Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
4,526 Бардыгы / Кыргызстанда интернет аркылуу Бирдиктүү түйүн – мейкиндик түзүлдү. Ошонун негизинде электрондук визаларды берүү дагы заман талабына ылайык ыкчам чечилип, туруктуу жолго коюлду. Эми бара-бара электрондук паспортко өтүү аракеттери дагы жасалууда. Ушул жана башка саамалыктар туурасында Кара-Суу райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Рапия ТУРГАНБАЕВА кабарчыбыз менен маегинде айтып берди. Рапия айым, соңку […]
4,527 Бардыгы / Кыргызстанда интернет аркылуу Бирдиктүү түйүн – мейкиндик түзүлдү. Ошонун негизинде электрондук визаларды берүү дагы заман талабына ылайык ыкчам чечилип, туруктуу жолго коюлду. Эми бара-бара электрондук паспортко өтүү аракеттери дагы жасалууда. Ушул жана башка саамалыктар туурасында Кара-Суу райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Рапия ТУРГАНБАЕВА кабарчыбыз менен маегинде айтып берди. Рапия айым, соңку […]
Рапия ТУРГАНБАЕВА: “БИРДИКТҮҮ ТҮЙҮНГӨ КОШУЛДУК”
13.08.2018 / Автор aymak4,528 Бардыгы /
Кыргызстанда интернет аркылуу Бирдиктүү түйүн – мейкиндик түзүлдү. Ошонун негизинде электрондук визаларды берүү дагы заман талабына ылайык ыкчам чечилип, туруктуу жолго коюлду. Эми бара-бара электрондук паспортко өтүү аракеттери дагы жасалууда. Ушул жана башка саамалыктар туурасында Кара-Суу райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Рапия ТУРГАНБАЕВА кабарчыбыз менен маегинде айтып берди.
- Рапия айым, соңку мезгилде улан-кыздарга он алты жашынан паспорт берүүгө бекем ыктапсыздар го. Эмнеге?
- Мыйзамга ылайык Кыргызстанды байырлашкан улан-кыздарга он алты жашка толгондо эле паспорт берилүүгө тийиш! Тилекке каршы, муну көпчүлүк биле бербейт. Качан он сегизге толгондо гана бизге кайрылышат. Кара-Суу райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн алдындагы жаңжалды жайгаруу комиссиясы айласыздан маселени чукул карап, анан оң жагына чечүүгө өзү дагы ар тараптуу көмөктөшөт.
- Мурункудай көп деле документ талап кылбай, эң негизгиси жарандарды убарагерчиликке салбайт турбайсыздарбы?
- Ооба. Эрезеге жеткен ар бир жарандын Маалыматтык Базасы бүт мамлекеттик органдарда сары майдай сакталуу. Анткени, Кыргызстан боюнча бирдиктүү түйүн – Маалыматтык База эбак түптөлгөн. Жарандардын жашы жеткенде, же ID кардын, же жалпы жарандык паспортун кокусунан жоготуп ийишсе, өлкөбүздүн каалаган булуң-бурчундагы паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө кайрылышып, маселесин ыкчам чечтиргенге ыңгайлуу шарт түзүлдү.
- ID карддын, же жалпы жарандык паспорттун наркы заманга жараша кымбаттаган жокпу?
- Жо-жок! ID карддын баасы – 290 сом. Ал эми жалпы жарандык паспорт 530 сом турат.
- Ошентсе деле бул өңүттө жарандарыбызды түшүнбөстүктөр тооруп тургандыгын кантип танабыз?
- Кара-Суу – Кыргызстандагы эң чоң жана чачыранды район. Ошол себептүү райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери маал-маалы менен айыл-кыштактарды кыдырышып, эл арасында агартуу жана түшүндүрүү жараяндарын ыраса күчөттүк. Менин баамымда, Кара-Суу районунун калкынын 55 пайыздан ашыгы паспорт алуу түйшүгү абдан эле жеңилдегендигин дээрлик түшүнүп эле калышты. Ошондуктан, алар убарагерчиликтен дагы опоңой кутулушту. Бул салтыбызды, буюрса, эч токтотпостон мындан ары дагы ырааттуу түрдө улантабыз.
- Рапия айым, мына электрондук визалар бериле баштады. Ал эми электрондук паспорт системасына качан кошулабыз?
- Ооба. Былтыртан бери электрондук системаны Кыргызстанда жөнгө салганга жарадык. Ошентип, буга заманбап жана жетишээрлик шарттар дагы түзүлдү. А бара-бара биз деле электрондук паспортторду колдонууга ыктайбыз. Башка аргабыз жок. Анткени, бул – мезгилдин эч кечиктирилгис талабы!








Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
17.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
25.04.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙКУУ ЖОЛУ – КЫЯМАТТЫН КЫЛ КӨПҮРӨСҮНДӨЙ
-
08.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОРДО
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.