Аймак

Бектур Асанов, экс-губернатор: “Атамбаев бийликте турганда, мен аны аябайм”

 3,118 Бардыгы /

[img=left]http://www.aymak.kg/uploads/posts/2015-01/1422012032_b.asanov_4.jpg[/img

Жакындан бери саясый майданда бүйүр кызытып жаткан Садыр Жапаровдун китеби боюнча башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Суракка экс-губернатор Бектур Асанов алгачкылардан чакырылып, китепте өзү каармандык кылган бир катар жагдайлар боюнча кеп козгоду.

–Бектур мырза, жакында башкы прокуратурага сурак берип чыкканыңыз маалым болду. Тергөөчүлөргө биз билбеген эмнелерди айтып бердиңиз? Бул иштин чоо-жайын окурман журтчулугуна баштан-аяк кобурап бербейсизби?

–Башкы прокуратуранын кызматкерлерине болгонун болгондой эле айттым. Несин жашырмак элем? Болгону тактоо киргиздим. Тагыраагы, Садыр Жапаров китебине “Бектур Асановго Атамбаев: Азимбек Бекназаровду экөөлөп жайлап салбайлыбы?” деп баяндаптыр. Аныгында, андай деле эмес. Атамбаев ал кезде Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары эле. Мен Жалал-Абад облусунун губернатору катары кайсы бир иштер менен Атамбаевге кирип калдым. Мага “Бекназаров экөөң жакшысың” дегендей кылыппы же “Азикеге айтып барсын” дедиби, айтор, ага аябай ызырынып, “Азимбек экөөңөрдүн эмне тууралуу сүйлөшүп жатканыңардын баарын билем. Мен силерди угуп жатам. Бекназаровду түштүктө жүргөндө аттырып салам. Анын өлүмүн бакиевдерден көрүп кала беришет” десе болобу? Оозу-мурду кыйшайбастан. Ошонун эртеси эле Бекназаров экөөбүздүн телефондук сүйлөшүүлөрүбүз жаздырылып алынып, интернетке жарыяланып кетти. Көрсө, ал бизди ошондо эле угуп жүргөн экен. Мен ага “эки дос мындай кылганыңар жарабайт” деп чыгып кеткем. Чыксам эле өкмөт үйүнүн коридорунан Бекназаровго жолугуп калып, Атамбаевдин азыр эле мага айтканын төкпөй-чачпай баяндап, эртерээк эркекче сүйлөшүп алуусун айткам. Азике бул тууралуу угаар замат ызырынып, катуу ачууланган. Кийининчерээк Бекназаров бул боюнча өзү да маалымат сайттарына маек берип, коомчулукка ачык айтып чыкканын угуп калдым. Бирок, анын маегин мен окуган эмесмин. Ошол маектен кийин мага Садыр Жапаров чалып, “Бектур чын эле ушундай болгонбу?” деп сураган. Мен ага деле болгонун болгондой айтып бергем. Садыр китебине ошону окуяларды да киргизген тура.

–Эми аны кантип далилдеп бересиз? Балким сиз дагы “өрдөк учуруп” жаткандырсыз? Кантип ишенебиз?..

–Ал сөздөр айтылганда Атамбаевдин кабинетинде экөөбүз эле болгонбуз. Башка эч ким болгон эмес. Негизи Атамбаев Кудай деген киши. Күнүнө он жолу Кудайды оозанат. Мен деле күнүнө эң куру дегенде бир жолу “Кудай” дейм. Андыктан, Атамбаев экөөбүз тең Кудайга ишенээрибиз чын. Эгерде мени “далилдеп бер” дешсе, мен Куран кармап, Атамбаев мырзанын Бекназаровду өлтүрүү боюнча кептери чын экендигин далилдеп бергенге даярмын.

–Жогоруда сөзүңүздө “Атамбаев өзү Бекназаров экөөбүздүн телефондук сүйлөшүүлөрүбүздү угуп, аттырып салуу боюнча жыйынтыкка келсе керек” дегендей кеп кыйытпадыңызбы? 2010-жылы Үсөн Сыдыков менен болгон телефондук сүйлөшүүңүз коомчулукка жарыяланып, анда сиз Үсөн аке жана бакиевчилердин катарына өтпөй, Убактылуу өкмөттүн катарына калаарыңызды билдирген элеңиз. Ошондогу кадамыңызга өкүнбөйсүзбү?

–Эч качан ал кадамыма өкүнбөйм. Ошол телефондук сүйлөшүүлөрүбүздө өтө туура сөз болгон. Ал убакта биздин эң негизги милдетибиз мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калуу эле. Эл аралык коомчулук да ошол кезде Убактылуу өкмөттү өлкөбүздөгү расмий бийлик катары тааныган. Башка бийлик жок эле да. Ал кезде баардык саясый күчтөр расмий түрдө Убактылуу өкмөттүн тегерегине чогулуп, өлкөбүздү сактап калуу эле. Биз ошол тилегибизге жеттик. Андыктан, Үсөн акелердин катарына кошулбай калганым туура болгон.

