Аймак

Сүйүн ОТКЕЕВ, белгилүү режиссёр: «МОНТАЖДЫН СЫЙКЫРЫ МЕНЕН ТАСМАДАГЫ КЕМЧИЛИКТЕР ЖАБЫЛАТ»

Сүйүн ОТКЕЕВ, белгилүү режиссёр:  «МОНТАЖДЫН СЫЙКЫРЫ МЕНЕН ТАСМАДАГЫ КЕМЧИЛИКТЕР ЖАБЫЛАТ»

 3,605 Бардыгы /

Профессионал кинорежиссёр. Мындай адистер чынында кыргыз коомчулугунда абдан аз. Алардын бири, Германиядан режиссураны окуп келген мекендешибиз Сүйүн Откеев. Ал Орто Азияда биринчи болуп балдардын фантастикалык киносун тартты, Кыргызстандагы алгачкы “Эки адам” импровизациялаштырылган театрынын долбоорун негиздеди. Бул инсандын тарткан тасмалары калк арасында чоң кызыгууну жаратып келет. Анткени биздин каарман коомдогу актуалдуу маселелерди эле көтөрбөстөн “адал кинолорду” тартат. Откеевдин кинолорун үй-бүлө мүчөлөрү чогуу олтуруп көрсө болот. Бүгүн анын өмүр таржымалын, чыгармачылык жолун баяндап, жердешибизди жакындан тааныштырмакчыбыз.

 

БЛИЦ ИНФО:

Толук аты-жөнү – Откеев Сүйүн Мустапакулович

Туулган күнү, айы, жылы – 1980-жылдын 15-июну

Туулган жери – Сузак району, Октябрь айылы

Тарткан кинолору – “Соолуган карек” 2011-ж; “Сен эмне кылмаксың” 2012-ж; “Миллиондук мелдеш” 2013-ж; “Миллиондук мелдеш 2” 2014-ж; “Көпөлөк” 2015-ж; 2018-жылы тартылып эми жарыкка чыкчу “Жетикс”, “Мега Той ”, “Мега Той 2”.

2009-жылы “MediaStar” Продакшн студиясын негиздеген.

Жактырган тамагы – Мампар

Футболдо – Бавария, Галатасарай (Турция), Германия командаларын колдойт.

 

ҮЙДӨ ЖАЛГЫЗ ЧЫГАРМАЧЫЛ АДАММЫН

Атам Мустапакул Откеев  кесиби инженер. Токтоо, сабырдуу адам. Убагында мектепти алтын медаль менен бүткөн экен. Союз убагында мектепти алтын медаль менен бүтүрүү аябай чоң жетишкендик болгондуктан  азыр деле тааныгандар “аа, тиги Откеевдин баласы турбайсыңбы” деп калышат. Москвага барып бир жыл окугандан кийин эле жалгыз бала болгондуктан чоң атамдар кайра чакыртып алышкан экен. Менде атамдын сабыры менен токтоолугу бар десем болот. Апам Анархан Акбалаева мугалим, башталгыч класстарды окутчу. Бирок мен мектепке баргыча эле башка мектепке которулуп кеткен. Андыктан апамдан сабак алган эмесмин. Апам студент кезинде пахтага барган жүздөгөн студенттерге тамак даярдачу экен. Мыкты ашпозчу десем жаңылышпайм. Кандай гана тамак кылбасын, баары даамдуу болот. Албетте азыр ашкананы келиндерге өткөрүп берген. Бирок кээде өзү да жасап калат. Анан кээде кол-өнөрчүлүк менен алектенип коёт. Азыр ата-энем экөө тең неберелерин карап үйдө, бактылуу карылыктын доорун сүрүшүүдө.

Ал эми чыгармачылык мага кимден өткөнүн билбейм. Ата-энем чыгармачылыкка жакын эмес. Чоң атамдар деле алыс болгон. Демек бир үйдөн бирөө адашып чыгып калат окшойт да.

