиндеги топонимдер), Ачинск, Канск-Ачинск (Россия Федерациясы, Түштүк Сибирь аймагы) сыяктуу жер-суу аталыштары (этнотопонимдер) жогорудагы илимий тыянактарды бекемдери ырас.
Битике – багыш уруусунун курамындагы уруктун аталышы. Атан – багыш уруусунун курамындагы урук .Торук – багыш уруусунун курамындагы урук. Этникалык аталыш орто кылымдардан (XI-XII кк.) белгилүү Торук – Аксы жергесиндеги топонимикалык аталыш катары белгилүү. Кандуу моюн, көк моюн – багыш уруусунун курамындагы уруктар. Тогуз – багыш уруусунун курамындагы урук. Төмөн жете, узун жете – багыш уруусунун курамындагы уруктар.

Багыш уруусу

Багыш уруусу генеалогиялык жиктешүүдө оң канат уруулар тобуна кирет.Оң канат – кыргыздардын уруулук бирикмесинин аталышы. Генеологиялык маалыматтар боюнча оң канаттагы багыш, азык, саяк, черик, моңолдор, мунгуш, чекир саяк, сары багыш, бугу, солто, жедигер, баарын, суу мурун, к елдике, коңурат, баргы, бөрү, жору, кара багыш, сарттар (Адигине уруулук тобу) уруулары кирет. Кыргыздардын уруулук топторго бөлүнүшү алгач ирет кытай жыл баяндарында чагылдырылат. Оң канат кыргыз уруулары санжыралык маалыматтарда Ак уулдан тарашат. Ак уулдун балдары Адигине, Тагай, Кара Чоро, кызы Наалы эжеден тарашары баяндалат. Айрым генеаологиялык маалыматтар боюнча багыш уруусу легендарлуу (айтылуу) кара чородон тарайт.

Кара Чоро – геноним, уруктар тобунун түпкү атасы катары баяндалат. Элдик санжыранын маалыматтарында багыш, азык, черик, чекир саяк уруулары айтылуу Кара Чородон тарашары чагылдырылат. “Кара Чоро” геноними кыргыздарда енисей доорунан эле белгилүү болгон.
Моңгол – багыш уруусунун курамындагы урук. Этнонимдин келип чыгышын башкы “монгол” макроэтноними менен байланышта кароо зарыл. Моңгол этнокомпоненттерин кыргыздын ар бир уруусунан учуратууга болору тарых жана этнография илиминде эбак далилденип келет. Багыш уруусунун курамындагы «монгол» ж.б. этнокомпоненттерди да орто кылымдардагы этникалык процесстерге байланыштуу кароо зарыл. “Моңгол” этноними VIII – X кк. кытай булактарында “мэн-гү”, “мэн – ва”, “мэн – гү – ли” формаларында эскерилет. Моңгол-халха, ойрот, басан, дүнсин, даур, барга, калмак, бурят ж. б. элдердин жалпы аты. Түрк тилдүү элдердин, анын ичинде кыргыздардын этникалык курамына, тилине моңгол компоненттеринин кирүүсү түрк-моңгол урууларынын Борбордук Азияда кошуна жашаган мезгилдеринде эле башталгандыгы белгилүү . Кыргыздар менен моңгол тилдүү элдердин, уруулардын ортосундагы мындай байланыштар алардын бири-бири менен узак мезгилдер бою саясий – экономикалык, этникалык карым-катнашта жашаганынан улам келип чыккандыгы түшүнүктүү.

Соңку доордогу тарыхый жана генеалогиялык маалыматтарда багыш уруусу «куттук сейит» (кутлук сейид) деген экинчи бир ат менен белгилүү болгон. Бул уруулук энчилүү ат тарыхый жазма булактар менен катар илимий адабияттарда да жыш эскериле баштайт. XVIII-XX кк. мусулман жазма булактарында багыштар кыргыздын «куттук сейит» уруусу катары да белгилүү. Генеалогиялык сызмаларда багыш уруусунун аты аталып, андан соң куттук-сейит, андан бүгүнкү багыш уруусунун негизги ири уруулары тарары сыпатталат. Мисалга, тогуз, найман, моңгол, чие, торук, бай багыш, көйрөң багыш, тилеке ж.б. эмне себептен улам багыш уруусу экинчи бир энчилүү ат – куттук сейит деп аталып калган ? Бул энчилүү ат кыргыздар ислам динин кабыл алгандан кийин ыйгарылуусу да ыктымал. Бул олуттуу маселе кошумча булактардын (кут + лук, сейид ж.б. терминдеринин семантикалык мааниси) негизинде такталууга тийиш.

