Өлкө аймактары менен кубаттуу
МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ТӨРТ ЖАҢЫ ДЕПУТАТ КЕЛДИ
ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
2,826 Бардыгы / Имам Яхье ХЕНДИ – “Имамдар татыктуу жашоо, адам укугу жана диалог үчүн” коомдук уюмунун негиздөөчүсү. Биздин кабарчыбыз аны Ош облусунун Өзгөн районун сапарлап жүргөн чагында кепке тартты. – Яхье мырза, эмне үчүн Оштогу сапараңызда бул ирет жалаң гана Өзгөн районун жана шаарын тандап кыдырып жүрөсүз?– Алишер, мен эмдигиче терең ыраазымын. Анткени, 2010-жылдагы кандуу […]
2,827 Бардыгы / Имам Яхье ХЕНДИ – “Имамдар татыктуу жашоо, адам укугу жана диалог үчүн” коомдук уюмунун негиздөөчүсү. Биздин кабарчыбыз аны Ош облусунун Өзгөн районун сапарлап жүргөн чагында кепке тартты. – Яхье мырза, эмне үчүн Оштогу сапараңызда бул ирет жалаң гана Өзгөн районун жана шаарын тандап кыдырып жүрөсүз?– Алишер, мен эмдигиче терең ыраазымын. Анткени, 2010-жылдагы кандуу […]
АКШдагы мусулмандардын лидери, имам Яхье ХЕНДИ: “Сүйүүгө жана билимге сугарылган жандүйнө эч убакта урабайт жана түбөлүктүү болот”
16.12.2014 / Автор Orozaly2,828 Бардыгы /
Имам Яхье ХЕНДИ – “Имамдар татыктуу жашоо, адам укугу жана диалог үчүн” коомдук уюмунун негиздөөчүсү. Биздин кабарчыбыз аны Ош облусунун Өзгөн районун сапарлап жүргөн чагында кепке тартты.
– Яхье мырза, эмне үчүн Оштогу сапараңызда бул ирет жалаң гана Өзгөн районун жана шаарын тандап кыдырып жүрөсүз?
– Алишер, мен эмдигиче терең ыраазымын. Анткени, 2010-жылдагы кандуу түштүк коогалаңы Өзгөн районун жана шаарын кыя өтпөдүбү. Кандуу кагылыштан бул аймактарды кудай зор сактады. Ошентип, эң башкысы: адамдар кырылып, үйлөр кыйраган жок! Албетте, мында жергиликтүү бийликтер жана дин ишмерлери абдан орчундуу роль ойношту. Алардын ыкчам аракеттерине жана жер-жерлерде байма-бай жолугушууларды уюштуруусуна байланыштуу калк абдан жыш жайланышкан аймак бүтүн жана аман калды.
– Баса, Сиз мен билгенден өмүрүңүздү дайыма тобокелчиликке салып жалаң гана кооптуу аймактарды кыдырат экенсиз. Эмнеге?
– Мунун дагы жөнү бар. Америка Кошмо штаттарында гана эмес, ошондой эле Азияда, Африкада, Европада, Борбор Азияда, Чыгыш Европада жана Жакынкы Чыгышта диндер аралык диалог жаатында лекцияларды байма-бай окуп келатам. Акыркы он төрт жыл аралыгында 63 мамлекеттеги түрдүү конференцияларга катышып, ой-пикирлеримди жана позициямды ачыктадым.
Лекцияларымда гендердик мамиле, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, жалпы тынчтык, социалдык, экономикалык жана саясий теңсиздик, адилетттүүлүк, эл аралык жана улуттар аралык байланыш жаатына өзгөчө басым жасап жатам.
– Биздин билишибизче, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары Сизди көбүнчө дин жаатындагы дасыккан адис жана серепчи сыңары да пайдаланып жүрүшөт. Мунун негизги сыры эмнеде?
– Мунун эч кандай деле жашырын сыры жок. Анткени, мен исламдагы аялдар, аялзаты жана гендердик мамиле, Мессинин экинчи жаралышы, Ислам жана биомедициналык этика, ошондой эле Америка Кошмо шаттатарындагы дин жана ислам өңдөнгөн темаларды камтыган көптөгөн материалдардын авторумун.
Соңку тапта дин аралык диалог, ислам жана мусулмандар темасынын алкагында ой-пикирлеримди байма-бай жар салып олтурам.
– Аз күн мурда эл аралык өтө маанилүү конференцияга катыштыңыз. Айып этпесеңиз, ал жерде нелер жөнүндө айтылды?
– Жыйырма биринчи кылымдын олуттуу көйгөйлөрү арай-чарай ортого салынды. Биринчиден, курчап турган чөйрө үчүн бүтүндөй адамзаттын жоопкерчилиги талкууланды. Экинчиден, Араб-Израиль чыр-чатагын тынч өңүттө жайгаруу жагы сунуш этилди. /чүнчүдөн, кедейчиликти (жакырчылыкты) жоюу күн тартибине коюлду. Төртүнчүдөн, дүйнө жүзүндөгү милитаризмдин күчөшүнө каршы айыгышкыс күрөш жарыяланды. Бешинчиден, мусулмандар чөйрөсүндө ишенимди реформалоо жана ислам боюнча түшүнүктү тереңдетүү жагы катуу каралды.
Ошону үчүн Америка Кошмо штаттарын түрө кыдырып, мусулмандар үчүн байма-бай семинарларды өткөрүп, а түгүл жума күнкү намаздарды көбүнчө өзүм жетектеп жатам.
Учурдан пайдаланып Кыргызстандык мусулмандарга – диндештериме айтып коюуга тийишмин:сүйүүгө жана билимге сугарылган жандүйнө, албетте, эч качан урабайт жана түбөлүктүү болот.
Айтмакчы, АКШ мусулмандарынын жолбашчысы, имам Яхье ХЕНДИ 2002-жылы майда ишине берилгендиги жана улуттар арасында тынчтыкты орноткондугу үчүн эл аралык Харт Форд мекемесинин абройлуу сыйлыгына арзыган. А 2009-жылы февралда маңзатка жана зордук-зомбулукка каршы туруктуу күрөшкөндүгү үчүн ФБРдин (АКШнын чалгындоо кызматынын) Балтимор башкармалыгынын атайын сыйлыгы имамга ыйгарылган.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
СҮРӨТТӨРДӨ: АКШдагы мусулмандардын лидери, имам Яхье ХЕНДИ.
Сүрөттөр автордуку жана Яхье Хендинин архивинен алынды
Автор Orozaly
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН МЭРИНИН ҮЧ ОРУН БАСАРЫ КЫЗМАТЫНАН КЕТТИ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg МУФТИЯТ БИТИР-САДАГАНЫН ӨЛЧӨМҮН БЕКИТТИ
-
19.02.2026 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ
-
25.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 300 МИҢДЕН АШУУН ГҮЛ ЭГИЛЕТ
-
-
12.03.2025 / Автор anarkan_kg «ОШ» АЭРОПОРТУНУН УЧУП-КОНУУ ТИЛКЕЛЕРИ ЗАМАНБАП ОҢДОЛОТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.