Аймак

КАЙСЫЛ ЖЕРДИ ЖЕРДЕСЕӉ ОШОЛ ЭЛДИН ЫРЫН ЫРДА

КАЙСЫЛ ЖЕРДИ ЖЕРДЕСЕӉ ОШОЛ ЭЛДИН ЫРЫН ЫРДА

 3,452 Бардыгы /

Жакында 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө 29 жылдын жүзү болууда. Бул жыл аралыгында тилибизде бир топ ѳзгѳрүүлѳр менен катар тил маселелери коомдогу көйгөйлөр арасында алдыңкы катарында турары баарыбызга маалым. Тил майрамында ал маселелерди четке коюп, башка бир ѳңүттѳн алып чыгууну туура кѳрдүк. Улуту башка замандаштарыбыздын биздин тилде сүйлѳгѳнү кулакка жагымдуу угулары турган кеп. Эне тилибиз тууралуу алар эмне дейт, назарыңыздарга сунуштайбыз. 

Сейфеттин ГЕЛЕКЧИ, түрк улутунан: «ТҮРКИЯДАН КЕЛЕ ЖАТКАНДА БУЛАР ДА БИЗДЕЙ СҮЙЛѲЙТ ДЕП КЕЛГЕНБИЗ»

– Мен 2008-жылдан бери бул жердемин. Келгениме 11 жылдын жүзү болду. Жалал-Абаддагы К.Торомамтов атындагы Эл аралык университетте Түрк тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусумун. Кыргыз тѳкмѳ акындар боюнча илимий ишим да Кыргызстанда, аны Туркия менен салыштырып иштеп жатам. Буйруса быйыл жактоо алдында турам. Негизи кыргыз тили менен түрк тилинин теги бир болгон. Ошондой болсо да диалектилик жана фонетикалык жактан бир аз айырмачылыктар бар. Биз Түркияда окуп жүргѳндѳ түрк дүйнѳсү же түрк тилдүү мамлекеттер деп окуганбыз. Түркиядан келе жатканда булар да биздей сүйлѳйт деп келген элек. Бирок фонетикалык жактан айырмачылыктар бар экен. Башында айрым сѳздѳрдү түшүнүү кыйынга турду. Бирок бара-бара эл менен карым-катнашта болуп, баарын түшүнүп калдык. Мисалы бул жердеги кыргыз жараны эч кандай тил курстарына барбай эле Түркияга барса, 2 ай ичинде түрк тилин сүйлѳй баштайт.

Кыргыз тил майрамы 1989-жылдан бери жыл сайын майрамдалып келет. Бул тилди бир аз изилдесең ѳтѳ бай, ѳтѳ терең тил. Мисалы, муну эпостордон кѳрүүгѳ болот. «Манас» эпосу дүйнѳдѳ эң кѳлѳмдүү  чыгарма болуп, биринчи орунда турат. Ушундай баалуу эпосту жаратуу үчүн да тил бай болуш керек. Кыргыз оозеки чыгармачылыктан сырткары кѳркѳм (жазма) адабият жаатында да атактуу эл болгон. Буга мисал, дүйнѳнү калем менен багындырган Ч.Айтматов атабыз. Анын китептери 163 мамлекетке которулган. Тил бай болбосо мындай жазуучулардын чыгышы мүмкүн эмес. Демек кыргыз тили кыргыз улуту менен бирге пайда болуп, улуу тилдердин катарына кирет.

Кыргыз тили СССРдин айынан бир аз артта калды. Ал кезде орус тили биринчи орунда болгон. 1991-жылдан бери кыргыз мамлекети эгемендүү эл болгондон кийин ѳз тилине кѳңүл бура баштады. Менин оюмча кыргыз тили күнүмдүк жашоодо да, илимий иштерде да активдүү колдонулушу керек. Балык башынан сасыйт деген кыргыз элинде эң жакшы макал бар. Жогорку бийлик ѳкүлдѳрүнѳн тартып, артисттер да ѳз тилинде сүйлѳсѳ, карапайым калк да биринчи орунга ѳз тилин коюп, кадырламак.

