Аймак

Сайдилла Чимбердиев, бизнесмен: «БИЗНЕС ТАКТЫКТЫ, АКТЫКТЫ ЖАКТЫРАТ»

Сайдилла Чимбердиев, бизнесмен: «БИЗНЕС ТАКТЫКТЫ, АКТЫКТЫ ЖАКТЫРАТ»

 7,455 Бардыгы /

 

Мамлекеттин казынасын ишкерлер көбүрөөк толтурат эмеспи. Жалал-Абадда көп салык төккөн бизнесмендердин бири – шаардык кеңештин КСДП фракциясынан депутат, бир катар заводдордун ээси, ишкер Сайдилла Чимбердиев. Бүгүн биз бул агабыздын эшигин каккылап, ал-абалынан кабар алдык. Ал ишкердиктин, саясаттын күнгөй-тескейин айтып берип, ийгилик сырын ачты.

 

ОНДУН АЛТЫНЧЫСЫМЫН

 

1967-жылы 1-апрелде Сузак районунун Барпы айылында туулдум. Мектепте төрт, бешке окудум. Апам он бешти төрөптүр, азыр онубуз барбыз. Мен алардын арасында алтынчымын. Чоң үй-бөлөдө жетип жетпей, бирде бар, бирде жок болот эмеспи. Биздин дасторкондо ак кант, нан, чай болоор эле. Апам байкуш эки күндүн биринде нан жаап, биз күн алыс ысык нан жечүбүз. Чоң атам ыраматылык кийизге түшүп калган нандын күкүмүн да жедиртчү. Эсимде жарым нанды белге бууп пахтага жөнөп калчубуз. Талаада эки ак кант, бир кружка чай менен нан жеген абдан даамдуу сезилчү. Ата-энем мектепте окуп жүргөнүмдө врач болосун деп, мен да стаматолог болом деп кыялданчум. Кийин мектепти бүтүп армияга кеттим. Андан келип шартка байланыштуу соода техникумунда окуп, соода кызматкери болдум. Жаш кезде спортто да ийгилик жараткам. Жеңил атлетика боюнча СССРдин спортунун чеберчилигине талапкер болгом.

 

ТАМЕКИ ЗАВОДДО КӨП НЕРСЕНИ ҮЙРӨНДҮМ

 

Көп жыл тамеки заводдо иштеп калдым. Ошол жакта иштеп жатканда, «тамеки заводум болсо» деген ниетим бар эле. Анан эле союз тарап кетти. Ошол жылдары Россиянын Балкан звездасы деген заводу менен келишим түзүп, 7-8 жылдай иштешип калдык. Тамекини элден сатып алып, аны сорттоп, ферментация кылып, таңгактап Орусияга жөнөбүз. Ал жерде иштеп көп нерсени үйрөндүм. Бир жылда 700-800 тонна тамеки жиберген учурлар болгон. Ошондо өндүрүш кандай экенин билдим. Анан Жалал-Абад областында тамеки экпей калышты.

 

КУРУЛУШТА ЖАҢЫЛЫК ЧЫГАРДЫК

Башта тармакта иш баштоо керек болуп калды. Алгач бизнести баштаганда бир туугандар менен бириктирген акчабыз бар эле. Бирок ал жетпей банктан 80 миң доллар кредит алдык.  Ишкердикти баштоодо белди байлап, тобокелчиликке барыш керек экен. Анан да ошол баштап жаткан ишиңдин жакшы уланаарына ишенишиң керек. Мен алгач анализ жасап изилдедим. Коңшу областтарда ачылган заводдорду сүрүштүрүп, иликтедим. Анын үстүнө кытай шериктерим да «жакшы бизнес болот, кирпич завод сал» деп сунуштап калышты. Ошентип 2006-жылы кирпич заводун курдум. Кытайдан керектүү жабууларды алып келип, 30-40 кишини жумушка алдык. Ал мезгилдерде шаарда кирпич чыгарган заводдор токтоп калган эле. Анын үстүнө  турмуш, муктаждык ошого алып барды. Баштагандан кийин артка кайтуу жок деп бекем туруп, иш илгерилеп кетти.

Учурда бир эле жерде эки кирпич заводум иштеп жатат. Андан сырткары шаардын аймагына таш майдалагыч завод курдук. 2017-жылы асфальт завод курсак, жакында бетон заводу ишке киргизген жатабыз. Андан сырткары трафиртин деген сары ташты Өзгөндөн алып келип кесишет, арткан майдаларын иштеткендер ыргытып салышат. Аны суюктук кылып майдалап үйлөрдүн, имараттардын сыртына шыбап курулушта  бир жаңылык чыгардык десем болот. Анын да өзүнүн технологиясы бар. Ал кадимки үйдүн сыртына жасаган шубадан жакшыраак.

 

БЫЙЫЛ 12 МИЛЛИОН САЛЫК ТӨЛӨЙМ

 

Жылына 39 млн сомду айлантып, анын 6 млн сомун мамлекет казынасын салык катары төлөп жатканбыз. Быйыл буйруса, 70 млн сомго кирешени көбөйтүп, мамлекетке 12 млн сом салык төлөюн деп жатам.

