Аймак

АКЫНДЫН «АЙЫЛДАН ТАПКАН ЫРЛАРЫ»

 9,909 Бардыгы /

Аксы районунун Авлетим айылынын тургуну Кыргыз республикасынын эмгек синирген артисти, төкмө акын Ысак Барпиев өмүр бою айылда жашап, айыл элине кызмат кылып, карапайым турмуш кечирип келди. Элге окшоп эл артист бер, орден, медал бер деп жулкунган жок. Эстебес акын айткандай «Он ооз ырдап койгондун эл артист деген наамы бар» дегендей наам үчүн кара жанын карч урган жок. Быйыл акын агабыз туптуура 80 жашка толуп олтурат. Сексендин сересинен туруп, серпип салган ырларын жердеши акын-жазуучу Абдымомун Калбаев акын менен биргеликте терип-тепчип, «Айылдан тапкан ырларым» деген ат менен «Бийиктик +» басмасынан мин нуска менен жарыкка чыгарды. Китептин баш сөзүн да эл жазуучуларына жаздырган жок, карапайым айылдык мугалим, эмгектин ардагери Сыдык Хайдаров жазып, айылдын тили менен китеп тууралуу азыноолак сөз кылып бетин ачып берген. Китеп ыр жандуу адамдарды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. Чындыгында акын агабыз, азыр ырга түшүнүп, ырды кабыл алып, окуган адам барбы деп сарсанаа болот. Бар экен Физика жана математика илимдер инин доктору, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин прорек тору Курманбек Алыбаев китеп чыгары менен алып окуп өз пикирин мындайча билдирди. «Китеп чыкты дегенде баягы эле козу карындай жайнаган китептердин бири экен деп ойлогонмун, бирок китепти ачып окуп көргөндө ар бир ырын жаттап ала турган китеп экенине ынанып, акынга ыраазычылыгымды билдирип коюуну туура таптым дейт» Бул акын үчүн чоң баа деп эсептеймин. Андыктан
«Чыгарган менен отузду,
Чыгабы жокпу окуучу.
Ал жагы дагы бахийма,
Акынды эзген ой ушу.
Калк ичи болсо канакей,
Китептин түнөк конушу.
Жараткан менен жыйырманы,
Жатка айткан адам чыгабы.
Жегениң кантип аш болот,
«Жарабайт»-жесе жыйнагы.
Жок дегенде жоон топ,
Ичинде жүрсө ырлары,
Жок дечи анда зыяны.
Ал жагын дагы ойлоном,
Бул жагын дагы ойлоном,
Ойлонуп жылбай олтуруу,
Орунсуз экен ойлосом.
Аталып акын калган соң,
Болбостур элге мен дагы ,
Бир китеп сунуп койбосом» деп ушул китебин сунуп олтурат. Мына ушул саптардан эле акындын ар сап ыры үчүн канчалык түйшөлүп жаткандыгын туюп, жоопкерчиликти мойнуна алып олтурганын сезүүгө болот. Акын чындыгында төкмө акын катары 40 жылдан ашык убактан бери кыргыз элине кызмат кылып келди. Токтогул дун 100 жылдык, 125 жылдык мааркелерин ырдап ачып берүүсү, Курманжан датканын Ак-Босогондо өткөн мааркесин ачып, андан сырткары Абдыкадыр Орозбековдун 100 жылдыгында, Жоомарт Бөкөбаевдин 80 жылдыгында ырдаган ырлары элибизде ушул мезгилге чейин аңыз болуп айтылып келе жатканы эле акындын дараметинин канчалык экендигин айгинелеп келет. Акын чындыгында элим жерим деп жашап келет. Аны акындын ар бир сабынан байкоого болот. Китеп акындын «Аксылыктар» деген терен маанилүү ыры менен ачылат.

«Аксылыктар.
Аксынын эли –аксылык,
Тилегени жакшылык.
Тил кайрыган эл эмес,
Туура иштесе башчылык.
Чындыктан тайса башчылык,
Чалдары калып быякта,
Кепири чыгат тап кылып» деп өз жердештерин таамай таасын сүрөттөп айтып берип, китебин элге сунуп олтурат. Китепке ар кыл жылдарда жазылган ырлары, Акындар менен болгон эң кызыктуу айтыштары, куттуктоо ырлары жана акын жазуучу Абдымомун Калбаев менен болгон чыгармачылык тууралуу «Өмүрдө калган издер» деген кызыктуу маеги жарыяланган. Сүйүү темасындагы лирикалык ырлары да киргизилди. Китепте кирген өзгөчө өз айылдаштары тууралуу «Айылдаш-замандаштарым» деген ыры нын баш сөзүндө
Жазганым жок,
Амал күтүп өткөндү.
Эл жонунан ат минип,
Эл колунан аш ичип,
Эдиреңдеп көпкөндү.
Ылган алдым карандай,
Иште жанын аябай,
Маңдай терин төккөндү» деп баштайт.Демек карпайым адамдар тууралуу, алардын адамдык асыл сапаттары, элге кылган эмгектери таамай таасын сүрөттөлгөн бул чыгарма Кыргыз адабиятында өзүнчө жаңылык катары кароого да болот. Бир дагы кыргыз акын дары мындай ырды жазган эмес, бир гана Осмонкул акын айыл элин кыдырганда ырдаган экен.
Барпынын тоюнда Кыргыз эл артистти, төкмө акын Тууганбай Абдиев Ысак акынга тамаша ыргытат.
«Арбагы болуп ыраазы,
Акындын тынды санаасы.
Пейили менен кудайдын,
Берешендигин карачы,
Туяксыз деген Барпынын,
Табылып калды баласы.
Дагы бардыр издесек,
Иниси же агасы.
Фамлияң экен Барпиев,
Сен да болуп жүрбөгүн,
Барпы апыздын баласы» дегенде зал кыраан каткы күлкүгө толо түшүп,эми Ысак акын эмне деп жооп берет деп тунужрай түшөт. Ошондо Ысак аке кезегеи келгенде жооп берип турат дейт.
«-Тука комузду жакшы күүлөдүң,
Бирок,
Кополураак сүйлөдүн.
Жан адамга жакпайтго,
Жанагы айткан сүйлөмүң.
Түркүгү болуп калсаң да,
Төкмөчүлүк дүйнөнүн.
Тайсалдабай-буйтабай,
Топто таза сүйлөгүн.
Кычыткы сөзүң көп экен,
Сен өзүң Корголдон болуп жүрбөгүн» деп таамай таасын жооп берип элди ыраазычылкка бөлөгөн.
Эми мындай курч таамай ырлар китептин негизги өзөгүн түзөт. Андыктан китепти алып окуп, акындын ырларынан ырахат алсаңыз, рухунузду байытсаңыз болот деп ишенимдүү айта алабыз. «Айылдан тапкан ырларым» китеби айылда жана борборубуз Бишкекте сатылууда, алып окуугула демекчибиз. Ал эми акынга кут түшкөн куттуу китебиңиз кут болсун демекчибиз.

Айзада Эсенжан кызы.
Бишкек шаары.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17