Аймак

БЕЙИШТИН БАГЫНДА НАМАЗ ОКУДУК

 6,993 Бардыгы /

БЕЙИШТИН БАГЫНДА НАМАЗ ОКУДУК (Ажылык сапардан)
Бисимиллахир Рахманир Рахийм.

Ажылык сапар тууралуу барып келген бардык ажылар сүйүнүч сезим менен сураган адамдарга божурап айтып беришет. Көптөн бери тилек кылып тилегиме жеткен менде да ушундай сезим ажылык парызымды аткарып келгендени бери мени коштоп жүрөт. Алла Таала өзү ажылыкка чакырмайынча, канчалаган дүнүйөң болсо да бара албайсын деп коюшат. Ажылыкка мындан жыйырма жыл мурда барууга ниет кылдым эле. Атап акча топтоп, канчалык муктаждыктарым болсо ал акчага тийчү эмесмин. Быйылкы жылы январь айында областтык дин казыятына барып мени ажылыкка каттап койгула десем ошол жерде отурган жаш жигиттер, “Аба, ажылыкка али эрте го, май айында келсеңиз деле жетишесиз”-деп калышты. Май деле эртең келип калат дедим аларга. Ошентип айына 2-3 жолудан барып жүрүп катталып, ажылыкка даярдана баштадым. Бул жерде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурда ажылыкка баргандарды токтотуп, жаңы бара жаткандарга жол ачып бергендиги жаңы ажылар үчүн жакшы шарттардан экендигин айтып кетейин. Чүчү-кулактан өткөн адамдарды мечиттерде эки ай бою ажылыктын амалдарын аткаруунун жолдорун үйрөтүштү. Күн өтпөйт, тезирээк барсак деп дегдеген адамдар.
Акыры чыдамсыздык менен күткөн күн да келди. Ажылык сапарга Кыргызстанда коңур күз келип, саратандын аптабы күздүн салкын абасы менен алмашып, жалбырактар саргая баштаган мезгилде аттандык. Биздин ажылыкка болгон сапарыбыз Дубай аркылуу Мадина шаарына башталды. Таңкы саат төрттөн өткөндө Оштон учуп чыктык. Төрт жарым сааттан өткөн соң Дубайдын аэропортуна кондук. Ал жерде жергиликтүү убакыт боюнча алты жарым болуптур. Самолёттон чыкканыбызда Дубайдын демди кыстыктырган ысык абасы бетке урду, кудум эле бала кезде апабызга тандырга от коюп бергендеги ысык тап элестей түштү. Жүз метр аралыкты басып өткүчө кетпеген жерден тер кетти. Аэропорттун ичине киргенибизде аба муздаткычтар иштеп, ичи салкын экен. Кыйла эс ала түштүк. Самолёт которуп Мадинага сапар алдык. Терезеден төмөндү карап коём. Алдыбыз бозоргон эле чексиз талаа. Талааларды аралап өткөн машина жолу сызыктай болуп көрүнөт. Бул талааларды Кыргызстанымдын асманды сайган бийик тоолору, кооз жаратылышы менен салыштырып келем. Эки сааттан кийин Мадина шаарына келип түштүк.
Мейманканага жайгашкандан кийин тамактанып, Пайгамбарыбыз Мухаммаддин (САВ) мечитине зыярат кылганы жана намаз окуганы жөнөдүк. Мечиттин чоңдугу жана кооздугу көңүлдү бурат. Мечиттин ичинин чоңдугу 165 326 чарчы метр, ал эми мечиттин сыртында намаз окуй турган короосу 135 000 чарчы метр. Бул аянтты салыштырып көрсөк, 56 футболдук талаанын аянтына тең келет, бир учурда 535 000 адам намаз окуй алат. Азан айтылган убактан бир аз эле кеч калсаң мечиттин ичинен орун тийбей калат. Күн чыккандан баштап ысыгы куйкалап кирет. Мечиттин короосунда адамдардын күндөн сактоо үчүн зонтиктер жана муздак абаны үйлөп турган желдеткичтер тынымсыз иштеп турса да аба жетпей оозуң кургап чаңкап кетесин. Бардык жерде пластик стакандар менен замзам суусу куюлган идиштер коюлган. Суу издеп убара болбойсуң. Ал эми зонтиктер күн чыкканда канаттарын жайган бүркүттөрдөй болуп канаттарын керип өздөрү ачылат, ал эми кечинде күн уясына батканда өздөрү жабылат. Түзгөн шарттарына ыраазы гана болосун.
