Аймак

Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ, КРдин Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “ОБЛАСТТЫН АЙМАГЫНДА 127 ЖАҢЫ ИШКАНАЛАР ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ”

Кыянбек САТЫБАЛДИЕВ, КРдин Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:    “ОБЛАСТТЫН АЙМАГЫНДА 127 ЖАҢЫ ИШКАНАЛАР ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ”

 3,412 Бардыгы /

Жалал-Абад облусуна былтыр жаңы, жаш жетекчи келген. Биз бир жылдагы аткарылган иштер, ийгиликтер тууралуу өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев менен маек курдук.

 

ОБЛУСТАГЫ ЭКСПОРТ 

  Жашылчалар – 1843,4 тонна же 1674,93 миң АКШ долларга;

  Жаңгак жана жаңгак маңызы – 1667,8 тонна же 4007,6 миң АКШ долларга;

  Жемиш джеми жана желеси – 29,2 тонна же 85,8 миң АКШ долларга;

  Бал – 16 тоннага же 206,9 миң АКШ долларга;

  Көмүр – 76263,8 тонна же 1614,2 миң АКШ долларга;

  Нефть майы же нефть сырьёсу – 11370,5 тонна же 2709 миң АКШ долларга;

 Электрондук жылыткыч приборлору – 41761,3 млн. даана же 4480,3 миң АКШ долларга көп продукция экспортко жөнөтүлгөн.

 

– Саламатсызбы, облусту жетектеп жатканыңызга бир жыл болуп калды. Облуста эмне иштер аткарылды?

–  2017-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен областтын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү аткарылды. Алсак,  өнөр жай продукциясынын өсүү темпи – 146,6%; айыл чарбасынын, аңчылык жана токой чарбасынын дүң продукциясын өндүрүүдө салыштырма баада өсүү темпи – 101,5%; рыноктук кызматтардын көлөмүнүн өсүү темпи – 107,8%; чекене товар жүгүртүүдө өсүү темпи – 107,1 пайызды камсыздады.

Ал эми мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо жалпысынан 3286,7 млн.сом, бажы төлөмдөрүнөн 231,5 млн.сом жыйналган. Салык төлөмдөрүнөн план-божомолу – 103,4% аткарылып, анын ичинде республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктардан 2125,3 млн.сом жыйналып, план 103,2%га жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү салыктардан 1161,2 млн.сом жыйналып, план – 103,9%га аткарылган.

Областтын аймагында 127 жаңы ишканалар ишке киргизилди. Анын ичинен 27 соода борбору, 56 кызмат көрсөтүүчү, айыл чарбасында 10 (анын ичинен 8 күнөскана). Жалпысынан 647 жумуш орундары түзүлдү.

Райондордун борборлорунун, шаарлардын көчөлөрүнүн абалын жакшыртууга республикалык бюджеттен колдоо көрсөтүү программасынын алкагында жалпысынан 21,3 км асфальт төшөлгөн. “Жалал-Абад-Балыкчы” автожолу башкармалыгы аркылуу жалпы узундугу – 18,3 км, анын ичинен Аксы районунда 1 км, Ала-Букада – 3 км, Базар-Коргондо – 3 км, Ноокенде – 3 км, Сузакта – 2 км, Чаткалда 1,8 км жана Жалал-Абад шаарында – 4,5 км асфальт төшөлгөн. Ошондой эле «Бишкек-Ош» автожолунун мамлекеттик дирекциясынын ЖЭМ-23 мекемеси тарабынан Токтогул районунун Токтогул шаарындагы көчөлөргө – 3 км асфальт төшөлгөн.

«Бишкек-Ош» автожолунун мамлекеттик дирекциясынын ЖЭМ-22 мекемеси тарабынан «Маданият-Майлуу-Суу» автожолунун жыл сайын сел ташкындарынан жабыр тарткан 16   жана 17,3 км участкаларына 2 даана көпүрөнү куруу, 2 км жолго асфальт төшөө, ЖЭМ – 30 мекемеси тарабынан 5 км асфальт төшөө, 2 даана – көпүрөнү куруу иштери аткарылган. Ошондой эле Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясы аркылуу Чкалов айылына өтүүчү көпүрөнүн курулушу жана Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Кара-Үңкүр дарыясындагы селден жабыркаган жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн ордуна узундугу 89 км көпүрөнүн курулушу 60%га бүткөрүлдү. Майлуу-Суу шаарындагы 2017-жылдын 28-апрелиндеги чоң көлөмдөгү жер көчкүсүнүн кесепеттерин жоюу, шаардын борбордук бөлүгүн Сары-Бээ аймактык башкаруусу менен транспорт байланышын камсыздоо үчүн «Майлуу-Суу-Сары-Бээ» автожолунда Майлуу-Суу дарыясынын оң жээги аркылуу узундугу 813 м жаңы жолду курууга 10 млн. сом каражат бөлүнүп, жолду курууга «Бишкек-Ош» автожолунун мамлекеттик дирекциясынын ЖЭМ-38 (жолду экплуатациялоо) мекемеси тартылып, 2017-жылдын июль айынын аягында 813 м жолдун курулушу толук бүткөрүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында областыбыздан 12549,3 миң АКШ доллар ар кандай сырьёлор, товарлар жөнөтүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өсүү темпи – 127,1%га камсыздалган.