ЫРДАГАН ЖИГИТТЕР, УШАКТАШКАН КЫЗДАР, КАРТА ОЙНОГОН АБЫШКАЛАР…

Үйдө беш бир туугандын эң улуусумун. Эки иним, эки карындашым бар. Азыр баары үй-бүлөсү менен. Бала кезде талаада жамгыр жаап жатканда кой кайтарып, анан үшүгөндө бактардын астына кирип, картошка бышырып жеген күндөрдү унута албайм. Анан кечинде айылыбыздын көчөсүндө ойногон жаш балдар, ырдап жаткан жаш жигиттер, ушакташкан кыз-келиндер, карта ойногон абышкалар… Кыскасы эң сонун балалыкты өткөрдүк го айылда. Азамат, Руслан, Залкар аттуу досторум менен жакын болчумун. Көздөн ыраак, көңүлдөн ыраак дегендей, азыр эми албетте азыраак катташып калдык. Оюндардан “ляңги” тепчүбүз, шарик ойночобуз. Футболго ошондо эле жакын болчумун.

Мектепте чындыгында жакшы эле окуганмын. 7-класстан баштап Жалал-Абаддагы кыргыз-түрк балдар лицейинде окуп баштадым. Лицейде тартип катуу болгондуктан өтө деле “тентектик” кылганга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Убактыбызды күнү-түнү сабак менен өткөрчүбүз. Азыр эстесем, жаш кезде көп деле кыялданган эмес экенмин. Сабак окуп отуруп кыялданганга убакыт болгон эмес окшойт. 10-11-класстарда гана кээде дискотекага качып барган күндөр өткөн. Албетте кыздар менен кат жазышкан күндөр да болгон. Чындыгында анын өзүнчө керемети бар эле. Азыр ватсаптын андай керемети жок.

 ВОЛОНТЕР ОПЕРАТОР БОЛУП РЕЖИССУРАГА КЫЗЫГЫП КЕТТИМ

1997-жылы лицейди бүтүрүп, ОшТУга “Байланыш” бөлүмүнө тапшырганмын. Студент кезимде ар кандай фонддордо, курстарда иштеп калдым. Анан жыйналыш, семинарларды тартканга оператор жок болуп, көбүнчө мен тартканга туура келип калчу. Ошентип мажбур тартып жүрүп эле ушул тармакка кирип кетиптирмин. Режиссёр болом дегенге эч ким деле каршы болгон эмес. Үй-бүлөм дайыма бардык тандоомду туура түшүнүп колдоп келишет.

Ошто бир жарым жыл окуп, анан Германияга кеткенмин. Ал жакка кокустан барып калдым десем жаңылышпайм. Бир досум кетмек болчу, бирок ага такыр виза чыкпай койду. Аягында ал барбайм деген чечимге келди. Анан тааныштар мени тапшырып көр дешти. Карасам мага бат эле чыгып калды. Ошентип буйрук экен барып калдым. Немисче “Хай Гитлер” деген эле сөздү билчүмүн. Баргандан кийин нөлдөн баштадым. Немис тили оор тилдерге кирет. Андыктан көп жыл тил үйрөнгөнгө туура келди. Университеттен болсо мен күткөн нерсени ашыгы менен алдым десем болот. Немистердин окуу системасы укмуш болчу. Пара-мара деген нерсе болбогондуктан мажбур окуш керек эле. Студенттик мезгилде Германияда кызыктуу күндөр аябай эле көп болгон. Дарбыз ал кезде аз болгондуктан атайын тоюп келели деп 200-300 км жол жүрүп келчүбүз. Кээде Париж жакын болгондуктан тез-тез барып турчубуз. Ошентип 1999-жылдан баштап 2008-жылдын аягына чейин Германияда болдум. Дээрлик 10 жылга жакын убактым ошол жакта өттү. Акыркы курста академиялык уруксат алып Кыргызстанга келген элем. Кийинчерээк кайра барып бүтүрөйүн деген ойлор бар болчу. Бирок кайра бара албай,  дипломумду албай калдым.