Бул мечитти курууда Мухаммад Пайгамбар өзү киришип, жанындагы сахабаларына Алла Таала төөнү кайсы жерге токтотсо ошол жерге курабыз деген экен. Төө келип ушул мечиттин ордуна чөгөт. Жердин ээси бар бекен деп сураганда эки жетимдин жери болуп чыгат. Мухаммад пайгамбар аларга кайрылып жериңерди саткыла, бул жерге мечит курабыз десе жетимдер жок, андай болсо бекер эле алгыла деп жооп берген экен. Ошондо Пайгамбарыбыз аларга он динар берет экен. Бул мисалды келтиргеним, азыркы учурда мечиттин айланасында курулган көптөгөн беш жылдыздуу мейманканаларды канча акча десе да сатып алып мечитти чоңойтобуз деген пландар бар экен. Ал мечиттерди сатып алуу үчүн канча деген акча талап кылынарына, жаңы ошондой сонун мейманканаларды бузууга кантип кол барат деген ой кыйнап келет. Андай мейманканалар биздин Бишкекте бирөө же экөө.
Мечиттеги зыяратчылардын көптүгүнөн орун табылышы кыйын болуп, элдерди аралап отуруп бир бош орунга отуруп намаз окуп, ордумдан жылгым келбей билген сүрөөлөрүмдү жана аяттарды үн чыгарып кайталап отурсам, артымдан Заир максымдын үнү чыгып калды. “Эй, Пайгамбардын кабырына кантип жетип калдың?”-деп. Жанымды карасам алдымда минбар (секиче) турган экен, чын эле элдин бардыгы алдыга жүткүнүшүп, мен отурган жерге ынтылышып жатышыптыр. Мечиттин ортосунда дүйнөдөгү эң сонун жайлардын бири “Рауда” жайгашкан. Бул сөз “Бейиштин багы” делип которулат экен. Бул жөнүндө хадистердин биринде мындай деп айтылат: “Менин кабырым менен минбардын ортосунда бейиштин бактарынын бири болгон Рауда жайгашкан” (Аль-Бухари, № 1196, жана Муслим, № 1391). Акырын үнүмдү чыгарып, “Оо, Пайгамбарым! Сага Алланын тынчтыгы, рахматы жана берекеси болсун” – деп салам айттым. Анан жанымдагы дептеримди ачып, Пайгамбарга салам айтып кой деген бала-чакамдын, тууган-уруктардын, достордун, инилердин жана башка адамдардын ар биринин атын атап алардын саламын Пайгамбарга айттым. Саламды айтып бүтөр менен негедир жеңилдеше түштүм. Жети күн беш маал намазды Пайгамбарыбыздын мечитинде окуп жүрдүк. Ар бир намазды окуп бүткөндөн кийин жаназага деп айтылат. Жети күн ичинде беш маал намаздан кийин жаназага туруп жаттык. Ажылыкка келип наркы дүйнөгө кеткендердин жаны бейишке кетет дегенди ошол жерде калууну тилеген адамдарды да көрдүк.
Ажылык мезгилде жергиликтүү тургундар сооп иштерди жасоо үчүн колдорунда бар тамактарын ажыга келгендерге жолдо эле машиналар менен таркатып жүрүштү. Бир жерде элдер топтолуп калса, “аа, ушерде соопчулукка тамак-аш берип жаткан экен” деген ой дароо келет. Барып калсак бири-бирин түртүп тамак талашып жаткан кара түстүү адамдарды көп көрдүк. Алардын талашып жатканын көрүп бизге тийбейт экен деп нары жылганыбызда, тамак таркатып жаткан адам “Эй Хадж!” деп кыйкырып, бизге да колундагы тамактарын сунуп жатышты.