Биз алгач Бишкекке келгенде кызык бир окуяга туш болдук. Ал жакта баары орусча сүйлѳшѳт, аны баарыңар билесиңер. Дүкѳнгѳ кирип калсак, бизди орус тилинде тосуп алышат. Биз чала-була болсо да кыргызча сүйлѳп атабыз, ал кыргыз болуп туруп, орусча сүйлѳп жатканы таң калтырган. Мен сенин тилиңде сүйлѳп атам, сен эмне ѳз тилиңде сүйлѳбѳйсүң? –десем, «Мен сизди кыргызча билет деп ойлобоптурмун» дейт. Негизи бул жакта баланын кичинесинен тарта орус тилине басым жасатып окутушат экен. Ушул тилде сүйлѳсѳң грамотный, ѳз тилиңде сүйлѳсѳң тоолук болосуң деп аң сезимине сиңирип коюшкан. Алар ѳз тилинин баркын билбей жатышат. Мындай алып караганда кыргыз тили орус тилинен кем эмес. Орус адабиятында «Манас» эпосундай чыгарманы кезиктире албайбыз. Адам эң алгач ѳз тилин баалап, баркташы керек. Аны үчүн жогоруда айткандай бийлик ѳкүлдѳрү үлгү болуп, кыргыз тилинде сүйлѳш керек. Аны кѳргѳн эл бул ѳз тилинде сүйлѳп жатат, тилди барктайт, элин сыйлайт деп ал ѳкүлгѳ ишенет.  Мисалы мен Түркияда базарда англис тилинде сүйлѳшүп соодалашсам «Эй, акмак ѳз тилиңди билбесең, анда сен эртең ким болосуң» деп мени шылдыңдашат.

Ырда десем эч бир кыргыз башка тилде ырдабайт, сөзсүз өз чыгармаларына таянып, кыргызча ырдайт. Орусча сүйлѳгѳндѳр да макал айтса, бизде мындай макал бар деп кыргызча айтышат. Мындай алсак ѳз тилинин байлыктары «мен бул жердемин!» деп бир тараптан түртүп турат. Ошондуктан кыргыз тил майрамын чоң масштабда белгилеш керек.

Гузалой ЗАФАРЖОН кызы, ѳзбек улутунан: «КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨӨ АНЫН ГРАММАТИКАСЫН ҮЙРӨНҮҮ КЫЙЫНЧЫЛЫК ЖАРАТПАДЫ»

– Мен Ала-Бука районуна караштуу Ак-Там айылынан болом.  №7 Н.Бекманбетов атындагы өзбек орто мектебин аяктап, өзүмдөгү зор кызыгуу менен ЖАМУнун Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшыргам. Азыркы учурда 4-курста окуйм. Улутум өзбек болгонуна карабай, кыргыз тилин өз тилимдей  үйрөнө баштадым. Бул тилде сүйлөө, анын грамматикасын үйрөнүү кыйынчылык жаратпады. Анткени бул тилге болгон кызыгуум күч болчу. Буга чейин деле эркин сүйлөөчүмүн. Бул адистикке тапшыруумдун себеби, кыргыз элинин баалуулуктарын, нукуралуулугун тереңдеп, жакындан таанышуу. Келечекте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуу менен жаш муундарга кыргыз элинин нарктуу мурастарын үйрөтүүгө аракет кылгым келет. Кыргыз тилине кызыгуу бир гана мен эмес, башка көптөгөн улуттардын жеке кызыгуусу болсо керек. Бирок өкүнүчтүүсү кыргыздар өздөрү өз тилине анча көңүл бурбаганы таң калтырат.

Димитрий ВОЛКОВ, орус улутунан:«КЫРГЫЗ ТИЛИН КЫРГЫЗ ДОС БАЛДАР МЕНЕН ЖҮРҮП ҮЙРѲНГѲМ»

-Кыргыз тилин кыргыз дос балдар менен жүрүп үйрѳнгѳм. Ѳзүм орус мектепте окугам. 8-9-класстарда бул тилди жакшы билип калганымдан кийин мугалимим олимпиадаларга катыштырат болчу. Анда 2-3-орундарды алып келет элем. Мектепти бүтүп, университетке сырттан окуу бѳлүмүнѳ тапшыргам. Кыргыз тили ѳзбек, казак тилдерине карганда мага аябай жагат. Башка тилдерге караганда кыргыз тилин жакшы сүйлѳйм. Мага бул тилдин башка тилдерге караганда угулушу жагат. Үй-бүлѳдѳ жалаң орус тилинде сүйлѳшѳбүз. Кыргыз тилин билгенден кийин казак, ѳзбек тилдерин да түшүнѳт экенсиң. Азыркы учурда англис тилин үйрѳнүп жатам.