Куттук- сейиттер (багыш уруусу) Фергана өрөөнүндөгү жана Чыгыш Түркстандагы саясий (XVII-XIX кк.) жана согуштук окуяларга жигердүү катышкан, айрым булактарда Кокон хандыгынын ички чыр-чатактарына да ынтаа коюп аралашышканы баяндалат.
Көкүм бий

Кыргыздардын уруулук өз алдынчалыгы патриархалдык талаптардын чегинде гана болуп, алар саясий жактан жалпы бийликти кармап турган “чоң бийдин” башкаруусуна моюн сунуп турушкандыгы тарыхый жактан тастыкталууда. Чарбалык, саясий башкарууну гана эмес, “чоң бий” аскерий кол башчылыкты да колуна алып, тышкы душмандарга каршы күрөштөрдү жетектеген, XVII кылымдын 20-30-жылдарында мына ушундай бийликти кармап турган инсандардын бири Б.Солтоноев билдиргендей багыш уруусунан чыккан Көкүм бий болгон. Бул маалымат санжырада да белгиленет. Үмөт Молдонун санжырасында Көкүм бий кыргыздын оң канатынын гана эмес, баарынын биринчи башкаруучусу катары көрсөтүлөт.

XIV-XV кылымдардагы Тагай бийдин заманында Оштун Кара-Дарыясын чек кылып, байлыкты, жерди жана анда жайгашкан элди Адыгине менен Тагайдын тобу бөлүштүрүп алганда Тагайдын уулу Карачоро Аксы менен Таласты башкарууга мурастап алган. Карачородон багыш уруусу тарагандыгы жөнүндө мурун бир нече жолу айтылып келди. Аталган аймактарга салттуу түрдө мурасталуу укугу менен бийлик кийин Карачоронун тукуму Көкүм бийге өткөн. Көкүм биринчи кезекте анжиян кыргыздарынын улугу катары саналып, анын бийлиги айрым учурларда Фергананын Кара-Дарыясынан батыш жагына бүтүндөй, Казакстандын азыркы Жамбыл, Шымкент аймактарына да тарап турган. Эр Эшим Иледе калмак менен жана кийин хан Турсун менен согушканда бүткүл кыргыздын аскерин баштаган Көкүм болгон. Көкүм Тагайдын ордо кыз катынынан туулган Жанкороздон. Туугандары Богорстон, Койлон, Кылжырга таарынып, Таласка ооп кеткен. Жанкороздун балдары Көкүм менен Корчу баатыр чыгып, бүтүн кыргызды бийлеген. Корчунун баласы Түлкү, анын баласы Кантейиш. Эшим хандын карындашын, бир кабарда кызын алган. Андан туулган Аккочкор, Канкы. Көкүмдүн баласы Куттуксейит жана Иман.

Эшим хан Турсунду өлтүрүп, Ташкенге Көкүмдү улук кылган. Кийин Көкүмдү казактар өлтүргөн соң кыргыздар казакты Ташкенден айдап чыгып, Бухардын ханынын уруксаты боюнча Күржүнүн небереси, Түлкүнүн баласы Тейишти хан көтөргөн. Багыш кыргызында Кабай жана Бешим деген баатырлар болгон. Эштектин Ча деген уулунун баласы ошол катаган согушунда баатырлык кылып, олжого бир сулуу кыз алган. Андан Жоочалыш туулган, бир кабарда Богорстондун Эштеги кызыл бөрүк казак менен согушуп жеңип, олжого бир кыз алган. Андан туулган Жоочалыш, же Жээсалыш дейт. Бул согушта Эштек менен бирге барган солтонун баатырлары: Балта, Түйтө, Кайдоол. Соңкусу Кокондон келип, Эштекке жигит болуп туруп калган…” .Бул кыскача санжыра чынында бир катар саясий окуяларды чагылдырып турат.