Ислам дини адамдарды ыймандуулукка, ынсаптуулукка чакырат, бирок адамдарда ушул касиеттин улам жоголуп бара жаткандыгы бир эле мени эмес, көптөгөн ыймандуу адамдарды өкүндүрсө керек деп ойлоп кетем. Мен бул жерде кара түстүүлөрдүн ынсаптуулугун сындап жатып өзүбүздө деле ынсапсыздыктын бар экендигине жарым саат өтпөй эле туш болдум. Кыргызстандыктар үч жылдыздуу мейманканада жайгашканбыз. Жууна турган жайы, бардык шарттары бар жакшы мейманкана. Ушул мейманкананын ээсиби же жергиликтүү тургунубу айтор, соопчулук кылган бир ыймандуу адам ошол мейманканада жашап жаткан кыргызстандыктарды түшкү тамак менен жети күн бою камсыз кылып турду. Мейманкананын тамак ичүүчү жайына ошол адамдарга жетерлик санда мөмө ширелерин, сууларды, куурулган тамактарды алып келип жатты. Биринчи күндөрү адамдар кезекте туруп өздөрүнө керектүүлөрүн алышып тамактанып жатышты. Кийинки күндөрү аларды эч ким тескебегендигине көздөрү жеткендиктенби биздин ажылар каалаганынча ашыкча алышып, кийинки кезектегилерге суу, мөмө ширелери жетпей калып жатты. Ажыга мурдагы күнөөлөрүн жууганы барышып, бирок андай жерде унутушуп кайрадан эле баягы эски пендечилик жолго түшүп алгандыгы адамдардын алгач аң-сезимдерин өзгөртүүсү зарыл экендигинен кабар берип тургансыйт.БЕЙИШТИН БАГЫНДА НАМАЗ ОКУДУК

Мадинадагы мечиттин жанында Пайгамбарыбыздын сахабалары көмүлгөн Жаннатул Бакий мазарына зыярат кылдык. Бул жерде да зыярат кылган адамдар аябай көп. Зыярат кылуучу дагы бир жер Ухуд тоосу. Бийиктиги Оштогу Сулайман-Тоодой келет. Бул жерде Мухаммад Пайгамбарыбыздын Меккеден чыккан бутпарастар менен согушуп, биринчи жолу бутпарастардан жеңилген жер. Ушул жерде бутпарастар биз мусулмандарды жеңдик деп кайра Меккеге кетишкен. Ушул тоодо согушта өлгөн мусулмандардын сөөктөрү коюлган. Мусулмандар келип зыярат кылуучу жер болуп калган. Андан соң Пайгамбарыбыз Мадинага келгенде намаз окуган Куба мечитине барып зыярат кылуу менен намаз окудук. Бардык зыярат кылган жерлерге баргандан кийин менин жан дүйнөмдө кандайдыр жеңилденүүлөр пайда болгонун сезип жаттым.
Ушунча келгенден кийин арабдардын жашоо турмуштары менен аз да болсо тааныша кетели деген ой менен Мадинадан 70-80 км алыстыктагы арабдар жашаган жерге бардык. Жергиликтүү элдер төө багышып, келген туристтерге, ажыларга жаңы саалган төөнүн сүтүн 1 стакан 250 граммча бар 5 риалдан (биздин сомго салыштырганда 85 сомго барабар) сатып жатышты. Мен тамашалап “Аравиянын Суусамыры” деп койдум. Төөлөрдү атайын тосмолорго киргизип, аларды таңгакталган кургатылган жашыл чөптөр менен багышат экен. Төөнүн сүтүнүн даамы бээнин сүтүнүн даамына окшоп кетет экен.