Чагры ЭРГЕЗЕР, түрк улутунан: «ЖУМАСЫНА 5 КҮН КЫРГЫЗ ТИЛ КУРСУНА БАРГАМ»

-Кыргызстадагы Эл аралык университетке 2004-жылы келгем. Ал убактан бүгүнкү күнгѳ чейин 14 жыл ѳттү. Бул жерде менеджмент, маркетинг боюнча сабак берип жатам. Мен Кыргызстанга келип иштесем демек, ушул элдин тилин, маданиятын, үрп-адатын үйрѳнүшүм керек. Бул жерде бизнес, иш, адамдар менен мамиле кылуу ал жердин каада-салтын, тилин канчалык деӊгээлде билгениң менен байланыштуу. Ошондуктан бул жакка келгенден тарта 4 ай, жумасына 5 күндѳн кыргыз тил курсуна барганмын. Ѳзүм тилчи эмесмин, бирок тилчи агай-эжейлерибиз бар. Мени менен келген башка адамдар да бар болчу, ѳзүм тилге кызыгуум кѳп болгондуктан аларга салыштырмалуу жакшы үйрѳндүм деп айта алам. Негизи кыргыз тилин үйрѳнүүдѳ кыйынчылык кѳп болбоду. Анткени түрк тили менен кыргыз тили тууган, тектеш тил, кѳп сѳздѳрүбүз окшош. 14 жыл аралыгында кыргыз тилин жакшы билип калган окшойм. Телефондо студенттер, курбулар, андан башка чалган адамдар менен сүйлѳшкѳндѳ алар «биз сизди кыргыз деп ойлоптурбуз» деп айтып калышат. Мен бул сѳздѳргѳ аябай сүйүнѳмүн. Башында жаңы келгенимде Түркиядан келген студенттер кѳп болчу. Бирок мен алар менен анча мамиле кылбай, анын ордуна кыргыз досторум менен байланышты күчѳтүп, алардын үйүнѳ барып, каада-салттарын үйрѳнүп жүргѳм. Кыргызстанда Түркиядан да эң жакшы досторду учураттым. Негизи Кыргызстанга келерден бир ай мурун интернеттен кыргыз алфавитин караштырып, бир нече сѳздѳрдү үйрѳнгѳм.

Аялым 2007-жылдан бери Кыргызстанда. Кызым Жалал-Абадда тѳрѳлдү. Азыркы учурда тѳрт жашта, бирок кыргыз тилин менден жакшы сүйлѳйт. Кыргыз элине тиешелүү каада-салттардын кѳбүн билебиз. Каникулда Түркияга барганда бул жердин тамактарын сагынып калабыз. Эртерээк Кыргызстанга келсек деп ѳз мамлекетибиздей кѳрүп калдык. Анткени мен азыр 35 жаштамын. Ѳмүрүмдүн үчтѳн бир бѳлүгү 14 жылым ушул ѳлкѳдѳ ѳттү. Бул жерден кеткен учурда ыйлаймын деп айтсам жаңылышпайм. Качан кетишибиз белгисиз, бирок миссиябыз бүтүп кеткен соң кыйналам деп ойлоп жатам.

 

Изатилла ИСРАИЛОВ, өзбек улутунан: «АЯЛЫМ ДА КЫРГЫЗ УЛУТУНУН КЫЗЫ»

-Мен кыргыз, орус, өзбек тилдеринде эркин сүйлөйм. Тууган-уруктун арасында, айылда өзбек, иш учурунда кыргыз, шартка жараша орус тилдеринде сүйлөшөм. «Ырдайлы кыргыз ырларын» деген эл аралык фестивалда кыргыз тилинде үч жолу ырдап катыштым. Өзүмдүн аялым да кыргыз улутунун кызы болот. Интернационалист үй-бүлө болсок да кыргыздын каада-салттарын карманабыз. Биздин Жаңы-Дыйкан айылыбыздын 30%ы кыргыз, 30%ы өзбек, 30%ы түрк үй-бүлөлөрдөн турат. Ошого карабай өлкөбүз Кыргызстан болгондуктан кыргыздын үрп-адаттарын көп карманабыз.

 

Оруг ОРУЖЕВ, күрд улутунан: «КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨӨДӨ БИР АЗ КЫЙНАЛАМ»

– Менин ата-энем Армениядан 1938-жылы  көчүп келген.Өзүм Сузак районуна караштуу Октябрский айылында төрөлгөм, улутум күрд. Кыргыз тилин өз эне тилимдей көрөм. Бул тилди эл ичинде эле аралашып үйрөнгөм. Кыргыз тилин түшүнгөнүм 90%, сүйлөгөнүм 70%. Элдер менен канчалык көп аралашсаң анын тилин да түшүнүп калат экенсиң.Бирок чынын айтайын кыргызча сүйлөөдө бир аз кыйналам. Азыркы күнгө чейин үйрөнүп келем. Балдарым, неберелерим кыргызча билишет. Үйдө негизи орус, кыргыз тилдеринде сүйлөшөбүз. Неберем бакчадан келгенде «Апа-а, ата-а» же «папа, мама» деп аралаш сүйлөп бакырып келет.

 

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17