Аймак

БАЛДАРЫҢЫЗДЫ КАЙСЫ ЛАГЕРГЕ ЖИБЕРЕСИЗ?

БАЛДАРЫҢЫЗДЫ КАЙСЫ ЛАГЕРГЕ ЖИБЕРЕСИЗ?

 7,200 Бардыгы /

 

Жайдын аптаптуу күндөрүндө ар бир адам табият койнунда эс алуунун кааласа керек. Балдарын лагерге жөнөтүүнү каалаган ата-энелерге да маалымат болсун деген максатта учурдун талабына ылайык шарттары, жетишкендиктери жана коопсуздугу боюнча  жетекчилерине кайрылып көрдүк. Алынган маалыматка караганда аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары да эс алууга шарт түзүлгөнү байкалат. Андан сырткары коомчулуктан балдардын эс алууга карата көз карашын угуп, эс алып жүргөн балдардан да лагердин ыңгайлуулугу, шарттары жөнүндө сурап билдик.

Рахат ТАГАЕВА, улуу жолбашчы, Кара-Көл шаары:

“СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ -БҮЛӨЛӨРГӨ ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛГАН”

-Биздин Кара-Көл шаарындагы “Кайыңды” балдар эс алуу борбору 160 орунга ылайыкталган. 1-июлдан тарта балдарды кабыл алып, иштеп жатабыз. Балдардын эс алуусу үчүн 2 корпус иштейт. Эс алуучулардын ден соолугун чыңдоо үчүн спорт, маданий эс алуу үчүн атайын аянтчалары бар. Балдарды 4 бөлүм менен кабыл алабыз. Балдардын шаңдуу, көңүлдүү эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. 4 маал тамак -аш менен камсыз болот. Жолдомонун наркы 4100 сом. Шаардык ички иштер бөлүмүнөн 1 кызматкер ар бир бөлүмгө берилет. Быйылкы жылдан тартып лагерди Токтогазы Сандыбаев жетектейт. Бул лагерде 7 жаштан 14  жашка чейинки балдар эс алышат. Социалдык жактан аз камсыз болгон үй -бүлөлөргө балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмү тарабынан жеңилдиктер каралган.

Хошим ажы АТАКОЗИЕВ, Арстанбаптагы турбазанын директору:

“10 КҮНГӨ 3700 СОМ АКЫ ТӨЛӨНӨТ”

-Арстанбап турбазанын ичинде ачылган лагерге 100 орун берилген. Жайкы эс алуу лагери кезеги менен 3 топко бөлүп кабыл алат. Ар бир топто 60дан 100гө чейин балдар келет. Жаш өзгөчөлүгү боюнча 8 жаштан 15 жашка чейинки жеткинчектер келе алышат. Күнүнө 4 маал ысык тамак менен камсыз болушат. Андан сырткары спорттук иш-чаралар да уюштурулат. Күзөтчүлөрдүн байкоосу алдында тартип да бекем сакталган. Биринчи бөлүм  20-июндан башталган. 10 күнгө 3700 сом акы төлөнөт. Мында келгендер  башка келген балдар менен достошуп ынтымакта өз алдынча иш алып барууну үйрөнөт.

Акрам САКИЕВ,  Ноокен районундагы “Алаш-Ата” балдар эс алуу борборунун директору:

“БИЗДИН ЛАГЕРГЕ АКЫСЫЗ БАЛДАР ЭС АЛЫШАТ”

-Ноокен районунун Тоскоол-Ата токой чарбачылыгында жайгашкан Алаш токойчулугунда “Алаш-Ата” балдар эс алуу борбору ачылган. Ал 2012-жылы райондук кеңештин жана башка жетекчилердин демилгелери менен курулган. Жайкы эс алуу лагеринде 3 бөлүм болот. Ар бир бөлүмдө 100 адамга ылайыкталган орун бар. Биздин лагерде балдар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Спорттук оюндардан волейбол, футбол, табиятка чыгуу жана башка иш- чараларды камтыйт. Өзүбүздө атайын график бар. Ошол графикке ылайык иш алып барабыз. Коопсуздук жагынан милициялар менен иштешебиз. Алар бүт баарын көзөмөлдөп турушат. Эс алуучуларды 3 маал тамагы менен камсыздайбыз. Бизге профсоюз көмөк көрсөтүп, колдоосуна алып келет. Бул үчүн профсоюзга терең ыраазычылык билдирем. Себеби  чоң үмүт менен эртеңки келечекке кам көрүп, жакшы иштерди жасап келе жатат. Булардын колдоосу менен балдарды акысыз 10 күнгө эс алдырабыз. Ага Жалал-Абад областы боюнча  профсоюздун каттоосунан өткөн 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар катыша алышат.