Мадинада сапарыбыз карып Меккеге карай сапар алдык. Бардыгыбыз ихрамдарды (ихрам-ажы же умрага ниет кылган адамдын кие турган кийими, желкеге жана белден ылдый жамынуучу эки бөлүк матадан турат) байландык. Автобустардын үстүлөрүнө жүктөрүбүздү жыйып, автобуска отуруп “Лаббайка” (Лаббайка- кыргызча лаппай деп айтылган сөз, мунун мааниси “Оо, Аллахым, сенин кызматыңа даярмын. Сенин эч кандай шеригиң жок, чындыгында мактоо, нимат жана падышалык Сага гана тиешелүү, Сенин эч кандай шеригиң жок”) айтууга ниет кылып, талбия айтып 400 километрден ашык жолго чыктык. Жолунун тегиздигинен автобуста эмес жеңил машинада бараткандай сезесин. Автобуста да кондиционер иштеп, эч кандай ысыкты сезбей жаттык. Жолдо келатканыбызда биздин автобусту полицейлер тосуп калышты. Айдоочубуз эмне күнөө кылды экен деген ой бардыгыбызга келди окшойт. Автобус жолдун четине чыгып токтоду. Полицей менен жанында турган граждандык адамдар колдоруна коробкаларды көтөрүп киришти. Алар бардыгыбызга жете турган жемиш сокторун, сууларды дей турган тамактарды алып келишиптир. Аларды көргөндөн кийин бардыгыбыз кыргызчалап ырахматыбызды хор менен айтып жаттык. Сегиз сааттан ашык жүрүп отуруп Меккеге кирип келдик. Шаарга кире бериште автобусубузду токтотуп дагы суусундук менен жей турган тамактарды беришти. Курсагыбыз ток болуп жашай турган мейманканага кирип келдик. Мейманканага жайгашкандан кийин дароо эле Каабага жөнөдүк. Меккеде алыстан көрүнгөн сааты бар мунара болду. Мурда алган маалыматтарыбыз боюнча Кааба ошол жерде деп болгоолодук. Жолдо таксилерге кол булгалап токтотуп “Харам мечитине” деп кыргызча айтсак, таксист башын ийкегилеп отургула деп ишараат кылды. Таксист бизди Каабага жакын жерде түшүрүп, “Масжид Харам” деп саат көрүнгөн мунара тарапты көрсөттү. Жүрөктөрүбүз элеп-желеп, бири-бирибизди карабай бардыгыбыз алдыга ынтылдык. Убакыттын түн жарымы болгонуна карабай элдин көптүгүнөн бут коёрго жер жок, элдердин агымы менен сыгылып жатып Каабага кирдик. Мечиттин аты Харам же кыргызча “арам” дегенди билдирет. “Харам” деген сөз кыргызча –тыюу салынган дегенди билдирет. Бул жерде бири-бири менен түртүшүүгө, урушууга, сөгүшүүгө, ушак айтууга, бирөөлөрдү жамандоого, мусулманчылыкка туура келбеген жаман адаттарды ж.б. нерселерди көрсөтүүгө тыюу салынган. Харам мечитин жана анын айланасын саат сайын ошол жерде иштегендер тазалап турушат. Мечиттен чыгып, анын жанындагы чай саткан жерде чай ичип жатканбыз. Биздин алдыбызда эле көчөнү, биз отурган жерди тазалап шыпырып кеткенине 1-2 мүнөт болгон. Жаныбызда кара түстүү ажылыкка келгендер да чай ичип жатышкан. Алар чайын ичип болгондон колдорундагы калдыктарын ошол тазалап кеткен жерлерге ыргытып коюшту, болбосо ошол жерде таштандыларды сала турган чоң үкөк (ящик) турат, ага салбастан туш келди таштап койгону ошол жерде Жалал-Абад облусунан барган ажыларды таң калтырып, “үкөккө таштаса болбойбу”? –деп бири-бирибизге суроо берген бойдон калдык. Каабада, Минада, Муздалифада бардык жерден ажылыкка баргандар пайдалангандан кийинки таштандыларын көрүнгөн жерге таштай беришип, ыйык жерди ыплас кылып жиберишкендиги мени аябай иренжитти. Кээ бир өлкөлөрдөн баргандардын маданий деңгээли канчалык экендиги алардын ыйык жерге жасаган мамилесинен көрүнүп турду.
