Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
3,981 Бардыгы / Союз мезгилинен бери татынакай жана абдан үзүрлүү иштеп жатышкан поликлиникаларды чачыратып, акырында биротоло талкалап, айла куруганда моминтип үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун түзүүнүн таптакыр кажети жок эле. Мындан тышкары саламаттыкты сактоо тармагында тендер системасын заман талабына жараша азыркыдан дагы жөнөкөйлөштүрүү абзел! Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №9-филиалынын башкы дарыгери Азимбек УРАЗОВ кабарчыбызга курган маегинде булар […]
3,982 Бардыгы / Союз мезгилинен бери татынакай жана абдан үзүрлүү иштеп жатышкан поликлиникаларды чачыратып, акырында биротоло талкалап, айла куруганда моминтип үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун түзүүнүн таптакыр кажети жок эле. Мындан тышкары саламаттыкты сактоо тармагында тендер системасын заман талабына жараша азыркыдан дагы жөнөкөйлөштүрүү абзел! Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №9-филиалынын башкы дарыгери Азимбек УРАЗОВ кабарчыбызга курган маегинде булар […]
Азимбек УРАЗОВ: “ТЕНДЕР ТАРТИБИН ЖӨНӨКӨЙЛӨШТҮРГӨН ОҢ”
10.08.2018 / Автор aymak

3,983 Бардыгы /
Союз мезгилинен бери татынакай жана абдан үзүрлүү иштеп жатышкан поликлиникаларды чачыратып, акырында биротоло талкалап, айла куруганда моминтип үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун түзүүнүн таптакыр кажети жок эле. Мындан тышкары саламаттыкты сактоо тармагында тендер системасын заман талабына жараша азыркыдан дагы жөнөкөйлөштүрүү абзел! Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №9-филиалынын башкы дарыгери Азимбек УРАЗОВ кабарчыбызга курган маегинде булар туурасында өз турумун төмөнкүчө ачыктады.
- Азимбек мырза, тээ Совет доорунда узак жылдар бою араң калыптанган поликлиника системасын эгемендик жылдарында кайра куруунун зарылчылыгы бар беле?
- Албетте, жок болчу. Бул калыптанган системаны ошол эле тейде кармаганыбызда, өзү заман талабына жараша бат ыңгайлашып, анан бара-бара өнүкмөк. Маселен, биздин мекемени – Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №9-филиалын “Жол курулуш” жоопчкерилиги чектелген коомунун карамагына энчилишкен. Ошондуктан, бир гана тармактын кызматкерлерин тейлечүбүз.
А азыр заман талабынан улам мындай чектөөдөн кутулуп, аймакты байырлашкан 21 444 жаранды бүт тейлеп жатабыз. Буга улай аймагыбыздагы учук дартына кабылгандар дагы биздин туруктуу каттообузда жана көзөмөлүбүздө турушат. Буларды 0,25 ставкадагы атайын медайым тейлөөчү, азыр анын маянасын толук кандуу төлөй турган деңгээлге жеткирдик.
- Кебетесине караганда Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №9-филиалынын имараты абдан эскиргендей таасир калтырат экен?
- Туура эле баамдапсыздар. Мекемебизде көп жылдар бою ремонт боло элек. “Жол курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишеним катынын негизинде быйыл аны өзүбүз заманбап ремонттоону чечтик. Коротулган бүт чыгымды республикалык бюджет көтөрөт. Тендерге беш фирма катышты эле, акырында үчөө сынактан дээрлик ийгиликтүү өттү. Бирок, тигил тендерден жыгылган эки фирма мындай чечимге нааразы болуп, тиешелүү жактарга даттанышыптыр. Буга эми Бишкек гана акыркы чекитти коймокчу.
- Ушинтип олтурушса, мекемеңиздерди ремонттоо дагы кыйлага эле созулчудай?
- Жашырып не. Биздин өлкөдө тендерди өткөрүү тартибин дээрлик чукул арада абдан жөнөкөйлөштүрүү абзел! Бул, чындыгында, тендер деген – накта бут тосуу жана бюрократия! Убакыттан уттуруп, болбогон эле нерселерге бекер нерв коротуп олтурабыз. Минтип жүрсөк, эзели өнүкпөйбүз! Акыры жемкорлуктун туткунунда гана дагы калып кетебиз, эй!
- Адистердин кесипкөйлүк сапатын жана деңгээлин кайсыл критерийлердин негизинде баалап келатасыздар?
- 21-сентябрда Ош шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун №9-филиалында мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы (МАК) жүргүзүлөт. Дасыккан кесипкөйлөрдөн куралган текшерүү биздеги дарыгерлерибиздин, башка медициналык кызматкерлерибиздин кесиптик дараметин дыкаат текшеришет. Анан акырында булардын жөндөмүнө дагы калыс баа беришет. Ошондой эле мекемебиздин имаратына дагы өздөрүнүн ой-пикирлерин жар салышат.
- Дагы баамдаганыбыз: жумуш ордуңуздар деле канаттандыраарлык эмес экен го?
- Ооба. Жылытуу системасы таптакыр жок! Кыш бою ар бир бөлмөдө электр жылыткычтарын иш маалында кадимкидей эле жагабыз. Үстүбүз бүт менчик турак жайлар. Алар дагы биздей эле токту абдан көп урунушат. Ошондуктан, буга чыдабаган транформаторлор кышында катарынан күйүп, куп айлабызды кетирет. Менимче, бизге автономдуу электр түйүнүн уюштурушса, мындан баарыбыз эле утмакпыз.
- Азимбек мырза, коомдо жашап туруп андан тышкары болууга дегеле мүмкүн эмес! Демек, Президент Сооронбай Жээнбековдун жемкорлукка каршы аеосуз күрөшүн кубаттайсызбы, же?…
- Жемкорлукка каршы күрөштү кезектеги эле өнөктүккө айландырбастан, аны ырааттуу түрдө улантуу абзел! Ошондо гана муну жапырт эл колдойт. Мындан тышкары жемкорлукка айыпталгандарга жеген-ичкендерин бүт кустуруп-төлөтүп, мамлекет казынасын толтурган оң. Ансыз баарын чекесинен камагандан дегеле майнап чыкпайт!
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
-
24.06.2024 / Автор anarkan_kg УКМК МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕГЕН КЫЗДАР ҮЧҮН ДИНИЙ ЛАГЕРДИ АШКЕРЕЛЕДИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.