-Маданият-Барпы жолу боюнча биз да кубануу менен укканбыз, жазганбыз. Айдан айга өттү, алгач жолду жамап туралы кийин жаңыдан салабыз дегенсиздер. Бирок дале баштала элек. Ага эмне тоскоол болууда?

-«Ош-Бишкек» автожолунун “Маданият-Жалал-Абад» участкасындагы 67 км аралыгын реабилитациялоо боюнча маселе көйгөйлүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин берген маалыматы боюнча жолдун аталган участкасын реабилитациялоо Евроазиялык Өнүктүрүү Банкынын каржылоосунда ишке ашыруу каралган. 2017-жылдын 9-ноябрында «Маданият-Жалал-Абад» участкасындагы 67 км аралыгын реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууну көзөмөлдөө үчүн консультациялык компания тандалып алынды. Бул тандоодо жеңүүчү болуп Швецария өлкөсүнүн “Renardet S.A. Consalting Enginers” компаниясы табылган. Учурда аталган компания менен контракттык келишим түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан сүйлөшүүлөр жүрүүдө жана тендерге катышкан 3 подряддык компания тарабынан декабрь айы ичинде бирөөсүң тандап, жеңүүчү деп табылган компанияга реабилитациялоо иштерине күчтөрдү мобилизациялоо  жана долбоорду даярдоо 2018-жылы башталуусу күтүлүүдө.

-Таза суу боюнча инвестиция тартылып, акча чечилди дедиңиз эле. Бул жаатта эмне иштер жүрүүдө? Район, шаарларга кандай бөлүштүрүлдү?

-Областтын аймагындагы 441 калктуу конуштун ичинен 297 калктуу конушта ичүүчү суу системалары бар же камсыздалышы 67,3%ды түзөт. Үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин эсебинен Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы Согот айылында ичүүчү суу системаларын куруу иштери бүткөрүлүп, Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылында аяктоодо жана Атай айылында курулуш иштери башталды. Мындан тышкары Ноокен районундагы Чоң-Багыш айылында ХЕЛЬВЕТАСтын колдоосунда, Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылындагы Сайдуллаев көчөсүндө “Агахан” фондунун колдоосунда ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо иштери бүткөрүлгөн болсо, Жалал-Абад шаарында Европа өнүктүрүү жана реабилитациялоо банкынын (ЕӨРБ) каржылоосунда 8,2 млн. евролук долбоор боюнча иштер 65%га бүткөрүлдү.

Ошону менен бирге:  Майлуу-Суу шаарында Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕӨРБ) каржылоосунда 7,2 млн. евро, Токтогул районунун Токтогул шаарынын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо иштерин ишке ашыруу боюнча 5,2 млн. еврону түзгөн иш башталуунун алдында турат. Ал эми Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Ала-Бука, Ноокен райондорунун 24 айылын ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо долбоору түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген. Азия өнүктүрүү банкынын (АБР) каржылоосунда жалпы суммасы 655 млн. сомду түзгөн 39 айылдын ичүүчү суу системаларын, республикалык бюджеттин каржылоосунда жалпы сметалык 280 млн. сомдук 17 айылдын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо каралган. Ошондой эле Евросоюздан бөлүнгөн 10 млн. евро каражаттын эсебинен 21 айылдын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо, куруу боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин “Таза-Суу” департаментине кароого киргизилип, тийиштүү иштер жүрүүдө.

-Бажы союзуна киргенибизге бир топ жыл болду, логистикалык борборлор курулушу керек эле. Учурда облуста канча логистикалык борбор ачылды? Жалпы канча тонналык жашылча жемиштерди сактай алабыз?