Тарыхый маалыматтарга караганда ушул окуядан кийин Эр Эшим кайрадан Ташкенди ээлеп, алты капкалуу шаарды башкарууну досу Көкүм бийге табыштаган. Көкүм бий жөнүндө белгилүү окумуштуу Ч.Ч.Валиханов 1620-жылдын аягында казактын ханы Эшим, катагандын хан Турсунун кыргыздын Көкүм деген бийинин жардамы менен жеңгендигин белгилеп кеткен. Ал эми казак агартуучусу М.Тынышпаевдин маалыматында «…Орто жүз Жолборс хан менен бирге калмактарга каршы жүрүш баштады. Ташкен менен Сайрам калмактардан азаттык алды. Анан … Жолборсту сарттар жарып өлтүргөндө, калмактар Ташкенди кайта алып, Жолборстун шериктери: атактуу Төлө бий, Чинет баатыр, Койкелди баатыр, Шамен баатырлар (баары дуулат), калаадан куулуп, Ташкенди … кыргыздардын карачоро уругунан чыккан Көкүм бий бийлей баштады», деп жазылат.

Эр Эшим досу Көкүмдүн урматына атайын мунара курдурган делет санжыраларда. Көкүм Ташкент шаарынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө, ал жерге казак-кыргыз урууларын отурукташтырууда, шаардыктардын жашоо-турмушун ирээтке салууда, шаарды көрктөндүрүүдө зор иштерди жасаган. Шаар тургундарынын жүрүм-туруму боюнча атайын эрежелер жыйнагын түздүргөн. Мындай жыйнак түзүү ошол мезгилдеги көчмөн калк эмес, европалык отурукташкан калк үчүн деле жаңылык болучу. Эл ичинде бул жыйнак «Көкүмдүн көк дептери» же «Көкүмдүн көктөмөсү» деген атка конгон.
Турсун султан менен болгон согуштан бир жыл өтүп-өтпөй Эшим хан каза болгон. Көкүмдүн бийликте турушун көрө албаган казактын башка төбөлдөрүнө жакпай, казактын Жаныш уруусунун бийи Чанычкулу Кара Байтик султан Көкүмгө уу бердирип өлтүрткөн. Бул окуя 1630-жылдардын башында болгон деп божомолдонот. Тарыхый маалыматтарга караганда Көкүмдүн сөөгү Ташкендин борбордук тарыхый мазары Шейхантаурга (азыр Карлыгач мазары) коюлуп, анда жакынкы жылдарга чейин эле “Көкүмдүн көк күмбөзү” сакталып турчу эле деп тастыкталат. (230 жылдан ашык убакыттан кийин түштүк кыргыздарынын мамлекеттик ишмери, ичкилик кыргыздарынын кыпчак уруусунан чыккан белгилүү инсан Алымкул лашкер башы (Алымкул аталык) Асан бий уулу да 1865-жылы май айында Ташкендин алдында орус баскынчылыгына каршы кандуу кармашта каза болуп, сөөгү ушул эле мүрзөгө коюлгандыгы белгилүү – К.Т.).

Көкүм бийдин ишмердигин жогору баалаган анын нөкөрлөрү жана урпактары маркумдун кабырынын үстүнө чоң күмбөз салдырып, төбөсүн көк сыр менен сырдатышкан. Элде бул күмбөз «Көкүмдүн көк күмбөзү» деген атак алып, анын урандылары ушул күнгө чейин сакталган.
Тейиш хан
Кыргыз фольклордук материалдарда жана тарыхый документтерде XVII-XIX кылымдарда жалпы эле кыргыздардан хан даражасы менен аталгандар төмөнкүлөр: «багыш уруусунан Тейиш Көкүм же Түлкү уулу (XVII к.), сарбагыштан Кудаян Сарсеит уулу (XVII к.), Маматкулу Үчүке уулу (XVII-XVIII к.) жана Ормон Ниязбек уулу (XIX к.). Ал эми акыркы 300 жыл ичиндеги кыргыз тарыхында багыш эли кыргызга эки жолу хан берген. Алар: кыргыздын биринчи ханы Көкүм бий, экинчиси Көкүм уулу Тейиш болуп эсептелет.
Тейиш Тагай бийдин (Мухаммед Кыргыздын) урпагы Карачоронун насили болгон. 1535-жылы Тагай бий өлгөндөн кийин Карачоро кыргыздардын оң канатынын тагай бутагын башкарып калган делет. Карачородон – Багыш, Багыштан – Жангороз бий, андан Ташкенттин беги – Көкүм бий. Ал эми Тейиш Көкүмдүн уулу болгон. Санжыра боюнча Тейиштин энеси Сабыркан Эшим хандын карындашы болгон. Демек, эне жагынан Тейиш кадимки Чыңгыз хандын тукуму болуп чыккан.

