Аймак

ТҮКҮРБӨ, ТҮКҮРСӨҢ АЙЫП ПУЛ ТӨЛӨЙСҮН!

ТҮКҮРБӨ, ТҮКҮРСӨҢ  АЙЫП ПУЛ  ТӨЛӨЙСҮН!

 4,224 Бардыгы /

2019-жылдын январь айынан баштап көчөдө түкүргөндөргө айып пул салынып баштайт. Бул тууралуу Дастан Бекешов Жогорку Кеңеште билдирген. Анын айтымында, аталган мыйзам  2019-жылы күчүнө кирет. Ага ылайык, коомдук жайларда,  уруксат берилбеген жерлерде  түкүрүү, таштанды таштоо  жана таштандыны өрттөөгө айып пул салынат. Жеке жарандар үчүн айып пул 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч. Учурда бир эсептик көрсөткүч 100 сомду түзөт, демек айып пул 5 миң 500дөн 17 миң сомго чейин болот.

 

Дастан Бекешов, Жогорку Кеңештин депутаты:

 

2017-жылдын 1-мартында кабыл алынган мыйзам, 2019-жылы күчүнө кирет. Мыйзамга ылайык, уруксат берилбеген жерлерде түкүрүү, таштанды таштоо жана таштандыны өрттөөгө айып пул салынат. Эгерде кимдир бирөө видеого түкүргөн кишини тартып алса, ошол видео аркылуу жоопко тартылат.

Нуржигит КАДЫРБЕКОВ, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы: “ЧЕКТЕН ЧЫККАНДАРГА ОЧОЙТУП АЙЫП ПУЛ САЛСА БИР ТОП АДАМДАР ОҢОЛМОК”

 

Коомдук жайларда түкүрбөш керек. Мыйзам жолу менен кылабызбы, башка жол тандайбызбы бул нерсе сөзсүз керек. Биз “Ыйман” фонду өткөн жылы  “Жүзүмө түкүрбө мекендешим” деп бүт региондорду кыдырып баштаганбыз. Бул акция бүгүнкү күндө да уланууда. Негизги эле идеологиясы эскертесиң, ким түкүрүп жатса түкүрбө, сөгүнүп жатса сөгүнбө, ыргытып жатса ыргытпа деп бетине айтасың, болгондо да бул жакшы маанайда  урушпай тургандай даражадагы адеп долбоору. Мыйзам кабыл алса да жакшы болот.  Анткени кээ бир адамдарды ынандырсаң угат, кээ бирлерге андан да катуу чара керек. Чектен ашкандарга чара көрөйүн десең мыйзам жок болсо эмне демек элек. Кана законду көрсөтчү “түкүрбө” деген мыйзам барбы десе эмне дейсиң? Күчүнө кирген законду аткарылбай калат деп коркпош керек, буйруса  аткарылат. Азыр видео көзөмөл деген бар. Чектен чыккандарга очойтуп айып пул салып же түкүргөн жерин өзүнө тазалатып койсо, бир топ адамдар оңолот. Сингапурда түкүргөн адамдарга чоң өлчөмдө айып пул салынат,  коомдук жумушка тартат же болбосо камап салат. Көп өлкөлөрдө маданият ушунчалык өнүккөн аларга түкүр десең да түкүрүшпөйт. Адамдары да башкача сен түкүрүп койсоң жок дегенде сөзсүз жаман көздөрү менен карашат.

Асен НУРАЛИЕВ, Жалал-Абад шаарынын тургуну: “АЙЫП ПУЛ САЛУУ ДЕМИЛГЕСИ ЭҢ ТУУРА КАДАМ ДЕП ЭСЕПТЕЙМ”

 

Өлкөбүздө түкүрүү, семичкенин кабыгын, момпосуйдун кагаздарын таштоого тыюу жана аларга карата коомдук иш чараларды уюштуруу, ошондой эле тиешелүү деңгээлде айып пул салуу демилгеси көтөрүлгөнү эң туура кадам деп эсептейм. Түкүрүүгө 5000 сом өлчөмүндө айып пул салуу менен бул жаман адатка биротоло чек кое албасак да, кайсы бир деңгээлде жакшы жыйынтыктар болот деп ишенем. Бул биздин тазалыгыбыз менен кошо маданияттуулугубузду да жогору көтөргөн идеа болуп саналат. Маселен чет өлкөлөрдө бул өңдүү коомдогу жат көрүнүштөргө эчак эле тыюу салынып, элдери ошого көнүп жашап келишүүдө. Бизде  түкүргөндөргө тиешелүү органдар гана көзөмөлдөйт, бул ошолордун иши деп кол шилтеп кайдыгер болбой ар бир атуулубуз бул маселеге түз көз карашта болсок. Эгерде көчөдөн түкүрүнгөн адамды көрүп калсак ага жылуу сөз менен эскертип туруубуз керек деп ойлойм. Биз бул мыйзамды жалпылап колдошубуз керек. Ар бир жаран тазалыкты, этиканы жана маданиятты өзүбүздөн баштаганыбыз оң. Улуу залкар инсан Исхак Раззаковдун “Сен таза болсоң, мен таза болсом анда коом да таза болот!”- деген сөзүнүн канчалык мааниси терең экендигин биз бүгүн сезип жаткандайбыз.