Андан сырткары бала кезден пахта, тамекинин арасында өстүк да. Талааны, эмгекти жакшы билип чоңойдук. Айыл чарба тармагында да иш баштап калдык. Күнөскананы кытайга барганда көп эле көрүп жүрдүм. Кышында да аларда жашылчалар арзан болоор эле.  Анан ойлоп койчум, «бизде кышында суук болсо керек, болбосо эмнеге ата-бабаларыбыз күнөскана куруп көргөн эмес» деп. Кийинчерээк бизде да көбөйүп кызыгуум артып калды. Тагыраагы өзбекстандан келген адамдар кезигип калып, ошол тармакта иш баштоону сунуштап калышты. Ошентип жалпы 50 сотых жерге быйыл күнөскана курдук. Ал кайракы жерге курулгандыктан, сууну суу ташуучу унаа менен алып келип, тамчылатып сугаруу менен сугарабыз. Кээ бир күндөрү 500 кг-га чейин мөмөсүн алып жаттык. Алгачкы жыл болгондуктан тилин билбей калдыкпы чыгымды  араң жапты. Дээрлик киреше көрбөдүм десем болот. Октябрь-ноябрь айында тиккен көчөттөр кышында мөмө түйүп калган учурда катуу суук болуп, шагырап эле тоңуп калды. Аларды бүт жулуп салып, февралда кайрадан эктик. Ошол түшүм берди. Жылыткычтардын да эң сапаттуусун, мыкты иштейт дегенин алган болчубуз. Бул да болсо бизге чоң тажрыйба, сабак болду.

Ал эми кокон гиласка кызыгып калганым мындай болгон. Тамеки заводдо иштеп жатканда Ноокат, Кызыл-Кыя, Кадамжайда көп каттап калдым. Ал жакта элдин негизги киреше булагы кокон гилас экен. Элдин бир сезондо эле миллиондоп киреше тапканына күбө болдум. Океандай болуп баш этеги көрүнбөгөн көп жерге тигилген кокон гиластын мөмөсү бышканда 20-30 фура келип алып кетет. Анан жакшы нерсе окшойт деп кызыгуум артты. 2003-2005-жылдары кокон гиласинин көчөттөрүн алгач эшимдин астындагы 30 сотых жерге отургузуп көрдүм. Байкасам жакшы иш болчудай. 2011-жылы 2,5 гектар жерди сатып алып, 1400 түп кокон гиластын ар бир түбүн 120 сомдон алып эктим. Гиластын түбүнө беде чөбүнүн эктим эле, анын эсебинен кеткен чыгымдары акталды. Көчөт тигилген жер шарттуу сугат болгондуктан, сууну Сузак каналынан насос менен тартып сугарабыз. Албетте баары жипке тизген шурудай болбойт. Башта булл ишти жакшы билбегендиктен жүздөй көчөт куурап калды. Көрсө анын үстүнөн кыркып туруш керек экен. Аны багып өстүрүүнүн да өзүнүн сырлары бар дегендей. Анан адис алып келип, карата баштадым. Азыр эми кыштан аман алып чыгуунун жолун билип калдык. Органикалык жер семирткич болсун деп 10-15 камаз көң чачабыз. Канчалык көп сугарсаң мөмөсү ошончолук чоң болот, аны билдик. Бактын тегерек-четин атайын жасалган зум тоскучтар менен курчадык.

Ошентип 2 жылдан бери мөмөгө кирип калды. Быйылкы жылы 5 тоннадай түшүм жыйнадык. Бишкекке алып кетүү үчүн кардарлар ордунан килограммын 75 сомдон сатып алышты.

 

БЫЙЫЛ ҮЧ КИШИГЕ УНАА БЕЛЕК КЫЛАМ

 

Биз көп бир тууганбыз дебедимби, ар кайсы иштин башында ар кимибиз турабыз. Бизнес актыкты жактырат деп айтмакмын. Анан да командаң мыкты болушу керек. Туура жүрүп, элдин акысын жебей, берген убаданы аткарып турсан ишиң алга жылат. Антпесең керектүү кызматкериң таштап кетип калат. Ал эми күчтүү адиссиз биз эч качан алдыга жыла албайбыз. Ошол баалуу команданы кармап туруу үчүн болсо мотивациялык дем берип турган жакшы. Былтыр үч кызматкериме автоунаа алып бердим. Быйылкы жылы да ошондой эле пландарым бар.

 

АЙЫЛДАШТАР СҮРӨП САЯСАТКА КЕЛДИМ

Башы көрүнгөн кишини саясатка алып келишет экен. Айылдаштар сүрөп айылдык кеңештин депутаттыгына шайлашты. Ошол алгачкы кадам болуп, элдин ишеними менен саясатка келип калдым. Шаардык кеңеште депутат болуудагы максатым бюджеттин сарпталышын көзөмөлдөп, киреше – чыгашанын туура пайдаланылышын байкап туруу. Бюджеттен бирөө жеп кетет, уурдап кетет дегенден  алысмын, болгону акчалар максаттуу пайдаланылса. Мисалы, шаардагы Ленин көчөсүнө жолдун ортосуна коюлган гүлдөрдү байкасаң бир чоң идиште 5-7 даана гүл эгилген. Аны күнүгө машина менен келип үч киши убара болуп сугарышат. Бул жеке ишкана болгондо банкротко учурамак.

Бетон заводдун алгачкы буйрутмалары даяр

Биздин тракторлор

Трафиртин менен жасалган үй

Асфальт заводдогу иш

Күнөсканада

Жалал-Абадда бетон завод жок болгондуктан керектүүлөрдү Оштон алып келчүбүз эми өзүбүз өндүрүп калдык

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА, «Аймак»

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17