Өспүрүм Тейиш эр Эшимге жээн болгондуктан, ал Көк ордодо көп болуп, Эшимдин уулу Тооке султан менен дос болгон жана бирге чоңойгон. Көкүм өлгөндө Сабыркан кичүү уулу Тейишти ээрчитип качып келип, Сары-Челекти баш паанек кылган экен. Кийинчерээк Манап менен Чаа баштаган арканын бийлери Сабырканды Чүйгө көчүрүп кетишкен.

Тейиш Таласта 1670-жылы хан көтөрүлгөн делет санжыраларда жана изилдөөлөрдө. Тейишти хан көтөргөндө он уул ичкиликтер катышкан эмес. Ошондой эле Какшаал жактагы нойгуттардан, катагандардан өкүл келген эмес. Хан Тейиш кыргызды он беш жылча башкарган.
Багыш уруусунун санжыраларында хан Тейиш Көкүм бийдин бирде уулу, бирде небереси болуп айтылат. Бул ача пикир атактуу манас жыйноочу жана санжырачы Ы.Абдрахмановдун санжырасында тагыраак айтылган. Ал Көкүм менен Күржү бир тууган болгон, Көкүмдөн Солтоной, андан Куттук-Сейит жана Найман, Күржүдөн Түлкү, андан Тейиш, андан Аккочкор, Каңкы. Көкүм өлгөндөн кийин кыргыздар Ташкенден казактарды айдап чыгып, Бухара эмири Имамкули менен байланышып, Ташкенге Түлкүнүн уулу Тейишти хан көтөрүшкөн деп жазат. Ал эми Ч.Валихановдун казактар менен кыргыздарды Эшим хандын небереси Тооке Жаангер менен кыргыздын Тейиш бийи башкарган деген маалыматына караганда ал кыргызды 1660-1670-жылдары бийлеши мүмкүн. 1660-1715-жылдары бийликте турган казак ханы Тоокенин Жаңыл Мырзанын окуясына тиешеси бар экендиги жөнүндөгү маалыматтар бул ойду кыйыр түрдө ырастап турат. Демек кыргыз урууларынын саясий уюмдашуусунун негизин түзгөн Талас, Аксы, Кетмен-Төбөдө жана ага ыкташ жайгашкан жерлердеги урууларга багыштын Көкүм бийинин уулу же небереси хан Тейишке өтүп, бул топко жеке эле оң канат уруулары кирбестен, сол канаттын да негизги бөлүгү кошулгандыгын белгилеп кетүү керек.

Акыркы мезгилде жарыяланган кыргыз тарыхынын кыскача энциклопедиясынын интернеттик версиясындагы маалыматта “жалпы аркалык кыргыздарды Көкүмдүн уулу хан Тейиш башкарып, башкаруу ишинде казак Ишим хандын небереси Тауке Жаңгир уулу менен пикирлеш жана союздаш болгон.
Тейиш хандын доорунда кыргыздар салыштырмалуу биримдикте болуп, өрүштө малы өсүп, элинин саны көбөйүп, тынчтыкта жашаган экен. Казак эли менен тууганчылыгы артып, чет душмандардан биргелешип коргонуп турушкан. Жунгар хандыгынан келген коркунучтар жөнүндө Тейиш хан дайыма “Кыргыздын мекени бирөө эле. Ал Ала-Тоо. Эгер аны жоготсок, анда элдин жоголгону” деп элине кайрылчу экен. Бул мекенчилдик ураан кыргыз урууларын кыйын кезеңдерде бириктирип тургандыгын баамдоого болот.