Мечиттин ичиндеги жалпы аянты азыркы күндө 400 000 чарчы метрди түзүп, ичине 1 000 000 дон ашык адамды батыра алат. Каабаны айланып жаткан калың элдин арасына сүңгүп кирип, колумду көтөрүп саламымды айтып Каабага жакындай баштадым. Айланамда көз жаштарын төгүп ыйлаган адамдар. Бир айлангандан кийин Каабанын дубалына колумду тийгизип, Алла-Талаадан ата-бабамдын, тууган-уруктардын, өзүмдүн кетирген күнөөлөрүмдү кечир деп сыйынып, адамдар топтолушуп үймөлөктөшкөн жерге барып калдым. Карасам Каабанын Кара ташы. Кара таш турган тешикке башымды салып тилектеримди айтып, Кара ташты өптүм, себеби Пайгамбарыбыз да бул ташты өпкөн экен. Кара ташты Жебреил периште алып келген дейт, алгач кардан да аппак болуптур. Адамдардын күнөөсүн ала берип кара ташка айланып калган дейт.
Кара ташты бир нече уурдоолор болгонун анын ичинен карматтар сектасы ажылык болбогон нерсеге ишенүү дешип он миңдеген зыяратчыларды өлтүрүшүп, алардын денелерин Зам-Зам булагына ыргытышып, анысы аз келгенсип Кара ташты да уурдап кетишкен дешет. 22 жыл бою Кара таштын кайда экенин эч ким билген эмес. 22 жылдан кийин алар өздөрү алып келишкен делет. Азыр Кара таш күмүш алкак менен оролуп турат.
Меккени жеңип алгандан кийин Пайгамбарыбыз Каабанын ачкычын алат. Мухаммад Пайгамбар ачкычты өзүнө калтырбастан Бани Шайба уруусунан чыккан Усман ибн Тальхка берип, “ Бул ачкыч силер менен түбөлүккө, кыяматка чейин болот. Адилетсиз залимден башка силерден бул ачкычты эч ким ала албайт”-дейт. Ошол күндөн ушул күнгө чейин мейли халиф болобу, султанбы же падышабы Каабага кирүү үчүн меккелик ушул үй-бүлөдөн уруксат сурап гана киришет. Алар бул ачкычты муундан муунга өткөрүп берип келишет.
Каабаны айланып намаз окуп, Зам-Замдын суусун ичип өткөн ата-энелерибиздин, жакын туугандарыбыздын арбактарына куран окугуча таң атайын деп Багымдат намазына азан айтылып калды. Багымдат намазын окуп бүткөндөн кийин мейманканага келдик. Мейманканада Каабадан алган таасирлерибизди бири-бирибизге айтып түгөтө албайбыз, ажылыкка чакырган Аллага миң ирет шүгүр келтиребиз.
Заир максым союз мезгилинде ажыга баруунун кыйындыгы тууралуу бир мисал айтып берди. Анда ал 10-11деги жаш бала экен. Атасы Абыдын максым айылдагы кадырлуу адамдардан болуп ислам дини жагында илими болгондуктан алардын үйүнө көп адамдар келип турушчу. Күндөрдүн биринде айыл аксакалдары, Соорон сопу аба (белгилүү окумуштуу адабиятчы Омор Соороновдун атасы) келишип, ичкери бөлмөдө өздөрүнчө сүйлөшүп, апасы сыртта меймандарга казан асып жаткан экен. Апасы Заирден аксакалдар эмне жөнүндө сүйлөшүп жатат деп сурайт. Заир: “Билбейм, ажы,ажы дешип эле бардыгы ыйлап жатышат ко,”-дейт. Кийин бир аз чоңойгондо Заир атасынын ошол кезде аксакалдар эмнеге ыйлагандыгын сурайт. Атасы ага Соорон сопу ажыга барганы жолго чыгып, Түркмөнстандын чек арасына чейин баргандыгы, ал жерден аны өткөзбөй кайра артка кайтарганын айтып бергендиги, Cоорон сопу ыйлаганда калгандары кошо капа болуп бардык аксакалдардын ыйлагандыгы тууралуу айтып берген.