Эсен ТЕМИРБЕКОВ,  Аксы районундагы “Кашка-Суу” лагеринин директору:

 «ЛАГЕРИБИЗ ОҢДОП-ТҮЗӨӨГӨ МУКТАЖ»

 

-Биздин лагерде 1-июлдан 10-июлга чейин балдарды кабыл ала баштадык. Профсоюз тарабынан колдоого алынганбыз. Болгону 2 топ эле балдар келет. Бир топко 50 баланы алабыз. Жолдомонун акысы 10 күнгө 3600 сом. Атайын балдарга спорттук оюндар, жаратылыш менен таанышуу, конкурс жана маданий иш-чараларды өткөрүп беребиз. Биз мындан да жакшы шарттарга аракет кылабыз. Бирок дагы да бүтпөгөн көйгөйлөр бар. Алардын эң маанилүүсү лагерди жаңылап, кайрадан капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү. Ага да көп каражат керектигине байланыштуу кайда барып кайрылууну билбей убайымдабыз.

 

Суламита МИРЛАНОВА, окуучу, Жалал-Абад шаары:

“КҮНҮБҮЗДҮ ПАЙДАЛУУ ӨТКӨРГӨНГӨ ЖАРДАМ БЕРЕТ”

-Өзү балдарга таза абада, табияттын койнунда эс алса жакшы. Жеткинчектер үчүн да спорттук мелдештерге катышып, активдүү жашоо образын түзсө, ден соолугун чыңдай алат.“Жайкы каникулда көп нерсени унутуп коёсуңар”- деп эжекелерибиз көп айтат. Ага ылайык лагерлерде сабактар да өтүлүп, атайын программалар менен чет тил курстарын уюштурса жакшы натыйжа берет. Лагерде эс алуу жакшы, бир жагынан ызы-чуудан алыс. Экинчиден күнүбүздү пайдалуу өткөргөнгө жардам берет. Көп досторду таап, алардан да бир нерсеге үйрөнө алабыз.

Дарыгүл СУЛАЙМАНОВА, Жашасын айылынын тургуну Сузак району:

“ЭЛДИН ЧӨНТӨГҮНӨ ЫЛАЙЫК БОЛСО, БАЛДАР ЭС АЛА АЛМАК”

-Лагерлерге неберелерди жөнөтсөк жакшы болот. Айтылуу Кара-Алма, Арстанбап деген жакшы лагерлер бар. Бирок шарттары мыкты болуп, балдардын коопсуздугуна кепилдик керек. СССР мезгилинде жакшы болчу. 3 ай каникул учурунда мектеп тарабынан дагы атайын жолдомо менен барууга мүмкүнчүлүк алчубуз. Ошол сыяктуу лагерлер болуп, ар бир мектептен балдарды топтоп алып барып эс алдырса сонун болмок. Салкын жерде эс алуу балдарыбызга да жакшы пайдасын берет. Балдар үчүн атайын тарбиячылар оюндарды ойнотуп, андан сырткары кошумча сабактарды да өтүп билим менен оюнду айкалыштырып эс алдырса анын жыйынтыгы жаман болбойт. Мисалы, жөнөкөй эле математика, орус тил, англис тилдерди кошуп үйрөтсө кыйла сабактарды өздөштүрөт. Баалары кандай болду билбедим. Бирок арзаныраак элдин чөнтөгүнө ылайык болсо, көп балалуу үй-бүлөнүн балдары да эс ала алмак.

Эльмар БАТЫРОВ, Түркиянын Коджаэли университетинин студенти:

“ЖҮРӨГҮМДӨ КАЛГАН ЭКИ ЛАГЕРЬ БАР”

-Мен кичинемден бери лагерлерге жайкы эс алууга көп бардым. Бирок жүрөгүмдө калган эки лагерь бар. Бири Майлуу-Суу шаарынын тоолорунда жайгашкан «Горный» лагери болсо, экинчиси Чүйдүн Жарлы-Кайыңды үңкүрүндө өтө турган «Жаш булак» форум-лагери. Бул лагерь Кыргызстандын жаштарын бириктирүү үчүн уюштурулган. Ага баруу үчүн анкета толтуруп, электрондук почтасына жибергем, административдик акысын төлөдүм. Андагы тартипке карай эрте менен 7:30дан 8:00дө турчубуз. 12:00дөн 13:00гө чейин түшкү тамак, андан кийин уктоо. Үч маал тамак менен камсыздашат. Ал эми кечинде шоу-программа менен уланат. Чатырда жашап, тамакты очокто даярдап, жаштар менен ой бөлүшүү бизге да чоң стимул боло алган. Былтыркы жылы барганымда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбек Турсунбеков, Юстиция министри Уран Ахмедов, КТРКнын гендиректору Илим Карыпбеков, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жана режиссёр, ырчылар, билимдүү  адамдар менен да жолугууга мүмкүнчүлүк ала алганбыз. Башка лагерлер да таасирдүү, таанымал адамдар менен жолугушууларды өткөрсө кызыктуу болмок. Балким жаштар ошол үчүн да кызыгып барышмак.

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”  О

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17