Кандай болгон күндө да 1680-1683-жылдары жунгар ханы Галдан Бошокту кыргыздарга кол салганда аны Каркырада талкалаган так ушул Тейиш хан болгон. Бирок армиясын күчөткөн кийинки чабуулунда Галдан бир катар ийгиликке жетишет. Тарыхый маалыматтарга караганда 1685-жылы Галдан Бошокту кыргыздарга кысым көрсөтүп, хан Тейиштин он миң колу кырк миң колу бар Галдан Бошоктунун аскеринен Кичи-Кеминде жеңилип калган. Ошондо Тейиштин эки уулу Аккочкор, Канкы каза болгон. Чөбөтөй, Семетей, Карагул баатырлар өлгөн. Талкандын баатыр уулу Байболот колго түшкөн.
Белгилүү окумуштуу-музыка таануучу жана этнограф А.В.Затаевич да бул окуя жөнүндө жазып: « Хан Гайшадан (Тейит) мурун жашаган Шырдакбектин эки уулу болгон: Аккочкор жана Каңкы. Экөө тең кыргыздардын калмактар менен болгон согушунда каза болушкан. Бул мындан 275 жыл мурун болгон окуя”,- деп көрсөтөт. Затаевичтин бул маалыматын салыштыруу менен бул окуялар 1675-85-жылдарга туура келерин божомолдоого болот. Ошол эле учурда Затаевичтин Аккочкор менен Каңкы Шырдакбектин уулдары болгон деген пикиринин жаңылыштык болгонун эскерте кетүү зарыл.
Бул жөнүндө тарыхчы Белек Солтоноев да эскерип, 1685-жылы болгон кан майдандан “Аккочкор өлдү” деген кабарды Тейиш канга угузганда (бир кабарда Тейиш ошол кезде Аксыда оорукта жаткан экен.-К.Т.) ал: “Аккочкор өлсө Каңкым бар” деген. Каңкың дагы өлдү дегенде, “Каңкым өлсө кантейин! Хан Тейиштей даңкым бар” деп олтуруп калган деп жазат.

Тейиш хан мына ушул окуядан кийин санжыраларда өзү согушка кирип, калмактарды сүргөн деп айтылат. Жеңиштүү аяктаган бул кийинки салгылашта кыргыз кенже эпосунун каарманы, болумушу жагынан тарыхый инсан Эр Табылды катышып, хан Тейишке чоң кол кабыш кылган. Хан Тейиш согуштун аягында Эр Табылдыга кайрылып, “Мен Аккочкор, Каңкы уулдарымдын эрдик менен эл үчүн жанын бергенине сыймыктанамын. Кыргызда баатырлар көп, алар калмактардан эч качан коркуп баш ийип берген эмес. Кыргыз баатырларынын даңкы түбөлүк кала берет. Биз өлсөк да Көкө Теңирге таза жүрөгүбүз менен барабыз…”. Тейиш хан калмактар менен болгон кийинки кагылыштарда курман болгон. Ал өлгөндөн кийин анын керээзи боюнча кыргыздардын коошунунун башчылыгына солтолордун Талкан бийи келет. Талкан бийдин, анын уулу Эр Кошойдун жана башка кыргыз баатырларынын калмак баскынчыларына каршы күрөштөрү улам күчөй берген.

Бирок теңдешсиз согушта Тейиш хан калмактар менен согушуп жатып майданда курман болгон. Өлгөн жылы так эмес. Болжолу 1686-87-жылдар болушу мүмкүн. Хан Тейиштин сөөгүн кыргыздар Токмоктун үстүндөгү Кара-Тоого алып барып коюшкан дешет.
Тейиш кыргызга хан болгондо үйлөнгөн кыргыз аялынан Тийеке, Чийеке деген уулдар төрөлүптүр. Ушу кезде Аксыда, Өзбекстандагы кыргыздардын арасында хан Тейиштин төрт уулунун тең урпактары бар. Кыргыз элинин чыгаан жазуучусу Жунай Мавляновдун уруусу Тагай бийдин эң кичүү уулу Карачоронун бир уулу көп багыштан тарап келип, хан Тейиштин эң кичүү уулу Тийекенин урпактарын териштире келсек Аксыдагы Жунай Мавляновдун урук-туугандары болуп чыгат. Чийеке уулунан тарагандар Аксынын Кош-Дөбө айыл округунун Чийе айылында турушат

Материалдар белгилүү окумуштуу- тарыхчылар Ташманбет Кененсариевдин, Олжобай Кубатаевдин “Кыргызтудей” сайтына жарыяланган эмгектеринен кыскарытылып алынды.

Даярдаган: Орозалы Карасартов , “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17