Дагы бир окуя, колхоздо алдыңкы тракторист болуп иштеген бир адамга Сауд Аравиясына саякатка делегация менен баруу бактысы туш болуп калат. Ал Сауд Аравиясына келгенде Куранды көрүп өөп, чекесине тийгизип коёт. Саякаттан келгенден кийин КГБ аны суракка алып камап жибере турган болгондо колхоздун жетекчилери ал “жинди”, жини кармаганда эмне кылып жатканын билбей калат деп ар кандай шылтоолорду айтып, түрмөдөн куткарып калышкан экен.
Ажылыкка эркин баргандыгыбызга бир жагынан ушул заманга туш келгендигибизге ыраазы болуп, экинчи жагынан Алла-Таала өзү чакырганына да ынанып кеттик. Айттан бир күн мурда Мина өрөөнүнө жөнөдүк. Мина өрөөнүндө зыяратчылар үчүн курулган чатырларга сан жетпейт. 2 000 000 адамга ылайыкталып чатырлар тигилген. Чатырлардын ичинде аба муздаткыч тынымыз иштеп турат. Арапа күнү багымдат намазын окуп, ихрамга кирип, Арафат тоосуна жөнөп кеттик. Арафат тоосунда да жайнаган чатырлар. Бизге берилген чатырдын ичинде эртең мененден кечке чейин жамаат менен намаз окуп, тилек кылып отурдук. Арафат тоосун айланып үч учак тынымсыз учуп жүрүштү. Бул зыяратчылардын коопсуздугу үчүн көрүлгөн кам.
Арафат тоосунан Муздалифа өрөөнүнө жөнөдүк. Автобустун ичинде келер келгиче катуу үн чыгарып талбия айтып келдик. Муздалифага караңгы кирген маалда жеттик. Тоолор курчаган түздүк. Эч кандай чатырлар жок. Ачык талаа. Шам менен Куптан намаздарын кошуп окугандан кийин шайтанга ыргытуу үчүн бармактай болгон таштардан жетимишти топтоп, ачык асман алдында таштардын үстүнө жатып уктап калдык. Мына ушул көргөн күндөрүбүз жашообуздагы жокчулук жана барчылыкты эстен чыгарбай, бар болсо көппөй, жок болсо чөкпөй жүргүлө деп Алла Тааланын бизге берген насаатындай сезилди мага. БЕЙИШТИН БАГЫНДА НАМАЗ ОКУДУК
Эртеси кайрадан Минага келип, аерден үч шайтанга: чоң шайтан, орточо шайтан жана кичи шайтанга таш атканы жөнөдүк. Жолду катар шайтанга таш атканы бара жаткан адамдардын талбия айткандары тоолорду, тоолорду аралап өткөн туннелдерди жаңыртып шайтанга таш атуучу Жамараталь –акобага жакындадык. Шайтанга таш атарда тамаша айтуу, шайтанды шылдыңдоо сыяктуу сөздөрдү айтпоону ажы башчыбыз бизге бир нече жолу эскертти. Эки-үч жылда мурда барган жетимиштен ашкан ажылардын бирөөсү чоң таш алып, шайтанды жаткыра чабайын деп шериктерине мактанган экен. Шайтанга таш аткан жерде адашып кетип төрт күндөн кийин аябай жүдөгөн абалда жаткан жерин издеп таап келип, шериктерин көрүп ыйлап жибергенин биз ажылыкка даярданып жүргөндө ошондо барган ажылардын бирөөсү айтып берген эле. Сауд Аравиянын өкмөтү тоону тешип эки туннелди, бир жагы баргандар үчүн, экинчи жагы кайткандар үчүн жолду жеңилдетип, адамдар бири-бири менен түртүшүп тыгын болбосун деп шартты түзгөн экен. Буга чейин шайтанга таш атканы бараткандар менен келаткандар жолго батпай тыгын болуп көптөгөн ажылар ушул жерде набыт болушчу экен.