–Азыр өзүңүз баштаган бир топ экс-чиновниктер армиясы УОКтун катарына кошулуп, бийликке сес көрсөтүп жатпайсыңарбы? Бирок, УОКтун курамындагы саясатчылар элден колдоо таап, кыйналып турган элге көч баштап, жыргаган заман тартуулай аласыздарбы?

–Туура, УОКко карата көптөгөн сын-пикирлер айтылып жатат. Аны танбайбыз. “Көпчүлүк оппозиция бириккен жок” деген таалуу сындарга кошулам. Бирок, канчалык жамандап, ур-тепкиге албайлы, бүгүнкү күндө өлкөбүздө УОКтон башка күч жок. Экинчиден, УОКтун мүчөсү катары айта кетейин, акыркы эки айдан бери бизде эбегейсиз иштер болуп жатат. Бийликке нааразы болгон элдин идеялары деле УОКтуку менен шайкеш келүүдө. Өзгөчө соңку бир айдан бери катарыбызга кошулгандар арбып, жергиликтүү лидерлер арабызды толуктап атат. Туура, сын-пикирлер бар. Бирок, ошол сын да иш жүрүп турган жерге айтылат да. Иш токтоп, жүрбөй турган жерге ар кандай сындар айтылмак беле?

–Азыр ишсиз жүргөн чиновниктер, УОК мүчөлөрү президент Атамбаевди жерден алып, көргө чапкандай таасир берип жатпайсыңарбы? Туура, сын да айтылышы зарыл. Сындаш менин да колумдан келет. Бирок, ушу баарылап эле Алмаз Шаршеновичти жеткениңер жети сындап, жетпегениңер “Фейсбуктан” муш кезеп, президентти жамандаганда эле баары жакшы болуп кетеби? Андан көрө Атамбаевге кол кабыш кылып, сунуш берип, аны бир аяп көрбөйлүкпү?

–Ачык айтканда, биздин УОКтун мүчөлөрү саясый маданияттан чыкпай эле президенттин жеке жашоосуна же керт башына асылганын уга да, көрө да элекмин. Баары эле жеке Атамбаевге карата сын жаадырып жаткандары туура. Себеби, азыр өлкөбүздөгү бүтүндөй бийлик Атамбаевдин колунда. Бүгүн өкмөттүн да, парламент да, соттордун дагы үстүндө Атамбаев. Баары бир кишинин колунда туруп жаткандан кийин, сындар ал кишиге айтылат. “Кол кабыш кыл” дейсиң да үкөм? Биз эмнеге бул бийликтен кеттик? Бул бийликте Атамбаев турганда, кол кабыш кылуу мүмкүн эмес. Анткени, ал жалгыз өзү хан болуп, өлкөбүздү каалагандай башкаргысы келет. Бүгүн Атамбаевдин алдына чөгөлөбөгөн, башты бийик көтөргөн саясатчылар жетиштүү. Биздин элибиз чөгөлөбөй турган, саясый жактан көзү ачылган, бийликтен коркуу сезими жок, бийик эл. Өлкөбүздөгү азыркыдай оор социалдык, кризистик абалдын да келип чыгышы бийликтин бир колго топтолгондугунан улам пайда болду. Ал өлкөнү, бийликти бүгүнкүдөй башкаруу саясаты эч убакта ишке ашпайт. Аябайм аны. Ага жол да бербейбиз.

–Макул, УОК бир муштумга бириктиңер дейли. Араңардагы кызмат десе эт-бетинен кеткен саясатчыларга айтылуу Икрамжан агабыз портфелдин четин чыгарып койсо, баса берчүлөр бар да, туурабы?

–Азыркы оппозицияда калган саясатчылар кызматтан баш тартып, чачырабай, туруктуу позиция күтүү үчүн калышты. Туура, айрым белгилүү саясатчылар, депутаттар, фракция лидерлери бир шопурдун тегерегине үймөлөктөшүп, аны чарк айланып жүрүшөт. Бүгүн УОКтогу саясатчылардын көбү бекем позицияга ээ болгон жигиттер калды. Ар кандай сыноолордон өткөн. Андыктан, бизди буга чейин бөлүп-жарууга аракет кылгандардын тилеги ишке ашпай келген. Керек болсо андайлардын арам тилектери таш кабат. Февралдын башында УОК элге ачык чыгып, өзүбүздүн стратегиябызды сунуштайбыз. Бийликке конкреттүү сунуштарыбызды беребиз. Эгерде бийлик “булар бир ууч саясатчылар” деп сокур сезим менен карай турган болушса, анда биз мыйзам алкагында, эл менен бирге күрөштү баштайбыз.

–Маселен, сизге Икрамжан акебиз өзү чыгып, жакшы кызмат сунуштасачы?

–Жоо-ок, ал мага чыга албайт. Менин позициямды алар жакшы билишет.

–Тээ ала-жаздан бери эле Текебаевди шынаарлап жүрөт экенсиз. Шайлоого “Ата Мекендин” байрагы алдында чыгууну көздөп жатасызбы?

–Өмүрбек Чиркешович менен тээ 1990-жылдардын башынан бери абдан жакшы мамиледебиз. Айрым учурларда саясатта көз караштарыбыз дал келбеген учурлар болгон. Азыр жеке эле Текебаев менен эмес, бир катар саясатчылар менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Калганын бара көрөбүз.

Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17