-Областтын аймагында бүгүнкү күндө учурдун талабына жооп берген Ноокен районунда 2 жашылча, мөмө -жемиштерди сактоочу жайлар курулган. Алар Бүргөндү айыл аймагындагы “Щедрая долина” жалпы аянты 7 га жана Масы айыл аймагындагы “Рустамбек”  1 га. жашылча, мөмө-жемиштерди сактоочу логистикалык борборлор болуп саналат. Бул борборлордо жалпы 1000 тонна мөмө- жемиш сактоого мүмкүнчүлүгү бар. Андан сырткары Сузак районунун Багыш айыл аймагында Жалал-Абад темир жолуна жакын жайгашкан 20 га пайдаланылбай жаткан саздак жер участкасына 25 млн. АКШ долларлык логистикалык борборду куруу;  Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен райондоруна көлөмү 1000 тоннадан кем эмес жашылча, мөмө-жемиштерди сактоочу муздаткычтарды куруу инвестициялык долбоорлорду турмушка ашыруу боюнча өкмөткө сунуштар берилип, тийиштүү аракеттер жүргүзүлүүдө. Ушул эле сунуштар 2017-жылдын 15-декабрында VI кыргыз-орус конференциясында презентацияланды.

-Ветеринария боюнча облуста абал кандай? Идентификация иштери аяктадыбы?

-Областтын аймагында 18 ветеринардык санитардык экспертизалык лабораториясы (ВСЭЛ) иштеп жатат. Аталган лабораториялардын ичинен бүгүнкү күндө 3 лабораторияда капиталдык оңдоп-түзөө иштери областтык УКС тарабынан жүргүзүлдү. Тактап айтканда Ала-Бука районунда 590 600 сомдук, Ноокенде 1 930 800 сомдук, Токтогулда 1 259 700 сомдук жумуштар аткарылды. Ноокен районунда акча каражаттын жетишсиздигинен ремонт толук бүткөн жок.

Ошондой эле областтык ветеринардык фитосанитардык лаборатория куруу үчүн Сузак районунун борборунан 0,25 га жер ажыратылып, керектүү документтер даярдалып, аталган жер трансформация болгон. Бирок аталган лаборатория курулса, областтын дыйкан фермерлерине жана ишкерлерине бир топ жеңилдиктер болмок.

-Экономиканын өсүүсү өндүрүш менен тыгыз байланышта эмеспи. Кен өндүрүүлөр боюнча айтып кетсеңиз, облуста канча алтын кен бар? Аларда мамлекеттин үлүшү канча?

-2017-жылдын 11 айында тоо-кен тармагында физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи – 208,4% камсыздалды. Тоо-кен тармагынын жалпы өнөр жай тармагындагы үлүшү 40%ды түзөт.

Областтын аймагы боюнча кен байлыктарга геологиялык чалгындоо жана казуу үчүн бүгүнкү күнгө 204 лицензия берилген. Алардын ичинен алтын кенин казууга – 23 лицензия, (иштеп жатканы – 9); алтын кенинен геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө – 38; нефти жана газ кенинен – 10; көмүр казууга  – 33; сууга – 8; металл эмес кендерге – 76; башка кендерге – 16 уруксат лицензиялары берилген. Азыркы учурда алтын өндүрүүдө иштеп жаткандары Ала-Бука районунда “Долина Кассана”, “КАЗ Минералз Бозымчак”, “Фулд Голд Майнинг”, Чаткал районунда “Вертекс Голд Компани” ЖЧК, “Фонта” ЖЧК, “Каинтерпрайс”, “Эвентус”, “Бустер”, “ЕТ Гео” ЖЧКлары. Негизинен мамлекеттик үлүшү бар ишканалардан “Кыргызалтын” а/коомуна караштуу “Макмалалтын” комбинаты жана “Эти Бакыр Терек-Сай”  жоопкерчилиги чектелген коому. Калган фирмалар жеке менчик.

 –Кара алтын өндүргөн, аны кайра иштеткен заводдун мазуттары сатылуудабы? Экспорт барбы?

-Кара алтын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча областта “Кыргызнефтегаз” ААКты жана кытайлык 10 фирма нефти өндүрөт. 2017-жылдын 11 айында нефтини өндүрүү көлөмү 143,7 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,7 миң тоннага көп өндүрүлгөн.

Нефтини кайра иштетүүдө  Жалал-Абад шаарында “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасы иштетип бензин, дизел майын жана мазут чыгарат. Мазутту сатуу маселеси боюнча “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому азыркы учурда Ош шаарындагы ТЭЦке, “Кыргызтуракжайкоммунэнерго” мамлекеттик ишканасына, Таласка ташылууда. “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндөгү” №262 токтому боюнча “Кыргызнефтегаз” ААКтына 34,441 тонна ташуу тапшырмасы берилген.

2017-жылдын 10 айында областтан көмүр жана нефть, мазут Өзбекстан, Тажикстан республикаларына экспорттолду. 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көмүр – 76263,8 тоннага же 1614,2 миң  долларга; нефть майы жана нефть сырьёсу 11370,5 тоннага же 2709 миң АКШ долларга көп экспорттолгон.

-Маегиңизге чоң рахмат, ишиңизди ийгиликтер коштосун!

 

Маектешкен:  Акбермет САДЫКОВА, “Аймак”

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17