Шайтанга таш аткандан кийин 75 жаштагы аксакал ажыбыз жок, чатырда күтүп отурабыз. Бир маалда ажыларыбыздын бирөөсүнүн телефону шыңгырап калды. – Абдыкерим ажы Каабанын жанында жүрөт экен, полицейскиге телефонун берип жатат, арабча ким билет деп калды. Арабызда арабча билген бир жигит бар экен. Ал полицейскийге адрести айтып таксиге салып жиберүүсүн суранды. Эртең менен кеткен Абдикерим ажы кечинде өңү бозоруп кирип келди. Кантип адашып кеткенин өзү айтып берди. Шайтанга таш аткандан кийин эскалатор менен төмөн түшүп, көп элдин артынан ээрчип кете бериптир. Күн ысык, жанында суусу жок, суу сураганы тил билбейт, жаткан жерге жеткенде суу ичип алам деп ойлойт. Жолдун аягы көрүнбөйт. Аябай суусаган ал адашып калганын түшүнүп машинасы менен турган полицейскиге барат. Полицейский анын аябай суусаганын өңүнөн көрүп машинасынан бир бөтөлкө суу берет. Машинага жөлөнүп турган бойдон бир бөтөлкө сууну көтөргөн бойдон дем албастан жутуп коёт. Экинчи бөтөлкөнү берет. Аны да жутуп, суусу канган соң колуна тагылган адрести ага көрсөтөт. Экөө бирин-бири түшүнбөйт. Ошондо Абдыкерим ажы айланасын караса Каабанын жанында турган экен. Шайтанга таш аткан жерден Каабага чейин орточо 15-20 км чыгат. 75 теги чал ушунча аралыкты күн 35-30 градустагы ысыкта басып өткөнү өзү таң каларлык.
Бул амалдарды аткаргандан кийин эркектер чачтарын алдырышат. Бардыгы шашып чачтарын алдыра баштады. Көбү устара кармаганды билбегендиктен көбүнүн баштары кызыл-ала болуп кесилип эле жатып калды.
Минадан Меккеге келип Каабада зыярат кылдык. Менин ажыга барар алдында дүйнөдөн өтүп кеткен атам Сапарбай, апам Пайиз, чоң атам Назарали, чоң энем Калбү, менден кийинки иним Шермамат (Шекен), кайнатам Исмах, кайненем Жамила үчүн умра кылууну ниет кылган элем. Умра (кичи ажы) өзүнүн ажылык амалдарын аткаргандан кийин көзү өтүп кеткендер үчүн да аткарса болорун диний аалымдардын сурап алдым. Багымдат намазынан кийин такси менен Харам мечитине чейин келип, андан ары автобус менен Айша эненин мечитине барып ихрамга кирип, Айша эненин мечитинде 2 ракат намаз окугандан кийин Харам мечитине келип, Каабаны жети жолу айланып, Марва менен Сафа тоолорунун ортосунда 7 жолудан ар бир умра үчүн жүрүш кылдым. Чоң атам Назаралиге умра кылып Харам мечитине келгенде ачык турган күн төгүп жиберди, он мүнөттөй жамгыр жаап турду. Чоң атам, атам жаш кезинде эле өтүп кеткен экен, мен чоң атамды көргөн эмесмин, бирок анын арбагы ыраазы болуптур деген жакшы ойго бөлөндүм.
Харам мечитинде да ар бир намаздан кийин күндө жаназага туруп жүрдүк. Миллиондогон ажылар жаназага туруп жатканда өлгөн адам сөзсүз бейишке чыгары аныктай. Харам мечитине келип эмне тилесең Алаа Таала тилектериңди орундатат деген адамдардын сөздөрүн көп уктум. Менин тилегеним биринчи кезекте Кыргызстан оңолуп, өлкөбүздү ойлогон жетекчи келсе экен деп ар бир намаздан кийин бата кылып жаттым. Биз менен кошуна бөлмөдөгү 85 жаштагы ажы абанын “Оо, Аллахым, ажылык амалдардын бардыгын аткарып бүттүм, эми аманатыңды ушул жерге алып калсаң боло?”- дегенин кулагым чала чалып калган болчу. Кайтарыбызга үч күн калган. Жаш ажы жигит, жашы жыйырма бештерге жетпеген, көзүнөн жаштары салаа болуп агып, “паланча ажы өтүп кетти, кемпиримди чакырып койгулачы деп кемпирине бир нерселерди айткандан кийин узап кете берди” деп эчкирип ыйлап жатты. Кемпири менен бирге ажыга келген экен. Дароо ажы башчыга кабар берилди. Меккедеги маркумдарды наркы дүйнөгө узатуучу кызматка кабар беришти. Жарым сааттан кийин аталган кызматтын кызматкерлери келишип ажынын сөөгүн алып кетишти. Ошол жерде тургандарыбыздын бардыгы ажы тилегине жетти, Алла Таала анын тилегин аткарды деп кала бердик.
