Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
9,423 Бардыгы / Алыскы Аксы районунда акыркы 4 жыл аралыгында райондук ички иштер башкармалыгын жетектеп келген А.Керимбековго эл тарабынан нааразычылыктар жаралып, кылмыш иштердин бети ачылбай келгендигине байланыштуу кызматынан алынган эле. Ал эми анын ордуна жаңы жетекчи болуп Добулбеков Момуналы Темирбаевич дайындалган.Жаңы дайындалган жетекчи кандай иштерди аткарып жатат, катталган кылмыштардын бети ачылуудабы же баягы эле көнүмүш адат […]
9,424 Бардыгы / Алыскы Аксы районунда акыркы 4 жыл аралыгында райондук ички иштер башкармалыгын жетектеп келген А.Керимбековго эл тарабынан нааразычылыктар жаралып, кылмыш иштердин бети ачылбай келгендигине байланыштуу кызматынан алынган эле. Ал эми анын ордуна жаңы жетекчи болуп Добулбеков Момуналы Темирбаевич дайындалган.Жаңы дайындалган жетекчи кандай иштерди аткарып жатат, катталган кылмыштардын бети ачылуудабы же баягы эле көнүмүш адат […]
Момуналы Добулбеков , Аксы РИИБнүн башчысы:“Аксыда ачылбай келген кылмыштардын бети ачылууда”
17.12.2014 / Автор Orozaly9,425 Бардыгы /
Алыскы Аксы районунда акыркы 4 жыл аралыгында райондук ички иштер башкармалыгын жетектеп келген А.Керимбековго эл тарабынан нааразычылыктар жаралып, кылмыш иштердин бети ачылбай келгендигине байланыштуу кызматынан алынган эле. Ал эми анын ордуна жаңы жетекчи болуп Добулбеков Момуналы Темирбаевич дайындалган.
Жаңы дайындалган жетекчи кандай иштерди аткарып жатат, катталган кылмыштардын бети ачылуудабы же баягы эле көнүмүш адат болуп жатабы деген тариздеги суроолорго жооп алуу үчүн Аксы РИИБдүн жетекчиси М. Добулбековго кайрылдык.
-Момуналы Темирбаевич, алгач айтсаңыз учурда райондо абал кандай?
Кудайга шүгүр азыр бизде абал тынч. Баары жакшы. Кылмыштын алдын алуу боюнча колубуздан келген аракеттерибизди көрүп жатабыз. Негизинен мурункудай көмүскөдө калган кылмыштар жок. Тескерисинче мурун катталган кылмыштардын бети ачылып жатат. Өткөнгө салыштырмалуу бир топ жакшырды десем жаңылышпайм.
–Сизге чейинки жетекчи өз ишине так мамиле жасабай, кылмыштын иштердин бетин ачпагандыгы үчүн кызматтан алынган эле. Сиз кандай иш алып барып жатасыз?
Мурунку жетекчиге Аксы районунун аймагында эл арасында нааразычылык жаралып, болуп жаткан мал уурулуктарынын бети ачылбай, Ички Иштер министрлигинен келген текшерүүнүн натыйжасында 2014-жылдын май айында кызматынан алынган эле. Тилекке каршы, ал бизди өзүнө жакын адамдар аркылуужаманаттты кылуу аракетин улантып жатканы туура эмес болуп калды.
А мен болсо андай катачылыктарды кетирбөө үчүн колумдан келген аракетимди көрүп, элдин тынчтыгын сактап, кылмыштардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча, катталган кылмыштардын бетин ачууда болушунча тактыкта иш алып барууга аракет жасап жатам.
-Сиз келгенден тарта канча кылмыштын бетин ачып, кандай кылмыштардын алдын алдыңыз?
Өткөн жылы райондо 11 айдын жыйынтыгы боюнча 24 кылмыш катталып, 10 кылмыш иши тергелип, 3 кылмыштын бети ачылган болсо, быйыл 56 мал уурулук фактысы катталып, 55 кылмыш иш тергелип, 33 кылмыштын бети ачылды.
Ага кошумчалай ушул күндөр аралыгында ачылган 17 кылмыш фактысы боюнча айтып кетсем. 12-декабрь күнү мал уурулук кылмышы менен 4 жылдан бери алектенип келген Өзбек жараны кармалды. Аны тергөө учурунда дагы 17 кылмышынын бети ачылды. Баарысы тең мал уурулук боюнча.
Андан сырткары 2013-жылдын 3-майында Аксы районунун Кош-Дөбө айыл округунун Чие айылынын тургуну 1974-жылы туулган Темиров Дурусбек Тургунбаевичтин өз үйүндө киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылган. Эл арасында нааразылык жаратып, 1 жыл бою бети ачылбай келген адам өлтүрүү фактысы жүргүзүлгөн оперативдик иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштын бетин ачууга жетиштик.
-Аксы районунда мал уурулук көп болот экен. Мунун алдын алуу үчүн кандай аракеттерди көрүп жатасыз?
Дал ушул мал уурулугунун алдын алуу боюнча мен келгенден тарта мал уурулук менен алектенген 4 кылмыштуу топ кармалды. Учурда дагы бир кылмыштуу топ кармалып ошол иштин үстүнөн иштеп жатабыз. Бул деген мал уурулуктун саны азайып жатат дегенди билдирет.
Ал эми жаңы министрдин талабы менен 4 аймактык пункт ачылды. Алдыда дагы бирди ачалы деп турабыз. Бул да болсо кылмыштардын алдын алууда чоң өбөлгө болот.
-Жергиликтүү калк тарабынан мал уурулугунун саныкайрадан эле өсүп жатат деген маалыматтар айтылып жатат?
-Мал уурулук көбөйүп кетти дегенге мен каршымын. Мал уурулук көп катталып жатат дегендин биринчи себеби өткөн жылдарда катталбай, ошондогу бети ачылбаган уурулуктар эми катталгандыгына байланыштуу көп болуусу мүмкүн. Ал эми мал уурдоочулук дагы да мурункудай көп дегендери туура эмес.
4 жылдан бери кармалбай келген ууруну кармадык. Ошого байланыштуу тургундар 4 жыл уурулук кылган адам кармалыптыр биздин да малыбызды уурдаган болуусу толук ыктымал, ошону да төлөп береби деген максатта келип жатышат. Негизинен өткөн жылдарга салыштырмалуу мал уурулук райондо аз. Бирок катталаган уурулукту кудайга шүгүр бетин ачып жатабыз.
-Милиция менен элдин ортосундагы мамиле кандай? Элдер менен кандай иш алып барасыздар?
-Эл менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы мамиле абдан жакшы. Биз дайыма эл менен тыгыз байланышта болуп турабыз. Ошонун негизинде министрдин буйругу менен айылдарда аймактык тескөөчүлөрдүн пункту ачылып жатат. мунун жыйынтыгында кылмыштуулуктун алдын алууда эл менен дагы да жакындашып иштешебиз деген максатта турабыз.
Мегиңиз үчүн рахмат!
Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
10.08.2023 / Автор Orozaly ПРЕЗИДЕНТ ЖАПАРОВ САНКЦИЯ БОЮНЧА АКШ СЕНАТОРУНУН КАТЫНА ЖООП БЕРДИ
-
15.08.2023 / Автор anarkan_kg ЛЕЙЛЕКТИН ЧОҢДОРУ 4 МИЛЛИОН 790 МИҢ СОМДУ ЖЕП КОЮШКАН
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.