ӨЗҮМ РОЛЬ АТКАРБАГАНГА АРАКЕТ КЫЛАМ

Эң биринчи клипти Роза Шакировага тартканмын. Алгачкы роликти болсо “Супер-Инфо” гезитине тартып бергенмин. Кийин кино тарта баштадым. Алгачкы тасмам “Соолуган карек” тасмасы болду. Тасмада роль аткарбаганга аракет кылам. “Миллиондук мелдеш” тасмамда кичинекей бир эпизоддо бармын. Ошого да аябай кыйналганмын. Актёрдук кесип аябай оор. Өзүм Мурат Мамбетов айткандай “Режиссёр-невидимка” окшоймун, актёрлорду урушуп-сөгүп иштеткен режиссёрлордун катарына кирбесем керек. Акырын, жай, тынч иштегенди жакшы көрөм. Мүнөзүмө да туура келет.

Ал эми идеялар такыр күтүлбөгөн жерде келе калат. Анын атайын убактысы жок. Дайым даяр туруш керек. Жакшы идея келип калса дароо жаза калам. Анан демөөрчү табуу түйшүгү башталат. Эң оору ошол деп ойлойм. Баары даяр болуп, жумуш башталгандан кийин кастингде тандалган актёр үмүттү актабай калган учур болот. Бирок “монтаж” деген сыйкыр бар. Ошонун күчү менен жаап кеткен учурлар болгон. Ошондо тескерисинче ал актёр кайра күчтүү болуп чыга келет.

СҮЙҮҮНҮ – ТҮШҮНҮШҮП, КЕЧИРИШИП САКТАСА БОЛОТ

Келинчегимдин аты Наргиза. Бир кыз аркылуу таанышканбыз. Наргиза да Германияга окууга бармак болчу экен. Ошого документ даярдап жүрүп менден кеңеш сурап калышкан. Анан жакындан сүйлөшүп кеттик. Менден 4 жаш кичүү. Аны биринчи көргөндө дароо эле “менин аялым болот” деген ишеним келген. Тартынчаак, анан жөнөкөй болгону жаккан. Ошентип 6-7 айдай сүйлөшкөнбүз. Анда да көбүнчө телефон менен. Себеби мен ал кезде Германияда окуйт элем. Болгону бир жолу келип көрүп кеткенмин. Учурда үч кызыбыз бар – Айлин, Назик жана Сумая. Ортончу кызым мага жакыныраак.

Сүйүүңдү айтып турганга караганда  көргөзгөн таасирдүү болуш керек. Аны акылдашып, түшүнүп, кечирип, сабыр кылып сактаса болот.

 

Кыскача:

-Учурда кайсы ишти бүткөрө албай жүрөсүз?

-Толтура. Өмүр өткөнчө жумуш бүтпөйт окшойт.

Эң кымбат клип же ролигиңиз кайсы? Канчага турган?

-Султан Садыралиевдин “Кыргыз бийи” клибине жалпысынан 50 000 $ кеткен.

-Кино тартуу – жакшы бизнеске айланды дегенге кошуласызбы?

-Кинону каражат менен байланыштырбаган же байланыштыргысы келбеген адамдарга мен түшүнбөйм. Эгер кандайдыр бир кызыкчылык болбосо бомж деле изденбесе керек. Бул теманын так жообу жокко. Ар ким өзүнө ылайыктап жооп берет.

-Кызыңызды роликтерден көрүп калчубуз? Актриса болушун каалайсызбы?

-Мурун көп тартчумун. Азыр чоңоюп тартылбай койду. Актриса болгонго апасы каршы.

-Романтиксизби? Күтүүсүз сюрприздерди жасап турасызбы?

-Кандай экенимди келинчегимден сураш керек го дейм.

 

Гүлмайрам САБЫРБЕКОВА, “Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17