Гүлнара НАБИЖАНОВА, немец тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу: “МЫЙЗАМ КҮЧҮНӨ КИРСЕ ДА, ЖАКШЫ ИШТЕП КЕТЕТ ДЕП ОЙЛОБОЙМ”

Германияга барганыма көп болду. Ал жакта баары башкача, адамдары, жашоо шарты дегендей. Германиянын ар бир атуулунда мындай түшүнүк бар:  “Биз мамлекетибизди жаман кылбашыбыз керек жана шаарды булгап койгонго акыбыз жок” деген.  Бул биздин эле шаар эмес, бизден кийин да жашаган муун бар дегендей мааниде. Мындан алардын адамдык сапатынын, коомдук аң сезиминин жогору экендиги көрүнүп турат. Бизде андай түшүнүк жоктугунан, көчөлөрдүн абалын көрүп болбойт. Мыйзам күчүнө кирип калган кезде деле жакшы иштеп кетет деп ойлобойм.  Анткени биздин канча мыйзамдарыбыз иштебей жатканын кезиктирип жүрөбүз. Бирок мыйзамды иштетип,  бузгандарга айып пулду  төлөтүш керек. Бул ага сабак болот жана жакындарына да эскертет деп ойлойм. Мыйзамды кабыл алдыкпы демек, талапты катуу коюп иштетиш керек. Бул үчүн жалпы коомчулук аракет кылуусу зарыл.

Марат БЕГИМКУЛОВ, Тайгараев айылынын тургуну: “ЭМНЕ ҮЧҮН АР БИРИБИЗ ӨЗҮБҮЗДҮ КОЛГО АЛА АЛБАЙБЫЗ”

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун 2019-жылдан тартып көчөдө уруксатсыз жерлерде түкүрүп, таштанды таштаган жарандарга айып пул салынат деген билдирүүсүнөн кабарым бар. Бирок  ошол айып пул салып, элди кыйноонун кажети барбы, деген ой жаралат экен. Айып пул да тээ асмандын башында. Андан көрө келгиле туугандар ойлонолу. Эмне үчүн ар бирибиз өзүбүздү колго алып, таза коом үчүн жашай албайбыз, бардык нерсе тазалыктан башталат го.

 

КЕЛ ТУУГАН ОЙЛОНОЛУ

Баратып чоң көчөдө көзүм чалды,

Боз улан шыңга бойлуу, кырдач мурун.

Колунда бөтөлкөсү, кылт-кылт жутат,

Балч этип түкүрүнөт, тартып мурдун.

 

Кең жолдо чагып барат семичкени,

Жанында шыңкылдаган периси бар.

Туш келди ыргытат го кабыктарын,

Аттиң ай эмне мынча жан дүйнөң тар.

 

Калаанын тазалыгы жүрөк өйүп,

Кейидим жан дүнүйөм сыздап турду.

Салымы болбосо да өлкө үчүн,

Сактасын тазалыкты кызбы, уулбу.

 

Көчөдө чырт түкүргөн жарандарга,

Беш миңден ашык төлөм салынат дейт.

Айып деп тээ асмандын башын айтат,

Агайын уктуңарбы ушундай кеп?

 

Дастандын мызамдары ишке ашса,

Көчөлөр таштандыдан арылаттыр.

Карайлап айып пулду көтөрө албай,

Агынан элим бир күн жарылаттыр.

 

Өлкөнүн тазалыгы биздин колдо,

Кел тууган, баш көтөрүп ойлонолу.

Көргөндө жан кейиткен окуяны,

Көрмөксөн болуп моюн толгобойлу!

 

Чындыгында көчөгө чыгып айлананы карасаң, шаарыбыздын көрүнүшү мышык ыйлаарлык экени талашсыз. Анткени көчөнүн ар бир жери көзгө жийиркеничтүү түкүрүккө,  жагымсыз таштандыга толгон. Мамлекеттик тазалык кызматынын күн сайын таштанды алып кетип жатканы көзгө урунат. Бирок таштанды азайбайт. Адатта чет жактык коноктор Кыргызстанды жаратылышы кооз өлкөлөрдүн катарына кошот. Бирок айлана-чөйрөбүз, коомдук жайларыбыздын тазалыгы жаратылышыбыздын сулуулугуна төп келбей жатканы өкүнүчтүү. Коңшу мамлекеттерди алсак, Казакстанда көчөлөрдү, эс алуучу парктарды деги эле коомдук жайларды булгап, таштанды ыргытсаң айыппул төлөйсүң. Америкада да ушундай. Аларда атайын агенттик таштандыны көчөгө таштаганың үчүн айып салат, көзөмөлдөйт. Биз да таза шаарда жашоону кааласак, баарыбыз бул көйгөйгө кайдыгер карабай алгач өзүбүздү оңдоп, келечегибизге саресеп салып тазалыкты сактайлы!

 

 

Бүбүсара Орозалиева, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17