16-октябрда Ошко келип кондук. Аэропортто аппак кийинген ажылар бардыгыбыз жүктөрүбүздү издеп жатабыз, үйгө шашылгандан бири-бирибиз менен ишибиз жок. Аэропорттун чыга беришинде түркүккө жөлөнүп бир кемпир отурду. Эч ким менен иши жок. Тунжураган ой баскан. Баягы өтүп кеткен ажынын кемпири экенин тааныдым. Жүрөгүмдү жалгыздык ээлеп, ажы энеге кайрат айтканга жарай алганым жок, анын жарасын сыйрыгым келбеди. Ажыга кош болуп кетип жалгыз кайтканы….
Ажыда өлсө бейишке чыгат деген сөздү көп айтат элек. Ошондо ажы башчыбыз бир окуяны айтып берди. Кыргызстандан ажыга келген бирөө дайым эле Алла Тааладан “Оо, Аллахым, ажы болдум эми жанымды алып бейишке чыгар деп” тилене берчү дейт. Акыры тилеги орундалбасын билгенби же бейишке чыккысы келгениби тогузунчу кабаттан секирип набыт болгон экен. Анын сөөгүн Харам мечитине алып барбай коюшуптур, жадегенде жаназасы да окулбаптыр, силер да ошого окшобогула деп бизге кеңешин берди.
Дагы бир окуя, бир адам ажыга барып сөөгүм ошол жакта калса экен деп тилеп, урук-туугандары менен коштошуп, мен эми келбейм, ошол жакта калууну тилек кылып бара жатам деп бала-чакасына керээздерин айтып кетет, кайра аман-эсен кайтып келет экен. Эки-үч жылдан кийин да ажыга ошол жакта калууну тилек кылып кетет. Кайрадан аман келет. Бир жылдан кийин үйүндө отуруп эле оо дүйнөгө жүрүп кетиптир.
Ошол жерде автобуска чыгып жаткан учурлар мени союз учурундагы автобуска чыгып жаткан кездерди элестетти. Ажылар көбүнчө Түштүк Азия тараптан келгендер автобустан калып кала тургансып, автобустун эшигинин алдында түртүшүп, орун талашып ажылыкта бирин-бири түртпөөгө, бири-бирине азар берүүгө болбойт деген сөзгө карабастан жаңы эле күнөөлөрүн жуушканына карабастан жаңы күнөөлөргө батып жаткандай көрүндү. Ушундай жорук биз менен барган ажылардын арасында да болду. Жиддадан Дубайга учуп келип самолёт которгону аэропортто каттоодо кезекте турабыз. Эки ажы кезек талашып айтыша кетишти. Каттоодо отурган келин Өзбекстандан экен, “Эй, ажылар ажыга келгенден кийин жаман адаттарыңарды Меккеге таштап келген жоксуңарбы? Баргыла кайрадан, күнөөңөрдү жууп келгиле!”- деп айтканы билген адамга башка чапкандай эле болду.
Бул кичине макаламда ажылык сапардын баарын камтый албадым. Ниет кылып ажылык зыяратка барам дегендер болсо, ушул макаланы окуп, жаман адаттарын таштап ыймандуулукка кирет го деген ойду айткым келди.
Ким жакшылыкка ниет кылган болсо, Алла Таала колдоп ниеттерине жеткизсин!

Нурмамат ажы Сапарбаев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17